Уул атага үлгү алып теңешсин
Мен атамдан ашып кеткем дебесмин
Ат үстүндө атам ойноп шамалдай
Мен ат эмес эшек минген эмесмин
Кыйын болсом кыйындырмын өзүмө
Мен атамдан артык болуп жаралбайм
Атам жүргөн издерини акмалап
Аркасынан сая кууп баралбайм
Мен атамдан артык уул эмесмин
Мен атамдын бир бутуна теңдешмин...
Адамбыз Үзүлбөй жакшылыктан үмүтүбүз, Айланып өтүп турган өмүрүбүз. Күн тийсе төбөбүзгө эртең менен, Оо демек ошол күнү биз тируубуз.
Адамбыз үмүт менен жашап жүргөн, Пендебиз жылуулукту сезип күндөн. Чачылган ырыскыбыз терип жеген, Аттиң ай көңүлүбүз назик гүлдөн.
Адамбыз аруулукту жүрөк сезген, Кыйынбыз ай- ааламды тешип кезген. Аңкообуз кур үмүткө кыялданган, Акмакпыз кее кундору жандан безген.
Тагдыр Тагдыр айдап мен жөнөдүм жол узак, Кунан минип камчы түйүп жол улап. Кылыктанып кырда калды кыйбасым, Оттой ысык жаштык кезим кол булгап.
Кайра-кайра улам карап артымды, Токтото албай жылдар минген атымды. Кылыктанып кырда калды жаштыгым, Суна албадым арнап жазган катымды.
Мүнөт сайын жаштыгымдан алыстап, Карылыкка жакындаймбы карыштап. Кылыктанып кырда кала береби Түбөлүктүү кимге барат табышмак.
Сүйүү Мен сүйүүдөн жараат алып ок жегем, Азыр дале айыга элек от денем. Мен ишенбейм, сүйүү деген жалганчы, Урган мени жалындаган чок менен.
Мен сүйүүдөн канча жолу алдандым, Касам ичип, шам кармадым, каргандым. Ошентсем да, алдап кеткен бозортуп, Сүйүү деген уясыбы жалгандын.
Мен сүйүүгө канча жолу кабылдым, Сагынычка, кусалыкка чабылдым. Ошентсем да бир кайрылып келген жок, Мен сүйүүгө өмүр бою таарындым.
Сүйүү деген соо койбойт го барганды, Жүрөгүнө сайып коёр канжарды. Сүйүү деген балдай таттуу уу экен, Жан дүйнөгө салып кеткен арманды.
Ырдашалы Жашоону түйшүккө байлатпайлы, Өмүрдү өксүккө карматпайлы. Жылт эткен жылдыздай мүнөттөрдү, Арылгыс арманга айлантпайлы.
Жакшыны жаманга теңебейли, Күндөрдү саатка ченебейли. Жылт эткен жылдыздай мүнөттөрдө, Жандүйнө тамчысын себелейли.
Жан барда бийикке умтулалы, Жайылып кош канат куш сыңары. Жылт эткен жылдыздай мүнөттөрдө, Көңүлдөн көөнөрбөс ыр суналы.
Беш күндүк өмүрдө сыйлашалы, Жанашып ак дилден сырдашалы. Жылт эткен жылдыздай мүнөттөрдү, Жагымдуу ырлардан ырдашалы
Үмүт Жашоодо үмүтүм бар үлүңдөгөн, Үмүттө шыбагам бар үзүлбөгөн. Үрүшсө ээрчий басып түрдүү иттер, Жылмаям жакшылыктан түңүлбөгөм.
Ит үрөт, аруу тилек улайт жолун, Мүнөтүн бөлмөк беле итке жолбун. Үмүттүн шооласында бийиктерде, Созушат жылдыздарга ,айга колун.
Үмүттө үлүшүм бар үзүлбөгөн, Тагдырда жашоом бар түзүлбөгөн. Үмүтсүз адам, шайтан дечү беле, Үшкүрүп үрпөңдөшүп жүз үйрүгөн.
Жашоомдо агы да бар ,карасы бар. Максатым үмүт менен арууланаар, Үмүтсүз адам шайтан дечү беле. Жакшылык үмүт менен таңууланаар.
Салам Салам айтам адамзаттын баарына, Салам айтам бүт дүйнө жер шарына. Тээ алыскы ак кар баскан Алайдан, Салам айтам башты ийип сагына.
Салам жер суу ,чалкып жаткан океан, Салам Бишкек Иркутский Тегеран. Салам салам сагынычтуу жалындуу, Баарыңарды жан дүйнөмө батыргам.
Салам айтам тээ алыскы жерлерге, Салам айтам аркыл өңдүү элдерге. Төшү түктүү жер үстүндө тирүүлөй, Басып жүргөн ар бир адам пендеге.
Салам салам чалкып жаткан океан, Казакстан, Памир ,Алтай,Тегеран. Мен сүйөмүн бүткүл аалам жер жүзүн, Салам жолдойм ак кар баскан чокудан.
Дилим Аруу дилим жол көрсөткун адашканда. Сан ойлор санааларым чаташканда. Атымды таппай кееде аң таң болуп. Адамдар мени аңкоо аташканда.
Аруу дилим жардам кылгын жүдөгөндө. Сабырым түгөп кееде түтөгөндө. Карайлап адашканда жолум таппай. Кар жаап жан дүйнөмө кыш түшкөндө.
Жакшылыктан үмүтмдү үзбөйүн. Жакшыларды карап бойум түздөйүн. Аруу дилим жаздыр жандуу ырларды. Кыш чилдеде жазгы гүлдөй бүрдөйүн...
-//-
Кош ат көрдүм арабасы чегилген. Шөкөттөлгөн алтын күмүш темирден. Жаштыгымды алып кетти шаштырып. Кош айттырбай кол булгатпай өмүрдөн.
Кош ат көрдүм арабасы чегилген Таскак салып тагдыр жолун кемирген. Бир мүнөткө токтой турган түрү жок. Жаштыгымды алып кетти өмүрдөн.
Ашып келди тее алыскы кырлардан. Кош ат көрдүм арабасы сырдалган. Бүгүн көрдүм кечее күнү жок эле. Дагы кимдин жаштык кези уурдалган.
|
Куу жигит Куу жигит аты макталып Кылымдар бою сакталып Бийик бел ашкан кыя жол Күнүгө турат тапталып Жылгасы бийик өрдөгөн Таң калат угуп көрбөгөн Салкын төр кенен жылгасы Аркары жүздөп төлдөгөн Меер чөп оттоп кулжасы Мөңгүнү кууп төрлөгөн Кышында жылуу мал жанга Козусу тоңуп өлбөгөн Жайы кышы соолбогон Булагы ийип тонбогон Күнгөйдө кары жатпаган Тескейин теке саптаган Кудайлап келген койчуну Куу жигит жанын сактаган Илгери айткан каарылар Миң түркүн чөптүн баары бар Жарадар болгон кайберен Өзүнү өзү даарылар Жылгасыда майит бар Белгиси жок бейит бар Өлгөндөрдүн ичинде Аралаш кыпчак тейит бар Колдой турган шейит бар Терскендери баштыктай Көөрагин кара жаздыктай Тамырлары билектей Сабактары күрөктөй Мазарлуу жылга Куу жигит Койондору чүрөктөй Кышында шамал тийбеген Жайында салкын күйбөгөн Чилдеде короо тонбогон Жамгырда чыла болбогон Жон алып турган саан кой Эчкиси төлдө соолбогон Мал киндиктүү Куу жигит Эч жерде сендей болбогон Куу жигит кенен жай болгон Чөмүч кашык май болгон Меенет кылган биздин эл Өзугө келип бай болгон Төрт тарабы сай болгон Көңүлү жаркып шай болгон Жеримди бир аз мактадым Билгеним айтып чаптадым Аттиң ай менде бир арман Касиеттүү жылганын Тарыхын такыр таппадым Таамайлап жакшы казбадым Тереңдеп жакшы жазбадым Кандай болгон күндө да Куу жигит атуу жылгада Казаны бийик тулгада Бата кылып жүрөлү Ак улакты сойолу Куран окуп койолу Көк улакты сойолу Дуа кылып койолу Эли журт эсен тынч болсун Жараткан Кудай колдосун...
Сарыкол кайрыктары Көркөмдөп сөзүн түптөгөн, Көсөөсүн көчкө жүктөгөн. Тасманын тегиз талаасын, Астына салып бүктөгөн. Сан кылымдуу санжыраң, Айтылуу түгөп бүтпөгөн, Аркарын атып эт жеген. Артынып жүрүп эптеген, Улуулар келип узактан. Кайрылып кайра кетпеген, Жигити комуз ойногон. Жалыны чыгып тепкеден, Кубанып келин тосушкан. Шурулуу чачпак сеп менен, Каадасын калкка сатпаган. Салтыны саптап сактаган, Сап жакшылар биригип. Тарыхын жазып тактаган, Сарыкол кенен ыйык жер Сапарлап барсаң бийик жер. Кыраңда кызык көрүнөт, Кырларда жүргөн кийиктер. Кулактуу жамбы артынган, Күмүштөн кемер тартынган. Эрлери болгон элимдин, Кудайдын сөзү жазылган Дептери болгон элимдин. Көкөнбектей миң башы Бектери болгон элимдин, Улуу элде нарк болк Уңгусу түптүү калк болгон Санаты бар салт болгон Саламы бар калк болгон Түндүккө жел боо байлаган Түрүлүп малын айдаган Кийик от өскөн белдерди Жайында барып жайлаган Сарыколдун тоосу кен болгон Булагы даары эм болгон Береке дөөлөт себилген Жыл бою малы семирген Алыстан келген адамга Бейиштей болуп көрүнгөн Кышында кары аз болгон Торсугуп токту семирген. Айланып кетсе болчудай Айтылуу Саркол жеринен Ийилип салам айтамын Даңкталган Сарыкол элинен
-//-
Уул атага үлгү алып теңешсин. Мен атамдан ашып кеткем дебесмин. Ат үстүндө атам ойноп шамалдай. Мен ат эмес эшек минген эмесмин.
Кыйын болсом кыйындырмын өзүмө. Мен атамдан артык болуп жаралбайм. Атам жүргөн издерини акмалап. Аркасынан сая кууп баралбайм.
Мен атамдан артык уул эмесмин. Мен атамдын бир бутуна теңдешмин. Өзү эмес бут кийими турганда. Мен ал жерде бир сөлөкөт элесмин.
Ө.Бердибаев "Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү. Алай району Сары-Могол айылы |
Абдижамил Примбердиев