Дүйнө чатыры Памирдеги Мургап, жер киндиги Жерге -Тал

Дүйнө чатыры Памирдеги Мургап, жер киндиги Жерге -Тал

Биз "Кыргыз Туусу” газетасынын мурдагы редактору Бакытбек Орунбеков экөөбүз көптөн бери Тажик Республикасынын Жерге-Тал жана Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы Мургаб районунда жашаган кыргыздардан кабар алууга чыгынып жүргөнбүз. Биздин бул демилгебизди уккан билген жарандар колдоого алышып: "Тажикстандагы боордошторубузга салам айтып, аларга биздин атыбыздан белек катары берип койсоңуздар деп өздөрүнүн китептерин, улуттук музыкалык аспап- комуздарын алып келип беришти. КТРКнын президенти Кубат Оторбаев мырза "Кыргыздын заркар күүлөрү” жана "Сармердендин” деп аталган жаңы жазылган сапаты жогору компакт дисктерди берди. "Кыргыз Туусу” гезитинин бул демилгесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков,

 

Алай жана Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер Таалайбек Сарыбашов менен Бекболот Айтиевдер да колдоого алышып, Оштогу филармониянын директорунун орун басары, белгилүү обончу, аткаруучу Мурат Сыргабаевди, Алай райондук үй-бүлөлүк дарыгер тобунун алдындагы орууларды алдын алуу боюнча бөлүмдүн башчысы Зулфия Малтабарова менен Сары-Таш айыл округунун башчысы Бердибек Тойматовду кошуп берди. Ноокаттан болсо райондун башкы архитектор Исираил Алибаев кошулду. Араван цемент заводунун жетекчилиги бизди транспорт менен камсыз кылып, аны Уланбек жана Мукамбет атуу жигиттер алмак-салмак айдап жүрүштү.

 

Дүйнө чатыры Памирдеги Мургап

 

Ар нерсенин убак-сааты чыгат тура. Сапарыбыз 20-августта башталды. Баарыбыз антип-минтип топтолгончо күн кечтеп, жолго кеч чыктык Бор-Дөбөдөгү постко келгенде күн батып, кыска бурумдуу Кызыл-Арт ашуусун ашканча караңгы кирип кетти. Андан кийин Мургаб районунун Кара-Көл айылдык жамаатына бир азга токтодук. Деңиз деңгээлинен 4655 бийикте жайгашкан Ак-Байтал ашуусуна келгенде жамгыр жаап, ал бат эле карга айланды. Алгач баратканыбызгабы же ашуу бийиктик кылдыбы, ачык айтканда, абдан эле кыйналдык. Мургабга түнкү саат 3тө араң жеттик. Кыргызстандан барган конокторду Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы Мургаб районунун төрагасы (бизче айтканда- акими) Мырзабай Жоошбаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбай Назармамбетов жана "Сары Кол” газетасынын башкы редактору Султан Парманов күтүп турушуптур. Чыны ыраазы болдук. Алар бизди жол боюндагы "Памир” мейманканасына жайгаштырышты. Анда адам толо экен, көпчүлүгү чет элдик туристтер. Мейманканага келген адам бут кийимин кире беришке чечип, байпакчан жүрүүгө милдеттүү экен. Биз бул талапка баш ийип, бут кийимдерди чечтик. Чарчаганыбызга карабастан Бакытбек экөөбүз эрте туруп, райондун борбору Мургаб менен таанышып чыкканга, айрым тургундар менен маектешкенге үлгүрдүк. Мында Аличур, Кожо Бердиев, Кара-Көл, Кызыл –Рабат, Мургаб, Раң-Көл айыл жамааттары (бизче айтканда айыл округдары) бар экендигин билдик.

 

Эртең мененки тамактан кийин баарыбыз Мургаб районунун төрагасы Мырзабай Жоошбаевдин кабинетине барып, пикир алыштык. Төрага өз сөзүн райондун тарыхы, географиялык абалы жана Тажикстан өкмөтүнүн көргөн комкордугу менен баштап, анын Кыргызстан менен болгон экономикалык , соода жана маданий байланышына токтолуп, аны андан ары өнүктүрүү маанилүү маселе экендигин баса белгилеп өттү. Артка кылчайып, тарыхты изилдеп чыксак, Кокон хандыгын басып алгандан кийин Падышалык Россия 1893 –жылы өзүнүн чек араларын чыңдоо максатында ушул жерге Памир постун курган. Ош-Хорог жолун кесип өткөн Мургаб дарыясынын боюнда жайгашкан бул чыңдоо аскер инженери штабс-капитан Серебренников тарабынан тургузулган. Мургаб- Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун борбору Хорогдон 300 км алыстыкта жайгашкан, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги деңиз деңгээлинен эң бийик жерде (тактап айтканда 3612 метр) жайгашкан шаар. Райондун аянты 38442,2 чарчы километр, калкынын саны 16,9 миң адам. Район чыгыштан Кытай, түштүгүнөн Ооганстан, түндүгүнөн Кыргызстан менен чектешип турат.

 

Тажикстан Республикасынын Президент Эмомали Рахмон тарабынан өлкөдө азык түлүк коопсуздугу жана аймактар аралык байланыштарды чыңдоо маселесине олуттуу маани берилет. Бизге окшогон тоолуу райондорго өзгөчө көңүл бурулат. Кийинки жылдарда Мургабда социалдык мекемелер, тейлөө багытындагы мекемелер, мейманкана сервиздери ачылып жатат. Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасы жана анын Ош облусу менен Тажистандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу менен болгон эзелкиден бери келе жаткан карым-катнашы тууралуу маалымат айта кетүү менин парзым. Мурда союз учурунда Хорогго тартылган жүктөрдүн баары Оштон тартылып турган. Азыркы учурда деле азык түлүк, өнөр жай товарлары Ош тараптан, Кара-Суу базарынап алып келишет. Мектептерде жетишпеген кадрлардын баары Кыргызстандан келип турган. "Кыргыз бутагы” коомдук уюму Оогандык кыргыздардан кабар алганы баратканда бизге келип турат, алар биздин районго аккердион, ооз комуз сыяктуу музыкалык аспаптарды жана биз үчүн өтө баалуу руханий байлык болгон "Манас” китебинин томдорун берип кетишти. Оогандык кыргыздарга биз деле колдон келген жардам беребиз. Бирок, Кыргызстандыкы, сиздердики өзгөчө эмеспи!

 

Айтылуу Курманжан датканын 180 жылдык юбилейине Мургабдан чоң делегация чакырылган. Бул жерде айтып өтүүчү жагдай, датка энебиздин улуу уулу Абдылда агабыздын сөөгү Мургабдын аймагына коюлган. Анын жанында жүргөн жолдоштору анын жүрөгүн жана мүрзөнүн топурагын Алайга алып кетишкен. Азыркы учурда эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизде Тажик Республикасында жашаган этникалык кыргыз жаштары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында атайын бөлүнгөн квота менен жеңилдетилген шартта окуп жатышат. Шарты катаал болгон Мургаб районунун калкы үчүн Ош облусунан жеңилдетилген баада көмүр тартылып жатат. Мурдагы жылы Мургабда кыш катуу болуп, Хорогго жана Ошко барчу жолдордон кар көчкү жүрүп, Мургабда эки тараптан тең байланыш үзүлүп, кыйналып калган кезде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековден Ошко келчү жолду көчкүдөн тазалап берүүсүн суранганбыз. Биздин өтүнүчүбүз аткарылып, Кыргызстандык жолчулар кар көчкүнү тазалап беришкен. Мургаб эли Кыргызстандыктардын ошондой кыйын кырдаалда берген биздин жардамыбызды ушул күнгө чейин айтып жүрүшөт.

 

Мургабдан Ошко кетчү жол Алай районунун Сары-Таш айылынан өткөндүктөн, биз Сарыташтык туугандар менен абдан жакшы мамиледебиз. Алар кышын жайын, күн-түн дебей биздин адамдарды ар дайым кучагын жайып тосуп алышат. Боордоштук деген ошончолук болот да... Учур келип турганда айта кетүүгө тийишпиз. Биздин райондогу окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуу китептери, айрыкча кыргыз адабияты, химия, биология, математика сабактары боюнча окуу куралдары жетишпейт. Кыргызтандык туугандарга биздин ушул көйгөйүбүздү жеткире барсаңыздар. Эгер мүмкүнчүлүк болсо бизге келип жаткан "Кыргыз Туусу” газетанын санын көбөйтсөңүздөр жакшы болот эле. Анткени, ага болгон суроо-талап көп экендигине өзүңүздөр да күбө болдуңуздар. Ушунчалак алыс, татаал жолдо убара болуп,атайын бизге келгениздер үчүн сиздерге ыраазыбыз. Бизди тааныгандарга, сурагандарга мургабдыктардын саламын жеткирип койсоңуздар. Эми убактыңыздар жетишинче Мургабды жана айылдарды кыдырып, жаңы курулуп жаткан мектептердин имараттын көрүп чыгыңыздар.

 

Райондун жетекчиси менен болгон маектен кийин Мургабдагы №1,9 орто мектептер менен таанышып, андан кийин райондук борбордук китепканасына кирип көрдүк. Бизди кубанткан нерсе, анда "Кыргыз Туусу” гезитинин тиркемеси туруптур. Колуна комузун алган шыктуу жаштар кыргыздын мукам обондорун аткарып беришти. Биз менен кошо барган Оштогу филармониянын директорунун орун басары, белгилүү обончу, аткаруучу Мурат Сыргабаев мургабдыктарга Рысбай Абдыкадыровдун ырларын аткарып берди. Ошол кезде китепканага келген аксакал менен таанышып, аны сөзгө тарттык.

 

Ал Мургаб райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Казыбеков Боронбай аксакал болуп чыкты.

-Мен 1961-жылы Мургабдагы Ленин атындагы орто мектепи бүтүрүп, Ош мамлекеттик педиститутунун филология факультетин бүтүргөм. Көп жылдар бою мектеп директору, андан кийин райондук агартуу бөлүмүн 20 жыл жетектеп келдим. Азыр ардактуу эс алуудамын. Өзүңүздөр күбө болгондой, бизде эки улуттун өкүлдөрү жашайт. Анын көпчүлүгү бөлүгүн кыргыздар түзөт. Союз мезгилинде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы Медеткан Шеримкулов баштаган жоон топ делегация эл аралап концерт коюшуп, Хорогго чейин кыдырып келишкен. Мурда союз бузула элек кезде мургабдыктар кыргыз тилинде чыккан «Советтик Кыргызстан», «Кыргызстан маданияты» «Мугалимдер газетасы», «Ленинчил жаш», «Кыргызстан пионери» сыяктуу гезиттерге жана «Ала-Тоо», «Эл агартуу», «Ден соолук», «Жаш ленинчи» сыяктуу журналдарды алып окуучубуз. СССР ыдырагандан кийин мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калдык. Бирок, жаны жылдан тартып, борбордук китепканадан «Кыргыз Туусу» гезитинин тиркемесин көрүп, жашым бир топко барып калса да жаш балача толкундана түштүм. Жакшылап сураштырсам, үстүбүздөгү жылдан тартып биздин районго 10 даана «Кыргыз Туусу» келип жатыптыр. Ал «Сары-Кол» гезитинин редакциясына, райондук борбордук китепканасына, Токтомуш айылындагы №6, Мургабдагы №1,9, Көөнө-Коргондогу №5, Аличордогу №6, Кара-Көлдөгү №10 орто мектептерге берилип жатыптыр. Бул жаңылык мургабдыктардын арасында тарап, бул демилгени кубануу менен кабыл алышып, анын жаңы санын улам күтчү болдук.

 

Тарыхка көз чаптырсак, кыргыздар байыркы замандан бери тажик калкы менен ийиндеш жашап келген калк. Биздин Тажик Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областы менен болгон карым-катнашыбыз байыркы мезгилге барып такалат. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Мургабга келгенде кыргыз менен тажик кадимден бери эле тага жээн экендигин, кыйын кырдаалда бири-бирине арка бел болупкелген эл экендигин айтып, биздин көөнүбүздү күөтөрүп койду. Бул салтты азыркы учурда да улантылып жатат. Мургаб бийик тоолуу район болгондуктан Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун жетекчиси Кодири Косим тарабынан бизге айрыкча көңүл бурулат. Азыр кудаага миң калла шүгүр, курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн. Бирок, элибиз рухий байлык жаатында жакырланып баратат. Ошондуктан мургабдык кыргыздар сиздердин ушул жагдайдан алганда сиздердин колдооңуздарга абдан муктажбыз. Негизинен алганда биздин жашоо –турмушубуз, тиричилигибиз Кыргызстан менен тыгыз байланыштуу. «Кыргыз Туусу» гезитин биздин аймакка жеткирүүгө демилге көтөргөн Бакыт Орнбековго жана Кара-Кулжалык ишкер Бейше Намашамовго дагы бир жолу ыраазылык билдиребиз. Элибизде «кошунаң менен ынтамак болсоң, жашооң маңыздуу» деген сөз абалтан эле айтылып келет.

 

Жолугушуунун соңунда Мургаб райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Калмурзаева Бүайшага микрофон сундук. Ал райондо 2 маданият үйү, 8 айылдык клуб, Райондун борбору Мургабда борбордук жана балдар китепканасы жана 11 айылдык китепкана бар экендигин айтып, борбордук китепкананын китеп фондусунда 16 000 китеп түзөөрүнө токтолуп,сөзүн андан ары минтип улады:

 

- Бирок кыргыз тилиндеги китептердин саны аз ,болгону 5 миң гана нуска. Көпчүлүгү кыргыздар жашаган аймакта бул көрсөткүч аз. Кыргыз балдар үчүн жомок китептер жетишпейт. Туура, Тажикстанда жашагандан кийин биз анын мыйзамдарын сыйлашыбыз, тилин билишибиз керек. Бирок, ошол эле мезгилде биз өзүбүздүн тилибизди, каада- салтыбызда сактап калышыбыз зарыл. Ошондуктан Кыргызстандын телеканалдарынын ичинен КТРКны үзбөй көрүп турабыз. Бул жагдайдан алганда Кыргызстандык туугандардын руханий азык жактан колдоосуна муктажбыз. "Кыргыз бутагы” коомдук уюму биз үчүн өтө баалуу байлыкты, атагы ааламга кеткен кандашыбыз Чынгыз Айтматов агайыбыздын китептерин белекке берип кетишти.

 

Үстүбүздөгү жылдын январ айынан тартып, биздин китепкана "Кыргыз Туусу” газетасын ала баштады. Ырасын айтканда, мындай камкордук мургабдыктар үчүн чоң жаңылык, айтып бүткүс сөз болуп калды. Бизге "Кыргыз Туусу” газетасынын келиши менен окурмандарыбыз көбөйдү. Алар негизинен мугалимдер жана эмгек ардагерлери. Жогоруда айтылгандай биздин райондун аймагында 11 айылдык китепкана бар. Сиздерден чоң сураныч, эгер мүмкүнчүлүңүздөр болуп калса, "Кыргыз Туусу” газетасын нускасын көбйтүп жөнөтсөңүздөр, ошол айылдык китепканаларга жеткирип турабыз. Анткени, китепканаларыбызда райондук "Сары Кол” газетасынан башка бир да кыргыз тилинде чыккан газеталар жок. Ачыгын айтсак, Кыргызстандын басылмаларына жазылууга каражатыбыз жок. Сиздердин бизден кабар алып турганыңыздар биз үчүн өтө зор жөлөк.

 

Андан киийн биз Манас атындагы мектептин жаңы имараты менен таанышып чыгып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбай Назармамбетовду сөзгө тарттык:

-Тажикстан республикасы эгемендүүлүк алгандан бери өзүнүн аймагындагы райондордогу жаңы мектептерди пайдаланууга берип келе жатат. Ага Тажик Республикасынын Прзиденти Эмамали Рахмондун резервдик фондусунун эсебинен курулган Аличурдагы орто мектепти, Кызыл -Рабат, Кожо Бердибаев, Раң-Көл айыл жамааттарынын аймагындагы 3 жаңы мектепти, мамлекеттик мектеп-интернатты, Мургабдагы 2 кабаттуу Манас атындагы орто мектепти мисалга келтирсек болот. Бул жерде айта турган нерсе, мурда мугалим кадрлардын тартыш болуп келсе, кийинки жылдарда жергиликтүү уул кыздардын эсебинен толукталып баратат. Бирок, айылдардагы мектептерде физика , химия ,биология, башталгыч класстын муглимдери жетишпейт. Бул маселе да чечилип калат деген ишенимдебиз. Анткени, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан 150 мургабдыктардын 120 сы педагогдук адистер. Биздеги эң көйгөйлүү маселе, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кырыгз тилиндеги окуу китептери, окуу куралдары жетишпейт.Кыргыз боордоштор ушул жагынан жардам берсеңиздер жакшы болот эле.

 

Murghab Jergeta 2Мургаб райондун борборунан 80 чакырым алыс турган Раң-Көл айыл жамаатында болдук. Анын башчысы Абдыкадыров Эркиндин айтуусунда башка аймактарга салыштырмалуу Раң-Көлдө кыргыздын каада-салты таза сакталып калган. Эл арасында боз үй жасаган усталар бар. Жыгачты Хорог тараптан алынып келишет. Айрым үйлөрдүн алдында тигилген боз үйлөрдү көрдүк. Боз үй негизинен жайлоого чыкканда колдонулат. Бул аймактын дагы бир өзгөчөлүгү раңкөлдүктөр ыр-бийге жакын калк келет. Улуусу- кичүүсү, эркеги-аялы ырдаганды өөн көрбөйт, тескерисинче сыймыктанат. Мактангандай болбойлу, раңкөлдүктөр облуста биринчи орунга чыгып, республикага жөнөп жаткандыгы бекеринен эмес. Жамааттын башчысынын сөзүн Раң-Көл айыл жамаатындагы көркөм өнөр мектебинин директору Кеңеш Орозбаев мындай деп бышыктады:

 

- 2005-жылы Мургабдагы музыкалык мектептин филиалы катары ачылган. Беш жылдын ичиндеги окуу-тарбия иштеринде жетишкен ийигиликтеринин жана кароо конкурстарда алдыңкы орундарды камсыз кылып келгендиктеринин негизинде 2010-жылы көркөм өнөр мектеби болуп кайра түзүлгөн. Концерттик программалардын репертуарларында "Манас” дастанын айтуу Азыркы учурда мында 135 окуучу интернатта жатып окушат. Мында Кызыл –Рабат айыл жамаатынын Шаймак, Көөнө-Коргон айыл жамаатынын Көөнө-Коргон айылдарынан келип окуган балдар бар. Мктептин педагогикалык жамааттын саны 15, анын 5өө Бишкектеги, Душанбедеги атайын музыкалык окуу жайларын бүтүрүп келген адистер. Негизинен алганда Раң-Көл айылынын жашоочулары ыр-күүгө, бийге жакын болушат. Мектептин аккердеон классында 12, көркөм өнөр классында 17, комуз классында 24 окуучу окуйт, Алар комуз чертүү ыкмаларын үйрөнүү үчүн атайын Бишкекке барышып, Кыргыз эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдырахмановго жолугуп, андан сабак алып келишкен. Раңкөлдүктөрдүн айтуусунда Нурак агай комуз күүлөрүн нотага салгандыктан балдар бат үйрөнүп жатышат. Биз Раңкөлдүк окуучулардын өнөрлөрүнө күбө болуп, БакытбекОорунбеков мектепке алып барган белектерибизди тапшырды.

 

Мургабга болгон сапарыбыз карып, эртеси Сары-Ташка кайра тарттык. Баратканда түн кирип калып жолду анчейин байкаган эмес экенбиз. Ак-Байтал, Кызыл-Арт ашуулары бир топ эле бийик тура. Кара-Көлдү бойлоп өттүк, анын жээгинде чөп чаап жүргөн адамдарды байкадык. Мургабда германиялык инвесторлордун жардамы менен кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор ишке ашканы турат. Жергиликтүү калк кийинки жылдарда күндүн нурунан алынуучу энергиясын пайдаланууну колго алышыптыр. Мурдагы СССР менен Кытайдын ортосундагы мамилеси бузулуп турган кезде СССР Кытай менен чек аралаш аймактын баарын тикенек зым менен тоскон экен. Жүздөгөн чакырымга созулган жол тикен зымды бойлоп келди. Адам баласы Ата Мекендин касиетин четке чыкканда билет окшобойбу. Өзүбүздүн чегибизге өткөндө Кыргызстан көзгө жылуу, жүрөккө жакын сезилди. Биздин жерге өтөөр менен Мургабдагыдай боз чаптар жоголуп, айлана-тегерек жашыл түскө айлана баштады. Ата-бабаларыбыз өз урпактарына кооз жерди калтырып кеткендигине дагын бир ынандык.

 

Жер киндиги Жерге-Тал

 

Сары-Ташка келгенде биз экиге бөлүндүк. Алайлыктар менен аткаруучу Мурат Сыргабаев Ош тарапка жөнөп, Бакытбек Орунбеков баштаган топ батыш тарапка карай жол жүрдүк. Өткөн жылы пайдаланууга берилген асфальт жол менен Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргонго тез эле жетип келдик. Райондук мамлекеттик администрациядан райондун акими Абдилазиз Аширалиевге жолугуп, Жерге-Талга бараткан максатыбызды айттык. Ал Чоң-Алай жана Жерге-Тал райондору эзелтен эле тыгыз байланышта болуп келген аймак экендигин, эки райондун ортосунда ар тараптуу кызматташтык түзүлгөндүгүн айтып, биз менен чогуу барып келе тургандыгын билдирди.

 

Узун жолду сөз кыскартат эмеспи. А. Аширалиевдин сөзүнө кулак салып баратабыз:

-Чоң-Алай менен Тажикстандын ортосунда да талаш жерлер бар. Алар биздин жайлоону талашып жүрөт. Биз Күнжү-Булакка чейинки жерди бизге тиешелүү деп айтабыз. Алардын чек арачылары андан бери келип, дөңсөөгө чатырларын орнотуп алганда сүйлөшүү жолу менен мурдагы турган жерине кайра жылдырттык.Эки райондун эли, жетекчилиги ынтымакпыз, көп маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылабыз. Жекенди айыл округунун аймагына келгенде аким түндүк- батыш тараптагы кыя жолду көрсөтүп:

-Тажикстан менен чек ара ушул айыл аймактан башталат. Бул жерде биздин чек арачылардын, бажы кызматынын посту бар. Оң жакта чети көрүнүп турган айыл Кара-Мык. 1999-жылы Баткен коогалаңында бомба түшкөн айыл ушул. Мурдагы жол өтө татаал жана коркунучтуу болчу. Жол бүткөндөн бери эки тарапка тең жеңил болуп калды. Посттон бизди Тажик Республикасынын Жерге -Тал районунун Ош облусундагы өкүлү Аманилло Абдулхаев жана Жерге-Тал районунун жол пайдалануучу мекеменин жетекчиси Аманилло Юлдашев экөө тосуп алышты. Алар бизге Жерге-Талга чейинки Жайылма деген айылдагы №2 орто мектепте жогорку зонадагы мектеп директорлорунун август конференциясына карата отуруму болуп өтөөрүн, алгачкы жолугушууну ушул жерден баштоону сунуштап калышты.

 

Алдын ала кабар берилген окшойт, жергеталдык боордоштор бизди чыдамсыздык менен күтүп жатышыптыр. Биз "Кыргыз Туусу” гезитинин жамаатынан атынан салам айтып, өзүбүздүн келген максатыбызды, жерге-талдыктар менен болгон байланышыбызды чыңдоо, алардын ийгиликтерин, кубанычын, достугун, ошол эле мезгилде көйгөйүн чагылдырууга аракет кыла турганыбызды билдирдик. Чоң-Алай районунун акими да эки райондун ортосундагы достук мамилени баяндап, аны ынанымдуу далилдер менен бышыктады. Андан кийинки сөзгө ушул мектептин директору Мыйзамов Саидкожо чыгып, Жерге-Талдагы кыргыз менен тажик элдери көп убакыттан бери бири-бири менен кыз алышып, кыз беришкен ынтымактуу калк экендигин айтып, өзүнүн атасы тажик, энеси кыргыз экендигин кошумчалады. Директордун айтуусунда мектепте 1000 окуучу бар, аларга 52 мугалим таалим –тарбия беришет. Кыргызстандан келген окуу китептерин колдонууга тоскоолдук жок. Жыйындын аягында чогулган мектеп жетекчилеринин атынан №12- мектептин директору Калыкова Даанагүл чыгып сүйлөп, ал жогорку билимди Бишкектеги кыргыз кыз келиндер педагогикалык институтунан алгандыгын айтуу менен сөзүн минтип улантты:

 

- Кыргыз жана тажик элинин достугу Айкөл Манастын доорунан бери келе жаткандыгын эч ким жокко чыгара албайт. Манас атабыз менен Санжира бийкенин ортосундагы үй-бүлөлүк жылуу мамиле муундан- муунга үлгү катары айтылып келе жатат. Ошондуктан тажик менен кыргыздын достугунун тарыхы тээ байыркы кылымга барып такалат. Жергеталдык кыргыздар сиздерден алыс аймакта жашасак да жүрөгүбүз Кыргызстан деп согуп, сиздердин бул сапарыңыздар бизди абдан толкундатып турат. Бизге деп алып келген баа жеткис руханий байлыктар: кыргыз тилиндеги китептерди, гезиттерди, кыргыздын элдик күүлөрүн, музыкалар үчүн абдан ыраазыбыз. Бул колдооңуздар биз үчүн арка бел, жөлөк болуп тургандыгын ачык айтууга тийишпиз. Колдон келсе, биз тарапка көп эле келип туруңуздар, колдоп туруңуздар.

 

Сиздерден сураныч, кийин дагын бир келип калсаңыздар биздин элибиздин сыймыгы болгон атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын ала келсеңиздер. Себеби, анын чыгармалары окуу программаларына киргизилген. Чыгарманын текстин билген мугалим менен окуучу анын мазмунуна, идеясына, стилитикалык өзгөчөлүгүнө терең түшүнөт. Дагы бир көйгөйлүү маселени ачык айтууга тийишмин. Жерге-Талдагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери билимин өркүндөтө албай жатышат. Бирөөгө үйрөтүш үчүн өзүңдүн билимиң күчтүү, усулдук ыкмаң ийкемдүү болуш керек эмеспи. Биз ушул жагынан аксап жаткандыгыбызды Кыргызстандык туугандарыбызга айта барыңыздар.

 

Жерге-Талдыктар конокторду ушул мектептин мугалими Боронов Хамиттин демилгеси менен уюштурулган тарых музейине алып киришти. Анда Жерге-Тал аймагынын өткөн учурдагы тарыхын чагылдырган кызыктуу экспонаттар, эки элдин достугун, биримдигин даңазалаган, жаштарды улуулардын үлгүсүндө тарбиялаган материалдар топтолгон. Райондон чыккан эмгек алдыңкылары жана өмүрү өрнөк адамдарынын өздүк буюмдары, документтери да көргөн адамды кызыгуусун пайда кылат. Мектеп музейинен "Кыргыз Туусу” гезитинин тиркемесин көрүп, чыны бизде жылуу сезим калды. Музейдин жетекчиси Х.Боронов бул гезит үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып, мектепке "Кыргыз Туусу” гезити келип, мугалимдер андан өзүнө керектүү маалыматтарды алып жаткандыгын айтып, сырттан келгендер "Кыргызстандан келген гезит” деп кызыгып окуп жатышкандыгына кошумчалады. Ал Тажикстандагы кыргыздарга "Кыргыз Туусу” гезитин жеткирүү демилгесин баштаган анын анын чыгымын өз мойнуна алган каракулжалык ишкер Бейше Намашамовго ыраазылыгын билдирди. Биз аларга кийинки жылдагы "Кыргыз Туусу” гезитин жеткирүү чыгымын дагы бир азамат, Кара-Кулжа районундагы «Чон-Казык кредиттик союзу» каржы кооперативинин төрагасы Акбарали Исраилов көтөрө тургандыгын маалымдадык. Боордоштор чечекейи чеч боло кубангандыгын алакан чаап билдиришти.

 

Андан кийин райондун борбору Жерге-Талга бет алдык. Бизди райондун төрагасынын орун басары Амир Сайназаров тосуп алды. Аны менен болгон маегибиз бир топко созулду. Ал сөздү жергеталдыктардын чоңалайлыктар менен болгон катнашы тууралуу баштап, кеп учугун мындай деп улады:

-Райондун жалпы жашоочуларынын 65 %ы кыргыз улутундагылар түзөт. Бизде 54 мектеп бар. Анын 13үндө окутуу тажик, 13 мектепте аралаш, 28 мектепте жалаң кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Жерге-Тал менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш эскиден эле болуп келген, болуп жатат, боло бермекчи. Жерге –Тал районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан атайын квота берилип жатат. Социалдык мекемелер үчүн таш көмүрдү Алайдан тартабыз. Анткени, анын сапаты жакшы, баасы да арзан. СССР тарагандан кийин сырт жак менен болгон байланышыбыз негизинен Кыргызстан аркылуу болуп жатат. Сары-Таш- Кара-Мык автожолунун асфальтталышы бизди да абдан кубантты. Бул жол Жерге-Тал, Комсомолабад, Гарм аркылуу өтүп, Душанбеге чейин жетти. Жол каттамы жакшы болсо, адамдардын алакасы да бекемделет эмеспи. Ошондуктан бизде чек ара, бажы тосмолорун жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр райондук деңгээлде башталып, ал өз натыйжасын берип жаткандыгы да бекеринен эмес. Алсак, Кыргызстандын Тажикстандын аймагына кирген жараны 3 күндүн ашык жүргөндөн кийин каттоого туруу зарыл болчу. Бирок, эки райондун жашоочулары анын мөөнөтүн 60 күнгө узартуу боюнча Кайрылуу менен чыгышып, ал Тажикстандын Жогорку Мажилисинде каралып, элдин бул суранычы оң жагына чечилди. Эми транспорттун жүрүшүн да ошол мөөнөткө узартуу боюнча сунуш менен чыгып жатабыз.

 

Эң негизгиси, өлкөдө стабилдүүлүк болуп турса, элдин турмушу тынч, жашоо жеңил боло тургандыгын мезгил өзү далилдеп берди. Тажикстанда жарандык согуш болгон учурда сыртка чыгып кеткен адамдарыбыздын агымы абдан көбөйгөн болчу. Кыргызстандын жетекчилерине рахмат, ошол кезде бизден көчүп барган элге колдон келген жардамын аяган жок. Ошол мезгилде кеткен кыргыз улутундагы калктын көпчүлүгү Чүй өрөөнүндө жашап жатышат. Алардын саны 15 миңден ашат. Албетте, адам баласынын жашоосунда ар кандай кырдаалдар кезигет эмеспи. Бирин-серин кеткендер дале бар. Бирок, Жерге-Талда тынчтык өкүм сүрүп, сырткы миграциянын агымы азайды.

 

Бизде этникалык кыргыздардын өз тилин, маданиятын, каада-салтын сактап калуусуна мамлекеттик масштабда көңүл бурулат. Жакында эле Жерге Талда жашаган кыргыз элинин каада-салты, маданияты Тажик республикасынын мамлекеттик 1- каналында көрсөтүлдү. Душанбеде өткөн көпчүлүк мааракелерде кыргыз калкынын маданиятын, каада-салтын чагылдырган боз үй, кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөлөрү уюштурулат. Кыргыздын элдик аспаптарынын аткаруусундагы ырлар күүлөр жаңыртылат. Кашат айылындагы жашаган кыргыздар жасаган боз үйдөрү, калпагы, туш кийиздери көргөндөрдүн кызыгуусун жаратып келүүдө. Кечээ жакында Душанбеде сууну натыйжалуу пайданалуу боюнча өткөрүлгөн эл аралык конференцияда да кыргыздын боз үйү тигилди. Биздин райондун жашоочулары чоң-алайлыктар менен кыз беришип, кыз алышып, куда-сөөк болуп калгандыгы бекеринен эмес. Эки райондун карыш-катышы бекем, суук көздөн сактасын, ынтымакпыз. Бири-бирибизди жакшылык мааракелерге чакырып, өз ара фестивалдарды өткөрүп турабыз. Учуру келгенде бир маселени айта кетүү зарыл. Мына ушундай иш-чаралар облустук, республикалык деңгээлдеги уюштурулса карым-канташыбыз мындан ары бекемделип, достук мамилебиз мындан ары да чыңдалат болчу.

 

Ошентип иш сапарыбыз аягына чыгып, биз менен коңшулардын ортосундагы айырымаларды салыштырып бараттык. Коңшу мамлекетте электр энергиясына чектөө киргизилген. Биздегидей күнү түнү күйүп турбайт. Тажикстандык туугандар бул маселеге түшүнүү менен мамиле жасашат. Бул өлкөдө ашыкча ыгым чыгымдарды кыскартуу боюнча мыйзам күчтүү болгондуктан, ыксыз ысырапкерчиликке жол берилбей тургандыгына күбө болдук. Дагы бир нерсе, барган жерлерде бизге окшоп узун сакал коюп, узун көйнөк кийген даваатчыларды учурата албадык. Жерге-Талдын эли өздөрүнүн мекенин "Жерге Тал -жердин киндиги” деп урмат менен аташат экен. Демек, ар бир адам үчүн туулган жердин топурагы алтын, ар кимдин жери өзүнө Мисир.

 

Биз Жерге-Талдан Кыргызстандын аймагына өткөндө Кара-Мыктагы биздин чек арачылар менен маектешкенге үлгүрдүк. Чек ара кызматынын майору Альберт Маткасымовдун айтуусунда мыйзам боюнча бул тозоттон Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары гана өтө алат. Башка мамлекеттерге руксат берилбейт. Быйыл Батыш Европадан келген көптөгөн туристтер Кара-Мык постунан кайра артына кайтып кетишти. Жергиликтүү эл бизге "Кара-Мык” чек ара тозотуна эл аралык статус берилсе, мында келген чет элдик туристтердин саны көбөйүп, тейлөө сервизи өнүгөт болчу” деген сунуштарын айтышат. Бирок, бул маселе жогор тараптан чечилет эмеспи. Бул сунуш терең талдоого алынса балким колдоого алынып калышы мүмкүн. Чек ара тозотунун башчысы "биздин тозотто Казакстан жана Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлгөн мелдеште биринчи орунга чыккан Муратбек Дооранов аттуу жигитибиз бар. Ал Австрияда өтө турган дүйнөлүк мелдешке даярданып жатат. Убактыңыздар болсо, аны менен да маектеше аласыздарбы?-деп суранып калды. Биз макул болдук.

 

Муратбек Багира деген ити менен кошо келди. Мекен чегинде турган чек арачынын сөзү кыска болду.

-Мен 1997-жылдан бери чек ара кызматындамын. 2013 –жылы эл аралык уюмдардын каржылоосу менен Казакстан жана Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлгөн чек ара жана бажы кызматкерлеринин мелдешинде теориялык жана практикалык сынакта 567 балл топтоп Кыргызстандын намысын ийгиликтүү коргодум. Казакстандыктар 227 балл менен 2 –орунду ээледи. чыкты. 3 орунга Түрмөнстан чыкты. Октябрь айында Австрияга жөнөп жатам. Өнөктөшүм Багираны 2011-жылдан бери 1 айлык күчүк кезинен бери тарбиялап жатам. Эл аралык мелдеш жакындаган сайын машыгууну күчөтүп жатам.

-үй-бүлөң, жашоо –шартың тууралуу айта кетсең?

-Менин 6 балам бар 4өө уул, 2өө кыз. Бирок үйүм жок болгондуктан батирде турам. Айлыктын бир бөлүгү ага жумшалат. Жетекчилик менин көп бүлөлүү экендигимди эске алып, турак жай жагынан жардам берет деген оюм бар. Ырасын айтсак, баарыбыз чек арачынын бул сөзүнө суктансак да, анын сабырдуулугу, топуктуулугу таң калтырды. Айрымдар мындай ийгиликке жетсе, көкүрөгүн койгулап, далай эшикти каккылап чыкмак. Сабырдын түбү сары алтын, балким бир күнү анын тилеги ишке ашып калаар...

 

Ошентип, Бакытбек Орунбеков баштаган жоон топтун Тажикстандык кыргыздарга болгон сапарыбыз аяктап, жаңы таасир менен кайттык. Саламды айтпай койсо, ал мойнуңдагы карыз эмеспи. Силердин саламыңыздар тиешелүү жерге айтылат. Бар болгула, аман болгула, боордоштор! Алдыда дагы да жолугушчу күндөр бар.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены