КР алты миңден ашык этникалык кыргыздар легалсыз негизде жашап жатышат

КР алты миңден ашык этникалык кыргыздар легалсыз негизде жашап жатышат

Алты миңден ашык жаран Кыргызстанда каттоосу жок жашап жатышат. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

 

Алардын көпчүлүгү башка өлкөлөрдөн келген кыргыздар. Паспорттун жоктугунан өздөрү менен кошо балдары социалдык кепилдиктерди ала албай келишет.

 

Мамлекеттик "Кыйрылман" программасын кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтом долбоорун миграция кызматы коомдук талкууга койду. Анда 2017-22-жылдар аралыгында Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү каралган.

 

"Кыргызстандын аймагында башка өлкөлөрдөн кайтып келген 50 миңден ашык кыргыздар жашап жатат. Алардын 43 миңи жарандык алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча, өлкөдө алты миңден ашык этникалык кыргыздар легалсыз негизде жашап жатышат. Тагыраагы, алар эч жерде катталган эмес", — деп айтылат токтомдун долбоорунун негиздемеде-маалым катында.

 

Этникалык кыргыздардын өздүгүн тактаган документтери жок. Себеби, көчүп келген өлкөлөрдөн алган паспорттору мөөнөтүнөн өтүп кеткен. Буга ылайык, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай, социалдык кепилдиктерден куру калышкан. Аталган көйгөйлөрдү эске алуу менен кайтып келген кыргыздарга "кайрылман" статусун берүү каралып жатат.

 

Буга чейин 10 миң кыргыз кайрылман статусуна ээ болушкан.

 

БИШКЕК, 22-март. — Sputnik

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены