Артыбызда Кыргыз мамлекети бар экенине сыймыктанабыз

Артыбызда Кыргыз мамлекети бар экенине сыймыктанабыз

Мен Таджикистандын Толуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы Мургаб районунда туулгам. 1978-жылы Мургабдагы №1-орто мектепти аяктаган соң, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайынын башталгыч класстар бөлүмүнө кирип, 1981-жылы анны бүтүргөндөн кийин кайра өзүмдүн туулган жериме, Мургабга кайтып келип, №6 мектепте пионер вожатый болуп иштедим.

 

Кийинки жылы Коргон-Төбө шаарындагы педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетине кирдим. Аны аяктаган соң, райондогу пионерлер үйүндө директор, андан кийин Мургабдагы №1-орто мектепте окуу бөлүм башчысы, аялдар комитетинин төрайымы, партиянын Мургаб райондук аткаруу комитетинде жооптуу кызматтарда иштедим. Азыркы учурда ардактуу эс алуудамын.

 

Мурда союз бузула элек кезде мургабдыктар кыргыз тилинде чыккан «Советтик Кыргызстан», «Кыргызстан маданияты» «Мугалимдер

 

газетасы», «Ленинчил жаш», «Кыр¬гызстан пионери» сыяктуу гезиттерди жана «Ала-Too», «Эл агартуу», «Ден соолук», «Жаш ленинчи» сыяктуу журналдарды алып окуучубуз. СССР ыдырагандан кийин мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калдык. Бирок, жакында Ыран-Көл айылындагы №4 орто мектептин китепканасынан Бишкектен чыккан «Кыргыз Туусу» гезитинин тиркемесин көрүп калдым. Жүрөгүм жылый түштү! Эми гана окуй баш- таганымда китепканачы келип калды. Андан: «Кыргызча гезитти кайдан алдыңар?» деп сурадым. Ал: «Райондун борбору Мургабдан акысыз беришти» деп калды. Кийин сураштырсам, үстүбүздөгү жылдан тартып биздин районго 10 даана «Кыргыз Туусу» келип жатыптыр. Ал Мургаб райондук администрациясына, «Сары-Кол» гезитинин редакциясына, райондук борбордук китепканасына, Токтомуш айылындагы №6, Мургабдагы №1,9, Көөнө-Коргондогу №5, Аличордогу №6, Кара-Көлдөгү №10 орто мектептерге берилип жатыптыр.

 

Баарынан кызыгы, анын чыгымын кыргызстандыктар өзү төлөп, аны Ошко жеткирип, андан бери мургабдыктар өздөрү алып келип жатыптыр. Бул жаңылык эл арасына тарап, чоң кубануу менен кабыл алышып, аны айтып берүүгө сөз таппай жатышат. Эми жаңы санын чыдамсыздык менен күтчү болдук. «Кыргыз Туусу» гезитинин жаны сандарын окуп чыккандан кийин мен анын жалпы окурмандарына Дүйшөмбүгө жакын Гиссар районунда жана Коргон-Төбө облусундагы Шаар-Туз районунда кыргыздар жашай тургандыгын билдирип коюуну туура таптым. Мен 1983-жылы Коргон-Төбө шаарындагы педагогикалык институтунда окуп жүргөндө Бешкент де¬ген айылдагы мекгепте педагоги¬калык практикада болгон учурда өздөрүн «лаккай уруусунан болобуз» деген кыргыздарды кезиктирген болчумун. Ошол кезде айылда окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектеп бар болчу. Эркек адамдар баштарына ак калпак кийип жүрүшчү. Жаштары кыргыз обончуларын угушчу. Ошондон бери 30 жыл өттү, алардын азыркы абалы кандай экендигин толук билбей калдым. Балким ошол тарапка жолу түшкөн кыргызстандыктар болуп калса, алардын абалы менен таанышып кайтаар...

 

Бул жерде белгилеп өтүүчү нерсе, Сары-Кол (же Памир) кыргыздарынын тарыхы да узун сөз. Ага өзүмдүн эле туугандымдын тагдырын мисал катары айта кетейин. Союз мезгилинде менин атам Исманберди атасы Жайчибектин бир тууганы Акматтын Коргол деген баласы Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу ооданынын Булун- Көл айылында жашагандыгын таап, аны менен кат алышып турчу. Мен 2006-жылы Булун-Көлдө, Кор¬гол абамдын үйүндө болуп кайткам. Ошол жылдары Коргол абам 70тен ашып калган курагы болчу, ал мага Совет бийлиги күч алып калганда Султан бий балдары ме¬нен бир түндө атылып, анын неберелери Кытайга, Ооганга жер которуп кетүүгө аргасыз болгондугун түшүндүрүп берген. Коргол абамдар Кытайга качканда 14 жашта экен. Султан бийдин жакындары оогандык кыргыздардын арасында да болушу мүмкүн деген сөздү айтып, Жайчибектин аялы Толгон энебиз артынан куугун жакындап калганда баласы Иманбердини (менин атамды) Тотуя деген эжесиникине таштай Ооган тарапка качууга аргасыз болгон экен.

 

СССР чек арасын бекем жаап салганда Сары-Кол тоосунун эки тарабында жашаган памирдик жана оогандык кыргыздар өздөрүнүн жакын туугандарынан алыстап калгандыгын өкүнүү менен белгилеп өткөн болчу. Айтор, биз тарапка келген изилдөөчүлөр үчүн кызыктуу тарыхый фактылар, урунттуу окуялар арбын.

 

Биз, мургабдыктар, «Кыргыз Туусу» гезитин алгандан кийин артыбызда Кыргыз мамлекети тургандыгын, Кыргызстан өөдө чыксак өзбек, ылдый түшсө жөлөгүбүз экендигин дагы бир ирет туюп, сездик. Көкүрөгүбүз өйдө көтөрүлө түштү! Бар болгула, кыргызстандык боордоштор!

 

Шарапат Жайчибекова, Тажик Республикасы, Мургаб району


"КЫРГЫЗ ТУУСУ"

12.02.2013

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены