Памир тоолорунун арасында цивилизациялуу дүйнөдөн таптакыр бѳлʏнʏп калышкан бир боор эки миӊдей кыргыздар жашашат. Булардын турмуш шарты абдан оор, мал менен гана кʏн кѳрʏшʏп, сабатсыздыгы дээрлик жок, парси тилинде эркек балдары араб тамгасы менен куранды окушканы менен, эмнени окуп жатканын да тʏшʏнʏшпѳйт. Ал эми кыздарын тогуз жашынан кʏйѳѳгѳ беришкендиктен, жаш кыздар тѳрѳй албай каза болушканы зээнди кейитет.
Медицина дегенден кабары жок болгондуктан наристелердин чарчап калганы кадыресе кѳрʏнʏш. Бул кыргыздардын болгон чарбачылыгы топоз, кой-эчки, жылкы. Курулган ʏйлѳрʏ да жок, эски боз ʏйлѳрдѳ 4 миметр бийиктикте Памирдин суугунда жашашат. Жаӊы ѳкмѳт тʏзʏлсѳ ушул кыргыздарды мекенине алып келиш керек.
Эми бул байкуштарды Мургаб кыргыздарындай кылып, Чʏйгѳ алып келип тыга бербей, мурун ата-бабасы жашаган Алайкуу, Алайга жайгаштырып койсо топоз, малын багып жашай берет. Эгерде ал жерге батышпаса Ак-Сай, Арпа бош эле жатпайбы. Эӊ биринчи жарандыкты берип, мыйзамга баш ийдирип, кыздарын жок дегенде 16 жаштан кʏйѳѳгѳ бергендей кылыш керек, гумжардам берип, медициналык кароодон ѳтʏшʏп мекенине келишсе тез эле оӊолуп кетишмек.
20 Жалган Куран 2014