Кытай Эл Республикасынын аймагындагы кыргыздардын ичинен Кытай Памир кыргыздары азыркы мезгилде тарыхчылар үчүн кызыктуу изилдөө объектисине айланды. Анткени Кытай Памир кыргыздары байыртадан бери эле ушул Кытайдын Памирин жердешип, илимде, коомдо жергиликтүү абориген эл катары эсептелет. Ата-бабаларыбыздын баскан издери, жаткан сөөктөрү, калтырган мурастары, тарыхый, маданий өнүгүшүнүн этаптары мына ошол Кытай Памиринде да сакталып, орун алган. Ооган Памирине караганда Кытай Памириндеги кыргыздар эң байыркы мезгилден баштап эле байырлашып, көчмөн жашоо образы менен күн кечирип келишкен.
Анан да ал жердеги жер-суу аталыштарынын дээрлик бардыгы кыргызча, эски аталыштар. Буга кошумча Кытай Памирлик кыргыздары азыркы мезгилге чейин көпчүлүк тоолуу жерлерде жана андагы өрөөндөрдө массалык түрдө жайгашышкан. Тарых илиминде географи я-лык-аймактык негизде алганда Кытай Памир жергеси жана ал жерлердеги тоолор, өрөөндөр Борбордук Азиядагы айтылуу Чыгыш Түркстандын курамында Кытай Памириндеги кыргыздар каралат. Чыгыш Түркстан маалыматтарында жана изилдөөлөрдө Кашкария, Чыгыш Түркстан, Батыш Край, Батыш Кытай, Кытай Түркстаны, Синьцзян ж.б. аталыштар менен берилип, азыркы мезгилде бул Чыгыш Түркстан аймагы Синьцзян–Уйгур автономдук районун камтыйт. Ал түндүгүнөн Теңир–Тоо, түштүгүнөн Куэнь-Лунь (Хотан, Каргалык), чыгыштан Алтын Тоо (Алтай), батыштан Алай тоолору, Ооган Памири менен чектешет.
Профессор Асанканов А.А. өзү нүн 2005-2006- жылдардагы Чыгыш Түркстанга (Синьцзянга) болгон экспедицияларынын негизинде бул аймакты дүйнөгө белгилүү бийик тоолордун: «чыгыштан Алтай, түндүктөн Теңир Тоо, батыштан Памир бийиктиктери жана түштүктөн Куэнь-Лунь тоолорунун» кучагында жайгашканын белгилейт. Кытайдын географиялык материалдарына караганда Чыгыш Түркстандагы Алайдын арткы тоо кыркаларынын Кытайдагы бөлүгү, Сары – Кол тоо кыркасы (Ак-Тоо, Муз-Тоо-Ата тоолору), Кашкар тоолору (Коңур – Муз Тоо, Улуу-Чат, Кичи-Тоо) жалпысынан Кытайдын Памири болуп саналат. Мындан сырткары Кара-Корум жана Куэнь-Лунь тоолорунун аз бөлүгү кирет. Кытай-Памири «дүйнөнүн чатыры» аталган, чокулары асман мелжиген Памир кырка тоолорунун Кытай Эл Республикасынын аймагындагы күн
чыгыш бөлүгү. Кытай Памиринде жашаган жергиликтүү кыргыздар бул аймакка жалпылап «Сары-Кол тоолору, Сары-Кол жергеси», «Ак-Тоо» деп аталган топонимди колдонмойлору бар. Бул Сары-Кол жергеси негизинен аянты 70 миң чарчы метрди ээлеген, Кытайдын, Ооганстан жана Тажикстандын территорияларын аралап өтө турган кырка тоолуу аймак. XIX к. саясий-согуштук окуялардын кесепетинен Сары-Кол жергеси жана андагы кыргыздар үчкө бөлүнүп, бир бөлүгү Кытайдагы «Актоолук кыргыздар», экинчиси Тажикстандагы «Жерге-Тал кыргыздары», ал эми үчүнчүсү бул Ооганстандагы «Памир кыргыздары» болуп аталып калышкан.
Байыркы мезгилдерден бери Кытайда «Ак-Тоо» деп Хамиден түндүктө жайгашкан дайыма ак кар менен жабылган асман тиреген тоолордун чоң тизмесин аташкан. Тарыхта, адабий көркөм чыгармаларда Чыгыш Түркстанга кирген бул аймактар эзелтеден эле этникалык алаканын, ар түрдүү маданий жана диний байланыштардын казынасы катары каралат. Мына ушул жогорудагы биз карап жаткан Кытай-Памир жергеси байыркы замандан бери эле кыргыздардын тарыхый Ата Мекени болуп, миңдеген жылдардан бери ал жерди ата-бабаларыбыз урпактарына ыйык мурас катары сактап келип берген. И.Бичурин байыркы Гяньгунь (Кыргыз) мамлекетинин Чыгыш Түркстандагы Ак-Тоо тоолорунда жайгашканын Тан династиясынын мезгилиндеги кытай жазма булактарына таянып берген. Кытай тарыхчысы Сыма-Цяндын берген маалыматтарына таянып, синолог Л.Р.Боровкованын «гэгундар» (кыргыздар) Боро-Хоро тоо кыркасынын (Чыгыш Тянь-Шань же Кытайлык кыргыздар боюнча Керме-Тоо) түндүк жерлеринде, жана Дзосотын-Элисун чөлүнүн түндүк тарабында жашап турушкан деген пикирин ортого салган.
Ал эми бул пикирди колдогон археолог, курал-жарак боюнча изилдөөчү Ю.С.Худяков өзүнүн тапкан археологиялык материалдарына таянып, көптөгөн изилдөөлөрүнүн негизинде «Чыгыш Түркстан цзяньгундардын-байыркы кыргыздардын тарыхый Ата Мекени» деген тыянак чыгарган. Буга кошумча катары Ю,С,Худяков б.з.ч. III кылымга тиешелүү археологиялык табылгалар Батыш Монголиядан эмес, Чыгыш Түркстандын аймагында табылганын айткан. Өз кезегинде атактуу тарыхчылар Аристов Н.А., Валиханов Ч.Ч. кыргыздарды Теңир-Тоо жана Чыгыш Түркстандын жергиликтүү, калкы катары карашат. Ошондой эле И.Бичуриндин дагы бир маалыматында кыр- гыздардын Эне – Сайдан Теңир-Тоого жана Чыгыш Түркстанга көчүп келгендигине каршы чыгып, «Теңир-Тоо жана Чыгыш Түркстан кыргыздардын байыркы Ата Мекени, алар байыркы мезгилден бери эле ушул аймактарда жашаган буруттар (кыргыздар) мурдатан эле, Хотандын түндүгүндөгү тоолордо көчүп жүрүшкөн», деп мурдагы пикирин бышыктаган.
Тарыхта жана санжырада буруттар деп кыргыздарды жана кыргыздарга кирген урууларды жалпылап башка элдер тарабынан (калмак, кытай, манжур) аталышын алабыз. «Манас» эпосунда да буруттар деп кыргыздарды атаган сюжеттер көп. Ал эми Хотан (Хами, Каргалык) тоолорунун түндүгү бул - Кытай-Памири (Ак Тоо, Улуу-Чат, Муз-Тоо-Ата, Сары-Кол) болуп саналат. Тарыхчы А.Турдуева «Кашкар-дан батышты карай 160 чакырым аралыкта Кытай Памирине кирген Улуу-Чат ооданы жайгашканын, Улуу-Чат кыргыздары өздөрүн эзелтен бери жашап келген жергиликтүү калк катары эсептешип, статистикада калктын 90% түзгөнүн» берген.. Кыргыз адабиятында К.Жантөшевдин «Каныбек» романында революцияга чейинки Улуу-Чат тоолору, андагы кыргыздар жана
алардын жашоо-шарты толук сүрөттөлүп жазылган. Бул жерлердеги жергиликтүү кыргыздардын бардыгы «сары-колдук кыргызмын» дешет. Чындыгында Чыгыш Бухара жана Памир элдерин изилдеп келип, Б.И.Искандаров төмөндөгүдөй тыянак чыгарган. «Жалпы Памирдеги революцияга чейинки кыргыздардын жашап калышы эки топко бөлүнөт: келгиндер – анжияндык (фергана-алайлыктар) кыргыздар жана жергиликтүү тактап айтканда - сарыколдук кыргыздар». Кытай Памирди тарыхый жана географиялык маалыматтарга таянып Чыгыш Түркстандын эң бийик тоолуу аймагы катары карасак болот. Ал эми мындай бийик тоолуу аймакты Чыгыш Түркстан кайсы гана мамлекеттин, ээликтин курамына кирбесин кыргыздардын жердеп келишкенин тарыхый булактар тастыктап елет. «Манас» эпосунда да Чыгыш Түркстанга кирген Улуу-Чат,Опол-Тоо (Муз Тоо-Ата), Сары-Кол, Турпан (Көөнө-Турпан) көп эскерилет. Анда жогорудагы жерлер кыргыздардын Ата Мекени катары сүрөттөлөт.
Азыркы мезгилде Кытай Памириндеги кыргыздардын бардыгын жергиликтүү, байыркы мезгилде жашаган Цзяньгундардын калдыктары, же алар э кайда кетпей ошол жерди коргоп жашап келген кыргыздар деп айтууга болбойт. Анткени байыркы мезгилден бери бул аймак ар кандай тарыхый процесстердин күбөсү болуп турган. Алсак: - Алгач б.з.ч. III кылымдарда гунндарга баш ийдирилгени менен, ошол мезгилде кандайдыр бир деңгээлде кыргыздардын мамлекеттик ээлиги болгон. - Б.э. I миң жылдыгында гунндар менен жужандардын чабышында байыркы кыргыз-цзянгундар деле уруулук союзуна киришкен. Б.э. VI кылымы деле уруулук союзу менен жужандардын ортосундагы айыгышкан салгылаштын кесепетинен, запкы тарткан кыргыздардын бир бөлүгү Эне-Сайга көчүп кетишкен. Ал эми калгандар өздөрүнүн ата-бабаларынын салты, маданияты менен жашап калышкан. Уйгур каганаты (745-840 ж.ж.) кулагандан кийин Эне-Сайлык кыргыздар Чыгыш Түркстанга кайра көчүп келе башташкан.
Ошол мезгилдерде кыргыздардын Улуу кыргыз дөөлөтү (XI-X к.к.) түзүлүп, жалпы кыргыз тарыхындагы кыргыз элинин дүйнөлүк держава түзүүгө жетишишкен мезгили болгон. - Караханиддер мезгилинде (X-XII к.к.) хандыктын резиден- циясы Кашкар шаарына жакын жерде болгондугу айтылат. Демек бул мезгилде Кытай Памири жана ал жердеги кыргыздар Караханид мамлекетине толук киришкен. Ошондой эле акырындык менен ислам динин да ошол мезгилден тарта кабыл ала башташкан. - Чынгызиттер жана Тимуриттер мезгилинде кыргыздар аларга кызмат кылышып, аскер берип турушкан. - Жунгар хандыгы мезгилинде аларга жарым-жартылай баш ийишкен, бирок тынымсыз кол салып, көтөрүлүп турушкан. - XVIII кылымдан баштаган Чыгыш Түркстан жана Фергананын түндүгү толугу менен кыргыздарда болуп, Кашкар, Жаңы-Гисар, Жаркент өңдүү чоң-чоң шаарларды кыргыздар башкарышкан. - Цинь империясы 1758-жылы Жунгар хандыгын (1635-1758 ж.ж.) талкалагандан кийин бул аймак толугу менен Кытайга карап, Синьцзян (Жаңы Чек) аталып калган. - 1865-1867 жылдары Жакып бек Чыгыш Түркстандын чоң-чоң шаарларын басып алып, «Жети шаар» мамлекетин түзгөн. - 1882 - жылы «Ири келиши-минин» негизинде Кытай жана Орус империялары тарабынан чек ара такталып, натыйжада кыргыздар экиге бөлүнүп калышкан.
Ал эми Кытайдын аймагындагы кыргыздар ушул мезгилден тарта «Кытайлык кыргыздар» атала башташкан. - 12- ноябрь 1944 - жылы Чыгыш Түркстан Республикасы түзүлгөн. Бирок ЧТР бардык башкаруучу өкүлдөрү авиакатастрофадан каза болушкандыктан, бул мамлекеттин өмүрү кыска болуп калган. - 1949-жылдын октябрь айында Кытай Эл Республикасы түзүлүп, Синьцзян өзүнчө округ болуп, 1954 – жылы Кызыл – Суу Кыргыз автономдук областы түзүлгөн. Ага Улуу-Чат, Ак-Тоо, Ак-Чий оодондары кирген жана Артыш шаары административдик борбору болуп бекиген. Азыркы мезгилде Кытайда 150 миң кыргыздар жашашат. Алардын 75% Кызыл-Сууну жердешет, жана башка ушул сыяктуу бир топ окуялардын кесепетинен, миграциялык толкундардын таасиринен Кытай Памир кыргыздарынын жайгашкан жерлери, этникалык курамы аябагандай өзгөрүүгө дуушар болгон. Азыркы мезгилде Кытай-Памиринде кыргыздардын жоон тобу жашашат.
Тарыхый жана географиялык маалыматтарга караганда Кытай Памиринин аймагына Ак-Тоо ооданындагы Булуң-Кол, Чарлын, Кызыл-Тоо, Можу айылдары; Улуу-Чат ооданынын Бөрү-Токой, Бостон-Терек; Таш-Коргон районундагы Көк-Жар жана бийик тоолуу Бейик, Суу-Башы, Чакыр-Агыл айылдары кирет. Ал жердеги кыргыздар «Кытайдагы Памир кыргыздары» деп аталып, жалпы саны 60 миңдин тегерегинде. Кытай Памир кыргыздары этникалык жактан ичкилик уруулук бирикмесинин өкүлдөрү жана бул аймакты ичкилик кыргыздарынын найман, тейит, кыпчак, кесек, бостон, кыдырша сыяктуу уруулары жердешет. дминистрациялык мамиледе Кытайдагы Памир кыргыздары Шинжаңдык (Кызыл-Суу) жана Кашкарлык болуп бөлүнүшүп, деңиз деңгээлинен 3,5-4 миң метр бийиктикте жайгашышкан.
Дүйнө элдеринин кызыгуусун жараткан, ачылбаган сырларга бай Чыгыш Түркстан (Кытай Памири да) жана ал жердеги кыргыздар нечен жылдар бою илимий-согуштук экспедициялардын, саякатчылардын саякаттарынын объектиси болуп келген. Өз кезегинде чет элдик жана кыргыз окумуштуулар кыргыздардын жашоо-шартын, маданиятын тынымсыз изилдөөлөргө алышкан, анализдешкен. Ошол эле чет элдик окумуштуу-саякатчылар Чыгыш Түркстандагы кыргыздарга жана алардын жашоо шарттарына карап «XX кылымдагы Азиянын акыркы көчмөндөрү» деген да жыйынтыгын чыгарышкан. Кытай Памириндеги кыргыздардын этникалык тарыхына токтолсок, көбүн эсе байыркы уруулардан болгон төмөндөгү уруулар.
Кыргыздардын көрүнүктүү окумуштуу-тарыхчылары жана санжырачылары бул уруулардын келип чыгышын байыркы мезгилге такап, кыргыз элинин этникалык тарыхынын байыркы катмарынан орун алган уруулар экендигин берип, Кытай жергесинде жайгашышы боюнча да маалыматтар берилет. Ал эмес бул урууларды байыркы гунн, сяньби, тобе, телес, усун, хангүй, динлин, түргөш ж.б. уруулар менен байланышын да көрсөтүшкөн. Кыпчак – кыргыздардын эң ири, эң байыркы урууларынан болуп, ичкиликтер тобуна кирет. Кыпчак кытай транскрипциясында «кюеше», «кин-ча», «ки-би-са» түрүндө, мусулманча маалыматтарда «кыфчак», «кыбчак», орус булактарында «половец», «половцы» формаларында кездешет (О.К.Каратаев. Кыргыз элинин этникалык сөздүгү. Б.,2003). Санжырачы Үсөйүн ажы Кыпчак уруусунун көбү Кытайда жашап, Кызыл-Суу суусунун оң тарабы оң кыпчак, сол тарабы сол кыпчак аталаарын берет. О.э. кыпчактарды байыркы эл катары берүү менен баатыр, күчтүү болгондугун сүрөттөйт (Үсөйүн Ажы. Кыргыз санжырасы). С.М.Абрамзон «Кыпчактар Чыгыш Түркстанды байыркы Ата Мекени катары карайт. Кашкар оазисиндеги топтордун эң ириси кыпчактар, алар Айыгарт, Арча бел, Чимген, Бостон - Терек, Чумбус, Кең-Кол, Чаарлын, Ордолун, Кароол, Гыжек ж.б. конуштарда 350 кожолукту түзөөрүн» өзүнүн СУАРдагы кыргыз калкына арналган макаласында токтолгон. Кыпчактар «Манас» эпосунда кыргыз эли менен тектеш уруу катары айтылып, белгилүү Эр Төштүк, Үрбү сыяктуу баатырлардын уруусу болгон («Манас» эпосунун энциклопедиясы).
Ал эми экспедициялык материалдарына таянып А.А.Асанканов Кытай Памиринде кыпчактардын кызыл аяк, жаманак, хан кыпчак, кош кулак уруктары жашаарын көрсөтөт. Найман – тарыхый маалыматтарда түрк элдеринин бири катары каралып, кыргыздарга XI-XII кылымдарда кошулган ичкилик уруулук бирикмесинин өкүлү (О.К.Каратаев.Б.,2003). А.Мокеев наймандар Теңир-Тоодогу монгол маданиятынын экспортерлору болгондугун берсе, Т.Акеров наймандардын ата-бабалары байыртан Чыгыш Түркстанда жашап келгенин жазат (Т.Акеров.Древние кыргызы и великая степь.Б.,2005). Эпосто кыргыздар менен коңшулаш жашаган, Манастын душмандарына карай согушкан эл катары сүрөттөлөт («Манас» эпосунун энциклопедиясы). Наймандар СУАРда 700 кожолукту түзүп, Кызыл-Тоо, Чимген, Там, Арпалык, Капка, Сарай, Ой-Таг, Гез, Сары-Кол, Таш-Коргон деген жерлерде, Сары-Кол тоолорунун чыгыш беттеринде, Жай-Терек, Жайылган кенттеринде орун алышкан (С.М.Абрамзон.Тандалма эмгектер Б.,1999). Наймандардын Кытай Памиринде жоон бут найман, беш ата найман, абыра, жээрде найман, андакул, сайвак, оболбек, саргалдак, сарыбел, борбаш, токой найман, калмак, согур, кайымкан, шерене, жыйык, кара чоро, дандуулат, сакоо, мошко сыяктуу өкүлдөрү жашашат.
Алар Суу-Башыда (жоонбут найман, беш ата найман, абыра), Булуң-Көлдө (жээрде найман, андакул, сайвак), Чакыр Агыл (кийин найман, шерене, шыйык, карачоро, абыра, дандуулат), Кез (оболбек, саргалдак, сарыбел, борбаш, токой найман), Можу (согур, жээрде найман, кайымкан), Көк-Жар ж.б. жерлерде кездешет (А.А.Асанканов Кыргызы Синьцзяна.Б.,2010). Тейит – кыргыз элинин пайдубалын курууга бир топ рольойногон, байыркы уруулардын бири, ичкилик тобунун көрүнүктү уруусу (О.К.Каратаев.2003). Кытайдагы Кызыл-Суунун оң агымындагы Бөрү-Токой, Чимген, Сары-Кол, Кара-Кол-Суубашы, Таш-Коргон конуштарында 400 дөй кожолук тейиттерге таандык болгон (Абрамзон С.М.Б.,1999). Сары тейит, такым, текрең, навруз, кутан, каратейит, майда, чой, чогорок, отунчу, кочкор, алапа, кыдырша, кызыл аяк, чоок, кесек сыяктуу тейит уруусунун уруктары азыркы мезгилде Кытайда жашашат. Алардын Суу Башы - (какыры, кара тейит-андан майда, чой, чогорок, отунчу, алапа, кочкор, кыдырша), Булуң-Көл, Можу, Көк-Жар (каратейит-отунчу, кызыл аяк, кочкор, чоок) ж.б жерлерде байырлашат (А.А.Асанканов.Б.,2010). Кесек – курамында (байыркы усундар менен байланышкан) байыркылыгынан кабар берген уруктар бар, ичкилик тобунун ири уруусу (О.К.Каратаев.Б.,2003). Таш-Рабат, Кең-Кол, Тагарма өзөндөрүндө жашаган кыргыздардын арасында кездешет (С.М.Абрамзон.Б.,1999).
Кытай Памиринде кесек уруусунун өкүлдөрү бар экендигин А.А.Асанканов белгилеген. Кыдаршаа – ичкиликтер тобунун байыркы, ири урууларынын бири. Кесек жана кыпчактардын курамында параллелдери кездешет. Кытай Памиринде каракаш бостон, боз чекен бостон, жыгдым деген уруктары бар. Бирок аз санда кездешет. Материалдарда Кытай Памир кыргыздары Чыгыш Түркстандын тоолуу аймактарын жердешкени маалым. Бул жердеги кыргыздар тоолук, тоолорду сүйгөн, тоолорду ыйык туткан, тоолорсуз жашай албаган эл десек болот. Алардын азыркы мезгилге чейин тоолуу жерлерди байырлашы, ошол Кытай Памиринин мураскери, көчмөндөрдүн маданиятынын, цивилизациясынын улантуучусу катары эсептелет. Анткени бул жагдай дагы кыргыз элинин Кытай Памирдин (Чыгыш Түркстан) байыртан бери жергиликтүү калкы болуп келгендигинин бирден-бир фактысы. Буга кошумча кыргыздардын көчмөн маданиятынын, цивилизациясынын көбү ушул Борбордук жана Орто Азиядагы Тоолуу жерлерде өткөн.
Тоолордун аталыштарынын баары (топонимдер) кыргыз тилинде коюлган. Кытай Памир кыргыздарын изилдөөнүн ар бири илимий жаңылык. Кытай Памир кыргыздары жана алардын жашоо турмушу толук кандуу изилдөөнү талап кылган чоң объект. Кыргыздардын тарыхый Ата Мекени болгон Кытай Памири кыргыз элнинин келип чыгышы, түзүлүшү жана калыптанышындагы негизги аймактардын бири деп эсептелинет. Бул аймак кыргыздарга түздөн-түз тиешелүү, кыргыздарга энчилүү жер. Анткени Ата-бабаларыбыз байыркы мезгилден бери жергиликтүү калк катары, жердин ээси жана коргоочусу катары кабылданып келген. Жогоруда Кытай Памир аймагын жалпылап, кыргызча эски аталышы менен «Сары-Кол жергеси» деген эски аталышын кайрып берүү кажет. Кытай Памир кыргыздары дебестен, «Сары-Кол кыргыздары» же «Сарыколдук кыргыздар» деп аталса, бул аймак балким кыргыз тарыхындагы өзүнчө статуска ээ аймакка айланмак. ЮНЕСКОнун чечими менен «Манас» эпосу кытайлык кыргыздардын, Кытайдын тарыхый мурасы деп табылган. Ошондой эле азыркы мезгилде Сары-Кол (Кытай Памир) Манастын түпкү Ата Мекени деген тыянактар жалпы коомчулукка белгилүү. А бирок, Кыргыз эли үчүн «Манас» эпосун тарттырып жиберүү бул оор жоготуу болду. Менимче Сары-Кол (Кытай Памир) жеке эле Манастын эмес, жалпы кыргыз элинин тарыхый Ата Мекенине кирет. Бул жерлердин бардыгы кыргыздарга тиешелүү, кыргыз жери.
Кылымдар бою ал жерлерди кытайлар эмес кыргыздар ээлеп, кыргыздар коргоп келген. Манасты Кытайлык кыргыздар эмес, Кыргызстандык кыргыздар жатка айтышып, укумдан-тукумга мурас кылып берип келишкен. Мындан башка толуп жаткан фактылар бар. Ошондуктан Кытай «Манас» эпосун талашкыдай эч негиз да жок.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены