"Ала-Тоону бир көрсөк, арманыбыз жок эле! Аттиң..."

"Ала-Тоону бир көрсөк, арманыбыз жок эле! Аттиң..."

Боор барбы сенде, кыргыз!?

 

Биз кайсы кылымда жашап атабыз да, памирлик боордош кыргыз калкы кайсы кылымда жашап атат, бурадар? Кудум таш доорун элестеткен тирукмуш заманда күн кечирген кандаштарыбыздын кайгы-касиретин уккан жан барбы бүгүн!? Ит көргөн жашоо-турмушту баштан кечирген оогандык кыргыздар жөнүндө 90-жылдардын башында кайран эл деп Дооронбек Садырбаев бир канкакшады эле. "Кайран эл!" - деп жүрүп, өзү кайран болгон Докенин ошондогу документалдуу тасмасын көргөндө бир сай-сөөгүбүз сыздаганы бар. Андан бери Памир кыргыздарын унуттукпу? Унутпасак, алар бүгүнкүгө чейин жапайычылык турмушун улайт беле! XXI кылым босогосунда туруп, жогорку сүрөттөгү ышкындай солкулдаган 12-13 жашар кызынын тагдырын 100 баш кара малга соодалайт деген эмне шумдук! Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт толо элек секелек куракта турмушка аттанган кыздары кыргыздын тукумун улап кыйратабы? Өмүрү мектеп босогосун аттабаган, мектеп деген эмне экени түшүнүгүндө жок памирлик кыргыздарды кайсы адам сыягына сыйдырабыз?! Жараткан жасатынан адам делгени менен адамдык жашоого татыксыз боордошторубуз дагы канча кылым тукум улашы мүмкүн? Бизде эр ортону 50 жаш десек, Памир кыргыздарынын көп жашаганы араң 50, ашып кетсе, 55-60 жаш жашаганын адам өмүрү деп кимибиз эсептейбиз!? Шордуу кыргыздын башына түшкөн оор заман артыбыздан калбаган жолбун итпи эмне? Бир уйдун мүйүзүнө доо кетсе деле миң уйдун сөөгү сыздайт экен. Памирлик 3000 кыргызга 3 миллиондон ашкан кыргыздын сөөгү сыздабайбы? Болбосо эмнеге боорубузга тартпайбыз? Кыргыз ансыз да сандык сапаты жагынан канчалаган башка улуттардын артында экенбиз, бирибизге бирибиз эмнеге жарыгыбызды чачпайбыз? Эмнеге колубузду сунбайбыз? Аларга же Ала-Тоонун койну тарбы? Бүгүн канча кыргыз дүйнөгө тентип кетти, алардын орун-очогун коңшулар каптап атат, а өзүбүздүн улутташтарга МЕКЕНИБИЗДИ ыраа көрбөйбүзбү? Үн кошкула, Мекендештер!

Кыргыз Республикасынын миграция жана жумушсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу миграция фондусунун директору Салтанат Бараканова:

 

"Памир кыргыздары жайы-кышы бозүйдө турушат"

 

- Салтанат айым, кыштын кыраан чилдесинде Ооганстанга барып келдиңиз, бул сапарыңыз экинчи жолу, максатыңар кандай болду, зарылчылык неден чыкты?

- Ооганстанда Улуу жана кичи Памирде кыргыздар жашайт. Илгери Орусия менен Англия жер бөлгөндө ошол кичинекей кычыкта үч миңге жакын кыргыз жашап калган. Улуу, кичи Памирдин өз ара мамилеси оор экен. Анткени жайдын күнү ат менен барганда ортосу беш күндүк жол. "Кышында таптакыр каттаганга болбойт, жол жабылат" дешти. Кичи Памирди Абдрашид хан, Улуу Памирди Турду Акун ажы деген 40 жаштагы адам тейлейт. Ал лидер, Ооганстан лоясында депутат экен. 2006-жылы ошол Абдрашид хандан президенттин атына сураныч кат келген. 2003-жылы улуу, кичи Памирдеги Алайга көчүрүп келүү боюнча аракет болуп, "мына көчүрөбүз" деп атканда Ооганстанда бийлик алмашып, жаңы бийлик "элди өзүм карайм, өзүм багам" деп көчүрбөй койгон экен. Азыр алар "биз ушундай жердебиз, көнүп калдык, бирок анча-мынча жардам берип турсаңар" деп кайрылган. Президент бул катты өз көзөмөлүнө алып, бюджеттен акча бөлүнүп, анан миграция комитети кат негизинде аракет баштап, өкмөттүн буйругу менен былтыр августта экспедиция барып, кичи Памирдеги кыргыздарга жолугуп, күрүч, шекер, туз, кийим-кече, телевизор антеннасы менен, генераторлорду берип келгенбиз. Кичи Памирден чоң Памирге өткөндө Тажикстан менен Ооганстандын чегарасында чоң улуу Пяндж дайрасынын кирип турган маалы экен. Чоң машина менен кечип өтө албай, тыгылып, ортого туруп калып, жүктү Тажикстандын Мургаб районунун МЧСинин складына сактап келгенбиз. "Суу ана тартылат, мына тартылат" деп атып, айтор бир топ машакаттарды тарттык. Тажикстанга кат жазып, уруксат алып, процедуралардан өткөнчө декабрь айы болуп кетип, ошентсе да улуу Памирге барууга туура келди.

 

- Ооганстанда ансыз да жашоо шарт оор го, ал эми кыргыздардын жеке турмушу менен тааныша алдыңызбы?

- Чегарага жакын Кудайберди аксакал башкарган 500гө жакын үйбүлө жашаган айылга бардык. Ал айылда төрт бозүйү, анан үй сыяктуу бир нерсеси бар экен. Барсак аны айыл дешти. Кудайберген аксакалдын алты баласы болгон, азыр бир эле баласы калыптыр. Алар мал менен алектенип, курут, май, быштак жасап алышып, бир айда бир базарга барып бартер кылып турмуш өткөрүшөөрүн айтты. Чоң Памирдегилер Ишкашым деген базарга беш күндүк жол менен барышат экен. Кудайберген аксакалдын бир уулу ошол базарга баратканда жолдо каракчылар тоноп, өлтүрүп салышып, артында төрт баласы калыптыр. Биз барганда суук 40 градустан ашып, шамал, бороон, ызгаар сөөгүңөн өтөт. Ал жакта жашаган адамдарды көрүп таңгалдым. Үшүгөндөй көрүнбөйт, биз оронуп-чулгансак да, титиреп-калтырап айлабыз кетти. Кичинекей балдары дегеле үшүбөйт, алардын кийген киймин көрсөң, ыйлагың келет. Кыска, үстүлөрүндө чапан, буттарында топоздун жүнүнөн жасалган чарык. Чоңдору да топоздун чарыктары менен жүрүшөт. Бир чети экологиялык жактан таза, кытайдын сасык резиналары эмес. "Бул жакка ошо чарыктарды жайылтыш керек" деп ойлоп койдум. Жашоо шарттары өтө төмөн, жайы-кышы бозүйдө турушат. Базардан бартер кылып темир мештерди алып, коюп алышыптыр. "Меш алып жыргадык" дейт, көрсө мурда үйдүн ортосуна ачык жерге эле от жагышчу экен. Биз "эмне үчүн үй курбайсыңар, топурактан там салбайсыңарбы?" десек, "жыгач жок дейт". Чындыгында ал жерде өскөн тал жок, кур эле шамал, анан 4500-4800 бийиктикте эмне өсмөк эле. Өздөрү токуган таарларды колдонушуп, аларга кытайдын жылтыр-мылтыр материалдары барып калыптыр, ошондон төшөк жасашат. Аялдары бүт кызыл-тазыл кийинип, эгер күйөөгө чыга элек болсо, кызыл жоолук, күйөөгө чыкса, ак жоолук салынышат экен. Аялдар аз болгондуктан колунда жок, калың бере албаган эркектер үйлөнбөй өтүп кетет дейт. Байлары эки-үч аял алганга болот экен. Тамашалап калыңын сурасак, "100 баш мал" дешти. Негизи кызы бар үйбүлө бай тураарын айтышты. Кыз товар катары бааланат экен. Эң өкүнүчтүүсү, кыздарды эрте турмушка берип коюп, алар төрөттөн, көбү жатыны жарылып өлөрүн билдик. Биз "угуп жатабыз кыздарды12 жашында эрте күйөөгө берет экенсиңер" десек, "жок, 20 жаштан эле беребиз " деп жашырышат. Кудайберди аксакалдын уулунун эки аялы бар экен, өлтүрүп кеткен агасынын 4 баласы менен калган жеңесине баш байлаптыр, анан жаш келин алыптыр. Өңүнөн карасаң, 12-13 жаштагыдай көрүнөт, жашын сурасак, бирөөсү 17де, бирөөсү 16 да, бирөөсү 18де деп ар кимиси ар башка айтып чебелектеп жиберишти. Көрүнүп турат, мөлтүрөгөн көчөт кыз экени.

 

- Тоо арасында болгондуктан эркектери эмне менен алектенишет экен?

- Албетте, мергенчилик дешти, бирок, көбүнчөсү мал багышат экен. Ооганстан тарапта чегарачылар жок, кыргыздарды сакчы деп, сакчы катары пайдаланып, айлык төлөшөт экен. Эгемберди деген жүз сакчынын башында турган жигит менен жазында да жолукканбыз, азыр да жолуктук. Айлык - эки миң ооган пулу. Кызыгып сурасак, беш миң ооган пулу 100 доллар. Ошончо суукта бул байкуштар 40 долларга жетпеген айлык алат тура.

 

- Сиз хандын үйүнө бардыңыз да?

- Хандын үйүнө бара албадык, хан ал жерден эки күндүк ат менен жүрө турган аралыкта жашап, кат тааныган билимдүү адам экен. "Бизде эки өтө байыбыз бар" дешти. Ал хан менен дагы бирөө экен, атын биле албадык. Биз барганда ажыга кетиптир, келбей калды. Бир тууган иниси Огонбек деген тосту. Эгемберди, өкмөт тарабынан коюлган башчы, шура деп аташат экен. Шура Камалидин деген аксакал үчөө кабыл алды. Эми хандын бозүйү, жашоосу жакшы эле болсо керек. Менин байкаганым, Кыргызстандагы бозүйлөр кийизи калың, аппапак, чийлери бир укмуш го. Памир кыргыздарыныкы чий жок, шалбыраган, бош кара кийиздер.

 

- Тамактары кандай экен?

- Көбүнчөсү мал азыктары. Эт, сүт, каймак. Чоң памирликтер унду Ишкашым базарынан, кичи Памирликтер Пакистан менен байланышып алат экен. Кыргызстан Тажикстан мененби, Ооганстан мененби, же үч тараптуу келишим түзөбүзбү, айтор кыргыздарга жардам берүүчү түздөн-түз келишим керек. Биринчиден, сооданы жолго коюп, Тажикстан менен Памир ортосуна базар ачуу жагын ойлошсо. Кичи Памирде Күндүбай деген жерде жума сайын, же ай сайын бартердик базар ачканга уруксат болуптур, муну аткарыш гана калды. Ал эми Чоң Памирликтер үчүн Мургаб-Кургуш пунктуна да базар уюштуруу зарыл, алар Ишкашым базарына беш күн жол жүрүп барып, беш күн жол жүрүп келип, кыйналып, жолдон тонолуп-өлтүрүлүп, азап чегишет тура.

 

- Ооган кыргыздары Кыргызстан жөнүндө кандай ойдо болуп, "келебиз" деп дегдешпейт бекен?

- "Кыргызстан" дегенде ичкен ашын жерге коюп, "барып, көрсөк" дегенде эки көздөрү төрт. Абдан жакшы ойлошуп, биз барганда аябай көңүлдөрү көтөрүлүп, "бизди бар деп келипсиңер" деп сүйүнүштү. Камалидин деген шурасы "силер бар экенсиңер, силердин машине, моторлоруңар бар, силердин колуңардан келет, бизден кабар алып тургула, таптакыр карабай таштап койбогула" деп каргылдана толкунданып сүйлөсө, көзгө жаш алат экенсиң. Жалпы кыргыз элине салам айтышты. Негизинен "алып кетсеңер" деген ойлору бардай, ачык айталышпады, себеби Ооган тараптын полициялары жүрдү да. Ээн-эркин ойлорун билдире алышпады.

 

- Мектеп, китеп, окуу шарты барбы?

- Каяктагы мектеп, эч кимисинин кат-сабаты жоюлбаптыр. Кээси китеп эмне экенин да билбейт. "Бирин-серин байлардын балдары окуганды билишет" дешти. Алар медреседен окуп, араб тамгаларын таанып алышыптыр. Алардын паспорттору да жок. Ооган атуулдугун да алалбайт, ортодо калган. Жайында барып келгенде ушул маселени көтөргөнбүз, буюрса, миграция комитети Ооган кыргыздарынын жарандуулугун аныктоо боюнча маселени ООНдун структурасына коюп атабыз.

 

- Той-топур, Жаңы жыл, Нооруз деген майрамдарды кандай тособуз дешти?

- Кайсы майрам кандай экенин билишпейт экен. Ал эми той бергенде "илгерки кыргыздардай көкбөрү тартып, кыз куумайга түшүп, кызык оюн көргөзөбүз, башка улуттан кыз албайбыз, тилибизди жоготобуз деп коркобуз" дейт. Улуу, кичи Памир кыргыздары бир-бири менен куда-сөөк болушат. Кыздарын бешикте кезинде эле кудалап, чоңойгуча сыртынан багып, 12-13 жашында күйөөгө узатышат. Үйлөнүү той учурунда кыздын башына кызыл көшөгө жаап, көшөгө ичинде кызыл жоолугун ак жоолукка алмаштырышат. Байкаганым, илгертен калган, бизге антиквар күмүш, акак, корал, мончокторду аялы, кызы деле моюндарын толтуруп тагынып жүрүштү. Сонун көрүнөт экен.

 

- Сиз көп жылдан бери гендер саясатын көтөрүп жүрбөйсүзбү, а жерде гендер саясаты кандай экен?

- Аялдары уй, эчки саап, түйшүктөрү көптүгүн көрдүм. Мен "эрте үйлөнүп алып, кыздарыңарды өлтүрүп албагыла" дедим. Бир үйдө байбичеси, эки кыз небереси, эки келини бар экен. Өз ара мамилеси биздикиндей эле "ата, апа" деп жүздөрүн ачып, кадимкидей аралашып жүрүшөт. Паранжы кийген бирөөнү да көрбөдүм. Дайранын жээгинде жашагандыктан, сууну аккан суудан ичет экен. Өпкө оорусу менен ооругандар, баш ооругандар көп дешти. Бир жакын айылда шишип кеткен 27 жаштагы келинге жардам бергиле, балдары жаш дешти. Аялдары төрөттөн калгыча төрөй берет окшойт, сактанганды билишпейт да. Шарттарын көрүп келдик, кыйын эле.

 

- Кыргыздардын бири-бири менен ынтымагына кызыктыңарбы?

- Алар баары ичкилик уруудан, көбүнчөсү тейит, тейит ичинен кыдырша экен. Биз барганда жүктөрүбүз өтпөй турат, кабар берели деп, Тажикстан аймагынан суунун берки өйүзүнө жакын айылына барып, мал кайтарып жүргөн эки-үч адамды чакырсак, баш чайкап, "бизге болбойт, уруксат жок" деп таптак кыргызча жооп беришип, көнүшпөйт. "Биз Кыргызстандан келдик " деп түшүндүрсөк, ошондо араң суунун жээгине келишти. Ортобузду үч метр аралык суу бөлүп турду. "Жайында өткөралбай калган жүгүбүздү алып келдик, элди чогултуп келгиле" десек, "элди эртең түштө чогулталабыз. Азыр кабар берсек, чогулганча ошол болот" дешти. Биринчи сураганы, "кайсы уруудансыңар, мен кыдыршамын, бул тейит" дешет. Кыпчак, тейит, кыдырша, кезек деп уруу-урууга бөлүнөт экен.

 

- Өкмөт тарабынан бул демилге улана береби?

- Ооба, улана берет. Азыр ЖК депутаты Улукбек Ормонов "Мекендештер" деген мыйзам долбоорун жазып атат. Кыргыздар кай жерде гана жок, ушинтип чачырап жүрө беребизби, чогултуш керек. Былтыр Кытайга барганымда, ал жердеги кыргыздар "биздин туубуз бар" деп сыймыктана сүйлөгөнү али эсимде.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены