Борбор Азиянын түштүгүндө Тажикистан Республикасы жайгашкан. Тажикстандын чыгыш тарабын Тоолуу Бадахшан Автономиялуу Облусу ээлейт, ал эми облустун аянтынын 60 пайызы Мургаб районуна таандык. Тоолуу Бадахшан жана Мургаб району (көпчүлүк учурда Памир деп бүткүлааламга белгилүү) деңиз деңгээлинен 3500-7134 метр бийиктикте жайгашкандыктан "Дүйнө Чокусу” деп аталат. Ал эми жергиликтүү кыргыз калкынын диалектисинде Мургаб району Сары-кол болот.
Мургаб районуна биринчи жолу келген мейман-коноктор табияттын кооздугуна бир туруп таң калышса, бир туруп өздөрүнө суроо беришет, "тоолуу аба ырайы өтө татаал жана бак дарак, мөмө жемиши өспөгөн аймакта кандай жергиликтүү калк жашайт” дешет. Акыркы жылдарда мен ушул Сарыколдук кыргыздарды изилдөө менен алектенүүдөмүн. 2011-жылы Жапониядагы Цукуба университетинде "Сарыколдук кыргыздардын саясый жактан Тажикистанда калыптанышы” тууралуу магистрдик илимий ишимди жазганмын. Учурда болсо алардын тарыхы, маданияты жана тажик калкы менен болгон мамиле биримдигин изилдеп жаткан кезим. Жергиликтүү кыргыз жана тажик калкынын достугу жана биримдиги көптөрдү таң калтырат жана алар эмне себептен ынтымактуу жашашат деген суроого бул макаламда жооп табууга аракет кылдым.
Мургаб районунда кылым карытып кыргыз жана тажик калкы чогуу урмат-сый менен жашап келет. Учурда 14 миңден ашуун калкы бар, анын 11 миңин кыргыздар түзөт. Эки калк тили, каада-салттары, тарыхы, маданияты жана дини боюнча бири - бирине дал келишпесе да, алардын достугу жана биримдиги бекем. Бирок кыргыз жана тажик калкынын ортосунда куда түшүүтажрыйбасы өтө сейрек кезигет. Эки улуттар аралык кагылышуусу жана одоно чыр - чатагы бүгүнкү күнгө чейин чыга элек. Эки улут достугун Тажик өкмөтү тарабынан ар дайым бааланып жана улуттар аралык ынтымакка жана биримдикке бардык күч аракеттерин жумшашат. Ошондой эле, 1995-жылы 26 май айында биринчи жолу Мургаб районуна Шиит мусулмандарынын Исмаилиттер тобунун руханий имамы жана жетекчиси Ага Хан IV келип кеткен. Ага Хан IV өзүнүн бул сапарында кыргыз жана тажик калкынын достугу тууралуу белгилүү сөзүн айткан:
-Мургаб районуна окшош аймак эч кайсы бир жерде жок. Мургаб районунда кыргыз жана тажик калкы кылымдар бою ынтымактуу жашап келген. Ал эми башка өлкөлөрдө сунни жана шиит мусулмандар дайыма чыр-чатак менен тынчсызданууда-деген эле. Себеби диний өзгөчөлүгү боюнча, Мургаб районунун жергиликтүү кыргыз калкы сунни мусулмандар тобуна кирсе, ал эмитажиктер болсо шиит исмаилиттеринен. Анда эмесе эки калктын достугуна негиз болгон төмөндөгү далилдерге көңүл буралы.
Биринчиден, "тил билсең - дил билесиң” демекчи, кыргыз жана тажик калкы бири - биринин тилин жакшы өздөштүргөн. Көпчүлүк калк кыргыз болгондуктан, тажик эли кыргыздар менен күнүмдүк жашоодо кыргыз тилинде сүйлөшүп алака кылышат. Ошондой эле жергиликтүү кыргыз калкыболсо тажик тилине кошуп тажик тилинин жергиликтүү диалектерин (Шугни Вахи, ж.б.) өздөштүрүп алган. Мисал келтире кетсек, мамлекеттик майрамдарда жана ар кандай ыр-кесе концерттеринде кыргыз тилинде мыкты ырдаган тажик ырчылары бар, ошондой эле тажик тилинде ырдаган кыргыз ырчылары кем эмес. Чындыгында тил билүү эки калктын достугунда чоң мааниге ээ.
Экинчиден, эки калктын достугунун далили болсо алар дайыма жаман жана жакшылык иштерде бирге болушат. Мисалы, ар кандай той – тамашалар учурунда, түрдүү оюн зоокторду өткөрүүдө, улуу тарыхый майрамдарды белгилөөдө жана аза күтүү учурунда да көңүл айтып карым катнаш кылышат. Борбор Азия калкына белгилүү болгон Нооруз майрамында, кыргыз жана тажик калкы чогуу майрамдоо менен сүмөлөк жасашып бири – бирине конокко барышат.
Үчүнчүдөн, жергиликтүү өкмөт тарабынан ар бир жылдын кыш мезгилинде кыргыз элине таандык болгон улуттук Ордо оюнунун чемпионаты уюштурулуп, мында бир гана жергиликтүү кыргыз калкы катышпастан, алар менен чогуу кылымдар бою жашап келген тажик калкы да ойной алышат. Накта тажик калкынан турган топту түзүп, кыргыздар менен "Ордо чемпионатында” ат салышат. Бирок Ордо оюну тажик калкынын улуттук оюну болбогондуктан, алардын чоң жеңишке ээ болушуу кыйынга турууда. Ал эми тарыхый барактарга коз салсак, анда өткөн кылымдарда да Памирде жашаган жергиликтүү кыргыз менен тажик калкы жакшы мамиле жана ынтымакта жашашкан. Эки улуттар аралык кагылышуусу тарыхый барактарда катталган эмес. Бүгүнкү күндө ушул ынтымак эки улуттун салтына айланган. Мисалы, "түкүнчө кыргыз же тажик менин чоң атама жакшылык экен, мен да анын балдарына жакшылык кылышым керек” деген сөз тажик жана кыргыз элдеринин арасында көп айтылып бул салтты алар улантууда.
Ошондой эле 1992-жылдары Тажикистанда болуп өткөн кандуу граждандык согуш эки улуттун достугун бекемдеди. Кыргызстан башка коңушулаш өлкө катары Тажикистан менен болгон чек арасын жаап калган жок. Жалпы Памир элине жана исмаилиттерине жардам берем деген Ага Хан IV. Кыргызстандын биринчи президентти Аскар Акаев Ош-Мургаб жолун ачып берген. Граждандык согуш учурунда гуманитардык жардам Памир элине Ош-Мургаб жолу менен алып келинген. Жакырчылыктан сактап калган Ош-Мургаб жолун Памир эли "жашоонун жолу” деп аташат. Чоң мааниге ээ болгон достуктун дагы бир негизи – бул жергиликтүү кыргыз жана тажик исмаилиттеринин аз улуттар тобуна киргендиги. Жалпы Тажикистан кыргыздары жана Памир исмаилиттери Тажикистан калкынын өтө аз пайызын түзүшөт. Аз улуттар бири-бири менен жакшы мамиледе болуу менен ынтымактуу жашоону каалашат.
2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кыргыз-өзбек кагылышуусу аз улуттарга чоң сабак болуп ынтымактуу жана биримдик жашоонун эң керектүү экенин айтып турат. Ошентип жогоруда келтирилген далилдер жана мисалдар кыргыз жана тажик элинин илгертеден бери тыгыз биримдигин жана достугун даңазалайт.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены