Көп улуттун башын сейил бакта бириктирген шахмат

Көп улуттун башын сейил бакта бириктирген шахмат

Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу багында жылдын төрт мезгилинде тең шахматчыларды көрүүгө болот. Шахматчылардын эң жашы 16 жашта болсо, улуусу 89 жашта. Пенсия курагындагы ар улуттагы шаар тургундары эс алуу үчүн дал ушул жайга баш багышат.

 

Ош шаарынын 80 жаштагы тургуну Абыт Мамышов 3 жылдан бери бул жерге келип, шахмат ойноп кетет. Ал өзү теңдүү санаалаштары менен баарлашканды жактырат.

 

«Мен пенсияга чыккандан кийин үйдө отура бербейин деп бул жерге келип, өзүм теңдүү аксакалдар менен баарлашып, шахмат ойноп кетем. Шахмат өтө кызыктуу оюндардын бири. Бирде жеңилсем, бирде утам», - деди ал.

 

Этникалык кыргыз Жайчибек Эминов да убактысынын көбүн ушул жерде өткөрөт. Ал жашы улгайган сайын өз мекенине болгон сагыныч күчөп, быйыл кайтып келгенин кошумчалады.

 

«Мен Тажикстандын Мургаб районунан келдим. Ал жакта 20 миң кыргыз барбыз. Карыган сайын тууган жерге болгон кусалык арта берет экен. Менин балдарым 10 жыл мурун журт которуп келе беришкен. Мен быйыл кемпирим каза болгондон кийин келдим. Өмүрүмдүн калган бөлүгүн өз мекенимде жашагым келет. Мен студент кезимден тартып эле шахматка кызыгам. Азыр дагы күн алыс бул жактан чер жазып кетем», - деди 72 жаштагы Жайчибек ата.

 

k-p-uluttun-bashyn-seiil-bakta-biriktirgen-shakhmat 2 k-p-uluttun-bashyn-seiil-bakta-biriktirgen-shakhmat 4 (1) k-p-uluttun-bashyn-seiil-bakta-biriktirgen-shakhmat 4 (2)
k-p-uluttun-bashyn-seiil-bakta-biriktirgen-shakhmat 1 k-p-uluttun-bashyn-seiil-bakta-biriktirgen-shakhmat 5

 

Шахматчылардын басымдуу бөлүгүн пенсия жашындагылар түзөт. Пенсионерлер үчүн атайын жеңилдиктер да каралганын шахмат оюнун уюштурган Маматкасым Айтиев билдирди.

 

«Бул жерде 9 шахмат, 6 нарда бар. Менин балам шахматты абдан жакшы көрөр эле. Балама атайын шахмат алып берип жүрүп, бул ишти баштап калдым. Шахмат ойноо саатына 10 сом, ал эми пенсионерлерге 5 сомдон. Кышы-жайы дебей келген кардарлар бар. 12-13 жаштагы балдарга бекер. Майрам күндөрү дагы акысыз ойношот», - деди ал.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены