САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Майрамбек Тойчиев

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Майрамбек Тойчиев

Тойчиев Майрамбек Токонович 1963-жылдын 7-ноябрында Тоолуу Бадахшандын Мургаб районунда туулган. 1989-жылы Тажик политехникалык институтун «Автомобиль жолдору» адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат. Ырлары жана аңгемелери 1985-жылдан тартып жарыяланууда. 1998-жылы Оштон басылып чыккан «Бар бол, Сарыкол!» аттуу ыр китеби окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.

 

Дүйнөлүк классиканын ири өкүлү Хафиздин бир катар чыгармаларын түп нускадан кыргызчалап, адабият аалымдарынын жылуу пикирине татыктуу болду. М. Тойчиевдин бир топ ырлары тажик тилине которулуп, мезгилдүү басма сөздөн жарык көргөн. М. Тойчиев обончу-аткаруучу катарында да таанымал. 1999-жылы Исфара шаарында өткөрүлгөн саясий ырлардын Бүткүл Республикалык фестиваль-конкурсунда лауреаттык наамды жеңип алган.

 

Кызыл балалык

(Классташтарга )

 

Ыраак калган балалык кызык эле!

Жалынчындай энемдин ысык эле!

Таңдан мурун ойгонгон күн шооладай

Эки бети албырып кызыл эле!..

 

Майрамдарда көтөрүп кызыл желек

Кызыл жагоо тагынып агылчы элек

«Согуштарда» бөлүнүп тең экиге

Талашчу элек «Актар эмес кызылбыз!» деп

 

Кызыл менен оролчу эле белегибиз

Кызыл менен боёлчу челегибиз

Кубангандан манаттай кызарчы элек

Кызыл менен «беш» койсо эжейибиз.

 

Кызыл менен таштарга ат жазчубуз

«Кызыл Гүл!» деп кыздарга кат жазучубыз

Кызыл шоола нур болуи элестечү

Ал гана эмес алдыда максатыбыз...

 

Толуп текөөр, күчтөнүп темир канат

Туш-туш жакка биз кеттик тарап

Ак калпагын булгалап калды аталар

Ак батасын ыроолоп. ак жол каалап.

 

Томкорчудай тоо-зоону түрүп билек

Бороон беттеп бараттык толкун жиреп

Ак жоолугун булгалап калды

Энелер Ак саамайын жел шилеп. Ак той тилеп...


Шуру болуп тизилип кызыл жылдар

Жанып турду не бир оттой кызыл ырлар

Ак жоолукчан Энеге кубулушту

Кызыл жоолук салынган биздин кыздар...


Тагдыр бизди экчеди алаканда

Кээде болдук чокуда, кээде анда...

Бороонунда буюгуп көртиргиликтин

Билбей калдык азыр биз-кимдер кайда?


Жол деле бар; ашуу бел, ылдый-өрү

Али алдыда-жазмыштын көрсөтөрү

Тагдыр бизге кош колдоп сунуп турат

Даяр кылып; өтсөң төрү, өлсөң көрү...


...Кайран биздин балалык кызыл мончок!

Кана аттиң, кайрадан бирге болсок!...

Тээ арт жакта бүлбүлдөп чакыргансыйт

Бороондогу боз үйдөн чыракка окшоп...


Жүзбай комузчу


Кадырын билген элинде

Комузчу болчу кезинде

Комузда кайрып өрт кайрык

Коломто жакчу сезимге

Керилген көрктүү эр эле

Күтүлгөн орду төр эле

Каш кагып нечен кыз-келин:

«Кана, атиң, сүйсө!..» дээр эле.

Каадалуу болчу мүнөзү

Калетсиз болчу кеп-сөзү

Көпчүлүк билбес көп ишти

Көсөмдөй чеччү бир өзү. ...

Карачы, эми карачы!-

(Капсалаң Тагдыр тараза)

Кирээрге Жузбай үйү жок

Калчылдайт катын-баласы.

Комузу түшүп колунан

Көп-сөзү түшүп оозунан

Келиндер сүйгөн келбети

Келбеске кетип соолуган...

Көрүнүп утур кишиден

Көзү жер тартып шишиген

Колдорун бийлеп калтырак

Коңурсук келип тишинен. ...

Каңгыча жутуп аракты.

Кадамдап оң-сол тарапты.

Карманып зорго калдастап

Кайдадыр Жүзбай баратты...

Ыклас сүртүмдөрү

(Райондун 70 жылдыгына арналган 70 сап)

 

Аяз. Боз үй. Төрү жылганын...

Жалбырттайт оту тулганын.

Дал ошол оттун табында

Талпынып каз-каз турганмын.

Там-туң, басып балалык

Төрүнө карай жылгамын.

 

Капарсыз ойноо, өспүрүм

Койнуңда канча куунадым!

Толкундан күтүп ишаарат

Канча ирет балык ууладым!

Үй бетин көрбөй пахтекти

Кай жерде гана куубадым!..

 

Андан соң, келди Жаштык кез

Өмүр-мас, өрттүү жылдарым.

Жылдыздуу түндө бөлүшкөн

Алгачкы сүйүү сырларын.

Оргуштап чыккан ошондо

Кыз жыттуу кызык ырларым...


Далай жыл жүрдүм алыста

Сагынып боз1уч кырларың.

Түшүмдөн кетпей кыйначу

Уларың, менен сууларың.

Көзүмдөн далай жаш тамган

Чыйырын эстеп кулжанын...


Келдим да муштап көкүрөк

Сендикмин! дедим, - Нургабым!

Билекти түрүп, шымалап

Тээ алыс калпак булгадым

«Сактайлы, - дедим бапестеп

Комуздун үзбөй кылдарын..»


Анан биз көрдүк заматта

Доордун кыйрап, сынганын.

Апаат менен Жокчулук

Жебесин элге сунганын

Ар жакка толкуп элимдин

Чайпалып далбас урганын.


Антсе да Сарыкол тозбодуң.

Томсорбодуң, сынбадың.

Үйлөнөөр уулун, үйлөнтүп,

Узаттың, узаар кыздарын.

«Эл кантет түбү?!» деп гана

Ичиңден кээде сыздадың.


Антсе да Сарыкол азбадың.

Заңкайган сының бузбадың.

Ишенээр колдо сакталуу

Азыркың менен мурдагың...

О, шүгүр, Сарыкол, бар тура

Таянаар, жөлөөр уулдарың!..


Жетимиш жашка сен толсоң

Мен аңдыйм бүгүн кырк жашим

Сыртымдан сырым билгизбей

Ичимде кайнайт кырк жалын.

Анткенн кырк жьл ичинде

Элге бпр чоң иш кылбадым.


Бар болгону «Бар бол...» деп

Кьңылдап бир аз ырдадым.

Буйурса дагы жазсам дейм

Ырларымдын тыңдарын.

Эгерим Сарыкол мен тана

Дымактан тайба, сынбагын!


Жетимиш жылдык мааракең

Куттуу болсун Нургабым!

Сары алтын салмак санжыраң

Нуктуу болсун Нургабым!

Тулгадагы казаньң

Чыктуу болсун Нургабым!


Илхам алсын түбөлүк

Бул сүрөттөн нурларың:

“Аяз. Бол үй. Төрү жылганын

Жалбырттайт оту тулганын...”

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.