“ЫРЫМ - СҮЙҮҮМ, ЫРЫМ - ЫЙМАНЫМ” ырлар жыйнагы “Макмал-Креатив” коомдук-чыгармачылык бирикмесинин 7-жыйнагына башка акындар менен бирге жан дүйнөсүндө ыр жашаган, ырды аздектеп сүйгөн акын, калемгер жердешибиз Өскөнбай Бердибаевдин да жаңыдан ыр дүйнөгө сапар алган ырлары кирди.
Бердибаев Өскөнбай Чөжөевич – Тажикстан республикасынын Тоолу Бадахшан Автономиялуу облусунун, Мургап районуна караштуу Сары Могол айылында төрөлгөн. Чыгармачыл адам. «Улуулар баскан улуу жол», “Бийиктик”, “Түндүк” аттуу китептердин автору.
Үй-бүлөлүү, жети баланын атасы.
ТУЙЛАТЫП Туйлатып тулпар минер камчыланып, Турмушта түп-түз эмес барчу жагым. Карайлап адашсам да ашууларда, Алыстан үмүт жагат шам чырагын.
Далбас ура мезгилдин сапарына, Демигемин доордун шамалына. Беш бөлүнөт түйшүктөр түйшөлдүрүп, Жан эргитер жакшы ырлар жазарымда.
Кээде кыял кондуруп кыр чокуга, Бороон уруп уютат оң-солуна. Баягы бир кайрыктар жан дүйнөмдө, Багыт берип жетелейт ыр жолуна.
Туйлатып тулпар минер камчыланып, Турмушта түп-түз эмес барчу жагым.
МЕЙЛИ Мейли кедей, мейли болгун падыша, Жылдар өтүп бир күн кетер саат келет. Мезгилиңде тулпар чаап жүрсөң да, Издер өчөт кар жааса себелеп.
Аягында алтын тактың болсо да, Сенсиз калат гүл ыргалган талаалар. Күн төбөңдөн күмүш бакыт болсо да, Ким бошотуп алмак жанды ажалдан.
Ошондуктан күндүк жолго күлүк мин, Жаздай жайнап жарты өмүрдө күлүп жүр. Таштуу жолго сала бербей тагдырды, Тирүүлүктө алтын башты сүйүнткүн.
Өзүңдү сүй, сүй өмүрдү, сүйүп жүр!
СҮЗҮП БАРАМ Сүзүп барам өмүрдүн деңизине, Гүл өстүр аралдын тегизине. Күн табына ыргалат көгүш гүлдөр, Сүйүнүшүп толкундун көбүгүнө.
Ак толкундар гүлдөргө арзуу айтып, Ээн арал эскирген жарты кайык. Биз кылчайбай кеткен күн кайра артка, Булутка ыйлап буулугат жүзүн чайып.
Жазда арал толкундар толо гүлдөр, Күздө кайра куурашат калбай бирөө. Эсимди жейт эски ыр, ээсиз кайык, Ак толкундуу аралда калган сүрөт.
Олтургансыйм ой басып эски аралда, Булут ыйлайт буулуга жүзүн чайып.
ЖИГИТТЕРГЕ Кылым турган кыргызымдын жигиттери, Кыйын элдин каймагы, “тириктери”. Ат жалында шамалдай оюн курган, Ар-намысы Ала-Тоодой бийиктери.
Үшүк урган көңүлдү көктөндүргөн, Үмүттөрдүн үлбүрөгөн биликтери. Түндүк менен бойлошуп обологон, Түк табылбас ичинен чириктери.
Жыйырма үчү Мекенди коргоо үчүн, Майрамыңар кайрадан кирип келди. Жаман кыздын жакшы сөзүн угуп турган, Жалпыңарга жарык маанай сунуп келди.
Алдына ала куттук айтып калайын деп, Азан менен тең жарышып туруп келди. Бекерчидей берилип көп жатпастан, Бети-колун самындап жууп келди.
...сизге деген жакшы сөз бапестеген, Арналаарын Салкын кыз билип келди. Ден-соолкуту баш кылып бакыт менен, Түйүнчөккө чо-оң кылып түйүп келди. Дөөлөт менен ынтымакты бириктирип, Куржунун кош көзүнө куюп келди. Кыйынчылык үңкүрүн көмүп таштап, Кымбат баалуу жамагын куруп келди. Таң менен ырыскыны ала жүргөн, Тартуу кылат сизге деп тунук желди. Андан башка жакшылыкты тегиз каалап, Баарыңардын жүзүңөрдөн сүйүп келди.
ДЕДИМ Чалкып жаткан көлдөрдү деңиз дедим, Кыялымда толкунду тегиздедим. Ырдаганда жан дүйнөм толуп ташып, Муңайганда кусадан ый издедим.
Татаал турмуш тагдырда жол издедим, Ашуу белде ай карап жок издедим. Санап өткөн күндөрдүн арасында, Элеси бар сүйкүмдүү периштенин.
Ай чапчыган асканы бийик дедим, Аккан тунук булакты ыйык дедим. Кыялымда күмүштөн канат байлап, Көтөрүлүп булутка бийиктедим.
Көк ирим көл дайранын терең жери, Көлкүп аскам көңүлдө кебелбедим. Бир кезиксем гүл ачкан жоогазынга, Бир кайрылып кайрадан келем дедим.
Жылт-жулт эткен жылдыздырды самайм дедим, Көлөкөмдү эңилип карайм дедим. Бубак баскан буурул ак чачтарымды, Булут сүрүп жашартып тарайм дедим.
Шамал коштой көкөлөй учам дедим, Шаңшып куштай бийикте сызам дедим. Капалансам кусалуу обон салып, Кубанганда жакшы ыр жазам дедим.
Татаал турмуш тагдырдан жол изедим, Ашуу белде ай карап жок издедим!
ЖАЗМАКЕРИМ Жазмакерим калемиң мокобосун, Жай-кышы сапарың токтобосун. Кылым арткан доордун карагерин, Калем сабың тизгиндеп ноктолосун.
Сөз асылын тереңден казып ырдын, Акындыктын ааламын чагылдыргын. Чыйыр салып чындыктын изин улай, Калем менен дүйнөнү багындыргын.
Таскакта алга сүрөп ак тулпардай, Бек карма калыстыкты жылоосунан. Жашасын жан эриткен жакшы ырларың, Угалы уламыштай эл оозунан.
Акындыктын ааламын чагылдыргын, Калем менен дүйнөнү багындыргын! |
КЫЗЫКСЫҢ, ДОС Кызыксың дос, тамашага кызыксың, Кыйынсынган кыйлалардан түзүксүң. Балыш ойноп, балп эттире башка чаап, Бала кездей келип турат урушкум.
Эстүүсүң дос, башың иштейт эстүүсүң, Башкаларга караганда эптүүсүң. Бала кезден эле багыт жол таап, Туңгуюктан түгөл чыгып кетчүсүң.
Өжөрсүң дос, ийилбеген өжөрсүң, Жаш кезиңден турмуш жүгүн көтөрдүң. Өмүрүңдүн өрүн көздөй бийикте, Бак даарысын, өсөсүң дос, өсөсүң. Кызыксың ээ, тамашага кызыксың, Кыйынсынган кыйлалардан түзүксүң. ЭЛЕНИП Эленип чоң турмуштун элегине, Жөлөнүп карылыктын терегине. Калганда адамдарга айтпайлычы, “Эми бул чалдын бизге кереги не?”
Ай турбайт түбөлүккө жарык болуп, Ат жүрбөйт жайы-кышы арык болуп. Барабыз бир күн биз да карылыкка, Өр тартып өмүр улам төшөйт жолун.
Күндөрдүн күр-шарына жуурулушуп, Кылчайсаң өткөн чактын бурулушу. Тагдырдын жазылбаган так мыйзамы, Жигиттин карыяга кубулушу.
Күндөрдүн күр-шарына жуурулушуп, Кылчайсаң өткөн чактын бурулушу.
МАДИЯНДЫН ТАЛДАРЫ Бүчүр байлап жазгы көктөмдө, Табийгатка кооз жан жагы. Шамал соксо шуулдай ыргалат, Мадияндын мажүрүм талдары.
Бой тирешип аска-зоолорго, Кучак жайып асман тоолорго. Куштар когон түнөк шактары, Мадияндын сулуу бактары.
Ташты жарып өскөн тамыры, Тарам тарам жүрүп кандары. Чоң токойго калган айланып, Мадияндын ыйык талдары.
ЧООЧУН ЖАНБЫЗ Чоочун жанбыз бирибизге бирибиз, Чырмоок басып чырмалышкан гүлүбүз. Махабаттан эбак алыстаганбыз, Көр тирликте көлөкөдөй тирүүбүз.
Топ карааныдын ээрчип алып артынан, Максатыбыз жарты тыйын жарты нан. Таштуу жолдо тагы калбай өмүрдүн, Сапардабыз кара жанды карч урган.
Колубузда жанган шамдар түгөнүп, Эркибизге койбойт тагдыр түгөнгүр, Сүйүүдөн биз жоголгонбуз дайынсыз, Этегинен кармап алып бирөөнүн.
Сезимдерден эчак өлгөн жанбыз биз, Көр тирликте көлөкөдөй тирүүбүз.
СӨЗ АЙТ МАГА Сөз айт мага, сүйлө, сүйлөш жөндүүрөк, Жалган жакшы жан кейиткен төгүндөн. Толкундасам көк деңиздей көбүрүп, Капалансам калбай тамчы төгүлөм.
Өткөндөрдү эстет, эстеп кубанам, Арасында арман, күлкү, куса бар. Жарты өмүрүм жалын оттун ичинде, Миң бир өчүп, биң бир жолу тутанам.
Көрсөң көрсөт, көзгө сайып айкын жол, Күлүп, күйүп кытмыр болбо төбөмдөн. Жеңилдигим желге учкан жалбырак, Катуулугум албууттанган, көгөргөн.
Ээрчи, ээрчит, шамдай жанган үмүткө, Аздырбагын ой-санаамды бүлүнтүп. Жалын болсоң жанып өт да жарып өт, Тагдыр жолдо тизгин какпай күйүнтүп.
КӨЛ ТОЛКУСА Көл толкуса жүрөк кошо толкуган, Көл чалкыса сезимдерим чалкыган. Толкун келип жарга урунуп кайтканда, Арасында көбүктөнүп жанчылам.
Көл карарса мен да кетем түнөрүп, Кайра көлдө калам кээде сүрдөнүп. Көлгө окшош кыялдарым өзгөчө, Күнгө карап өңүм турат түрлөнүп.
Көл эмесмин, көлдөй терең эмесмин, Мен өзүмдү көлдөй тунук дебесмин. Кыялдарым көлгө кирип жашаган, Көл жээгинде жашап жүргөн элесмин.
БӨРҮЛӨРДҮН ДОБОШУ Улуп-уңшуп чыйрыктырган боз бороон, Элес түсүн көрсөткөнсүйт тозоктун. Кемигенден кичирейип жоголуп, Улам жылып узап барат жолоочум.
Саат, мезгил сапырылып шамалга, Күндөр кайып болуп жатат кыраңдан. Үзүл-кесил үнү угулуп кулакка, Күңгүрөнүп күймөлүшөт адамдар.
Кырк чилдеде минип күлүк тулпарын, Кычыраган аяз сууруйт кылычын. Жан дүйнөгө бүлүк салып капилет, Боз бороондо бөрүлөрдүн улушу. Сезимдерге бүлүк салат капилет, Караңгыда карышкырдын добушу...
КАЙБЕРЕН МЕКЕН ЖАЙЫ – ЫР ТУРАГЫМ Деңиздин деңгээлинен беш миң метр, Таасири бардыр балким келбетиме. Көз салып жагалмай куш уясына, Жаралдым тоо койнунан жер бетине.
Жылганын булагы өңдүү шылдыратып, Жылдардын шамалынан ыр курадым. Кийиктин баскан изин ээрчип улам, Кош-Белдин кокуту жагы ыр турагым.
Туугандар, мени тоолук атагыла, Кошкула кайберендин катарына. Төрт сап ыр арнап жазып тоолуктарга, Ай сүйгөн аскаларга чаптагыла! Кайберен мекен жайы – ыр турагым, Жылганын шамалынан ыр курадым. |
Абдижамил Примбердиев