Айылдын “Чечекти”- деп аталып калышы “Чекенде” же “жирчеким” деп да аталат, орусча “хвойник регеля” өсүмдүгүнүн атынан аталган. Бул өсүмдүк урук алган мезгилде массалык түрдө кыпкызыл (чечек) ооруусуна окшогон аспект түзүп ошонон “Чечекти” деп аталып калган. Чекенде өсүмдүгүн ата-бабаларыбыз эзелтен эле билимдүү болуп, элдик медицинада каптаган оорууларга колдонуп келишкен. Илимий медицинада бул өсүмдүктөн “эфедрин” деген преапрат даярдалып, көп оорууларды дарылап келишкен. Чечектиде илгертен бери эле биологтордон, физиктерден тышкары Москва шаарына баш ийген Сейсмостанция союз тозуганга чейин иштеп келген. 1966-жылдан атайын медпункт, китепкана, клуб, мечит иштеп келе жатат. 1968-жылдан баштап чекара застава курулган.
Чечекти-чыгыш Памири илимий борбору болуп, 1936-жылы Чечекти биологиялык станциясы бир союздук эмес, дүйнөлүк мааниге ээ болгон. 1934-жылдан баштап САГУ (Орто Азиялык мамлекеттик университетинин окмуштуулар тарабынан уюшулган. “Памир комплекстүү экспидициясынын атайын жөнөтүлгөн . Негизги максаты жер жана өсүмдүк ресурстарын аныктап, бийик тоолуу Чыгыш Памир өрөөнүнө өсүмдүктөрдүн өсүшүн та- жрыйбалап чыгуу. Экспедициянын жетекчиликтигинде көрүнүктүү окмуштуулар, профессорлор П.А.Баранов жана Э.А.Райковалар болушкан. Ошонон баштап, көп окмуштуулар эмгектеништи. К.Б.Сталкович, А.Э.Белов, О.Н.Сарокина, Е.Г. Кирилова, М.М.Мечникова, Ф.А.Севчинников, Х.Ю.Юсуфбеков, А.Е.Касач, А.А.Коннов, И.А.Цаценина, О.Е.Атаханяиц, С.С.Иконников кийинки жылдары Иван Загребельный, Мета Балоговащанская профессорлор Акназаров Огоназар, Акназаров Худодод, Фелалиев Акрамшо, Абдуламонов Козумамад, азыркы мезгилде Мусалиева Лола, жергиликтүү адистерден Курбаналиев Абубакир, Жоробеков Базарбай, Темиров Тажибай, Маматумаров Раимберди иштеп “Чыгыш Памирдин, сарыколдун даары чөп өсүмдүктөрү деген китеби 2010-жылы жарыкка чыккан.
Биостанция илимий мекемесинде Москва, Ленинград жана башка көп шаарлардан илимий кызматкерлер келип иштешип, 40-жылдары Фи- зиктер деген да бир группа окмуштуулар иштеген, алардын ишине жөнөкөй кишилерди аралаштырбаган (жашыруун болгон) 1960-жылдардын башында физиктер иштебей калган, жергиликтүү элден анча мынча жумушчу иштеген (кара жумушта жер казып, от жагып, отун алып, айдоочу болгон). Союз мезгилиндеги эң бир көрүнктүү окмуштуу “атомшик” деп аталган В.М.Курчатов дагы келип изилдеп кеткен. Ошол көп изилдөөлөрдүн негизинде Чечектинин мурдагы Ленинград (азыркы Санк-Петербург) калонасына өткөрүшкөн. Биостанцияда көп жылдардан бери эмгектенген Абылкасымов Токур анын көзү өтсө дагы балдары Мажит, Абдилазиз, неберелери азыр дагы эмгектенип жүрүшөт. Мурун Чечектинин биостанциясы уюшулгандан баштап Таштанбеков Мамат, баласы Галчоро ажи, Таштанбеков Султан, баласы Ыса, Сатикулов Олжочунун балдары Нуридин, Сулаймандар эмектенишкен.
Илимий мекемеден тышкары Чечектиде колхоздоштуруу мекемеси уюшулуп, 1940-жылдын 1-ноябрынан баштап Варашилов колхозу болгон. Колоздо башкарма болуп Тилдабаев Жумамат-1940 жылы, Алимсеитов Маматбек, Жанкулиев Касым, Токтобеков Омурзак, Мансуров Тажали, Бекчороев Кутбидин иштешкен .
1953-жылдан Ыраң-Көлгө кошулуп Ленин жолу колхозунда Мусаев Жармамат 1953, Акназаров Ибраим 1954-1955-ж, Мусаев Жармамат 1956- 1957-ж, Чаргинов Мамытали 1958-1959-ж, Шаиков Аблеч 1960-64, Сатаркулов Апанди 1965-70-ж, Ибраев Токон 1971-73-ж, Кадырбеков Калаш 1974-76-ж, Аматбеков Раимбаба 1977-78-ж, Шаиков Аблеч 1979-86-ж, Колчокбаев Тешебай 1987-ж, Айтеков Абдираим 1988-89-ж, Бөөрүбеков Мамасаржан 1989-1992-жылга колхоз директор болуп иштешкен .
1993-жылдан Чечекти айылы кайра колхоз болуп, анда Козубеков Сулайман 1993—1995ж, Миңбаев Тагайбек 1996- 1997ж, Раимжанов Курбанбай 1998-жылы колхоз дироктору болушкан. 1999-жылдын октябрынан АФЧ болуп Раимжанов Курбанбай 1999-2000-ж. Алиев Убайдылда 2000-2011-ж, Көкүлов Раимкул 2012-2018-жылга чейин АФЧ төрагасы болуп эмгектенишкен, 2018 жылдан бери Умарбеков Эшанкул АФЧ төрагасы болуп эмгектенүүдө .
Азыркы Чечекти айылында жашагандардын ата-энелери колхозду өздөштүрүүгө эмкетенишип, мал башын өстүрүп, экономикасын чыңдап, эмгек- теринин үзүрүн азыркылар менчиктештирип көрүп олтурат. Алар: Тажали ака, Колчокбай ака, Кудайназар, Абдилмамит, Исражидин, Миңбай, Камчыбек, Жумамат, Шербек, Аскар, Ботобек, Харыбек, Арапбай, Кудайберген, Мадан, Майиз эже, Назирбай ака, Орозали ака, Арзыбай ака, Абди- лаз, Али (молдо), Генжемамад, Таштанбек, Козубек, Сүйүндүк, Мамадали (Чоокбай), Шамши, Турду, Нурмамад, Исман ака, Үсөн ака, Галбүбү эже жана башка.
Чечекти айылынан чыккан райондук жетекчилер:
Атамараев Турдукул (1939- 40), Мамраимов Ибраим (1953- 57), Конокбаев Салайдин (1957-63), Таштанов Базарбай (1987-90) жылга чейин, Жоош- баев Мурзабай (2011- жылдан бери райондун төрагалык милдетин аткарып келүүдө).
Чечекти айылынын көрүнүктүү жетекчилери:
Абсатоаров Гамбар айыл чарба адиси, «Ленин» орденинин ээси, Колчокбаев Тешебай жетекчи, Тажалиев Мамасаит ажы-врач, Таштанбеков Абду- манап врач, Абилкасымов Абдилазиз биолог, Адинаев Кубатбек курулушчу, Ниязбеков Жолдош жетекчи, Ниязбеков Зулпукаар жетекчи, Жумабаев Кубаныч жетекчи, Көкүлов Раимкул жетекчи, Маматов Бакыт мугалим, Таштанбекова Зуура мугалим, Шанаева Ырысгүл мугалим.
Акын жазуучулар:
Жумабаев Миталип, Жумабаев Абдыкаар.
Чечектидеги жер-суулардын аттары, ыйык жерлери, кээ бир уламыштар.
Сасык: Чыгыш Памир өрөөнү кең байлыктарга өтө бай, Менделеевдин мезгилдик системасындагы 83% ушунда жайланышкан. Кээ бир илимий чөйрөдө жана уламыштарда ушул кең байлыктардын кендеги чечектидеги Сасык жылгасы деп да жүрүшөт. Мында асыл таштардан баштап нефтиге- че ушунда жайланышкандыгы үчүн ушул жылгада Сасык жыт чыгып “Сасык” болуп аталып калган дешет.
Акбайтал ашуусу (бели): Илгери бир заманда Хан Шырдак деген көп койлуу, бай адам жашаптыр. Анын бир сулуу аялы бар экен. Сулуу аялын аябай жакшы көргөндүктөн, жалгыз үйлүү конуп, күнүгө кырк кара койдун чучугунан түрдүү оокат, тамак-аш жасатып бакчу экен. Хан Шырдактын өзүндө алты кулач Ала байталы, бир мылтыгы, Даңгыт Маңгыт деген эки ити болуптур. Хан Шырдак кой кайтарып кеткенде, сулуу аялы калмактардын бир башчысы менен сүйлөшүп жүрүптүр (1671-1696-жылдары). Күндөрдүн биринде калмактардын башчысы Хан Шырдакты өлтүрүп, сулуу аялын алып кетмекчи болот. Бирок, Хан Шырдак билип калып, алты кулач Ала байталына минип алып, аялын учкаштырып, эки итин ээрчитип үйүн-малын таштап качат. Калмактар артынан кууп жеткенде, Хан шырдак мылтыгын алып атайын десе, белине курчалган окторун аялы жол катар бирден сууруп, ыргыткан экен. Хан Шырдак айласы кетип, аттан түшүп аялына карматып, кууп жеткен калмакты күтүп калат да, экөө күрөшө кетет. Күрөш көпкө созулат. Акырында Хан Шырдак калмакты тизелетип калганда аялы аттын чылбырын Хан Шырдактын бутуна чороп салат. Хан Шырдак жыгылат. Калмак өлтүргөнү кынынан бычагын суурумак болуп калганда, Хан Шырдак жаткан эки итин аттарынан айтып жардамга чакырат. Мына ошондо эки ит келип калмакты талап, туш тарапка созуп кетет. Хан Шырдак тура калып калмакты да аялыны да бычак менен сайып өлтүрөт. Өзүнүн ала байталын минип эки итин эрчитип, “Ит бапаа (жолдош), катын жапаа” -деп жүрүп кеткен экен”-дейт. Ошондон бери ал жер “Акбайтал” аталып эл оозунда “катыныш эрне” сактаган Хан Шырдак менен түгөсүн деген лакап калыптыр.
Сары жылга: Чечектинин Сары жылга өрөөнүндө Сартек тобу көп жылдар бою мекендеп жашап келишкен. Сартек Сары жылгадан жөө ажылык сапарга кетип, эки жарым жылда Сартек ажы болуп келген экен. Ошондуктан бул жылгада Карасарт (Нурмат) эшан (Сартек уулу) 1937-жылы бул дүйнө менен коштошуп, кабыры азыркы Плановойго коюлган. Бүгүнкү күнгө чейин кабырына зыярат кылуучулар болгондуктан, ыйык жерлердин катарына кирет.
Сарымолодон аркы суу боюндагы “Жайхана”дагы ыйык жерлердин катарына кирет:
Өткөн кылымдын 50 жылдарынын башы болуш керек Эшан ата (Молдо Султан), Молдо Муса, Камчыбек акалар Акбайтал жакка жөө жөнөшүп кетип жатып Сарымолого жакындап калганда эшандыктын даражасы канчалык экен деген ой менен, ушунда шаит бар дешет, ушуну билип бербейсиңби? – деп калышат. Ошондо Эшан ата силер баса бергиле, аркаңарды карабай, дейт да Акбайталдын сайынан даарат алып келип, шаиттин жанында чымчык чыркырап жаткандай болуп этеги жерге тийбей турат. Шериктери колтугунан шыкааласа ушундай абалда көрөт. Ээ биз Эшан атага гүмөнсүп күнөөгө калган экенбиз- деп курларын мойнуна салып кечирим сураган экен. Ошондо Эшан ата “Алар шаит эмес экен, жарадар болгондо суу ичип алып, анан каза болгон экен”, “өзүнүн жаныга даражасы бар жан экен” деген.
2004-жылдан баштап атайын чет элдик долбоорлордун негизинде Ева, күйөөсү Штефандар келишип, атайын жардам беришип, Өкүмөт менен бирдикте жылууланган долбоордо кооз мектеп курушуп, жыйырмадан ашык жергиликтүүлөр жумушу менен камсыз болуп иштеп жатышат. Ева Клейн дүйнөдөн өткөндөн кийин дагы, туугандары келишип, мектепке көптөгөн белектерди тартуулашкан. Өткөн жылдан бери тоо-кең базасы курулду. Быйылкы жылы 2018-жылдын июль айынан баштап Чечекти айылы Өкүмөт тарабынан күн чырак, телевизор, муздаткыч жана байланыш түйүнү “КОДАН” менен камсыз болушту. Эң акырында белгилеп кетүүчү нерсе, суу-жашоонун булагы болуп, акыркы жылдары таза суу кол насосу (суу качалкасы) менен да камсыз болду.
Ошондуктан Чечекти айылынын азыркы жашоочулары өткөн тарыхты эсине алып “ырыс алды ынтымак”-деп ата-бабасынын салтын улап, жаштарды ынтымактуулукка тарбиялап, Чечекти айылынын өркүндөп өсүшүнө салымдарын кошуп, чыгаан уулдарды даярдап ынтымакта болушун каалайбыз.
Даярдаган ардагерлер:
Т.Колчокбаев, А. Курбаналиев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены