-Камал аке, ар кимге эле мындай тагдыр-насип буюрулбаса керек, аалам чокусу эсептелген Памир тоолорунун арасынан орун алган кичи мекениңиз
-Тажикстандын Мургап районунан Кыргызстанга көчүп келип жашап жатыптырсыз. Аңгемеңизди ушул жааттан баштасаңыз.
-Атайын издеп келип, ал-абалымды сураганыңыздарга абдан ыраазымын. Мургаптан келгениме 16 жыл болду. Мен ошол райондун Ак-Суу деген жеринде туулуп өскөнмүн. Ак-Суу Ооганстандагы Чоң-Көл деген көлдөн бери карай агып келет. Ааламга даңазасы чыккан Рахманкул хан да мына ушул жердин кулуну болгон. Мен ошо кишинин жердешимин.
-Билимиңиз, кесибиңиз, аткарган иштериңиз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.
-Кесибим зоотехник, Фрунзедеги айыл-чарба институтун бүтөргөнмүн. Адегенде зоотехник, кийинчерээк «Кара-Көл» совхозунун директору болуп эмгектендим. 35 жашымда Мургап районунун аткаруу комитетинин төрагалыгына дайындалып, бул кызматта 10 жыл иштедим. Райондук, облустук кеңештерде 20 жыл бою үзгүлтүксүз депутат болуп, кайрат менен элге кызмат өтөдүм. Тажикстан Компартиясынын бир нече съезддерине жана райондун тарыхында биринчи болуп мен КПССтин XXVII съездине делегат катары катышканмын. Кийин 1993-жылга дейре совхоздун директору болуп иштегенмин. Анан ошол жылдын март айында Кыргызстанга көчүп келдим.
-Тарыхый мекенде сиздерди кандай кабыл алышты?
-28 үй-бүлө Чүй облусунун Кара-Дөбө айылына көчүп келип, өтө чоң урмат-сый менен отурукташтык. Биз келген күнү темир жол вокзалынан бир туугандык мамиледе күтүп алышты. 28 үй-бүлөнү кабыл ала турган совхоздун директору баш болгон туугандар атайын автобус менен келишкен экен. Ошентип, бардыгыбызга жаркыраган турак жай беришти, кийин ошол үйлөрдү менчиктештирип алдык. Бир тыйын коротпой үйлүү болдук. Анан ар бир жанга 1 гектардан ашуун жер да бөлүнүп, ал жерлер да менчигибиз болуп калды. Мисал үчүн Турдубай деген жердешибиз 8 баласына 17 гектар жер алып, ошончо жердин ээси болушту.
- Азыркы учурда бул жерде канча үйлүү мургапчылар бар?
- 500дөн ашуун үй-бүлө бар азыр. Көпчүлүгү Жайыл районунда жашашат.
- «Аалам кыргыздары» журналы тууралуу пикириңиз кандай?
- Бул журналдын чыга баштаганы аябай эле жакшы болуптур деп чын дилден айта алам. Айрыкча чет өлкөлөрдөн келип жашап жаткан улутташтар аны өзгөчө кубануу менен кабыл алышты. Тагдырдын буйругу менен кыргыздар дүйнөнүн ар кайсы жерлерине барып калышкан экен, мына бул журнал эң оболу ошолордун бактысына жаралыптыр десем жаңылышпайм. Бул басылма ошол кыргыздар бири-бири тууралуу жакшы маалыматтарды, кызыктуу кабарларды окуп-билип турушуна эң сонун шарт түзөт албетте. Жалаң гана Кытай, ?збекстан, Тажикстан, Орусияда жашап калгандар жөнүндө эле эмес, азыркы учурда эмгек мигранты же башка себептер менен көптөгөн өлкөлөрдө иштеп жүргөн улутташтар тууралуу жакшы кабарларды жазып турганыңыздар кимди да болбосун көңүлүн көтөрбөй койбойт. Бул сооптуу ишти андан ары улантып кетүүңүздөрдү тилейбиз жана колдон келген жардамыбызды аябайбыз.
-Кичи Мекениңиз - Мургап менен баланышып турасызбы?
- Киндик кан тамган жер кайда гана жүрбөгүн жүрөгүңдүн толтосунда турат экен. Мүмкүн болушунча байланышып турам. Райондун түзүлгөнүнүн 70 жылдыгына атайын чакырышты, төбөм көккө жетип, барып катыштым. Эл менен жылуу жолугуштум. Жыйында сөз сүйлөдүм. Бул жакка көчүп келген жердештеринин жашоо-турмушу тууралуу маалымат берип, ошо көчүп барган жерибизде уюштурган дыйкан чарбаларыбызды «Сары-Кол», «Мургап» ж.б. деп атаганыбызды, кантсе да туулуп-өскөн жерибизди ар дайым эстеп, сагынып жүргөнүбүздү айттым. «Бир үйүңөр Мургапта болсо, дагы бир үйүңөр Чүйдө экенине сүйүнгүлө, бизди туура түшүнгүлө…» дедим.
-Мургаптагы 14 мектептин ар бирине бир нускадан «Аалам кыргыздары» журналына өз эсебиңизден жазылып, кичи мекениңиздеги жердештериңизге чыныгы боорукердик, кайрымдуулук кылганыңыз кимди да болбосун кубандырбай койбойт. Бул бийик ой-максаттын жаралышына эмне себеп болду?
- Рахмат, муну мен анчейин деле чоң демилге деп айталбайм албетте, ал эми сиздердин ушундай аты да, заты да улуу журналды тайманбай чыгара баштаганыңыздарды чоң демилге деп айта алам. Ырас, журналдын алгачкы санын көргөндөн кийин чынында эле ойлонуп калдык. Ошондо анын келечеги кең болушу үчүн бардыгыбыз өз салымыбызды кошушубуз керек экен деген ой туулду. Алыскы Мургаптагы ар бир мектепке бул журнал ай сайын жетип, ошол жердеги мугалимдер, окуучулар үзгүлтүксүз окуп турушса экен деген тилек пайда болду менде.
-Эми үй-бүлөңүз тууралуу да азын-оолак айтып берсеңиз?
-Эки уул, 3 кызым бар. өмүр шеригим Гүлсара эжеңер 39 жыл мугалим болуп иштеди. Уулумдун бири - Алмаз Бишкекте ишкерлик менен алектенет. Кичүү уулум менен айылда дыйканчылык кылабыз, 90 гектарга жакын жерди иштетебиз. Карамагыбызда комбайныбыз, тракторубуз, автомашиналарыбыз бар.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены