Таалай Сайназаров: «Ач карышкыр» (ыр саптар)

Ач карышкыр

Тоо койну турат тынчтык өкүм сүрүп

кар учуп,бороон улуп, шамал жүрүп

ак булут каалгыйт тийип аскаларга

күн нуру тоо бооруна алсыз тийип

кыш айы өз өкүмүн жүргүзүүдө

айлана аппак кымкап тонун кийип

 

Тунжурап туш тарабы ак карлуу кыр

аппак кар кокту-колот, жылга-жыбыр

ылдыйлап түшкөн кезде тоо этектеп

башталат катар-катар майда адыр

өзүнө тааныш эски чыйыр менен

келатат желе жортуп ач карышкыр

 

Ал жалгыз келе жатты тоо аралап

сактанып туш-тарабын аяр карап,

шырп"-эткен добуш чыкса жүрөк булкуп

жылбастан бир орунда токтой калат

калтырбай эч нерсени көз жаздымда

тикчийип кулак төшөйт карек кадап

 

Сактана басып келет чыйыр жолду

жат билет кайда ар бир таштын орду

байма-бай каттап көнгөн күндөп-түндөп

карышкыр жакшы билет тааныш жолду

капыстан жаза басып албайын деп

аярлап карап келет оңду-солду

 

Белеске жакындашып калды жүрүп

коктуга шамал койгон күрткү үйүп

жумшак кар баскан сайын буту батып

баратты төшү менен карды сүрүп

кычырап бут алдынан чыккан үнгө

селт эте тыңшап калат кулак түрүп

 

Ал канча бөксө адыр, белес ашты

токтобой желе жортуп келе жатты

ылдыйлап кээде түшүп төмөн жакка

аралап өтүп жатты корум ташты

сактана бут алдыны аяр карап

кээ-кээде жерди жыттап келе жатты

 

Күн суук булут каалгыйт ачык асман

бурулуп өткөн кезде кара таштан

оң бутун коёр замат байкап калды

ордунан жылганыны ташты жаткан

бутуну тартты бирок үлгүрбөдү

"чак"-деген дабыш чыгып чапты капкан

 

Көзүнөн от чагыла түштү замат

секирди бурулду да артка карап

"шыр"-этип кыска чынжыр коё бербей

анчалык алыстатбай тартып калат

секирет кайра-кайра жан далбастап

узатпай чынжыр кайра жерге чабат

 

Жулкунат анысынан чыкпай майнап

чыгууга далбас урат чынжыр чайнап

кан толуп көздөрүнө ооруу күчөп

ырылдап ал ансайын жаалы кайнап

кыңкыстап ачуу чыккан үнүн замат

алыска кетип жатты шамал айдап

 

Кыңшылап кээде ырылдап кыска улуп

жулкунат кетүүчүдөй чынжыр жулуп

буту ооруйт капкан кыскан жан сыздатып

кычырап кеткен болчу сөөгү сынып

бир жактан оору күчөп жанды жесе

бир жактан ачкалыктан алы куруп

 

Айласыз туш-тарабын турду карап

капканда сынган буту муздап барат

комдонуп жата кетти чынжыр басып

жаралуу бутун улам коёт жалап

сыздатып сай сөөгүнү темир капкан

сызылып аппак карга кан тамчылап

 

Көп турбай ал жол тутту карышкырча

муздаган бутун кажып тиштеп кырча

тоңгон бут эч нерсени сезбей калды

бычырап майдаланып сөөгү сынса

карышкыр тукумуна таандык болгон

мүнөз бар ырайымсыз,таш боор мынча

 

Кутулду ал капкандан бутун кажып

жөнөдү тоону көздөй араң басып

эрбеңдеп кетип жатты аппак карда

эртерээк кетейин деп дабанды ашып

артына кылчак-кылчак карап коюп

чолоңдоп бара жатты алга шашып

 

Аркырап муздак шамал турду жүрүп

асманда ак булутту айдап,сүрүп

карышкыр аксап басып араң жылып

алыстап бара жатты тоого сиңип

карааны узагандан узай берди

калганда караңгылап күүгүм кирип...

 

Дүйнө жана акырет

Турса дагы башың булут аралап

эсте болсун бутуң жерде экени

анткени инсан жер бетини байырлайт

асман болсо периштелер мекени

 

Байлык, бийлик,мансап колдо болсо да

көп керсейбей жерге ыктагын көбүрөөк

күнү бүтүп бул дүйнөдөн өткөндө

асманга эмес жер бетине көмүлөт

 

Хадистерди окуп көрсөң жараткан

байлыкка эч койгон эмес убада

акыретте тийбесе эгер кереги

көр дүйнө үчүн болуп эмне убара

 

Байлык, малды жумшоо керек негизи

Аллах үчүн сооп ишке көбүрөөк

бул көр дүйнөң бүгүн бар да эртең жок

акыретте жакшы амалың көрүнөт

 

Курайштар сунуш кылса элчиге

мансапты да, байлыкты да албаган

керек болсо келген кезде оор сыноо

баласы эмес үммөтүнү тандаган

 

Канча кыйын мезгил баштан өтсө да

дүйнө үчүн көз кыйыгын салбаган

акыл жетип турса дагы баарына

акыретти жана динди тандаган

 

Пайгамбарым үммөтүм деп биз үчүн

азап кордук тарткандыгы бул чындык

а биз болсо пайгамбарды ээрчибей

дүйнө кууп ибадатты жок кылдык

 

Байлык болсо болобуз деп бактылуу

көр дүйнө үчүн жүгүрөбүз жулуна

эгер бакыт байлык менен ченелсе

ыраа көрмөк Аллах сүйгөн кулуна

 

Пайгамбарым салып берген түз жолдо

биз адашып мүдүрүлүп жүрөбүз

ээрчибесек аруу затты канткенде

аткарылат максат, тилек, мүдөөбүз

 

Ошондуктан акыретти көп ойлоп

аруу динди коюу керек алдыга

өлгөндөн соң кирүү үчүн бейишке

жардам берсек жетим-жесир жардыга

 

Кел мусулман эсибизди жыйалы

өлгөндөн соң бүт баардыгы кеч болот

бул жалганда жашабайбыз түбөлүк

биз дүйнөгө келип кеткен бир конок

Сыймыгым сенсиң Кара-Көл

Айтылып жүрөт сөздөр эл ичинде

Сары Кол дүнүйөнүн ,,капкагы"-деп

ак булут арааң өткөн арасынан

Кара-Көл аска-зооң асман тиреп

мөңгүсү күн нуруна чагылышып

Кара-Көл тоолоруң бар ак кары көп

аскаңда бүркүт шаңшып бийик учкан

кайберен эчки-теке, аркары көп

байырлап тоо койнуну жүрөт дайым

аралап жылгаларды ак кар жиреп

 

Көркөмдүү Кара Көлдүн ажарыны

түркүн куш учуп-конгон кооздоп турат

толкундун шырп-шырп эткен добушуну

мукамдуу куштар үнү коштоп турат

термелип толкундардын ыргагына

өрдөк каз жел кайыкка окшоп сызат

ак чардак кайкып учуп канат күүлөп

көлүмдү көк деңизге окшоштурат

бейкапар куштар сүзүп ойносун деп

көл дагы көп толкубай токтоп турат

 

Жайында кым-куут болгон куштар үнүн

Кара Көл тыншагансыйт кулак түрүп

күзүндө толкун ойноп көл үстүндө

тынчыбайт албууттанып шамал жүрүп

кышында ызгаар,суук кар жамынып

айлана аппак кымкап тонун кийип

жазында кайра жээгиң көрккө келип

күн нуру күлүмсүрөп жылуу тийип

Кара Көл сулуулугуң суктандырып

жашайсың төрт мезгилдин доорун сүрүп

 

Жазды күз, күздү кышка алмаштырып

өтсө да айлар,жылдар нечендеген

кой, топоз чарба менен алектенип

илгертен ата-бабам мекендеген

кол жээктеп кой төлдөтүп эрте жазда

"жайлоого күн жылыса кетем"-деген

топозун,коюн айдап жөнөп калчу

көч баштап жылгада кар кетээр менен

боз үйүн тиксе жайлоо көрккө келип

самаган конушуна жетээр менен

 

Кара Көл көзгө сүйкүм көрүнөсүң

курчалган ак мөңгүлүү тоолор менен

Кара Көл жылгаларың көрккө келет

жайылган короо-короо койлор менен

төрлөрүң,кокту-колот, жылгаларың

ыңгайлуу мал багууга жайлоо кенен

көркөмүң эч нерсеге алмаштыргыс

"эң кымбат сенсиң"-деген ойго келем

Кара Көл мен өзүңдү чексиз сүйөм

мактанып сыймыктанам өзүң менен

 

Апам үчүн дайым бала бойдонмун

Бала үчүн түн уйкусун үч бөлгөн

мен апамдын мээримине суктанам

наристе элем бир кезде мен ымыркай

апакемдин кучагынан чыкпаган

анда да апам жетине албай сүйүнүп

эркелетип чачым сылап жыттаган

 

Эң алгачкы там-туң баскан мезгилди

жүрсө керек апам дале унутпай

ойлонбостон бир оюндан башканы

тентектенип жүрсөм дагы тил укпай

анда деле кучагына бек кысып

эркелетип жыттачы эле күлүп жай

 

Балалык кез өтүп жатты шаң менен

эрмектеген күнү-түнү оюнчугун

андан кийин мектептеги өмүрлөр

ак кемедей жарып жаштык толкунун

күндөн күнгө чоңойсом да эр жетип

апам үчүн бала бойдон болчумун

 

Балалык кез,боз улан кез, жигит кез

өтүп жатты койгон өңдүү тизмектеп

андан кийин мен аскерге жөнөдүм

Ата-журтка кызмат кылуу милдет деп

кат жазчу эле апам мени сагынып

кусаланып неге түшкө кирбейт?-деп


Аскерден соң үйлөндүм да аттандым

чоң турмушка аттын башын мен буруп

жыл айланбай перзент берди жараткан

ал кезде мен жигит болгом кермурут

анда деле апам үчүн бала элем

кечиккенде жолум күтчүү телмирип


Азыр минтип өзүм перзент күтсөм да

мээримине апамдын таң каламын

жаш эмесмин калгам кыйла улгайып

атасымын азыр мен төрт баланын

неберелүү болсом дагы уулумдан

апам үчүн азыр деле баламын


Азыр деле уктап калсам апакем

жуурканды калың жаап, кумтулайт

ооруп калсам капысынан сыркоолоп

апакемдин ой-санаасы тынчыбайт

мен оорусам апакем да кыйналып

кошо ооруйт көкүрөгү зыркырап


"Апалардын таманында бейиш"-деп

айтып кеткен пайгамбарым белгилеп

бизге сүннөт ар бир сөзү,ар иши

адашбайбыз пайгамбарды ээрчисек

мен суранам жаратканга жалбарып

апакеме чың ден-соолук берчи?-деп


Кара-Көл жаштыгымдын күбөсүсүң

Кара Көл ажарыңды турсам карап

тээ качан өткөн күндү эске салат

жээгиңе барган кезде турчу эле

шамалың чачтан,сылап бетти аймалап

Кара Көл жаштыгымдын күбөсүсүң

сагынтып эңсетесиң эстеер замат


Койнуңда жаштык кезим өтүп жатты

жээгинде терип өскөн тешик ташты

андагы баё сезим балалыгым

толкунга аралашып кетип жатты

кыдырып дале издеп таппай келем

кыр ашып алыс кеткен бала чакты


Сагынсам көз алдыма сен келесиң

санааркап жүргөнүмдө дем бересиң

наристе курагымда сен алпештеп

толкунга кошуп мени термегенсиң

торолуп кучагыңда мен чоңоюп

бактылуу бала кезде сенде өстүм


Кара Көл күбөсүсүң жаштыгымдын

Кара Көл элесисиң жакшы күндүн

бейкапар оюн-күлкү коштоп турган

өзүндө калып кетти бактылуу күн

сүйүүмдү арнап келем түгөнбөгөн

Кара Көл уюткусу жакшы ырымдын


Келгиле достор

Бактылуу балалык кез эсиндеби?

ак чөөлмөк ойногон кез кечиндеси?

суранам бир чогулуп ошол күндү

эскерип олтуралы

сырдашып ой куралы

келгилечи?


биз бирге окуган кез мектептеги

ал мезгил эсимден эч чыкпайт деги

азыр да көз алдымдан кетпей койду

бир басып бирге жүргөн

жаштыкты бирге сүргөн

көлдүн жээги


Мектепти бүтүргөн кез эсиндеби?

сырдашып бир баскан кез кечиндеги

жаштыкта кадырыңа жете албасам

албачы жаман ойго

таарынып капа болбо

кечир мени


Алдыда түрлүү тагдыр, түрлүү жолдор

ар кимде ар кыл максат,ар кыл ойлор

жүрөбүз чогула албай мурункудай

сагындым мен силерди

топтошуп келгилечи

курбу-достор

 

Таалай Сайназаров

Мургаб району Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.