Бак өспөгөн айылда же болбосо тажикстандык кыргыздардын жашоосу жөнүндө

Бак өспөгөн айылда же болбосо тажикстандык кыргыздардын жашоосу жөнүндө

"ZAMAN Кыргызстан" гезити эс алууда жүргөн учурда Тажикстандын Мургаб районунда Кыргыз көчмөндөрүнүн жылкысына жана каада-салттарына арналган фестиваль болуп өттү. Негизинен кыргыздар байыр алган аталган аймакта өткөн иш-чарага Кыргызстандан журналист Элеонора Бейшенбек кызы ("Азаттык" радиосунун кабарчысы) да катышып келген…

 

- Элеонора, жакында эле Тажикстандын Мургаб районуна иш-сапар менен барып келбедиңизби, деги Мургаб кандай жер экен?

 

- Эгерде сиз Мургабга биринчи жолу барып калсаңыз, ал жердегилер сиздин алгачкы жолу келгениңизди уккан соң дароо эле "Мургаб сизге жактыбы?" деп сурашат. Жашыл чөп, дүпүйгөн бак-дарактарсыз, чаң учкан бопбоз талааны, жалаң таш жаткан тоолорун көрүп туруп деле жаккан жок деп айта албайсың. Бул жөн гана сылык-сыпаалыктан эмес. Ошол жердин кандайдыр бир өзүнө тартып турган жагымдуулугу бардай. Мүмкүн бул элдин пейилинен улам болгон чыгар. Жергиликтүү эл Мургаб мурун "Нур кап" деп аталганын, кийин гана тажикче Мургаб болуп калганын, чындыгында нур төгүлгөн жер дегенди билдирээрин айтышты. Эмнегедир бул жерден курсагың көп ачпайт, жердин касиети ушунда дешти.

 

- Кыргызстандык кыргыздар менен мургабдык кыргыздардын айырмачылыгын байкай алдыңызбы?

 

- Өтө деле чоң айырмачылык жок. Анан калса жаштарынын көпчүлүгү Хорог, Дүйшөмбү шаарларынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Бишкекке келип билим алып кетишет экен. Өздөрүн таза кыргыздар деп эсептешет.

 

- Ал жактагы улутташтарыбыздын жашоо деңгээлине кандай баа бере аласыз?

 

- Негизинен Мургабда жашоо-шарт катаал эле экен. Жалаң малчылык менен алектенишип, азык-түлүк тамак-аштарын Хорогдон жана Оштон ташып келишет экен. Райондун акими Майрамбек Тойчиев мырза менен маектешкенимде эки жылдан бери миграциялык агым дээрлик токтогонун айтты. Мургабдыктардын көпчулүгү Кыргыз- стандын Чүйүнө көп көчүп келишкен экен. Союз ыдырап, Тажикстанда жарандык согуш болуп алапайын таппай турганда, мургабдыктар айрыкча кыйналышкан көрүнөт. Андан кийин өлкөсү кичине оңоло баштап, өздөрү да иштин көзүн таап азыр каниет кылып жашап жатышкандай.

 

- Балдары кайсыл тилде билим алышат экен?

 

- Район боюнча он төрт мектеп бар экен. Он бир орто мектеп, экөө башталгыч, бирөө болсо 8-класска чейин билим берген негизги мектеп. Ошол он бир орто мектептин ону кыргыз мектеп экен. Мен сүйлөшкөн мугалимдердин айтуусу боюнча тажик өкмөтүнүн программасы менен кыргызча окутушат экен. Китептерди Кыргызстандан сатып алышаарын айтышты. Бирок тажик тарыхы, тили, географиясы сыяктуу сабактардан китеп тартыштыгы өңдүү көйгөйлөрү бар экен. Мектептерде кадр жактан көп деле өксүк жоктугун билдим. Анткени, Кыргызстандан билим алган улан-кыздар баары болбосо да айрымдары кайра өз жерине кайтып барышат экен.

 

- Улуттук каада-салт, деги маданияттын сакталышы кандай экен?

 

- Кыргыз баласы болгондон атты мыкты чапкан менен, айрыкча жаш муун улуттук оюндардын айрым эрежелерин унута баштагандай сезилди. Майрамбек Тойчиевдин айтымында, мурун союздун тушунда Кыргызстан менен мургабдык кыргыздардын маданий алака-катышы үзгүлтүксүз болгон. Чоң-чоң акындар, комузчулар ырчылар келип концерт берип турушкан экен. Бирок азыр өтө эле солгундап кетиптир. Аким Кыргызстандан айрыкча маданий колдоо керек деди.

 

-Мургабдык кыргыздар сизди эмнеси менен таң калтырышты же эч кандай таң калыштуу нерсе сезбедиңизби?

 

- Оозумду ачып таңыркаган деле эч нерсе болгон жок. Бар болгону Мургабга кирип баратканда, айылды карап үйлөрүндө жашыл короо болбосо, алма-өрүк түгүл, кадимки бак өспөсө элдер кантип жашашат деп жүрөгүмдү өйүткөн элем. Анан бир өспүрүм кыздын алма өспөсө да Мургабымды жакшы көрөм, бул жактан эч кайда кетпейм, дегени жакты, эсимде калды.

 

- Мургабда улуттук оюндардын фестивалына катыштыңыз, эмне учун иш-чарага Тажикстандын аймагы тандалыптыр?

 

- Буга чейин мургабдык чабандастер Кыргызстандагы ат чабыш фестивалына 2-3 жолу чакырылган экен. Мургабда азыр жүзгө жетпеген гана ат калыптыр. Аттар тоо шартына чыдабай түтөк болуп өлүп калгандыктан элдер жылкы баласын багууну азайтыптыр. Фестивалдын башкы максаты - тажикстандык кыргыздардын арасынан кимдин аты мыкты эмес, ушул эң бийик тоолуу аймакта кантип жылкы баласын сактап калуу керек деген маселе коюлуп, элдин атка болгон мамилесин өзгөртүү болду.

 

- Фестивалдын уюштуруучулары ким? Кимдер демөөрчүлүк кылган? Иш-чаранын максаты эмне экен?

 

- Фестивалды негизинен "Кыргыз аты" мекемесинин жетекчиси француз айым Жаклин Рипар Кыргызстандагы француз элчилиги менен биргеликте уюштурду. Рипар айым өзү атка абдан кызыгат экен. Ал кыргыз аттары, алардын уникалдуу касиеттери тууралуу окуп, Кыргызстанга мына ошондой жылкы баласын издеп он жыл мурун келген экен. Бирок таппай жүргөнүн, кыргыз аттары башка аттар менен аргындашып, натыйжада, тоо-ташка жарабаган чабал аттарга айланганын айтат. Азыр атайын "Кыргыз аты" деген мекеме ачып, 2005-жылдан бери жыл сайын фестиваль уюштуруп келет…

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены