Түркиядагы Памир кыргыздары арасында элдик күүлөрдү билген комузчулар дээрлик жок калган. Бул уникалдуу чыгармалардын бир тобун билген Сайым Муллааса уулу жарды бүлөдөн чыгып, 12 жашынан өз далалаты менен жыгачка кыл тагып алып, күү черте баштайт. Памилден (Кичи Памирди өздөрү ушундай аташат) 17 жашында кеткен. Андан бери Кыргызстандан колго тийген кассеталардан угуп, Ала-Тоо кыргыздарынын бир топ чыгармаларын өздөштүргөн. "Узун-кыска 62 күү билем" дейт. Айыл башчысы Касымбектин короосунда өргүү үчүн тигилген боз үйдө отурдук.
"Өзүмдүн комузум жок, бирөөдөн сурап алдым" деп ала келген өрүк комузда Памил кыргыздарына гана мүнөздүү болгон бир топ күүлөрдү чертти. Түркиянын чыгышындагы Улуу Памир айылындагы башка саналуу элдик өнөр ээлериндей эле, Сайымдын жолун жолдогон бир да үйрөнчүк шакирти жок.
Улуу Памир-35
Ооган кыргыздары улуттун музыкалык мурастарынын эң байыркы үлгүлөрүн сактап калышкан. Түркияга көчүп келгенден бери жаштар кызыкпагандыктан, бул баалуу булак улам соолуп баратат.
Саим Муласа айыл башчысынын короосунда тигилген боз үйгө комузун көтөрүп алып келди. Бишкектин көчөсүнөн көрсөңүз, аны четтен келген деп ойломок эмессиз. Орто бой, ак кепкачан, базардан же талаадан келгендей, жүзү күнгө күйгөн, жүргөн-турганы токтоо. Конок ээси Касымбектин «биринчи эмне күү экенин айтып, анан ойнобойсуңбу» дегенине кулак деле салган жок. Өзү туура көргөндөй, өзү туура деп эсептегендей, шашылбастан, комузунун кулагын улам кайра бурап, улам кайра күүлөп, канчалаган күү билсе да, өзүн көптүн бириндей кармап отурат.
Жетим комузчу
Жашы 50дөн эми ашкан Саим ооган жерсегинде тоо башында жүргөндө бала кезинен таякка зым тагып алып, күү үйрөнүп баштаган. Саим Муласа: Мен Ооганстанда Памилде (Памирде) туулгам. Памилде комузчулар бар элечи. 12 жашымда комуз ойной баштадым. Ал кезде комуз да табылбайт элечи. Таякты комуз кылып алып, Айдар (комузчу Айдар Эрдем Орозмамбет уулу, азыр Улуу Памир айлында жашайт) деген бөлөмө окшогондордон үйрөнчүмүн. 9-10 жашымда комуз кармадым, азыр 100 чакты күү билем.
Түркиядагы Улуу Памир айылында айыл башчысы Касымбек Шакир уулунун короосунда тигилген боз үйдө отурабыз. Мен "эски күүлөрдөн ойной отуруңуз" деп сурандым. Саим Тати деген кызга ашык болгон жигиттин тагдырын сүрөттөгөн күүнү чертти. Чертип бүтүп, бул ырды коштогон эки сап ырды эскерди, анан жаштыгы эсине түштү окшойт, бирок бул кечээ эле болгон окуядай, "биздикилер ашык болгонго кыйын эмес беле" деп күлдү. Комузчунун ичкиликтерче чалып сүйлөгөнү кулакка назик угулуп жатты:
Таттинан, Татти
Тамагым катты
Суусадым,Татти
Суу берчи, Татти
Оогандык памирчилерде комузчулук өнөр Кыргызстандагыдай кеңири тараган эмес. Буга ооган кыргыздардынын музыкасы басылган эски грампластинкадан да күбө болобуз. Франциялык этнограф Реми Дордун 1978-жылы Австрияда жарык көргөн ал пластинкасында 24 чыгармадан экөө гана комуз күүсү, экөөсүн тең Жалал Пангы деген (Jelal Pang) аткарган. Ичкилик кыргыздардын маданиятын изилдеген профессор Сулайман Кайыповдун айтымында, Памирде комуз ойногондор аны сүйлөтүп, импровизациялап ойношот.
Сулайман Кайыпов: Күүнү импровизациялап, улам варианттатып черте беришкен. Канчалык жакшы вариантын тапса, аны кайталаган сайын, улам жаңы кичинекей нюанстарын кошуп, күүнү узартып черте алса, ошол киши чоң комузчу болуп эсептелинген. Адамдар мисалы, бир жерде конокто отурушса, ошол жерде түзүлгөн кырдаалды комуздун күүсү аркылуу, комузду чертип жатканда так сүйлөтүп, комуз менен айттырган.
Ооган кыргыздарында "Камбаркан", "Сынган бугу" сыяктуу кара күүлөр, ботой, кербез чертилбейт. Ошол эле убакта, алардын өздөрүнө гана мүнөздүү кабайит деген күүнүн түрү бар.
Памирлик кыргыздардын күүсү, Ооганстанда 1970-жылдары жаздырылган
Ооган кыргыздарында "Камбаркан", "Сынган бугу" сыяктуу кара күүлөр, ботой, кербез чертилбейт. Ошол эле убакта, алардын өздөрүнө гана мүнөздүү кабайит деген күүнүн түрү бар.
Сулайман Кайыпов: Комуз күүлөрүнөн кыска, бир-эки кайрыктан турган лирикалык күүлөрдү, обондорду көп чертишет. Кабайыт деп коёт, бул сөз Ала Тоо кыргыздарында колдонулбайт, мындай сөз сөздүктө да жок. Бул кербез сыяктуу күүлөр сериясына окшоп кетет. "Камбаркан" күүлөрү жокко эсе, терс күү менен лирикалык күүлөрдү чертишет.
Саим Мулласа Кыргызстанда ойнолгон "Ибарат", "Камбаркан" деген күүлөрдү кассетадан угуп үйрөнгөн, аларды Ооганстандан качып, Пакистанда жүргөн жылдары да радиодон угуп, билип алган. Бүгүн анын кыргыз музыкасынын ири коллекциясы бар. «Мындай көп кассета Кыргызстанда да жок» дейт ал. Саим ошондой эле Ооганстандан үйрөнгөн, бирок Түркияда ойнолбой, унутулуп бараткан лирикалык күүлөрдү билет. Алардын бири кыз-келинди көргөндө өбөктөй калган жетим тууралуу. Ооганстандагы памир кыргыздарында аялдар төрөттөн көп өлүп, өзгөчө жарды бүлөлөрдө эркектер аял албай, так өткөндөр күнү бүгүн да бар. Бул ыр ошондой бир бечараны чымчып, тамашага салган ыр окшобойбу.
Жетим жөнүндөгү күүнү коштогон саптар:
Кубала, жетим, жөргөлө,
Кыз-келинди көргөндө,
Керегенин көзүнөн,
Кирип барам өрмөлөп.
Саимдин атасы да комузчу болгон. Бирок ал баласына комуз үйрөткөн эмес. Советтик чек арачылар менен кагылышта эки досу туткунга түшүп калып, ошол бойдон дайынсыз жоголгондон кийин, комузду такыр таштап койгон.
Саим дагы бир ашыктык ыры "Ак баракты" ойноду.
Уугу үйдүн саканак, ботом
Тууштуу тууган Ак барак, ботом
Кереге үйдүн саканак, ботом
Келиштүү тууган Ак барак, ботом
Көк зоонун боору эңгилчек, ботом
Көргөнүм калды келинчек, ботом
Ак зоонун боору эңилчек, ботом
Алганың калды келинчек, ботом
Өтүкчүнүн өтүгү жок демекчи, Саим комузда канча күүлөрдү билсе да, өзүнүн комузу жок. Кыргызстандан кээде комузчулар келип, шартылдата комуз черткенин көргөндө, ушу бир күнү Бишкекке барып келсем деп жүрөт. Өз комузун бирөөгө берип коюп, азыр ар кимден алып ойноп калат. Болбосо Түркиядагы кыргыз айылында анын күүлөрүн сурап уккан деле киши жок.
Эскертүүлөр:
1. Текстте Саим Мусаланын сөз өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди.
2. Ооганстандагы кыргыздардын күүлөрү төмөнкү пластинкадан алынды: Music аus Afghanistan, KIRGHISEN, ADEVAPHON 1978
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены