Ай тийген тоолор албырат,
Арманым качан арылат.
Арылат десем арманым,
Ан сайын кайра жаңырат.
Тирүү жандын жыргалы,
Туулган жерде турбайбы.
Туулган жерде болбосоң,
Тирүүлөй азап турбайбы.
Жалындап ичим чок болду,
Дартымдын баары козголду.
Малымды жайып кайрадан,
Барууга дарман жок болду.
Кара-Турук чаңкайган,
Атыңдан сенин айланам.
Табигат сага таарынам,
Түбөлүк бизге калбаган.
Кош-Өтөк жердин алкымы,
Чокотой жердин салкыны.
Айланып көрөөр бекенмин,
Арамытынын башыны.
Ак-Берди тоосу, Ак-Корум,
Карасам бийик бир сонун.
Кытайда калып калдың да,
Тескей жакта болбопсуң.
Андан ылдый карасаң,
Кызыл-Дөң менен Кокту-Өтөк.
Башкага эми кетти деп,
Карасаң көңүл бузулат.
Ай чыгат тоодон жаркырап,
Адамдан оюн азгырат.
Кызыл-Дөң эске түшкөндө,
Кандуу жаш көздөн тамчылап.
Ой-Балгын тоосу көрүнөт,
Алтындар жерге төгүлөт.
Башкага кеткен жерлерим
Качан көзгө көрүнөт.
Ойлогон оюм бүт болсо,
Санаган санам жок болсо,
Талаптуу биздей жаштарга,
Башканын чеги токтосо.
Ак боз ат минсем бели бош,
Алыска кеттиң, кайыр кош!
Көк боз ат минсем бели бош,
Көрүшкөнчө кайыр кош!