10-июлга караган түнү Түркиянын Ван провинциясында куралдуу топтун кол салуусунан бир кыргыз курман болуп, дагы беш кыргыз жарадар болгон.
Би-Би-Сиге оруканада жаткан кыргыздардын абалын Вандык кыргыз Абдулметин Кескин айтып берди.
Би-Би-Си: Болуп өткөн окуянын чоо жайын айтып берсеңиз.
Абдулметин Кескин: Аскерлер турган жерге келип, кол салышып, машина менен келип жардыра башташты. Машина атайын даярдалган жана анда жарылуучу зат болгон. Ал жакка жөн эле бара калуу кыйын да. Алар капилеттен качырып киришкен. Тилекке каршы шейит кеткендер болду.
Би-Би-Си: Жаракат алып дарыланып жаткан кыргыздардын абалы кандай?
Абдулметин Кескин: Азыр ооруканадагылар баары жакшы. Барып көрдүм, алар мандайынан, жүзүнөн колунан жабырланышыптыр. Жаракат алган жерлерин тигиптир, эки-үч күндөн кийин чыгышат. Бирөөнүкү салыштырмалуу салмактуурак болгондуктан аны Анкарага алып кетишти. Буюрса ал да тез арада сакаят деп турабыз. Калгандарынын ахыбалдары жакшы.
Би-Би-Си: Кол салуу болгон жерди сүрөттөп берсеӊиз, негизи кандай жер?
Абдулметин Кескин: Ал жер Ван Адиш деген райондогу аскерлер турган жер. Баары көрүнүп турган тоолуу жерде жайгашкан.
Би-Би-Си: Сиздер ушундай аймакта жашап жатасыздар, өзүнүздөрдү кандай сезесиздер?
Абдулметин Кескин: Биз эми кудайга дуба кылып жашап жатабыз. Кечинде көзөмөлдөп турабыз. Кыргыз аскерлери түрк аскерлери менен биргеликте иш алып барышат. Кайсы жерге болбосун бирге барышат. Башка айылдарда да жаңжал болуп калса биздикилерди чакырышат. Кыргыз аскерлеринин жүрөктөрү таза, биз аларга ар дайым ишенебиз дешет түрк аскерлери.
Би-Би-Си: Курман болгон адам канча жылдан бери ушул чек арада иштечү эле?
Абдулметин Кескин: 16-17 жылдай болду ушул чек арада аскер болуп иштеп келген. Жаӊы келип кызмат кылып жаткан жаш аскерлер деле бар. Ал киши эми беш-алты жылдан кийин аскердик кызматтан кетем деген ою бар эле. Ал адамдын бир уулу бар. Ал дагы аскер кызматында, бирок башка жерде. Бул жакка келип кетчү экен.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены