Кытайлык кыргыздарда оттун тартыштыгынан жылкы азайып, ордун "темир тулпарлар" басканына бир топ болуп калды. Кытайдагы эң көп колдонулуучу көлүктөрдүн бири катары мотосикилди айтса болот. Иле обуласынын Көк-Терек кыргыз айылында жашап жаткан кыргыздарда илгери тулпар таптап, күлүк чапкан жайлоолорунда азыр мотосикил менен жүрүшөт.
Аталган айылга мотосикил 1990-жылдардын кийинки жарымынан баштап жайыла баштаган. Ал кезде бирин-серин учурай калган темир тулпардан дүркүрөп үркүп турчу төрт түлүк бу күндөрү эч элең этип койбойт. А түгүл малчылар мотисикилин мал сөйкөнүп кулатып койбосун деп далдаа жерге койгонго аракет кылышат. Алачыктын үзүгү менен ала кийизин артып жайлоого көчүп бара жаткан Кубаныш мырзага Кызыл-Четин деп аталган кыйадан тик өйдө чыгып бара жаткан жеринен жоолуктум.
«Көч көлүктүү болсун!» деген саламыма ал мотору ысып кеткен мотосикилин карагайдын көлөкөсүнө токтотуп жатып алик алды: - Мурда узаткан кызга ата-энеси ат мингизип чыгарчу эмес беле. Азыр болсо көпчүлүгү ат оордуна мото* беришет. Анткени ал атка караганда «бакканга» оңой - минип келип, эшиктин алдына койуп койсоң чөп сурабайт, тура берет, жол жүрсөң тез. Ал ат эле эмес, керек кезде өгүз да болуп берет. Мисалы, илгери өгүзгө эки-үч кишилеп араң артчу жүктү азыр минтип мотого эки бөлүп артып алып кете беребиз. Ушундан улам өгүздөрүбүздүн көбү «дем алышка чыгып» кетти.
Анын айтымында, ат-өгүз кышкысын отун-суу ташыганда гана керек. Анан дагы айылда жаз, күз мезгилдери той көп болот, ошондо ат чапмай, эр оодарыш, көк бөрү сыйактуу кыргыздын байыртан келе жаткан ат ойундары уйуштурулат. Мына ошондой кездерде көңүлгө толоор ат таппай, кыйналып калчу кездер да учурайт.
Текес, Көк-терек айлы
"Мото"-кытайлык кыргыздар мотосикилди мото деп аташат.
(Автордун стили сакталды)
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены