Үркөр, үркөр – үч жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
Элдик ырдан.
Ооганстандын Вахан өтмөк өрөөнүндө жашаган кыргыздар жөнүндө белгилүү документалист-кинорежиссёр Жаңыл Жусупжандын чоң экранга чыга элек, аты да коюла элек тасмасын жабык көрсөтүүдөн кийинки ойлорумду бөлүшөйүн деп чечтим.
(Les prisonniers de Wakhan / "Ваханга камалгандар" - ооган кыргыздары жөнүндө алгачкы толук метраждуу тасманын операторлору Кристиан Ленонг жана Жаңыл Жусупжан, кураштырган Седрик Ларвуар, продюсер "Синедок фильмз/Чагалдак продакшн").
Кичи Үркүндөн жабыккандар
Ооган кыргыздарынын тагдыры, тиричилик маданияты, кулк-мүнөзү жөнүндө тартылган фильмдер, жазылган макалалар, ар түрдүү эмгектер барган сайын көбөйө берери анык. Бул тасманын өзгөчөлүгү – анда автор өзүнөн бир ооз да сөз айтпайт. Эч кандай пикирин билдирбейт, бул жакшы, тиги жаман дебейт, жагдайды кантип жөнгө салуу боюнча сунуш да бербейт. Баары көрүүчүнүн эң урунттуу жагдайларды байкап, өз алдынча ой жүгүртүүсүнө мүмкүндүк түзгүдөй кылып, ар кайсы өңүттөрдөн тартылган.
Биз ушул өлкөдө жашап калган боордоштордун өзгөчөлүктөрүн өтө этият сөз кылып, аларга эле эмес, баарын билебиз деген өзүбүзгө да керектүү сабакты алууга аракеттенсек жакшы болор эле.
Бул кыргыздар бай-кедейди теңештирген совет бийлигине баш ийбей, көчмөн доордон шаарлашкан (өркөн, цивилдүү) заманга өткүсү келбей, тили, дини башка орустардын таасиринен качып, мусапыр турмушка кайыл болушкан. Ырас, Өктөбүрдөн мурун деле бир нече кылым бою Ооганды мекендеп келген түпкүлүктүү кыргыздар да бар дешет. Бирок мурда баргандар менен өткөн кылымда Алай жана Сарыколдон кеткендер анча айырмаланбайт окшойт.
Жалпысынан ооган кыргыздары бөлөк мейкиндикте (өлкөдө, географиялык аймакта) эле эмес, такыр башка тарыхый мезгилде (хан шайлаган коомдо, үй-бүлөлүк мамилелери да азыркыдан кескин айырмаланган, тиричилик шарты бөлөк көчмөн доордо) жашайт.
Көчкө кошулуу оңойбу?
Тарыхый мекенибизге көчсөкпү деп калган памирлик боордоштордун бир тобу республиканын ар кайсы аймактарына бөлүп жиберилген эле. Жаңыл Жусупжандын тасмасынан Нарын облусунун борборунда туруп калгандарын көрөбүз.
Башын жерге салып, теспе тартып тунжураган бул туугандардын оюнда эмне бар?.. Айта салса эле биз баарын жетик түшүнөбүзбү?..
Алардын жан дүйнөсүн шамалдай сапырган санаанын бир учу ушул туш тараптан дубал, көчө, шаарлашкан жашоо эрежелери менен чектелген кууш мейкиндикте болсо, бир учу тээ Ооганстандын бийик тоолуу, ак кар, көк муздуу ээн аймагында эмеспи?
Нарынга журт которуп келген топтун тиричилиги ойдогудай болбой калганы да чын. Жаңыл Жусупжан тарткан тасмадагы кейипкерлердин жаңы жерге эле эмес, маданий-рухий жагдайга да көнүгүшө албай кыйналганы өңүнөн, таш жолго апкытынан батып кетчүдөй болгон оор кадамынан, ойго баткан басыгынан да сезилип турат...
Бирок дал ушул арасат абалдагы адамдарга расмий бийлик өкүлдөрүнүн мамилеси кандай? Алар үчүн ажыратылган каражаттын отчёту ачыкка чыгарылганбы?.. Эмне үчүн дал ушул адамдарга тиешелүү суроолорду узаткан журналисттерге жетекчилер жооп бербейт? Коррупциянын кол тийгистигиби бул? Ушул тасманы тарткан топту да атайын чогулушка киргизбей жыйын залынан чыгарып салышыптыр...
Бул адамдар – өркөндүү (цивилдүү) коомдон алыста, оңу-терси далайларды ойлонткон ааламдашуу таасиринен обочодо калган эл. Башка мейкиндиктеги, башка доордогу адамдар. Алар эзелки каада-салттарын, дүйнө таанымын, түшүнүктөрүн өзгөрүүсүз сактоого умтулган. Бирок калктын аздыгы, жашоо шартынын оордугу, медициналык тейлөө жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, маданий өсүш токтоп калгандыгы баарыбызды ойлонтууга тийиш.
Эгер эзелкиден калган нерселерди жөн эле эски деп жерий бербей, кийимине, диалектине ж.б. карай кемсинтпей, боордошторго аксымдык кылбай кабыл алсак, колдон келген жардамыбызды берсек, алардын улуу көчкө кошулуусу оңойлоп, жоготуулар аз болмок. Анткени бул тарыхый жолду жалпы адамзат, анын ичинен бүтүндөй кыргыз эли баштан өткөрүп келген...
Келсинби же калсынбы?
Ушул бир ууч элдин эртеңкиси кандай болот? Памир кыргыздарынын оозеки чыгармачылыгын, салт-санаасын, пейилин, тиричилик маданиятын узак мезгил бою изилдеп келген Сулайман Кайыповдун үч-төрт жыл мурун жарыяланган көз карашында өзүнчө жүйө бар. Алардын теги кыргыз экендигин гана эмес, тарыхый-маданий жактан такыр башка шартта калыптанып калган субэтнос катары карашыбыз керек деген эле профессор.
Кыргызстанга көчүрүп келгенде алардын уникалдуу маданияты жок болот, андан көрө кичи мекенинен козгобой, оорукана, мектеп ж.б. куруп, элдин сакталып калышына, мындан ары өнүгүшүнө көмөктөшүү зарыл деген болчу Сулайман Кайыпов. Бул иште кыргыз өкмөтү, коомчулук эле эмес, эл аралык уюмдар да кол кабыш кылышы үчүн бул аз сандуу калктын саясий автономия алуусуна да көмөктөшсө болот деген эле ал.
Бирок андан бери кырдаал өзгөрдү. Мамлекеттик башкаруу тажрыйбасы жок, саясий-укуктук деңгээли өтө төмөн, билим берүү менен маданиятка кам көрмөк түгүл өздөрү караңгы бойдон калган талибдердин кайрадан бийликке келиши бүгүнкү жагдайды ого бетер оорлотору анык...
Ушул жагын эске алганда, буюгуп калчудай болуп турган боордошторду Кыргызстанга көчүрүп келиш керек деген замандаштардын сөзү жүйөлүү өңдөнөт. Жок болуп же аргасыздан чачылып, башка элдерге сиңип кеткенден көрө Манастын жерине келип, өмүр көчүн улаганы ийги эмеспи?
Нурулхактын күйүп-бышып айткандарын мансаптуулар түшүнөбү? |
Бул ойго тасма соңундагы Сары-Моголдун кең талаасында негизги каармандардын бири Нурулхактын айткан эң аруу тилеги да үндөшүп турат:
Ушул жайыктын бул жагына чатырап бир айыл түшсө, бул жагына дагы бир кыштак курулса ээ!..
Бирок жайыт маселеси жакшы чечилгенби?..
Жүз жыл мурунку көчмөн турмуштан бүгүнкү отурук жашоого келүүнү чечкендер Коррупция деген ажыдаардан корголобу?..
Уламыштагы Үркөрдүн артынан Жети каракчы кубалап алгандай, оор кырдаалга тушуккан бир ууч элдин тагдыры кандай болот?..
P.S. Айтмакчы, тасманын кыргызча аталышы боюнча эки сунуш бар эле: 1. "Доор кезген уруу". 2. "Буюккан журт". Бул макаланы Жаңыл Жусупжан менен кайра окуп көрүп, "Үркөр, үркөр, топ жылдыз..." дегенди тандадык.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены