АБДИСАТАР КЕНЖЕБАЙ УУЛУ (1914-1934-ж.ж.)
Сары-Кол элинин таланттуу ырчысы Абдисатар Кенжебай уулу болжол менен 1914-жылы, Ыраң-Көл жеринде, орто чарба адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Абдисатардин араб жазмасында кат сабаты жоюлуп, перс (фарсы), түрк тилдеринде жазылган мусулманчылык жөнүндөгү Ислам дини үчүн болгон согуш (газават) китептерин окуп, жакшы өздөштүргөн.
Ал чыгыш адабияты менен кабардаш болуп, фарсы тажик акыны Абул Касым Фирдоусинин (935-1020 ж.ж.) «Шахнамесин» (саманий убагында жазыла баштаган. Анын каарманы Каве-русти. Ал адилеттик, тендик үчүн, көз карандылыкты жою үчүн күрөшкөн), Алишер Навои же Низамуддин Алишердин 141-1501ж.ж.) «Фархад ва Ширин» (Фархад мене Ширин) жана Тахир ва Зухра» (Тайир менен Зуура) (1892-жылы Казанда басылып чыккан, 1910-жылдарда кыргыз элине кеңири тараган өлөн китеп) сыяктуу сүйүү дастандарын, билген сабаттуу бала болгон.
Теги Тейиттин Сары тейитиндеги Жаманаң уруусунан. Жаманаң уруусу - өз ара эки топко бөлүнөт. Илгерки замандарда Жаманаңдын Кут, Чак деген эки баласы болуп, Кутунан - Галмат, Чагынан Тилекмат туулат. Ошол Галматтан тарагандар - Галмат тобу, Тилекматтан тарагандар - Тилекмат тобу аталып, көпчүлүгү Сары-Колдун Нуркап (илгертен кыргыздын Нур жана Кап деген сөзү менен аталып, Нуркап, Нургабы деп аталып келген. Күндүн нуру күйгүзө тийген, нурга бай жер маанисин берет) районунун борбор жамаатында, Ыраң-Көлдө, айрымдары Ак-Суу, Чоң-Алай, (Сарык-Моголдо турушат. Абдисатар Кенжебай уулу Жаманаңдын ошол Галмат тобунан чыккан ырчы, ал кичинекей кезинен эле тил карак, зээндуу тың бала болуп, атасы Кенжебайдан «Аптиекти» үйрөнүл, тамга тааный баштайт.
Кээ бир аксакал адамдардын айтуусуна караганда Абдисатар (Сары-Кол элинде Сатар деген ат менен белгилуу) 12- 1З жашка келген убагында, бир күнү Дастар-Ата деген жерде отунга барып, күн ысык болгондуктан, түш мезгилинде жатып, талаада уктап калат. Түшүнде асмандан көп китеп түшүп келе жатканын көрүп, чочуп ойгонуп кетсе, асмандан түшүп келе жаткам китептер жок. Кандайдыр өзүн башкача сезет. Терген тезегин көтөрүп алып үйүнө келет да, үйгө кирери менен эле чөгүндү колуна алып, эшикке чыгып даарат алып келип, ата-энесинен китеп (үйдөгү мусулманча китепти) сурайт.
Апасы балага «Сен эмне болуп калгансың, тамак ичпей эле, келериң менен китеп сурайсың, отур. Кардыңды тойгозуп„ анан китепти ал десе болбой. атасынан суранып жатып койгон китебин алат да, дароо эле (шар) окуй баштайт. Мына ушул күндөн тартып күн сайын китеп окуп (намаз кылып) жүрөт. Ал окуянын чын-төгүнүн бир алла билет. Абдисатарди анча - мынча угуп жүргөн адамдар гана болбосо, көрүп-билген адамдар азыр Сары-Колдо калбай калды. Абдисатар женунде менин атам С'апарбай Пирмамбетов (май. 1921-2 май 1998-ж.ж.) мындай деп айтар эле.
Сатардин атасы Кенжебай ака менен менин атам Пирмамбет Жусуп уулу уруулаш (Жаманаң) туугандык жагы болгондуктан, бир-бири менен катташып, жакын жүрүшкөн. Мен Сатарди көргөнмүн. Ал кайсы жылдар экени эсимде жок. Биз анда Ыраң-Көлдүн Шат-Пут (шахтын буту тийген жер деп айтылат) өрөөнүндөгү Кара-Суунун боюнда Кош-Баш (чадалаш) коңшу (тестиер) маалым. Сатар 16-17 жаштардагы «Кара тоголок» бала эде. Шол жылдары өзүн токтото албай. баскан-турган жеринде элөөрүп Ыраң-Көлдүн Кара-Турук жагында, бир карасан. Шах-Путта көрүнүп, кайта элэ шол күнү үйүндө пайда болуп калган эде. Көрсө Сатарди шол убакта «илим», «дуба» көтөрүп, өзүн токтото албай калган экен.
Кийинраак кырдан Поско (Ыраң-Көлдүн отурукташкан жерине орус застава (пос) курган) окууга 1933-жылдары түшүп (боз үйдө) окуганбыз. Сатардин кысасын көпчүлүк балдар бир-бирибизден үйрөнүп, ырдап жүрчүбүз. Ал убакта кандай эле ыр, гап-сөз болсо, бир укканыбызда эле көкүрөгүбүзгө жат кылып, тутуп алчу эдек. Латынча жазганбыз. Сатардин ырын билбеген жаштар аз эде. Кийинчерээк Сатар ырдаган ыры үчүн сурак берип, жаңы заманды жакшылап ырдаган ырын жаттап алып, ырдап жүрдүк. Шонон көп өтпөй эле өлуп калган. Бул жаңы мектеп салынган жылдары эде. (мектептин такта, жыгачы жок, үстүн төө, өгүздөр менен Мадияндан тал алып келип жапкан) дегенине жана элдик болжомолдоолорго караганда Абдисатар Кенжебай уулу 1934- жылдары дүйнөдөн кайткан.
1931-1934-жылдар аралыгындагы анын эски заманды арман кылып. шариатты даңазaлаган ыр кысасы опурталдуу заман өзгөрүштөрүнө туура келген. Башкача айгканда бай-манаптарды кулакка тартуу. эшен-молдолорду куугунтуктоо жаны заман жөнүндөгү эллин ишенимсиз көз караштары, большевиктердин Памирге (Сары-Колго) келип жер-жерлерде Советтик саясагты жүргүзүп, коммунистик бийликти орното баштаганын ойлоп. жеке чарбадан коллективдешгирүүгө өтүүнү жактырбай, эл ичинде жашоо шарт кандай болот, эми балчыбек казандан аш ичирип, эркек-аял аралаш бир жатат имиш, мусулманды өз дининен адаштырат экен» - деген сыяктуу «имиштерден» улам. келе жаткан жаңы заманга болгон өзүнүн көз карашын элге жарыялап, ачык ырдайт. Аны менен катар Адам ата. Обо (Умай) эне, заманынан бери болуп өткөн заман бурулуштары, пайгамбар, саабалар, дин мусулман өкүлдөрү тууралуу эскерип, эми акыр заман белгилери келди. шариат жолунан кары-жашты азгыра баштады деген идеядагы ой-сезимдерин козгоп, эл арасына кысасы тез тараган. Жаны заманды тескеп турган ар кандай идеологиялык күчтөрүнө карабастан, ырды жашыруун жаттап үйрөнүшкөн.
Негизинен ырдын мазмуну жаңы заман саясатына карама-каршы келгендиктен, айрым «чакмачы» адамдар аркылуу бийлик адамдарына «Органга» жеткирилип, райондон Ыраң-Көлгө «Тройка» (үчтүк) жөнөтүлгөн. Ал тройка (мамлекеттик коопсуздукту коргоо (сактоо), элдик ички иштер комитети, чек ара коргоо бөлүмүнөн) КГБ, НКВД- разведотделден турган. Бул үч бөлүмдүн кол коюлган документери же күнөөлүү деп табылган иштери менен адамдар сөзсүз камалган же атылган. Ушул «Тройка» Ыраң-Көлдүн Кара-Суу деген жеринен Абдисатарди чакыртып келип Посто (заставада) суракка алат. Ошондо Абдисатар ырдап жүргөн, «Акыр заман» кысасын өзгөртүп, «Жаны заманды, коммунистик партияны, анын учурдагы көрүнүктүү ишмери (райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган) коммунист Атабай казынын иштеген иштерин мактап, кытайга өтүп кеткенине капаланып ырдап, «Мен ушундай ырдап жүргөн элем» деп сурактан сыйлык менен кайтат.
Абдисатардин өмүрү өтө кыска болуп. дагы башка ырларды жаратуута мүмкүн болбой калган. Бар болгону Абдисатар 20 жыл чамасында бул жарык дүйнөдө жашап өткөн. Ал ыр саптарында «Абдусатар камина» - Деп өзүн-өзү атап ырдайт. «камина» өзүн эң төмөн алып жүрүүчү (бечара, момун, байкуш) деген түшүнүктү билдирген сөз. Демек ал өзүн пайгамбар, Калыйпа, олуя, эшендер сыяктуу дин исламдын Улук адамдарына караганда эң төмөн (пас) турган момун мусулманмын деп баалаган. Абдисатар негизинен «Замана» ырчыларынын катарына кирет. Мындай ырчылар Чыгыш адабияттарында жана Кыргыз озеки адабиятынын өнүгүшүндө, өзүнчө адабий агым катары "Замана" темасындагы чыгармаларды жаратышкан. Андай ырчылардын чыгармаларынан Калыгул Бай уулунун «Акыр заман». Арстанбек Буйлади уулун «Тар заман» поэмаларын атоого болот.
Бирок бул чыгармалар элге таасирдүү болгону менен бир заман менен экинчи замандын алмашуусундагы көптөгөн карама-каршылыктуу окуялар, ар кандай заң-закондор. чыгармалардын жарык көрүшүнө түздөн түз тоскоолдук кылган. Ушул аталган акындардын ыр. поэмалары 1990-жылдарга чейин жакшы жарык көрбөй, талаш-тартыштарды туудуруп, кээ бир иликтөөчү адамдарды куугунтукка алып. чыгармачылыгына чек коюлгандыгы адабият жаатындагы чыгармачыл адамдарга гана эмес, жалпы карапайым элге да кеңири маалым.
Мына ушундай татаал тагдырга туш келген Сары-Кол ырчысы Абдисатар Кенжебай уулунун «Заман кысасы» 70 жыл бою эл арасында ырдоого тыю салынып, азыркы күндөргө чейин эл оозунан жыйналбай. басмаларда кеңири басылбай келген. Абдисатардин урук-туугандары жана ырдоого кызыккан «Шектүүлер» жазылып калтырылган кол жазмаларын учурунда үйлөрүнө сактай албай, таш-таштын түбүнө катышып жок кылган.
Ырас, айрым чет элдик (Франциядай ж.б.) жана Кыргызстандагы эл турмушуна. тарыхына кызыгуучу, элдик чыгармаладры жыйноочу адистер Оогандык жана Чыгыш Памир (Сары-Кол) кыргыздары жөнүндө маалыматтарды алышып, Абдисатардин поэмасын да жарыялаган учурлар болду. Ал поэма Ооганстандын Кичи Памириндеги Терген-Корум айылынын тургуну Жусуп Пакайдын айтуусу боюнча жазылып алынып, 199!-жылы «Кыргыз маданиятынын» № 52 санына жарыяланган эле. Андан кийин Абдисатардин өзүнүн туулуп өскөн жери Сары-Колдо поэмасын .бир аз үзүндүсү «Мургаб Коммунист» (Сары-Кол) гезитине басылгандыгы болбосо. ушул күнгө дейре эч кандай ыр кысасы жарык көрбөй келди.
Азыркы биз жыйнаган Абдисатардин Сары-Кол элинде сакталып калган поэмасы болуп саналат. Бул поэма жөнүндө анча-мынча уккан болсо даты ой- пикирибизди айта кетүү ашыкча болбос деген ойго келдик. Абдисатардин Поэмасында өзү жашап, өткөн учур, болуп жаткан заман көрүнүш, ырчынын өткөн заман менен кийинки большевик заманына болгон көз карашы, деги эле заманга болгон өзүнүн жеке түшүнүгү чагылдырылат. Поэма ошол учурдагы болуп жаткан окуялардын негизинде ырчынын дүйнөгө болгон көз карашындагы урунтуу бир нече маселелерди ичине камтыйт. 1917-жылы Октябрь төнкөрүшүнүн Бүткүл Россияда жана Орто Азияда болушу, Чыгыш Памирде большевиктердин алгачкы жүргүзгөн иштери, Сары-Кол элинин көз карашы. замандын түрү поэмада мындай элестелет.
Ааламга кафир толуптур,
Валояттин баарисин,
Балчыбек кафир алыптыр.
Пайгамбарым шариати,
Бадам гүлдөй соолуптур.
Баари жерде бусурман,
Балчыбектей кафирга,
Көз каранды болуптур.
Арба кылып турушка,
Бусурман бизде кубат жок.
Молдолордун колунда,
Мурункудай дубат жок
- деп капырлар жана Совет (коммунисттердин) бйилиги тууралуу түшүнүк берет да, мусулман менен капырдын ортосундагы элдешкис идеологиялык күрөш болгон дин исламды капырлар басмырлап «Күндөн күнгө замана, болуп барат башкача, эл ичинде. кут береке калбады. шарятти ашкере кылбай кор кылды, азан, коомат айттырбай, замананы тар кылды. мусулмандын балдарын, бурду шарияг жолунан, Пайгамбарым Сүннөтүн таштатып, өз динине киргизет имиш » - деп өкүнүп. ушундай кыйынчылык күндөргө (заманга) карабай Сары-Кол жеринен кетпей чыдап жашай берели деп элди үндөйт
Замана ахыр белгиси,
Залим болду паашабыз.
Жазылган кызмат каламда,
Залим деп кайда качабыз.
Ар кайда болсо көрөрбүз.
Азэлтэн чыккан буйругун.
Барам деп арзы кылбаңар,
Башка бир жердин улугун
-деп элге өзүнүн насыяттарын айтуу менен туулуп өскөн жердин ыйыктыгын идеялизациялаган. Сары-Кол элинде падыша өкмөтүнүн жана Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Казы болуп жана башка иштерде иштеп турган Атабайдын Кытайга өтүп кеткендиги, Ооганга өтүүгө аргасыз болгондугун элге: «Казыларды жоготуп, кандай да катык күн болду - деп ар кандай жолдор менен казы. молдолорду куугунтукка алып. камап жаткан бийлик саясатын элестетип ырдайт.
Ошону менен катар эң байыркы Адам ата. Обо эне, Мухаммед пайгамбарлардын замандарынан бери адамзат өлүмдөн качып кутулган эмес. жарык дүйнөдө жашоо бар. өлүү бар. нечен дин ислам үчүн кызмат кылган калыйпалар, азыркы учурда Сары-Кол жериндеги Атабай казы сыяктуу билимдүү, эл сыйлаган улуу адамдардын өз жеринен куугунтукталып, башка бөтөн жерлерге барып, баш калкалоого аргасыз болгондугун белгилент.
Чындыгында 1923-1932 жылдар аралыгындагы өкмөттүк саясат кедей-кембагал адамдардын оброюн көтөрүү, байлардын малыны чогултуп алып. кедейлерге тен жашоо үчүн бөлүштүрүп берүү. башкача айтканда эл ичинде айтылып жүргөн
«Селсавети Саркатуп. (Сары катчы)
Селбештирип баарига,
Сегизден берди тарткатып»-
деген ырлардын пайда болушуна себеп болгон иштер, жер-жерлерде жаңы окуу мектептери ачылып. жаштардын окуй башташы. 1932-1937- жылдардагы байларды кулакка тартуу иштеринин башталышына негиз болгон окуялар Абдисатар ырчынын көңүлүнө бүлүк салбай койгон эмес.
Абдисатар акырында өзү жөнүндө эскертип:
Абдисатар Камина.
Айттин элге сөзүңдү.
Аңдабайсын өзүңдү,
Акьлың балык болголу.
Арадан өттү алты жыл
- деп айтып келип эл алдында «Акыр заман» кысасынын туура ырдалган же ырдалбагандыгы тууралуу кечирим сурап, элден өтүнүп кетет.
Абдисатар поэмасынын айрым жеринде мурунку тынч замандын (мусулман динине киришпеген) жок болушу, жаңы замандын зыяндуу жана пайдалуу жактарын айтып, келип кээ бир учурларда өзү да эки анжы (арасат) ойлорго кабылат. Мындай ой «Атабай казынын качканын» ырдаган жеринде «Бизге кабар бербей кеттиңер казы ака, биз да силер менен кетет элек» деген өзүнүн туугандык тарынычын айтып, акырында «былтыргы жылы кетип жоголбой» деп арман да кылат. Бирок бул оюн көп бекемдебестен. кайтып элди өз жерден кетпегиле» деп айтып, чын дили менен элге кайрылат. Мына ушул сыяктуу карам-каршылыктуу ойлордун болушуна карабастан, поэма ошол Абдисатар жашаган учурдун абалын (картинасын) сүрөттөп берүү менен ырчынын заманга болгон жекече көз карашын. ой туюмун аныктайт. Абдисатардин поэмасы жөнүндө айтылган биздин учкай сөздөрдөн тышкары. атайын иликтөөлөр болуп, келечекте илимий аныктамалар, терең ой-пикирлер айтылат го деп ойлойбуз.
Азыр Сары-Кол элинде сакталып калган Абдисатардин (Абдул Сатар араб сөзү, китеп карал, азан айтып койгон аты «Акыр заман» кысасы жана «Жаңы заман» жөнүндөгү ыры) поэмасын 1967-жылы атам Сапарбай Пирмамбетовдон жазып алган болчумун. 2001-жылы эл арасынан анча-мынча ырдын үзүндүлөрү жыйналып, Жусуп Пакакйдын айтуусунда жарык көргөн бөлүгү менен салыштырылды. Кээ бир жерлери түзөлтүлүп, тартипке (системага) келтрилди. Поэма араб, фарсы тажик. Иран, зеки турк көп пайдаланып жана ичкилик кыргыздардын диалектиси менен жазылгандыктан көпчүлүк сөздөргө түшүндүрмө берилди. Эл ичинде Абдисатардин «Заман кысасын», («Акыр заман», «Жаңы заман» б.а. эки заман тууралуу ырдалгандыктан. орток тема катары «Заман кысысы» деп тема коюлду. С.А.) жана «Эл экен» деген ырынан башка чыгармасы Сары-Кол элинде азырга чейин белгисиз.
Замана кысасы
1 Биссимиллахи рахмани рахим. Пайгамбарым (эй) санасы, Тарыхка бир мин (да) сүч жуз, Элик эки жыл болуптур. Ааламга кафир толуптур. Китабларда угушта, Аалама менен урушуп, Ахыр заман болушка. Дажалаин кафир- чыгышка, Жакын заман калыптыр.
Валояттин баарисин, Бусурмандын шаарин. Балчыбек кафир алыптыр. Пайгамбарым шариат, Бадам гүлдуй соолуптур. Баари го жерде бусурман. Балчыбектей кафирга, Көз каранды болуптур.
Арба кылып турушка, Бусурманда кубат жок. Молдолордун колунда, Мурункудай дубат жок. Кайрылып газат кылышка. Калк ичинде беттеген. Хадимкидей палбан жок. Обалгынын айткани, Аммаси ирас, жалган жок.
Карандаш-калам чыгарып. Хат жаздырган балчыбек. Харыны иштен чыгарып, Жашты азгырган балчыбек. Бухара менен Урумдай, Сарап кылган балчыбек. Бусурмандын баарини, Гарап кылган балчыбек. Пулу менен малыны. Галап кылган балчыбек. Пайгамбарымдын шариат, Ашкере кылбай xap кылды ай. Азан коомат айттирбай, Заманын тар кылды ай.
Күллү омийин батарин, Хадис айтти Мустапа. Болуп барат башккача.
Эл ичинде жакшылар, Кут баракка калбады ай. Эшан, молдо дегендер, Куранды харлады ай. Ан, үчүн кафир зорлоду ай. Ойлонуп туруп жакшылар, Ойлосолор пикирди ай. Орус кафир балчыбек. Чыгарды илаа макирди ай.
Аптамабил ат жасап, Мингизиптир бу кафир . Ааламдын баарин диниге, Киргизиптир бу кафир. Айрыпылан куш жасап, Эргитиптир беканат. Ахыр заман кысасың, Айтып өтөм бир санат.
Байлардын малын алышка, Кадам койду бу кафир. Бала окутуп ар жерге. Адам койду бу кафир. Бусурмандын балдарын. Бурду шариат жолудан. Бул бечара кыргыздын, Ич иш келбейт колудан.
Ахыр заман белгиси, Алайна келди калган жок. А жига кетип ел тенге. Асиерт менен арман жок. Адам алгаш кылам деп. Амма элди коркутту ай. Алты жашар балдарды. Интирнаттка окутту ай. Нан берем деп азгырды. Латынча хатты жаздырды. Хант берем деп азгырды. Казакча хатты жаздырды, Партияга хаттады. Налитка кылып бу кафир, Динибизди хастады. Бусурмандын балдарын. Бурду Шариат жолудан.
Бусурмандын балдары. Кафирга кошту өзүнү. Бул силерге жардам деп, Алты метир безуну. Кадактап берген унуну, Гайры го таша албаган. Чыгарган чырван пулуну.
Дакалат берем кепке дейт Дакалатин тьңшасан. Дагавар кылгын баариңар, Терскен менен чепке дейт.
Дагавар кылган бандалар, Такти эле пайда таппады. Өз алдынан жоголуп, Күндөн-күнгө тастады.
Дагавар эмес кыл тузак. Түшүрүшкө хастады. Тузакка түшкөн бандалар. Тузга сиет деп угам.
Кыргыздын кызы оруска, Беника тиет деп угам. Кураанды депсетип, Шарт кылдырат деп угам. Алал шариат ак жолдон, Жанат имиш деп угам. Ата менен энеден, Танат имиш деп угам. Пайгамбарым суннатин, Таштайт имиш деп угам. Таштабаса гылычын, Жастайт имиш деп угам. Өз диниге кирбесе, Өлтүрөт имиш деп угам. Өлсөк берсин даража, Шайитликтин мукамын Кайсы жалган, кайсы чын, Кадыр алла билбесе, Карап турган мунда ким? Көрбөдүк укмуш баарисин. Шүгүр кылам Худаага. Парганадай козголбой, Патыналык шул жайга.
Оруска тааба Сарколдун. Отунунча иши бар эде. Отунун таштап кет албай, Отурабыз сыйынып, Олуясы жар эде. Башкача бүткөн Сарколдун, Бар кызыгы чеп эде. Мазарлары көп эде, Мазарын таштап кете албай. Отурабыз сыйынып. Жардамдык кылып колдосун, Жастанган гарып банданин. Жанига завин болбосун.
Заман ахыр белгиси, Залим болду паашаабыз. Жазылган кызмат каламда, Залим деп кайда качабыз. Ар кандай болсо көрббүз. Алланын салган буйругун. Барам деп арзы кылбанар. Башка бир жердин улугун.
Акылы камип бандалар. Ата ватин жеринден, Ажырап алыс кетпеңер. Ara-ини тууган элинден. Өлтүрсө шаит жаниңар, Өз элиңден ажырап. Мусапыр болбой баариңар.
Молдо атабай казы ахун Кызмат кылып көз ачкан. Кызыл тилли пул чачкан. Кызматтан көөнү калганда. Кырк үйлүү адам баштатып, Кытайга карап жол тарткан.
Барган жерге батпады. Баракка паиз таппады. Мундагыдай болбоду, Күндө келип кытайлар, Пул бергин деп койбоду. |
2 Арзы кылып барам деп. Тагарманын жерине. Амбалга сыйлоо деп берди. Бар малынын теңини. Кайран казы кор болду, Арманы бизге зор болду. Качып барган элдердин, Малдарыга шор болду. Заман бизге тар болду. Орустардын колунда. Беш атар мылтык октолду. Уламалар молдолор. Өз алдынан жок болду. Жаңгал эде жерибиз. Жаңыдан базар курулуп. Жарым тэнгэ карз чыкпай, Жакыр болду элибиз. Замана жаман шум болду. Жардам деп орус бергени, Жарым путтан ун болду.
Жарыгы шариат жабылып, Карангы зулмат түн болду. Казыларды жоготуп, Кандай да каттык күн болду.
Алайдан аштык алдырбай, Анжиян базар бардырбай. Байлады жолун ай, Каратты өзүн колун ай.
Өз диниге киргизсе, Табат экен максатын. Качып кетип калат деп. Алат дейт элдин жакшы атын. Узун аяк малыны, Кармайт имиш жакшылар. Ахырында харыны. Харыларды жоготуп, Катылат имиш жаштарга Катын, бала ажырап, Гарыбылык түшөт баштарга. Шуларды угуп коркомун, Жалбырактай калтырап. Сактагын деп тилеймин, Бир худайдан жалдырап.
Ажал курат дарыны, Өлүм тартат нарыны. Пайманаси толгондо, Алып кетет баарини. Ажал жетип күн бүтсө, Ылгабайт жашти, харыны.
Азираил келгенде, Алба десең тил албайт. Пара берсең пул албайт. Медетке койбойт тилесең. Хабар бербейт билбесең. Коркуп кетпейт тилдесең. Ирайм кылбайт ийласаң, Гавинди албайт жалынсаң, Үз крабайт тарынсаң.
Алат бир күн жаниңди. Бирибиз змес баарибиз, Бара турган жаибиз. Амир кылса алласы. Собап кылып өлүмнөн. Кутулуп кетпейт бандаси. Жалганчы бэндэ жазабыз, Жан пейиштен азабыз. Күпүрчү бэндэ күлөбүз, Гүнаага батып жүрөбүз.
Аш-самавар башыдан, Жетим калган жашидан. Кызмат кылып хар болгон Кырк бир жашка киргенде, Актан жарлык келтирип. Жабраил өзү жар болгон. Сабырга белин байлаган, Саар туруп кечкече. Үмматим деп ийлаган. Биз камина банда үчүн. Өз жанини кыйнаган. Кечкен жалгыз баладан, Үмматка көзү кыйбаган. Аршка чыгып ырааз айткан, Аял кылбай тез айткан. Мейраж болгон сапары, Малайикалар чакары. Абдилланин баласы. Амма элдин сараси. Анбиялар ааласы, Жаннаттин булбул чөйаси. Эки дүниянин чырагы Мингени жаннат Бурагы. Худайымдын хабиби. Ак азирет Мустапа, Пайгамбарым канаке? Амир хамза, Али шер, Палбандарым канаке? Чариярлар имамлар. Шазаадалар, уланлар. Ширин менен Назани (Назимуш), Шоораты чыккан жуванлар. Патма. Зуура азизлар Пайгамбардын алдында, Кызмат кылган канизлар. Асан. Үсөн жоролор, Аппак Гожом, хан Гожом, Асыл туулган төрөлөр. Падышалар, Султанлар Асили туйгун шумкарлар. Олуялар, чилтанлар. Аалым, муфту, казылар, Мекка барган ажылар. Журт сураган саркарлар. Алтын, күмүш иштеткен, Өнөрманлар, заргарлар, Тирандазалар, мерганлар, Бу дүйнага келгенлар , Мадинада арабалар, Пул иштеткен сараблар Залим өлүм дастидан, Аммаси болду гириптар. Олор өткөн ким калат. Олорду алган бул өлүм, Ойлогун бир күн бизди алат. Көз тирикте иштеткен, Күнүнү көргөн пул калат. Жахандан көзүн өткөндө, Жакшы көргөн зайыбың, Жабырын тартып пул калат. Жан тирикте иштеткен, Жамбы, күмүш тул калат. Баш барда келет мыйманын. Баш өткөндө жакшылар, Балаңа калат жыйганың. Жесир калат алганың, Жетим болот балдарың, Жээрминдерге жем болуп, Бепаян кетет малдарың. Кайгырып ийлап агайын. Кара жер болот сарайың.
Караңгы гөрдүн түбүндө, Гарып, болот арбайың. Карайын десең тешик жок, Чыгайын десең эшик жок. Сурга кетет жанибиз. Гөрдө калат танибиз. Суракчылар киргенде, Кандай кечет алыбыз. Шундай күндү ойлобой. Гапыл жүрдүк баарибиз. Оор болсо собабың. Оңдуу болсо жабабың. Ишинди Алла оңгорсо, Амалың зая болбосо, Ак Мустапа Мухаммад, Үмматим деп колдосо. Кыл көпүрүк башыдан, Кыяматтын даштидан. Кубандык кылган койлорун. Бурак болуп көтөрсө, Эсен-аман өткөрсө. Илиндирбей пайынды, Жаннати кылса жаниңди. Кабыл болсо амалың, Хадир эгем Зулжалал, Көрсөтсө өзүң, жамалың. Арманң калбайт бандалар. Аманат дүйнө амал кыл, Ахыры бир күн жанди алар. Окусаң намаз беш убак, Төрүңдө күйөт шам чырак. Болосуң банда кош убак. Он күн жалган дүйнөдө, Ойноп өткөн күн калат. Ажал жетип күн бүтсө, Ак полоттон үй жасап, Арасынан жай таап, Айлакер болсок мынчалык. |
3 Акыл менен тынч алып, Айланаин эли - журт, Анда да бир күн өлебүз. Ажалдин күчүн көрөбүз. Кара болоттон үй жасап, Кабатына горголоп, Каза жетсе токтоосуз, Качсак да бир күн өлөбүз. Кагьглайын эли журт, Жазылган калам көребүз.
Адам ата Обо эне, Адам болуп жаралган. Шонон берги адамдан. Дүнүйө чиркин ушундай, Түңүлөмүн замандан. Адам ата ал өттү. Нечен падыша хан өттү. Бул дүнүйа палбаны, Азрет Аали дагы өттү.
Нечен кылым эл өттү. Үрустөм баатыр шер өттү. Ыса. Муса Мухаммад. Пайгамбарлар дагы өттү. Үч миң жыл жашап Улукман, Аким табып хары өттү. Жезиттен башы кесилип, Шаит болуп эзилип, Кербаланын чөлүндө. Асан, Үсөн бала өттү. Өлүм күчү ушундай, Мурункуну түгөттү.
Жазып Жапар эгеме, Жалынганым айтам ай, Алыска кеткен тууганды. Сагынганым айтам ай. Атабай казы акама, Тарынганым айтам ай. Былтыры силер кеткенде, Бизге кабар жетпеди ай. Үмүт тарткан туугандар, Биргелешип кетпеди ай. Атабай казы дер эде ай. Чегиттирдин нускасы ай. Чекир амин, Хадыр бай, Кытайга барып батпады ай. Көргөн-билген тууганы, Алыста калып сагынды ай, Ага ини, тууганы ай, Атабайга тарынды ай.
Маскапта ханлар кычырса, Барбай кеттиң казы ака. Масилатиңди тууганга, Салбай кеттиң казы ака. Көчкөнүнөн бир хабар, Бербей кеттиң казы ака. Көөнү, жакын тууганга, Келбей кеттиң. казы ака. Алапа, Шаим журтунду, Баштап кеттиң казы ака. Ага-тууган элиңди, Таштап кеттиң казы ака. Абдилда менен Атабай. Курбан менен Хадыр бай Ыраңың окшош, өзүн пай. Аман бол баарин көргүчө ай. Атабайдын арманы ай. Арыбас бизден өлгөнчө ай. Жакшылар өттү бааридан, Баралбай орус шааридан. Кеталбай өттүн бааридан, Кеталбай орус шааридан, Кеңешмеге кирбе дейт. Кеткендердин жолуга. Баарибиз калар окшодук. Балчыбектин колуга.
Акыл жетип көз көргүс Илаасини көргөздү, Ат жүрбөгөн жолдорго, Аптамабил жүргүздү. Көрбөгөн илаа көргөзүп, Көк эшек минген Дажалби? Күндөн күнгө күч алып. Же көпкө бир келген ажалби?
Жан эгем асан кылбаса, Жаман болду каарибиз. Жаңы илимге окутуп, Жаздык ко жолдон баарибиз. Бузулду жаман халкыбыз. Бусурман, каафир дегидей, Калбады биздин паркыбыз. Оокат кылып оруска, Ооруду биздин жанибиз. Ортодо болду малыбыз. Кайгыга калдык баарибиз. Кандай го кечет алыбыз.
Малымды сатып алам деп, Магазинда соодага. Былтыркы кетип жоголбой, Баарибиз калдык гоогага. Качсак о бизге нечен жол, Кабар бербей кеткендер. Калай ям болсоң эсен бол. Кетсек о бизге нечен жол. Кеңеш айтпай кеткендер. Көрүшкүчөк эсен бол.
Ак чайнек чыкты полуска, Азбарай оокат дардилан. Аммабиз кирдик оруска. Көк чайнек чыкты полуска, Гөр оокаттын дардидан Көбүбүз кирдик оруска.
Азалтан калам жазылса. Атылып шунда өлөрбүз. Алла эгем буйруса, Ар иш келсе көрөрбүз. Саар туруп кечкече. Санаганым убайым. Сары башыл кафир дан. Саактасын хадыр Худайым Жан Худаанын мүлкү экен, Саламат кылсын ыманым.
Абдисатар Камина, Айттиң элге сөзүңдү. Андабайсьң өзүндү. Ай-ай Сатар амал кыл, Акылың балык болгону. Арадан өттү алты жыл. Алты жылды өткөрдүн. Амал кылбай арманда. Ахирет жайга барганда, Асиретиң бепайда. Ажал жетип калганда, Агуруп болуп шарманда. Колума алдым каламым. Койбодум дилде амалым Аллага койдум дилимди. Ахыр заман кысаасын, Айтип өттүм бир санат. Жаздым дилде гаптарим, Жаңы ачылган даптарим Хатасы болсо сөзүмдө ай. Хатагерчилик өзүмдө ай.
Ата-энемди сөкпөңөр, Гыжаалат жашим төкпөңөр. Так айтилса жуп деңер. Саз айтилса хуп деңер. Адыраак кылып кысаны, Сезумө тамам айтамин. Акыма дуба кылыңар, Максатыма жетейин. -//- |
Адбдисатар Кенжебай уулунун жаңы заманды ырдаганы
Айтып берген С. Пирмамбетов, Ыраң-Көл айылы 1967-жыл
1 Он жетинчи жылында, Ава айланип боз болгон. Уруят чыгып козголгон, Овалгы өткөн Никалай, Уруксуз болуп жоголгон. Илими шарият бурулган, Жаңыдан өкүмат курулган. Никалайдын убагында. Жол каздырып кыйнаган. Жолдун ташын тере албай, Жоопсуз үйгө кире албай. Жовдурап элдер ийлаган, Жаңыдан өкүмат чыкалы. Жоксуздун баарин сыйлады, Иликтирбей илими. Ич (эч) кимге тийбей зулуму, Ишчиге берген пулуну. Ичерге берген унуну, Чырванга Саткан соодасын. Чыгарбай элге гоогасын. Жашатти журттун баарисин. Жасады Памир шаарин, Памирге келип иштеген. Партиялар жашасин, Терскен алып, чөп чапкан. Мээнеткаштар жашасин, Үшкөлдө көзү ачылган. Интирнат балдар жашасин, Харжы коюп Никалай. Каздырат эде баарисин. Хаарыкка сапар жол жүрсөн. «Кармап кел-деп буйруган, Паланчи байдын атынан. Халкка салып алчу эде, Карындагы майыны. |
2 Катындарын ийлатип, Кайнатарга чайини. Союшка алып соолугун. Көрсөттү элге зорлугун. Азовда өкүмат чыккалы, Бадиректер мас болду. Баариси байга таш болду. Балдыргыдай жүрө албай, Байлардын мойну пас болду. Жетимдин көөнү жетилди, Жетестин баари тетилди. Жерге-Талдын аштыгын, Жетпегенге жеткирди. Кара таман кедейге, Харжы кылып жөлөдү. Харздар харзын төлөдү. Никалайдин убактында, Айранга карды тойбогон. Ач бөрүдөй жутунуп, Алыны билип жөн жүрбөй, Ак сөөлмөк ойногон. Тезек терип тентиреп, Тепки жеп жүргөн жетимдер, Азыр көрсөң олорду, Калиш кийди путуна, Катта болду журтуна. Өтүк кийди путуна, Өктөм болду журтуна. Ичкени шакар чай болду, Эми көрсөн бай болду. Азовда өкүмат чыккалы, Ачылып көзү иш билди. Ата-энеси көрбөгөн, Асылы кыймат иш кийди. Карап көр жахан каарини, |
3 Кайдан өкүмат жеткирер, Камчиликтин баарини. Кызмат кыльт пул тапкан, Кызыл тилла пул чачкан. Ошолордун ичиден, Атабай казы дейт эде. Иликтирдей жанды эде, Ишке көзү канды эде. Багалмадай толду эде, Партиялар ичиден, Бааридан өткүр болду эде. Айтпади сырын кишиге, Айыбдар болуп өкүмат ишиге, Кытайга карап «кетем»-деп, Кырк үйлүвнү кетирди. Барган жериде батпады, Барака-паиз таппады. Мурдагыдай болбоду, Күндө келип Кытайлар, Пул бергин деп койбоду. Кызыл кар түшүп, кыш болуп, Кытайлар алды аз малын. Кайтып келиш ар болду, Кайдалар кетип хар болду. Кылган иши өзүнө, Пышман болду жакшылар. Аздыр-көптүр элине, Душман болду жакшылар -//- |
-деп Абдисатар тергөө учурунда «Акыр заман» кысасын өзгөртүп «Жаңы заман» жөнүндө, Кеңеш өкмөтүнүн жана Коммунисттик партиянын болтуруп жаткан иштери тууралуу мактап ырдап, түрмө коркунучунан кутулуп, сыйлык менен «Жаңы заманды даңазалап, ырдап жүрүүгө» буйрук алып үйүнө кайтат.
Келгенден кийин «Мен бул заманда жашай албайт экенмин» деп ата-энесинен ыраазычылык сурап, көп өтпөй Ыраң-Көл жеринде каза болуптур.
Абдисатардин «Акыр заман», «Жаңы заман» ыр, кысасынан башка «Эл экен» деген ыры учурайт. Бул ырында Сары-Колдун Ак-Суу деген жеринде жашаган, Тейт уруусунан тараган майда уруулар жөнүндө айтып, кыскача мүнөздөйт.
Эл экен
Ак-Таштын асты кен экен.
Алапа, Шайим жери экен.
Алапа гуйбу калк экен,
Шайимдар момун эл экен.
Сүйлөгөн сөзү эп экен.
Ак-Таштын асты кең экен.
Кочкор, Бука, жери экен.
Кочкорлор жакшы эл экен,
Букада бузук көп экен.
Сүйлөгөн сөзү гөр экен.
Ак-Таштын асты кең экен,
Алыста калып жайгашкан,
Кызыл баш, Таглык бар экен.
Таглык мукум эл экен.
Кызыл баш шылуун эр экен.
- 1 -
- 2 -
"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ" 2003
Абдижамил Примбердиев