Ата салтын билбей алыс узай албайсың

Ата салтын билбей алыс узай албайсың

Кыргыздардын кылымдарды карыткан салт-санаасы, кол өнөрчүлүк маданияты өңдуүү руханий дөөлөттөрү памирлик кыргыздардын жашоосунда бүгүнкү күндө деле жандуу сакталган. Тажикстан Республикасынын бир бурчунда жашашса да, алардын турмушунда урууларга болуу, жети атасын билүү, кызга куда түшүү, салт-санаасы, үрп-адаты, кыргыз тили жоголбой азыркы күнгө чейин сакталып, колдонулуп келүүдө.

 

Маселен, памирлик кыргыздардын улуттук менталитетин чагылдырган төмөндөгүдөй түшүнүктөр буга мисал боло алат: ар бир адам өзүнүн тек-жаатын, жети атасын билүү керек, эгерде тегин билбесе, андай кишини «кул», «теги жок», «жетесиз» дел коюшат. Ал эми бул сөздөр кыргыздардын намысына тийүүчү өтө оор сөздөр болуп эсептелет.

 

Кыргыздарда адамдын жашоосунун эң алгачкы этабы, башкача айтканда наристенин жарык дүйнөгө келиши өзгөчө ырымдар менен коштолгон. Кыргыздарда наристе төрөлгөндөн үч күн өткөн соң, балага ат берилет да, үйгө молдо келип, баланы колуна алып, жакшы үмүт-тилек менен ат коюп, наристенин эки кулагына үч жолу азан айтып атын кайталап айтат. Баланын төрөлүшү үй-бүлөгө бакыт алып келсе, бир жагынан анын аман-эсендиги ата-эне үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон. “Туулганына эмес, турганына сүйүн" дел кыргыздарда ушундан улам айтылса керек. Ымыркайдын жашоосундагы алгачкы күндөрү кооптуу, ошондуктан баланын өмүрүн сактап калуу үчүн кыргыздар ар кандай аракеттерди жасашкан. Мисалы, баланы башка аялга эмизүү үчүн, башка үй-бүлөгө беришкен. Көпчүлүк учурда 3 күнгө, андан соң 7, 40 күнгө, андан ашып кетсе, бир жылга чейин берип коюшкан. Ал эми баланы кайра алганда эмизген аялдан сатып алды дегендей кылып, 9 буюм беришкен. Бул жерде 7, 9, 40 сандарынын да ырымдык мааниси көрсөтүлүүдө. Кыргыздарда баланы 3 күндөн кийин бешикке салат. Бул күнү атайы үйгө конок чакырылып, баланы бешикке салуу шаан-шөкөт менен өткөн.

 

Биздин жер тоолуу аймактардан болгонуна байланыштуу тоодогу муздак климат, убак-убагы менен болуучу ар кандай эпидемиялуу оорулар көп болгон. Мындай учурда аялдардын бүбү-бакшыга кайрылууну туура көрүшкөн. Мисалы, балага көз тийгенде чыныга күлдү салып алып, аны менен баланы 3 жолу аластап, денесине тийгизип чыгат. Ал эми балага кирине кирип калган учурда бир чыны сууга үч чымчым күл, үч чымчым туз салып аралаштырып, баланын башынан үч жолу тегеретип сууга ыргытышат. Ошол сууга баланы үч жолу түкүртөт да: “суук көз, жаман ойлор ушул суу менен кетсин”, деп сууну көздөн далдаа жерге төгүп салышат. Кандайдыр бир кырсыктан аман калганда, же бир жакшылыктын күбөсү болгон учурда, суу куюлган чыныны үч жолу башынан тегеретип, үч жолу түкүртөт. Ошондой эле алыстан өзүнүн үйүнө келген учурда, босогону аттатпай туруп, башынан суу тегеретмей салты азыркы күнгө чейин колдонулуп келет.

 

Адамдын жашоосундагы маанилуу баскычтардын бири бул үй-бүлө күтүү. “Тең теңи менен, тезек кабы менен” деген принцип айрыкча кудалашууда бекем сакталган. Мурдатан бери эле пайдаланып келген ылайык, кыз менен баланын ата-энеси эле сүйлөшүп, кыздын үйүнө баланын атасы эркек бир туугандары менен жуучу түшүп барышат да, ал жерде кыздын калыңын бычышат. “Каадасыз салт болбойт, калыңсыз кыз болбойт” дел илгертен бери эле кыз калыңсыз берилбейт. Калың бычылып бүткөндөн кийин уул тараптагылар, колдорун куушуруп ордуларынан туруп кулдук урушат. Тойдун белгиленген күнүнө чейин бычылган калың берилип бүтөт.

 

Той башталарга бир күн калганда, кыз олтура турган үйүн даярдашат, кызга деп аталып эмне жасалса, ошонун баары коюлат. Кыздын себи негизинен үч-төрт катар болушу зарыл деп эсептелинет. Кыздын себинде өз колу менен жасалган ар кандай кештелердин (Кеште - Сайма) түрү менен (каргыма, жөрмөмө) жүк жапкыч, көшөгө, эшик парда, кийим жапкыч, аркага коёр көпчүк, башка жазданар жастык ошонун баары жипке илинип, колдо жасалган терме чадар, ала кийиз, шырдак, асман тирете жыйылган төшөк, кыскасын айтканда эң жөнөкөй чылапчынга чейин берилет.

 

Той күнү эрте менен бала жактагыпар кыз жакка коюн жетелеп, бир күн мурун атайын уул тараптан даярдалган каптын (Кап-мешок) үстүнө килем жаап көтөрүл келил бата сурап, кыздын энесине кийим кийгизип (кайнене чыкпас) салтын аткарышат (каптын ичинде бир койдун эти ичеги-кардына быжы куюлуп, оозуна 20 шакек, 2 сөйкө, 2 билерик, 2 саат тигилет) Каптын ичиндеги койдун этин тойго келген конокторго тартышат. Кыргызда белгилүү болгон улак тартмай, ат чапмай, ашык оюудары ойнолуп, ар бирине патта (Патта-олжо, утуш) коюлат,

 

Андан кийин күйөө жолдош ырдатылат. Мында күйөө баланы жеңелери катып коюшат, кыздын жеңелери табышат. Кайсыл убакта тапса ошол убакка созулат. Кыздын үйүнүн алдына жаңы килем, төшөк салынып, күйөө баланы күтүшөт. Күйө бала жолдоштору менен кыргыздын белгилүү болгон комуз же аккардион аспаптарынын коштоосу менен той алдында атайын күйөө жолдоштору үчүн кыз даярдаган саймалары менен жүз арчууну кармап ырдап келишет. Кыздын бетин жаап, теңтуш кызы менен чогуу алып чыгып бала менен кызды таңышат. Андан кийин күйөө балага салда орошуп, кийим кийгизишип, акча кыстарышат, аны кыздын жеңелери алышат. Ал жерде кыз тараптан тогуз табак чыгат бала тараптан ар бир табакка акча салынат да бүткөндө бата суралып уул жак куржундарын көтөрүп кайтышат.

 

Кечинде кыз жакка күйөө баланы отко киргизүү жана бала тараптагыларды туз татытарга чакырышат. Бул жерде күйөө баланын астына чачыла чачып, килем салынат да күйөө баланы жолдоштору менен кыз олтурган үйгө киргизишип, биринчиден, нике кыйылып, бала жактыктарды сыйлашып, узатышкандан кийин кыз менен балага жеңелер тараптан төшөк салынат (төшөк басуу) үч күн бала кыздын үйүндө төшөк басат, тамактарын жеңелер алып кирип турат. 3 күн өткөн соң төшөк жыйды кылып, кыз жак жакын санаалаштарын чакырып төшөгүн жыйдырат да, баланы кыздын жеңелери жеткиришип, кыз намысы үчүн уул жак жеңелерине кой жетелетип, сарпайлашат (Сарпайлоо - кийим кийгизүү, сый көрсөтүү).

 

Андан кийин кызды баланын үйүнө көчүрүүгө кам көрүшөт. Көптү көргөн байбичелерди чакырып, кыздын чачын майда өрүшүп, чачына чач кап, башына калак (Калак-элечек) кийгизишип, бетине көшөгө тосуп алып жөнөшөт. Кызды өз үйүнөн узатканда кыздын атасы ысык токочту кыздын койнуна катып, чоң жоолук менен байлап барган жеринде ушул токочтой жылуу маанайда, кайын-журту менен ысык мамиледе болушун айтып бата берет. Ошентип кыздын барар жери күйөө демекчи, кыздын энеси, жеңелери коштоп алып жөнөйт. Ошол эле убакта кыздын үйү аңгырап “чыккан кыз чийден тышкары” дегендей кызын узатып отурса, ал эми уул жак башыбызга баш кошулат деп сүйүнүп олтурган убак болот. Уул жак кыздын себи келет дегенде бир үйдү бошотуп жалчиман кылып, жакын санаалаштары, коңшу аялдары менен күтүп турат. Келин жаңы келгенде кайын энеси жалчиман ( Жалчиман – нанды сары май менен кошуу) менен ооздандырып, сары майды колуна берет, келин отко салып, сапам айтып үйгө кирип көшөгөгө олтурат. Бирок ошол келин келет дегенде чакырылган элге атайын шөөла деген тамак кылынып турат. Бул негизинен күрүчтөн жасалат. Элге салардын алдында жаңы келген келин чыгып капкур менен аралаштырып табактарга салып берет. Чакырылган элдин алдында кызга энеси атайын жасап келген сандыкты уул тараптан жакын туугандарынан бирөө ачып анын ичиндеги нерселерди олтурган элге таратып беришет. Кызды жеткизип келген туугандарын уул тараптан сыйлашып узатаардын алдында кыз олтурган көшөгөгө энеси кирип таш түшкөн жерде оор демекчи ушул жерде өнүп-өсүп, бактап-шактап олтуруп кал деп, этегин туз, күрүч менен бастырат. Келин көшөгөдө 3 күн олтурат. Андан соң, келинди бир тууган абысындарынын бири көшөгөдөн чыгарып, тууган-туушкандарга 3 жолу жүгүнтүп отко киргизишет.

 

Үй-бүлө күтүүнү, анын негизи бекем болуп жашап кетүүсүн жөн эле өз агымына таштап коюуга эч качан болбойт. Биздин салтагы кудалашуудагы, уул үйлөп, кыз берүүдөгү ар бир жөрөлгө, ырым-жырым болочок үй-бүлөнүн бекемдигине, бактысына багытталган. Негизинен жубайлардын кепечектеги турмуш жолунда өз ордун таап, ынтымакта өмүр сүрүп, жамандыктан алыс болуу максатын көздөйт. Бирок айрым учурларда өз ара келишпестиктердин натыйжасында, кээ бир үй-бүлөлөр ажырашууга мажбур болушат. Адам турмушундагы бул кырдаал дагы белгилүү жорук-жосундар менен байланыштуу болгон б.а. күйөөсү аялы менен ажырашкысы келсе, «талак» деген гана сөздү үч жопу гана кайталоосу аялдын тагдырын чечип койгон. Ажырашуу эркекер үчүн оңой иш болгон. Эгер күйөөсү ачуусу менен үч жопу талак айтып алып, бирок аялы менен ажырашкысы келбесе, анда аялы башка күйөөгө чыгып, аны менен ажырашкандан кийин гана кайра өзүнүн күйөөсүнө тийүү укугуна ээ болгон.

 

Ошентип, жалпысынан алганда жогоруда сөз кылган памирлик кыргыздардын жана жалпы эле кыргыздардын каада-салттарынын ортосундагы өзгөчөлүктөрүндөгү айрым окшоштуктар бул элдердин тарыхый тагдыры бири-биринен алыс эмес экендигинен кабар берет.

 

Бишкек шаары

“Аалам кыргыздары”

Махабат Кудайбердиева

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены