Памир жөнүндөгү алгачкы маалыматты батыш эли Маркополонун китебинен окушкан. Италиялык Саякатчы Маркополо(1254-1324)Европада алгачкылардан болуп Памир жөнүндө жазган:«Ушул кичи элден (Бадахшан) айрылып, чыгыш батышты көздөй улоочон үч күн жүргөндө тоолорду аралап кетесиң. Тоо чокусу абдан бийик болуп, адамга дүйнөнүн эң бийик жери экен деген ой салат. Бийик белге чыкканда бир түзөңдүк көрүнөт, анда бир дарыя бар, чөйрөсү өтө кооз, дүйнөнүн эң сонун жайлоосу. Көтөрөм жылкы он күндө семирет. Түрдүү учар куштар жапайы текелер менен аралашып жүрөт. Текелердин денеси зор болуп, мүйүзү алты карыш. Малчылар анын мүйүзүнөн чака жасап урунат жана кой короосун кашарлайт. Бул бийиктиктин аты– Памир (Pamir), кадуулап өтүүдө улоо менен 12 күндүк жол, жол бою жашыл чөп менен адамдын карасын көргөлү болбойт.
Ошого, жол жүргөн адам сөзсүз жол азыгын ала жүрүшү керек. Жер өтө бийик болгондуктан, жолоочу учар кушту көрө албайт, суук өтө катыраң болуп, күйгөн оттун жалыны көрүнбөйт, ысыгы адамга жетпейт, аш – оокатты мейли какта, мейли кайнат оңойлукча пышбайт... бул жердин аты– Болор, эли бийик тоодо турушат, айкелге чокунат, жүрүм – туруму жапайы, уучулук менен жан багып, териден кийим кийет, кара мүртөз келет»(1). Маркополодон кийин 1603 - жылы Португалиялык Экископ Бенедикит де Гоес (Benedict de Goez) деген адам Индистан падышасынын макулдугу менен Жуңгога дин таратуу жолун изиктөө сапарын баштаган. Ал соода кербендерине кошулуп, Ишор, Акшабадан жол алып, Индикуш аркылуу Бадахшан тоосунан өтүп, Оксус дарыясы боюна жеткен. Ал, күзүндөсү Памирден өткөндө суук сөөктөн өтүп, дем алуу кыйын болду, деп жазган экен. Ал Жуңгода көз жумганына карабай анын сапар эстелигинде жана жол үстүндө жазып жиберген каттарында Памирге байланыштуу баалуу даректер калган.
18-19-кылымга келгенде Россия, Англия, Жуңго ортосунда Памирди талашуу басакеси жүргөн. Индияны ээлеген Англиялыктар Саякат кылуу жана жердик элдин айрым өтүнүчтөрүн канагаттандыруу шылтоосу менен Памир бийиктигине келип кетишсе, Россиялыктар казак жасоолдорун ээрчитип, курал менен ашкере эле Памирге киришкен. Ошондон улам дүйнөнүн эң бийик кылкасы болгонуна карабай, түрдүү түстөгү адамдардын карааны Памирде жүйүр жолугуп турган. Памир Азиядагы телегейи тегиз чалгындалган жерге болуп калган. Воод 1837- жылы 2-айдын 19-күнү Чоң Памирге келип, кыргыздар менен жолуккан жана кийин Виктория көлү деп аталган бир көлдү алгач байкап, анын Оксус дарыясынын бир башаты экенин тактаган . Ал Маркополонун баянын ырастап мындай жазат:«Муз каткан дайраны бойлоп басканда Кыргыз мергендер таштап кеткен кайберендердин мүйүздөрү ар кайсы жерде чачылып жатканын көрүүгө болот. Ошол мүйүздөрдүн арасында өзгөчө узуну бар, ал Памирдеги бир түрдүү кайберендин мүйүзү болуп, анын турку эчки менен койдун аралыгында. Мүйүздүн учу кардан кылайып көрүнүп, жол белгиси катары болот. Жол баштоочу ошол мүйүздөрдөн жарым төгөрөк тизип койгон жерлерди кыргыздардын жайкы конушунун тоому деп карайт, ... ушул мүйүздөн кыргыздар үзөңгү жасашат»(2). Ал Оксус дарыясынын башатын чалгындап жүрүп, боз үй мектептерде куранды үйрөнүп жатышкан кыргыз балдарынын сабагына катышкан.
1770-жылы Памирден өткөн орус саякатчы ф. Эфремов «ушундан Кашкарга чейин 13 күндүк жол. Ош менен Кашкардын ортосунда тоолордо кыргыз – кайсактардан айырмаланган кыргыздар көчүп жүрүшөт»(3) деп жазган экен. Батыш элинен келгендер Памирдин бардык бийик тоо - капчыгайларын, андагы көл жана дарыя агындарынын географиялык жайгашуусун изи – буйру менен өлчөп – сызууга, Памирде жашаган элдердин турмуш – тиричилигин, диндик ишеними менен салт – санаасын толук жазууга көп көңүл бурушкан. Ал түгүл Памирдин тоо текелерин уулоо үчүн, от – өсүмдүк үлгүлөрүн жыйуу үчүн, тоого чыгуу кумарын кандыруу үчүн Памирге келгендердин саны деле кыйла арбын болгон. Алардын максаттары ар башка болгонуна карабай, өздөрү бүйүр кызыткан мазмундарды бир кыйла ишенимдүү чагылдырышкан.Ушунун мисалы катарында биз төмөнкү булактарды атасак болот. Т. И. Гордон жазган «Дүйнөнүн өгүзөсү»(1876-жыл) аттуу жазмада Кичи жана Чоң Памирге байланыштуу жерлер баяндалган болсо,-1887жылы тилчи жана географ Пьер Габриель Бонвало менен ботаника илимдеринин доктору Г. Капю Франция өкүмөтүнүн тапшыруусу менен Алай аркылуу Памирден ашып Индистанга баруу сапарын баштаган. Алар сапар барышында өздөрүнө жол баштаган кыргыздарды сүрөткө тартуу менен бирге алгач жолу Памир кыргыздарынын музыка маданияты жөнүндө эстелик калтырышкан(4) . Курзондун 1896-жылы «Англия география илими» аттуу журналга жарыяланган «Памир жана Оксу дарыясынын башаты» аттуу чыгармасында Памир кыргыздары жөнүнүндө далай кабарлар айтылган. Ал Памирди бир канча жолу кыдырган изилдөөчү катары башкалардын Памир жөнүндө жазган эстеликтери менен кеңири тааныш болгон, ары өз эмгегинде Памирге жасалган Саякаттардын тарыхын, Памирдин географиялык өзгөчөлүктөрү менен ал жөнүндөгү баяндардын туура -- катасын баштан – акыр изиктеп чыккан.
Италиялык Саякатчы Феликс Рокка 1893-жылы Орустун жер ченчилери менен бирге Памир менен Алайга келген. Ал Памир кыргыздарынын коомдук абалы, бийлик түзүлүшү, Курманжан датка сыяктуу эл башчыларынын абалы, үй – бүлөлүк мамилеси, айланадагы элдер менен болгон карым – катышы сыяктуу кеңири мазмундар боюнча бир кыйла толук маалыматтарды жазып калтырган. Автор кыргыздардын турмуш түшүнүгүнө, жашоо философиясына жогору баа берген. 1860-жылдан кийинки он жылда Оруссиянын Орто Азияга жасаган жортуулунун байма – бай жеңишке жетиши менен алардын назары Памир жергесине оодарылган. Аскерий жана илимий милдеттер себебинен орус Саякатчыларынын жана изилдөөчүлөрүнүн Памирге болгон кызыгуусу абдан арткан. 1871-жылы 27 жаштуу Алексей Павлович Федченко Алай өрөөнүнө келген. 1876-жылы атактуу Cкоблев Алай чоң жүрүш кошуунунун Колбашы болуп дайындалган. Ал бир топ өлчөп – сызуучуларды жана жаратылыш тарыхын изилдөөчү кызматчыларды баштап Алай тоосунан ашып, Узбел, Раң көл, Музтоо, Туюк жана Акбайтал капчыгайларына чейин чалгын жүргүзүшкөн. Ошондон улам орус жана башка чалгынчылардын аягы үзүлбөгөн.
Чынын айтканда, -20кылымдын баштарына чейин Памир жөнүндө жазылып, Европанын түрдүү басма беттеринде жарык көргөн материалдардын саны бир кыйла арбын болуп, аларды бирме – бир тааныштыруу бул теманын милдети эмес. ошолордун ичинен Памир кыргыздарына төтөлөй байланыштуу болгон даректерди төмөнкүдөй мазмундарга жалпылап көрсөтүүгө болот.
1) Памирдин негизги тургундары жөнүндө.
Г. Н. Курзон, П. Т. Эсертон, Х. Ландисдел, Г. Капю сыяктуулар Памир өрөөнүнүн негизги тургундары кыргыздар экенин, алар менен бирге Сарколдуктар, Вахандыктар жана Тажиктер бар экенин жазышат. Мунун ичинде Сарколдуктар, Ташкоргондуктар деп жер наамы менен аталган элдер жерлик кыргыздар менен тажиктердин айрым аталышы болуп эсептелет.
2) Кыргыз уруулары жана алардын жайгашуусу жөнүндө.
Х. Ландисдел Кара кыргыздардын оң жана солго бөлүнүп, Тяньшань, Алай, Памирден тартып, Тибет менен Индистандын жылгаларына чейин жетээрин жазса(5). Х. Каин кыргыздардын түндүгү Сыр дарыя, түштүгү Индикушка чейин созуларын жазат. Ал эми Дунмор болсо кыргыздардын найман, кыпчак, тейит, кесек деген төрт уруусу жөнүндө жана ошол төрт чоң уруунун майда бутактары жөнүндө өзүнүн байкоолорун ортого салат⑹. Ф. Х. Скрайин менен И.Д. Рос «Азиянин толтосу»(1899-жыл)аттуу китебинде да кыргыздардын тарамдары жөнүндө кыскача баян берет. Г.Капю Ивановдун маалыматына негизденип, Памир кыргыздарынын тейит, кыдырша, найман, кыпчак деген уруктардан тураарын эскертет. Феликс Рокка болсо Памир, Алай кыргыздарынын муңгуш, адигине жана ичкилик деген үч топко бөлүнөөрүн, анын ичинде муңгуш, адигинелердин Ош жана Анжиан тарапта, Ичкиликтердин Маргалаң менен Кичи Алай тоолоруна жайгашканын, бардыгы биригип, жалпы 75 миңге жакын калкы бар экендигин жазат. Асыресе, Феликс Рокканын төмөнкү баяны кийинки изилдөөлөргө шык берет. Ал:«Француз королу ЛиюдвикⅨ Моңголияга жөнөткөн Гиом Рубруктун жазгандарын(1253-жыл) жана Франциялык монах Пилано Карпинин китебиндеги Чыңгыз кандын Каракорумдагы белгилүү ордосу жөнүндө(1247-жыл)жазгандарын окуп олтуруп эрксизден алар азыркы кыргыздар жөнүндө жазып калтыргандай туюлат»⑺дейт. Феликс Рокка акылуу түрдө Каракорумдун азелки тургундары болуп келген кыргыздардын моңгол бийлигине баш ийгендигине байланыштуу 13-кылымда Франция- лыктар тарабынан моңголдор деп аталганын кыйыр түрдө тастыктаган. Тарыхта мындай мисалдар өтө арбын. Бир доорлордо Орто Азия эли башкалар тарабынан жалпы беткей «Татарлар» деп аталса, дагы бир доордо «Кыпчактар» деп аталган. Ошол сыяктуу байыркы гундар, телектер, огуздар, түрктөр деген аталыштар бийлик башындагы уруунун аты катары тамырлаш уруктарга жалпы ат болуп кызмат кылган деп эсептөөгө болот. Феликс Рокка Памирлик кыргыздардын 1891- жылга чейин үч колбашчыга баш ийип турганын жазат. Алар Алайчы бек, Көрүмчү бек жана Маткасым бектер болгон. Алайчы бек Мужи(Можу) дарыясы өрөөнүндөгү бек болуп, Ыраңкөлдүн чыгыш жагын башкарып, анын колунда 50гө жакын боз үй болгон. Көрүмчү бектин кол астында 150 боз үй болуп, Мургап, Аличур, Пишарт өрөөндөрүн ээлеген. Маткасым бек 100 боз үйлүү менен Аксуу, Ыстык дарыяларынын бойлорун жердешкен. Ошол доордун чоң каракчысы атанган Сахып Назар болсо 40 боз үйлүү эл менен Кудар, Көкжар, Көкөйбелсуу өрөөндөрүнүн аркайсы жерлеринде чачкын жайгашкан.
Орус саякатчыларынан И.П. Минаевдин жазган маалыматтары да тилге алууга татыктуу. Ал өзүнүн «Аму дарыясынын жогорку агымындагы өлкөлөр жөнүндө кабар» деген макаласында Алай-Памир өрөөнүндөгү кыргыз урууларынын бөлүнүшүн бирме – бир санаган:«Монгуш уруусу 12 бөлүккө бөлүнөт: 1) кудачин, 2) жапалак, 3)тулейкен, 4) жоош, 5) жылкелди, 6) сарылар, 7) сарай, 8) көкжатык, 9) сасарлар, 10) тейнелер, 11) эрке кашка, 12) монгол. Адигине 14 бөлүктөн турат: 1) бөрү, 2) баргы, 3) олжоке, 4) тооке, 5) карабаргы, 6) сарыбаргы, 7) таздар, 8) көкчө уулу, 9) элчибек, 10) сарттар, 11) сабай, 12) жору, 13) ардай, 14) муник. Ичкиликтер 20 бөлүктөн турат, алардын башкылары:1) кыдырша, 2) канды, 3) найман, 4) тейит, 5) кесек, 6) орго, 7) төөлөс, 8) каратейит, 9) чалтейит, 10) бостон, 11) кызыл аяк, 12) карасаадак»⑻.
3. Кыргыздардын жан саны жөнүндө.
Ландисдел орустардын көзөмөлү астына кирип болгон кыргыздардын 350 миңден 400 миң айланасында экенин жазат. Курзон болсо өз кезиндеги «Түркистан гезити» нин 1892- жылдагы кабарына негиз Памир бийиктигинде 250 кибитка(үй – бүлө) же 1500 дөй жан саны болгонун билдирет. Ушул эле ойду Холдиш дагы айтат. Ал «орустарга караган Памирлик кыргыздардын жан саны 1500 чамасында. Аличур Памир менен Тагдынбашы Памирди жердеген кыргыздар арасында эч кандай уруктук айырма жок»⑼ деп жазган. Феликс Рокканын маалыматы боюнча Ош жана Анжиандан Памирге чейинки кыргыздардын жалпы саны 75 миңге жакын болуп, анын ичинде Найман болуштугуна кирген 500 үй – бүлөнүн эки жарым миңге жакын адамы бар делген. Феликс Рокка Памирдеги үч бекке караган кыргыздардын жалпы түтүн саны 1700 экенин эсептеп чыккан. Ар бир үй – бүлөнүн орто эсеп менен бештен жан саны бар деп карасак, анда Памирде жалпы 8000 айланасында адам бар болгон болот. башта атын атап кеткен Минаевдин Памир – Алай кыргыздарынын жан саны жөнүндө берген маалыматтары бул: «Монгуштар 1225 түтүн, адигинелер 3145 түтүн, ар бир түтүндө бештен жан бар деген өлчөмдү пайдалансак, монгуштар,5125 адигинелер 15725 жандан турат. Ичкиликтердин канча түтүндөн турганы жөнүндө так маалымат жок, бирок, жергиликтүү калктын айтымына караганда, алардын саны монгуштар менен адигинелердин жалпы санынан үч эсе көп»⑽. Ушул санды этнография илими орток кабылдаган эреже боюнча эсептесек, Ичкилик кыргыздарынын жан саны 60 миң чамасында болот. Ушуга окшогон маалыматты Т.Д. Форсайттин жазгандарынан да билүүгө болот. Автор Каратаг(Каратоо) кыргыздарынын ичинде Терек дабанга чейинкилери Кашкарга баш ийет деп жазган. Алар жайындасы Алайга жана Кызыл артка чыгып жайлашкан. Түтүн саны 5600 болуп, ар бир үйдө жетиден жан бар деп эсептесек, Кашкарга караган кыргыздардын саны 21 миң чамасында болот деген. Совет доорунан кийинки Памирлик кыргыздардын жан саны жөнүндө Бартольд «Ислам энциклопедиясы» на жазган «Бадахшан» аттуу макаласында кеңири токтолгон. Ал 20- кылымдын башында Памирде 20 миңге жакын эл жашаганын, 1926-жылга келгенде жан саны 28 миңге, 1939-жылы 41 миңге, 1959-жылы 62 миңге жеткенин кабарлайт.
4. Кыргыздардын экономикалык турмушу жөнүндө.
Ф. Е. Йоңхусбанд (Younghusband) Памир кыргыздарынын жайытчылыгы, сүттөн жасаган түшүмдөрү, олтурук жайлары жөнүндө жазса, Ландисдел кыргыздар машкылданган малчылык жана эгинчилик кесиптеринин абалын, көч көчүү мезгилдерин баяндайт. Дунмор болсо кыргыздар күткөн төрт түлөк мал менен алардын буюм – тайымдары жана соода – сатыктары жөнүндө, Эсертон менен Латмор Памир кыргыздарынын айылдарга бөлүнүү, кыш мезгилдеринде жайыт издеп Афган Памирине көчүү абалдары жөнүндө жазган.
5. Кыргыздардын турмуштук салт – санаасы жөнүндө.
Т. Эсертон кыргыздардын териден жасалган кийим – кечелери, кооздук буюмдары жөнүндө, Х. Кайн кымыз жана анын дарылык касиети туурасында, Г. Капю Памир кыргыздарынын аш – тамагы, жерлөө салты жөнүндө маалымат берген. Ошолордун арасында Феликс Рокканын Кыргыз маданияты жөнүндө айткандары кызыктуу. Ал өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздар өз апа, энелерин, аялдарын урматташкандай кылып аялдарды урматтагандар аз кезигет. Алар эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт;тескерисинче, өз эркектери менен тең катар укукка ээ болушат. Үй – бүлө, жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын ойу да сөзсүз эсепке алынат, деп жазган. Саякатчы жогорку оюн кыргыздардын «Аялың урушчаак болгон соң, элиңдин тынч жашаганынан не пайда, өтүгүң тар болгон соң, дүйнөнүн кеңдигинен не пайда» деген макал сөздөрү менен далилдеп берген. Андан башка адам аттары, кыргыздар жакшы көргөн түс, эркек – аялдардын жаш курак мезгилдери жөнүндөгү түшүнүктөр сөзгө тартылган.
6. Кыргыздардын диндик ишеними жөнүндө.
Дунмор, Холдиш, Эсертон, Лобанов-Ростовски (Lobanov-Rostovsky) сыяктуулардын кыргыздар ишенген байыркы диндер жана алардын арасында сакталган шамандык, исламдык белгилер жөнүндөгү баяны бир кыйла мол. Ошолордун ичинде Холдиштин өздөрүн кыпчакка таандыкпыз деп караган. Найман кыргыздардын арасында Християн дин салттарынын саркындылары бар экендиги жөнүндөгү атактуу Саякатчы Ней Элиастын (Ney Elias) маалыматынан алган баяны өтө кызыктуу. Анткени, Християн дининин айрым таасирлери Бадахшан Тажиктеринин жана ага жакын Сарколдуктардын арасынан да байкалары белгилүү. Свен Хидин(Sven Hdin) өз кезинде Түштүк Шинжаңдын айрым базар – кыштактарынан Христиан дининин диндик эн – тамгаларын байкаган⑾. Европалыктардын өз кезиндеги өлчөп – сызуусу боюнча Памирдин жалпы аянты 30 миң квадрат ангилис мили, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 12 миң ангилис чиси, эң бийик жери чыгыштагы Тагарма тоосу делген.
Кыскартып айтканда, Памир дүйнөдө экинчи орунда турган бийиктик болгонуна, ары каттоо эң татаал болгон тоо тизмеси экенине карабай, ааламдын сырын ачууга кызыккан эчендеген эрлерди өзүнө тартып келген. Анткени ал жибек жолунун эң зарыл түйүнү, бир канча мамлекет ортосундагы каттоонун өтөр жолу болгон. Памирге ээлик кылуу, Памирди изилдөө өз кезинин эң чоң саясатына айланган. Ушул кызыктуу, ары коогалаңдуу барышка Памирдин жерлик тургундарынын бири кыргыздар баштан – акыр аралашып, өздөрүнүн адамдык касиети менен, улуттук бети менен ошол элдердин арасында чоң таасир калтырган. Көптөгөн чалгындоолор кыргыздардын көмөгү, жол баштоосу, жанкечти аракеттери аркасында ишке ашканын Саякатчылар тамшана сүйлөшкөн.
Аптордун 2009- ыжыл Шинжаң эл басмасынан жарык көргөн «Кыргыз эл ооз адабиятынын памир мектеби» деген китебинен алынды.
Эскертүү:
(1)«Маркополонун саякат эстелиги»(Ханзуча, Фиң Чинжүн которгон), Шаңхай кылым басма тобу, 2002-жыл, 83-84-бет.
(2) Алдынкы накыл менен бирдей, 86-бет.
(3) С.М. Абрамзон:«Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер», Бишкек, 1999-жыл, 11-бет.
(4) Леонид Строилов:«Алай менен Памирден ашып», «Кыргыздар» 2-том, Бишкек, 1993-жыл, 330- бет.
(5) «Памирди тепчип өтүү», бейжин, улуттар басмасы, 2004-жыл, 49-бет.
(6) Дунмордун баяны мындай:«Найман төрт кичи урукка бөлүнөт, алар: кан, бозторгой, мырза жана кыяк. Бул уруктар ичинде кан менен бозторгой орустун букарасы болуп, Паргананын Маргалаң айланасында. Мырза менен кыяк Кытайдын букарасы болуп,Ташкоргондун чыгышындагы Гез, Чарлуң дариясы жана Чакарагыл, Манжу, Булуңкөл сыяктуу жерлерде турушат. Кыпчак үч урукка бөлүнөт:сарт, кыргыз кыпчак, калта байтал. Тейит эки урукка бөлүнөт:кара тейит, сары тейит. Кесек үч урукка бөлүнөт:бостон, жедершаа, кан кедей». Жогорку накыл менен бирдей, 53-бет.
(7) Феликс Рокка:«Памир жана Алай кыргыздары», «Ала тоо» журналы, 1990-бет, 2-сан, 84-бет.
(8) C.Аттокуров:«Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы», Бишкек, 1996-жыл, 59-бет.
(9) «Памирди тепчип өтүү», улуттар басмасы, Бейжин, 2004-жыл, 56-бет.
(10) C.Аттокуров:«Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы», Бишкек, 1996-жыл, 59-бет.
(11) Жогорку накыл менен бирдей, 63-бет.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены