Сарыколдук жигиттин арманы Бул ыр Сары-Кол (Чыгыш Памир) жергесинде күн өткөрүп, жашоо кечирип жүрүп кыйын күндөргө дуушар болгон Сарыколдук жигиттин арманы. (“столба” уурдадың деп айыпталган)
Турмуш кыстап кыйнады , Кимдер столба кыйбады. Жерге түшкөн зымдарын, Чогултуп кимдер жыйбады. Тагдырлар оор болдубу, Органдар канды сордубу. Топозун алып тындыбы, Мен окшогон шордууну. Жашоолор кыйын болдубу, Суукта буттар тоңдубу. Кыйкымдап кыйшык басканды, Тойбостор тоноп оңдубу. Орустан калган столба, Күн батыш жакка ташылат. Кыйналган мендей байкуштар, Көз көрүнөө басынат. Орустан калган столба , Кимдер ташып сатпады. Орустан арткан оокат жеп, Кимдер жанын бакпады. Зымга таңган терскеним, Төгөрөк эмес төрт чарчы. Төгөрөгүм төп болсо, Жүрөмбү шунтип сен айтчы. Ылайлап сууну кечпедим, Ыраактап арак ичпедим. Көтөрүп ханка артпадым, Мас болуп наша тартпадым. Куртка зыян кылбадым, Күнөөм кайсы шуну айтчы. Законду зымга байладың, Мендейди аңдып пайладың. Тартмактап жеп төрт тыйын, Кекиртегиңди майладың. Орустан калган столба, Жетимиш жылда кургады. Сендейлердин айынан Мен окшоштор куурады. Коркутуп тыйын өндүрдүң, Ушакчы кылып көндүрдүң. |
Өзүмө өзүм жедирип, Тирүүлөй мени өлтүрдүң. Дооматыңа утулдум, Качып кетип кутулдум. Жалганыңа утулдум , Жашынып жүрүп кутулдум. Кара балта тарапка, Качып кетти көп жигит. Кыйын күндө карайлап, Көчүп кетти көпчүлүк. Кызыл кыя тарапка Качып кетти көп жигит, Кыйналганда отундан, Көчүп кетти көпчүлүк. Бирок, биз улуу элбиз сынбайбыз, Сарколду сүйүп сыйлабыз. Эл журт эсен болсун деп, Дуа кылып ыйлайбыз. Сарколду жаман дебейбиз, Мадина шаарга теңейбиз. Кайрылып барсак тийбейби, Кылчактап шого келбейбиз. Примити кымбат пул болду, Кыпкызыл балаа бул болду. Уруксат кагаз пул болду, Ойлонткон нерсе шул болду. Бир ууч элим Сарколдо , Аман эсен жашасын. Кабыл кылсын Кудайым, Жумурай журттун батасын. Күнөстүү жерге күн чыгат, Таштактуу жерге гүл чыгат. Таалайлуу элбиз Сарыколчу , Таланттуу бизден көп чыгат. Алыскы жерге күн чыгат, Ат баспас жерге гүл чыгат. Айланып бүркүт конгондо, Айлымдан атактуулар көп чыгат. Бетеге кетет бел калат, Бектер кетет эл калат. Калкыма улуу сын сапат, Кыйындар кетет кыр калат. Кимдер кетет, ким калат , Тарыхта чындык ыр санат. -//- |
Өскөнбай Бердибаев
"Поэзия Ордосу" коомдук брикмесинин мүчөсү
Сары-Могол айылы