Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунда Мургаб деген кыргыз район бар. Калкынын 85 пайызы кыргыз болгону менен күч жана башкаруу органдарына жалаң тажик улутундагылар дайындалат. Союз ыдырагандан бери электр жарыгы жок отурган калкка кезегинде Аскар Акаев "Ильич шамын" жеткизем деп жүрүп, 15 жылды өткөзүп жиберди. Андан бери кыргыз бийлиги көп нерсени убада кылып, бирин да аткарган жок. Ал гана эмес, "Кыргызстанга өтүп туруучу чегара постторун жөнгө салып берсеңер, таможник деген жан алгычтар тоноп бүттү" деп айта берип тилдери тешилди. Мургаб Ооганстандын түндүгүнө чектеш. Ооган кыргыздары менен бел ашып, алака кылышат. Ар жылы июнь айында бир күндүк соода-сатыкка уруксат берилет. Ал да орус аскерлеринин көзөмөлүндө.
Ооган кыргыздарынын бүгүнкү абалы өтө оор. Төөлөр менен кокту-колотко көчүп жүрүшөт. Кат таанып, жаза алышпайт. Алтургай өздөрүнүн туулган жылын, курагын билбейт. Соода-сатыкка барганда көбүнчө калай крушка менен калай табактарды кызыгып алышат экен. Эмнеге десе, көчүп конуп жүргөндө сынбаганын айтышат. Өмүрүндө электр жарыгын көрбөй, кыштын күнү да бозүйдө жашашат. Кыздар 12 жаштан кийин кадимкидей турмушка чыгып, үйбүлө күтүшөт. Эларалык уюмдар Ооганстандагы өлүмдүн 30 пайызын ооган кыргыздары түзөт деп билдирген. Анткени кыздардын көпчүлүгү төрөттөн оо дүйнөгө аттанышат экен. Аялзатынын тартыштыгынан бой өткөн эркектердин саны оголе көп. Алардын лидери Абдурашит хан Пакистан, Индия жана Кытай өлкөлөрү менен болгон соода-сатык мамилени өзү гана колго алып, тышкы күчтөр менен мамилени жөнгө салат. Ооган бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мурдагы жылы Түркиянын Ван көлүн жердеген кыргыздардан 22 киши көчүп келди. Ошто мейманканада 2 күн тургандан кийин облус бийлиги араң ойгонуп, Чоңалай районунда жашагыла деп жеткизип коюшту. Элдер анча-мынча жардам берип, эптеп колкабыш кылышкан. Ошондо да бийликтегилер колдорун чөнтөгүнөн чыгарган эмес. Кийин айрымдары көнбөй кетип калышты. Өзбекстандагы кыргыздар деле мындан айырмасы жок. Алардын бир эле артыкчылыгы электр жарыгы менен жашайт. "Кыргыз көпбү же жылдыз көпбү" деп бекер айтылбагандыр. Мисалы, дүйнө жүзү боюнча мал чарбачылыгы өнүккөн Австралияда мал баккан кыргыздар бар болсо, Италия менен Францияда 1993-жылдан бери жашап калышкан кыргыздар майдабарат ишкерлик менен алектенип калышыптыр. Иордания жана Араб өлкөлөрүндөгү жергиликтүү кыргыздардын саны 30 миңге чукулдап барат дешүүдө. Бул билингени. Ал эми Кыргызстанда туруп, эркиндиктин баркын билбеген кыргыз тилин жээрип, орусча чулдурактайт. Кыргыз эли өз өлкөсүндө басынып, атадан калган ыйык салт-санааларын, тили менен динин унутуп баратат. Орус мекендешке сүйлөй албай калган абал түзүлдү. Чоңдордун саясаты кара курсактын гана көйгөйүнөн өталбай жүрү. Кыргыз чачылды.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены