Ала-тоодон Памирге (видео)

Ала-тоодон Памирге  (видео)

"Кичи Памирдеги балдарды алып келүүнү БУУ аркылуу чечүү керек"

 

Мурда Эмгек жана миграция министри болуп турган учурунда Айгүл Рыскулова Кичи Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам алып барып, андагы кыргыздар менен сүйлөшүп келип, бир далай иш жасаган.

 

- Айгүл Маратбековна, сиз Миграция министри болуп турган кезде Кичи Памирдеги кыргыздарга биринчи болуп барган турбайсыздарбы?

- Биз 2008-жылы барганда Абдрашит хандын күүлүү-күчтүү кези болчу. Тажикстандын Мургаб районунда иштеген медсестра Кичи Памирге элдин ден соолугун текшергени барганда, ал аркылуу Абдрашит хан аманатын айтып, Кыргызстандын жетекчилерине "ал-абалыбыз оор, келип кетсеңер" деп кат жөнөткөн экен. Биз ошондон кийин барганбыз. Бирок жол татаал. Ага хан фонду аркылуу вертолет алып, баралы десек, 4500 метр бийиктикте вертолеттун кыймылдаткычы өчпөй туруш керек экен, жарым сааттай эле болмок экенбиз. Ооганстанда абал курчуп турган кез болуп, вертолетко уруксат берилбеди. Жарым жылча даярдык көрүп, Тажикстандын президентинин уруксаты менен отузга жакын киши Кичи Памирге барганбыз. Анын арасында врачтар да бар эле. 14 машина гуманитардык жардам, анын ичинен 9у чоң камАЗ зарыл тамак-аш, кийим-кече, буюм, анын ичинде 4 телевизор, спутник антеннасын, генератор алып барып, орноттуруп бергенбиз. Кыргыздар техниканы пайдаланып жатканын "Dе-фактодон" окуп, сүйүндүм. Азамат кыз-жигиттер Кичи Памирге барып, алардан кабар алып келишиптир, алар менен байланыштым.

 

 

- Анда сиздер тоодогу айылдарга чейин жете албай калган элеңиздер да…

- Жүк менен жол жүрүү азап болгон. Тажикстандан өткөн жерде эле эки сутка турганбыз. Тоолуу Бадахшан автоном областында абал оор болуп, тажик УККсы кармап туруп алды. Эки топ болуп, бири Кичи Памирге Күнжубайдан, экинчи топ Ишкашимдеги чек ара заставасынан кирмекпиз. Биринчи топ Токтомуш, Шаймак аркылуу Кунжубайга кеч жеттик. Жол көрүнбөйт. Караңгыда жеткенде Абдрашит хан менен спутник телефону аркылуу сүйлөшкөнбүз. Чек арага чейин келип, алар бизди бир жума күтүп тарап кетишкен экен. Бирок дүрбү берип, кишилерин калтырып кеткен. Кечинде ал жерден "Тез жардам" машинасынын мигалкасы менен, мурунку СССР чек арасында туруп, мигалка менен кыргыздарды чакырып аттык. Тажик УКК полковниги бизди такыр өткөрбөй турган болгондо "мен өкмөт мүчөсүмүн, өткөрбөсөңөр чоң чатак чыгат, ушунча келсек, биз өлсөк дагы кетпейбиз" дегенге чейин барып атып, биздин чек ара аскерибиздин Түштүк аймагы боюнча начальниги бар эле, ошого уруксат берип, бир рацияны мен алып, экинчисин ал алып, анан чек арадан ал өткөн эле. Рация жеткен жерге чейин гана бар, жетпесе кайра кел деп, биз бери жакта күтүп калдык. Ошентип, ал Кичи Памирдеги кыргыздарды таап, "бар экен!" дегендеги сүйүнүчүбүздү айтпаңыз! Биз болсо чек аранын бери жагында түнү менен аларды күтүп олтурдук. Таң атканда Осмон ажы баш болуп кыргыздар чек аранын жанына чогулуп келишкен.

 

- Абалы оор экенин айтышты да…

- Гезиттеги маекте айтылгандай, андагы аялдардын, балдардын өлүмү, ден соолук маселеси козголгон. Абдрашит хан "Менин элимди Кыргызстанга көчүрүп кетсеңер болот эле" деп айтты. Алар тоодо, жайлоодо жашасак жакшы болот эле, малыбыз бар" деген маселе коюшкан. Эң жок дегенде балдарыбызды Кыргызстанга алып кетип окуткула дешкен. Төрт-бешөөнү алып келели деп ойлогонбуз. Бирок ал жакта жашагандардын 2-3 кишиден башка эч кимисинин паспорту жок экен. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болбосо, эки-үч мамлекеттин чек арасынан кантип чыгат? Алардын ата-энесинин паспорту болуш керек да. Алар Ооганстандын аймагында жашаганы менен, булар жашаган аймактык жер да ал жакта катталбаган, булардын жарандыгы да жок.

 

- Сиздин оюңузча, кичи памирликтерди көчүрүп келүү боюнча өкмөттүк деңгээлде маселе көтөрүүгө болобу?

- Мен Эмгек жана миграция министри болуп турганда Тышкы иштер министрлиги аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатына кат жөнөткөнбүз. Биринчиден, ал жарандар Ооган өкмөтүнө караштуу жерде жашагандыктан, Кыргыз-Ооган келишимин кабыл алышыбыз керек. Эл аралык уюмдар менен биргелешип, долбоор жазуу керек. Ошондой долбоор жазып, 5-6 баланы чек арада "полктун уулу" деген сыяктуу кылып окутуп, тарбияласак дегенбиз. Эми мен башка жумушка өттүм. Бирок ал жактагы жашаган кыргыздардын бир тобу менен тааныш болуп калдым. Алар да мага кайрылып калышат. Бул ишти КР Эмгек жана миграция министрлиги улантат болушу керек. Мен дагы мурун бул иш менен тааныш болуп калгандыктан, салым кошушум мүмкүн. Турдакун ажыны биз Кыргызстанга эки жолу чакырганбыз. Бир жолу визасын ала албай, экинчи жолу орозо болуп келе албай калыптыр. Аларды Роза Отунбаева кабыл алмак. Эми жазында чакыралы деп жатабыз. Ошондо аны коомдук ишмерлер менен жолуктуралы деген ой бар.

 

- Демек, өкмөттүк деңгээлде кичи памирликтерди көчүрүп келүү маселесин көтөрүүгө болот экен да…

- Өкмөттүк деңгээлде маселе көтөрүлүшү керек. Биз мурда БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатына жазгандан кийин, медсестра келип карап, кичине болсо да мектеп ачылып, көчмө клиника келип, бир аз жылыш болуп жатат да. Менин оюмча, адегенде балдарды алып келип окутуу керек. Жанагындай чек ара тарабында жашоого, окууга шарт түзүп берсек болот. Ал эми адегенде эле баарын көчүрүп кетебиз дегенде, геосаясий, эл аралык саясат деген бар, биринчиден, Ооган өкмөтү менен сүйлөшүү керек, экинчиден, алардын баарынын паспорту жок, документи жок болсо, кантип алып келебиз? 4500 метр бийиктен келип жаткандар биздин климатты кандай көтөрүшөт? Алар грипп дегенди билбейт, бул жакка адаптация боло албай, өлтүрүп алсак кандай болот? Бир ай карантин кылып кармап, анан алып келүү керек. Айтор, маселени чогуу-чаран чечиш керек. Мына Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал аймагындагы кыргыздардын маселеси жакшы эле чечилип калбадыбы. Ал жактан балдар келип Кыргызстандан окуп жатышат. Ал жакта КТР, ЭлТР каналдары көрсөтүп, байланыш жакшырды.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены