САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Айдарали Сапарбаев

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Айдарали Сапарбаев

Сапарбаев Айдарали 1947-жылы Тажик ССРинин Мургаб, районуна караштуу Ыраң-Көл кыштагында орто чарба малчынын үй- бүлөсүндө туулган.

 

1954-жылы Киров атындагы № 4 жети жылдык мектебинен окуп, 1965-жылы Мургаб районунун Ленин атындагы № 1 орто мектебин бүтүргөн.

 

Ошол эле 1965-жылы Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетинен окуп, 1970-жылы бүтүрөт да, туулуп өскөн жери Ыраң-Көл кыштагында кыргыз тили адабияты мугалими болуп иш жолун баштаган.

 

Андан кийин райондун Кара-Көл №10, Көөнө-Коргон №5, Мургаб №1 мектептеринде бир канча жыл мугалим болуп иштеген. Ушул мектептерден кийин Ыраң-Көл кыштагынын А.Шаиков №4 орто мектебинде эмгек жолун улантууда.

Үй-бүлөлүү. 4 уул, 2 кыздын атасы.

 

Бөрүлөр

Улуу тоолор көрүнөт чөккөн тоодой.

Түн ичи караят жатгкан коодой,

Тиштерин жанышып топ карышкыр,

Жан көрүнсө жемекчи тытып чөөдөй.

 

Бир-бирин кабышып, бирде улуп,

Тынч албай бирде жортуп бирде туруп.

Мал жаткан көрпөлөрдү акмалашып,

Кыш күнү чаптуу барсаң катуу уруп,

 

Алгыры эки жакты жалт-жалт каранып,

Ары-бери жытыркап, шектүү чам алый,

Кыңшылашат көздерү болуп күйгөн чоктой,

Маарашкан малды көздөй жаланып.

 

Күндүзүндө уйчу барбы, койчу барбы,

Топозу тоодон тушпөгөн топозчуларбы,

Айтор ким болсо дагы көрбөй калса,

Салгысы бар кырып төрт түлүк малды.

 

Тоо булагы

Оргуп булак кум аралаш көбүргөн,

Оргуй берип көк шиберден төгүлгөн.

Наристенин бал тилиндей быдылдап,

Агып жатат тоо булаты элирген.

 

Айлап-жылдап сызып агат бул булак,

Күндөп-түндөп суу алат кыз бурак,

Суунун ийген суунун тийген жеринен,

Гүл оронуп өсүп турат кой шыбак.

 

Ичкендердпн ден соолугун тазартып,

Ичкендердин өмүрлөрүн жашартып,

Агып турат касиеттүү мөл булак,

Шиберинен жыпар жыттуу гүл аңкып,

 

Мөлтүрөгөн тунуктугу.. моокум канган муздагы,

Раң-Көлдүн Чоң-Булагы --Туздагы,

Жер түбүнөн чайкалат:, деп алтынга,

Ичет экен адам тургай куш дагы.

 

Тоолук эл

Бийик жердин бийигиндей биздин жер,

Бийик тоонун бийигиндей биздин эл,

Кылым санап кырка тоосун мекендеп,

Жашап келет Сары-Колдук кыргыз эл.

 

Ачып көрсөк илим тарых барагын,

Иликтептир илимпоздор, эчен өкүлдөр,

Кайдан келген качан келген кыргыз - деп,

Тактоо үчүн сарп болуптур өмүрлөр,

 

Кантсе да, калыптыр тоону байырлап,

Кылым бою кыргыз салтын жоготпой,

Тилин бурбай ак комузун сайратып,

Айтышыптыр дастандарын жомоктой,

 

Эркиндиктин нуру тийип башка элдей,

Азыр биздин Сары-Кол жери гүлдөгөн,

Басып өткөн азыраак жылдар ичинде,

Алтын, тузун асыл ташын күрөгөн.

 

Үмүт

Жок дегенде бир ой жаратпай акылман,

Мен жарагам бекем кемирээк болуп акылдан,

Окуганда «Кабус наме» Касанф менен Эзопту,

Кээде өзүмө өкүнөм да кээде кайгырам.

 

Ой Берметин булар кантип айта салышат,

Баш катырбайт да дайым эркин болушат,

Кыялына келтирип кеп кылбагын адамды,

«Сөз» дарына дароо аса коюшат.

 

Кереметүү сөз таба албай миң бир ойлонуп,

Күн кечирип, түн ичинде ойлонуп,

Мен келемин ыр чүргөй албай эки сап,

Чейрек кылым сөз артынан толгонуп.

 

Бирок дуйнөдөн кете бербей мен жайдак,

Үмүт үзбөй ыр жазууга бел байлап,

Жашоо, күрөш адамдык ыйык сапатты,

Жазгым келет турганда элим тай-тайлап.

 

Кайда кеттиң балалык

Бала кезде ойноп сууда жүрчүбүз,

Чүкүрү терип, мандалак казып жечүбүз,

Кеч киргенче энелерди издеттирип, күттүрүп,

Араң үйгө бир оокумда келчүүбүз.

 

Жай күндөрү короо ичи ызылдап,

Кой саадырып, көгөн толо козу-улак.

Качкан койду кармай азбай ызалуу,

Жүргөн кез ай, кой артынан тызылдап.

 

Кийим кийбей жалаң аяк, жалаң баш,

Буттар жарык тилип кетип миздүү таш,

Күндө ойногон, «Ак чөлмөк» менен жашынмак»,

Кайда калдың биз өткөргөн өмүр жаз.

 

Жыл артынан жылдар өтүп саналып,

Жылдан, жылга жакшы турмуш жаралып,

Таш түбүнөн буйтап качкан коендой,

Кайда кеттиң, биз өткөргөн балалык

Сарыкол

(Оозеки ыр мотивиндс)

Келберсип жаткан Сары-Кол,

Киндик кан тамып, кир төккөн.

Башына кайгы түшкөндө,

Басып кетпей кайрылып.

Барчынын болуп айланам.

 

Аска, зоосу Ай жанып,

Тоолору толуп алтынга.

Асыл ташы жайнаган,

Аз гана өмүр өткөнчө.

Аскалуу бийик жеримде,

Ак щумкар болуп айланам.

 

Ырайым этип Сары-Кол,

Раң-Көлүмдө жүрөмүн.

Ымыркай кезден бир болгон,

Уулдарыңдын-бирөөмүн.

Ыйык тутуп өзүңдү,

(Ырабай) сенден жүрөмүн.


Байманан толуп турганда,

Бардыгы сөөлөт курду эле.

Кулунумун деп Сары-Колдун,

Төштөрүн катуу урду эле.

Ойдо-төмөн чапкылап,

Чарк айланып турду эле.


Опосуз заман өзгөрүп,

Ооматын он жыл тайганда.

Кулундар кетти кол тартып,

Куйрук улап жол тартып.

Ооз көптүргөн... сөз менен,

Сары- Колун муңкантып.


Томсорбо улуу Сары-Кол,

Тoп элиң турат койнуңда.

Кубансаң, бирге кубанган,

Кайгырсаң бирге кайгырган.

Оорунду бирге көтөргөн,

Дагы эле уул-кызың койнуңда.


Мээримиң(да) төккүн Сары-Кол,

Береке толсун кут консун.

Бейпилдпк тилеп өзүңдү,

Калын, эл баары ток болсун.

Баштагыдай Сары-Кол,

Байлыгың ашып бак консун.


Сагынуу

Он сегиз жыл жүз көрүшпөдүк алыспыз,

Көөдөнүмө мелт-калт толду кусалык.

Ээ-жаа бербей көөбүрчүдөй ээлигем,

Бул сагынуу менде дагы күч алып.


Элестериң көз алдыма көп келет,

Ак көйнөгүң бпр үзүм аппак булуттай.

Көңүл кушум, күндөн күнгө уюлгуйт,

Өтсө дагы жаштык мезгил туюнтпай.


Жакында көрдүм ыр, сүрөтүңдү гезиттен,

Соолук нуру ак жүзүңдөн төгүлөт.

Уурттарың жылмайчудай эптелген,

Кош эриниң баштагыдай көрүнөт.


Жолдоштук ыйык сезим курчалган,

Жүргөн кез ак сүйүүгө айлаибай.

Калган элем бир кездерде өкүгтө,

Чачтарыңа чачбак болуп байланбай.


Анда сен ырлар жазып изденүүнүн жолунда.

Күндө угабыз көп лекцияны чарчабай.

Көп талашып кежеңдешип, далилдеп.

Бетке айтчуубуз кемчиликтерди жайкабай.


Болгон чындык окуяларды көркөмдөп,

Окуучума түшүнтсөм деймин болгону.


Оор тартып өмүрлөр кетти канчалык,

«Ыймандуу бол» деп муундарды агарткан,

Сыймыктанам кесибиме ардак гуу,

Билим берип адам рухун тазарткан.


Жар болчу

Мөл булак болсоң шар аккан,

Суктанып карап телмирем,

Ак аркар болсоң бараткан,

Ак тулпар минип теминем,


Сен болсоң жалгыз шам чырак,

Көпөлөк болуп айланам,

Тоюн таш болсоң жалтырак,

От чакмак кылып байланам.


Эдельвейс болсоң тоодогу,

Эрке жел болуп сыйлайын,

Эрмен чөп болсоң зоодогу,

Эңгилчек болуп турайын,


Эгерде билгич сен болсоң,

Кеңүлдө толгон капамды ал,

Аз күндө өзүм той берчү,

Айперим болгун мата жар.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.