Кытайда калган арман (сүрөт)

Ушул жылдын жай-саратан айларында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунунун Кулжа өрөөнүндө жашаган бир ууч кыргыздардын жашоосу, алардын айрымдарынын бул аймакка кантип келип калышкандыгы тууралуу баян кылганмын. Мен анда Кулжа өрөөнүнүн Нылкы айылына 1928-1931-жылдар аралыгында Жалалабаддан Советтик каардуу репрессиядан качып барган кыргыздардын тагдырына токтолгонмун. Кытайга барып отурукташып калгандардын арасында Жалалабаттын “Беш-Баба” айылынан качып барган Сары болуштун аянычтуу да кызыктуу да тагдыры мени Кытайга экинчи ирет барууга аргасыз кылды .

 

Анын үстүнө мен 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында Алай өрөөнүндө жашап өткөн Молдо Ысманали аттуу чоң акындын ырларын, кол жазмаларын издеп жүргөн болчуумун. Ысманалы ырчы да ошол каар заманда менин чоң аталарым менен бирге Кытайга качып барып жашап калганы, анын кол жазмалары ошол жакта Кыяк-Башы деген жерде калып кеткени тууралуу атам мага айткан болчу. (PS: Ысманали акындын ырларын атактуу окумуштуу, түрколог, академик К.К.Юдахин да көп жылдар издеткен.) Кытайга болгон экинчи сапарымда тапкан “олжолорумду” “Чоң алайдын чоң ырчылары” деген ат менен китеп кылып чыгардым. Китепке академик Абдыганы Эркебаев баш сөз жазып жакшы каалоо-тилектерин айткан. Китеп көлөмдүү болгондуктан окурмандарга айрым үзүндүлөрдү гана жарыялаймын.

 

Молдо Ысманали

Атам Садыкбай уулу Маматкалыктын бу жарык дүйнөдөн көзү өткөнчө ырдап жүргөн ыр-дастаны бар эле. Бирок бул ырды атам өз убагында эл алдында ачык ырдай алган эмес. Анткени, ыр Советтик түзүлүшкө, коммунисттик партияга каршы ырдалган. Ырдын түп баяны мындай:

 

19-кылымдын аягы, 20-кылымдын кылымдын биринчи жарымында (болжол менен 1857-1947-жж). Алай өрөөнүндө Ысманали аттуу ырчы жашап өткөн. Ысманали Жунус уулу сабаты ачылган, өзүнүн ырларын араб ариби менен кагазга түшүрө алган, дин жолунда жүргөн адам болгондуктан аны “молдо Ысманали” деп аташкан. Ал коммунисттик түзүлүшкө каршы ырларды ырдагандыктан Совет доорунда анын чыгармачылыгы изилденбей, бүгүнкү күнгө чейин ысымы аталбай келди. Ысманали ырчы Чоң-Алайдын Шибэ айылында болжолдуу 1857-жылы төрөлгөн. Уруусу торайгыр кыпчак, анын ичиндеги майда уруусу-колчок. Түп атасы-Айсабек, андан Тагай, Тагайдан Теке, андан Акжол, Акжолдон Мамат, андан Жунус, Жунустан – Ысманали, Мамай. Ысманалидан уул перзент калган эмес. Мен Кытайга экинчи ирет дал ушул молдо Ысманалинин ошол жакта калып кеткен ырлар жыйнагын издеп бардым.

 

Аталар баскан жол менен

Кайдасың кадимки Кашкар…

 

Убакыт учкан куш… Ысманали ырчыны зарлаткан заман кайда калды… Андан бээри арадан далай жылдар агылып өттү. Бир кездерде канчалаган бекүнөө адамдардын кан азабы менен курулган Совет мамлекети, кудайсыз коом жетимиш жыл өмүр сүрүп кыйрап калды. Бул ааламды жараткан Алладан башка түбөлүктүү эч нерсе жок эмеспи. Алайга атагы чыккан акындын ырларын билген жападан жалгыз адам – атам Маматкалыктын да көзү өтүп кетти. Артында ырга айланган мурасы калды. Ата мурасын бала улайт деп бекеринен айтылбайт. Мен болсо Ысманалы ырчы тууралуу тагыраак, толугураак маалымат чогултсам деп көпкө изденип, анан 2014-жылдын күз айларында атайын чыгынып аталарыбыздын жолу менен Кытайга жөнөдүм. Ысманалы ырчынын ырларында аңыздалып айтылган жерлерди бир катар кыдырып көрүп, ыңгайы келсе анын Кыяк – Башыда калган китеби сураштырып көрөйүн, балким табылып да калаар деген илгери үмүттө болдум. Экинчиден ошол каар заманда Кытайда калып кеткен туугандарыбыздын урпактары менен жолугушуп. дидарлашып келейин дедим.

 

Бишкекте жай саратандын ысыгы тарап, күн күзгө тартып калганда мен молдо Ысманали акындын куржун толгон ырларын издеп Кытайга аттандым. Биз түшкөн автобус Торугарт ашуусун ашып, бир күнчөлүк жол жүрүп кечке жуук кадимки Кашкарга жакындай баштады. Кытайга барып келип жүргөн жакшы санаалаш иним Акматалиден алган дарек боюнча мен Кызыл-Суу Кыргыз автоном обулусунун борбору болгон Артуш шаарында түшүп калып Мажит шинжаңга телефон чалдым. Мажит шинжаң Бөрү-Токойдо бир топ жыл айыл өкмөтүн башкарып кытайдагы кыргыздарга төбөсү көрүнгөн, көптү көрүп, көп билген, маселени шыр чечкен ачык-айрым киши экен. Мени кучак жая жакшы тосуп алды да анан не максат менен келгенимди ынта кою угуп дароо эле ишке киришти.

 

Мен: – Мажит ава, мен Моожу, Күн -Тийбес, Кыяк-Башы деген жерлерге баруум керек. Ал жакта менин чоң атам Садыкбай дегендин бир тууганы Кайтакы мергендин неберелер жашайт-дедим.

– Туугандарыңдын аты-жөнүн айтчы-деди, Мажит шиңжаң.

– Абдугапур, Абдирайим, Бурханидин, Нажимидин…

– Бурханидин.., Булуң-Көлдөгүбү Бурханидинби?.. Агар ошол болсо анда таптык, ал менин кудам болот- деп, Мажит шинжаң телефон чалып сүйлөшө баштады.

 

Бурханидин аба Кайтакы мергендин уулу молдо Курбандын кызы Сайипжамал эжебиздин экинчи уулу экен. Өткөн кылымдын отузунчу жылдарындагы каар заманда молдо Курбанды кызыл аскерлер “молдосуң” деп кармап кеткенде атасы Кайтакы мерген алты жашар небере кызы Саипжамалды атына учкаштырып, белине жоолук менен бекем таңып алып Кытайга качат. Сайипжамал эжебиз ошол жакта бой жетип Кытайдагы кыргыздардан бүлөө күтүп, үч улдуу, эки кыздуу болот. Ошентип, Мажит шинжаң менин издеген дарегимди дароо эле тапты.

Булуң -Көлдөгү Бурханидин ава менен көпкө сүйлөштү. Чамасы менин ким экенимди, кандай максатта жүргөнүмдү жакшылап такташты көрүнөт. Бул алар үчүн өтө маанилүү. Анткени Кытайда саясат чет өлкөдөн келгендердин жүрүм-туруму катуу көзөмөлдөнөт.

 

Мажит ава: ” Бүгүн эми кеч болуп калды, биздикинде конуп аласың. Туугандарың сени эртең келип алып кетишет. Алар тоодон келишет, жол алыс,” – деди.

 

Таң эртеден туруп багымдат намазын окуп, нанүштө кылып алып тоодон туугандарым түшүп келгенче Артуш шаарын көрүп алайын деп көчөгө чыктым. Артуш чакан шаар экен. Шаар эми күчтөнүп, бийик-бийик жаңы имараттар курулуп, кучагын кенен жая көркүнө чыга баштаптыр. Артуш Кызыл-Суу Кыргыз автоном обулусунун борбору болгон менен шаарда жашаган кыргыздар сейрек экен.

 

– Мурун мамлекеттик ар кандай кызматтарда иштеген кыргыздар гана Артушта жашачу. Алардын саны өтө эле аз болгон. Эми гана кыргыздар тоодон түшүп, шаардан үй ала баштады – дейт Мажит шинжаң. Шаарда негизинен уйгурлар, ханзулар(кытайлар) жашашат экен. Түшкө жуук Саипжамал эжебиздин үчүнчү уулу Нажимидин абанын күйөө баласы, кызы жете келишти. Мажит ава менен убактылуу коштошуп биз Кашкарды көздөй жол тарттык. Күйөө бала Кашкарда чакан батирде туруп, жолтандабас машинеси менен тоого эл ташып тирилик өткөрөт экен. Каш карайганда Нажимидин ава тоодон түшүп келди. Бою узун, өңү тоонун суугуна карарып бышкан, жашы элүүгө чамалап калган Нажимидин ава “кош келдиңиз” – деп кучакташып учурашты да анан:

– Сизди тоого алып кел деп мени жиберди, буйруса эртең эртелеп тоого маңабыз. Кашкарды анан тоодон кайтып келгенде аралайсыз- деди.

“Маңабыз” дегенине түшүнбөдүм. Көрсө уйгур тилинде “жөнөйбүз” дегени экен. Мен сөз издеп жүргөн адам болгон соң ар бир сөзгө маани берип сурап отурдум.

 

“Миң уккандан бир көргөн” деген накыл кеп бар эмеспи, алыстан ат арытып келип Кашкарды көргөнүмө көңүлүм куштар болду. Кадимки Кашкар… Миң жылдык тарыхы бар көнөө Кашкар… Каар замандарда качкан-тозгонду койнуна батырып жай турмуш, күч – кубат берген касиеттүү Кашкар… Канча суктанып айтсаң датүгөнбөгөн керемет шаар-Кашкар…

 

Көнө шаар Кашкардын таңы кулан өөк тартып сүрүлүп баратты… Туш тараптагы мечиттерден азан айтылып чапанын жамынган адамдар таңкы намазга шашып баратышты… Биз Нажимидин аба экөбүз багымдат намазын окуп, нанүштө кылып алган соң жолтандабас таксиге отуруп Кашкардын түштүк тарабындагы бийик тоолорду көздөй жол тарттык.

 

Кичи Сарыкол (Мургаптын Кытай тараптагы бөлүгү) Кытайдын чек ара аймагы болуп эсептелет. Андыктан биз сапарга чыгаар алдында Кытайдын тийиштүү органдарын барып уруксат алып алдык. Нажимидин аба экөбүз тоо таяна баратып эки-үч чегара түйүнүнөн өтүк. Бул жакта этникалык кыргыздарга бийликтин, ханзу элинин мамилеси жакшы болгондуктан мени көпкө кармабады. Тоо тарапка бараткан уйгур улутундагыларды дыкат текшерип жатты.

 

Ошентип биз улам өр тартып кете бердик. Бул таштактуу капчыгайдагы тар жол Пакистан тарапка алып барчуу эл аралык маанидеги жол экен. Жолдун эки тарабы бийик аска зоолор. Тоо боорундагы бираз жантайынкы жерлерге адамдар таштардан дубал уруп үй куруп алышкан.

– Бул таш үйлөрдө кыргыздар жашайт,-деди Нажимидин аба.

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун кыргыз эли ушундай табияты катаал шарттарда чыдап жашаганына кээде таңданасың. Кыргыз эли бийик тоолорго, бороон-чапкынга окшогон кулк мүнөзү татаал эл окшобойбу…

 

kytaida-kalgan-arman 1
Кытай, Ички Сары-Кол, Моожу айылы
kytaida-kalgan-arman 2
Кайтакы мергендин неберелери

 

Биз бараткан жолтандабас жүз элүү чакырымдай тоо таяна өрдөп жүрүп отуруп анан күн батышты көздөй бурулуп, түзөңгө чыгып токтоду.

– Мына бул көрүнүп турган аппак тоо- Муз Тоо, андан ары Булуң-Көл, батышка карай Моожуга барабыз,- деп Нажимидин аба божурап түшүндүрдү.

 

Мен Ысманалы ырчынын ырындагы:

 

Кайыңдынын белинде,

Карга батып кыйналып,

Кыйлага тартык азабын.

Садыкбай менен Кадырбай,

Алган экен кыйла чай,

Жолдо ичтик кайнатып.

Сак-саламат баарыбыз,

Муз Тоого келдик жакшылар,

Көздөрүбүз жайнатып. –деген жерин эстедим.

 

Касиеттүү Муз Тоо … Апаат замандарда Алайдан качкан эл ушул аппак кар жамынгын улуу тоого келип баш калкалап, жан сактаган экен да… “Атаң өлсө да атаңды көргөн өлбөсүн” деген накыл сөз бар. Бул улуу тоолор биздин аталарыбызды көргөн. Аларды каар замандын кандуу чеңгелинен калкалап калган…

 

Мына эми тоолору ак шөкүлө кийип, адырларына саргарган бетегеден башка чөп өспөгөн бийик өрөөнгө чыктык. Бул өрөөн деңиз деңгээлинен 3500 метрдей бийиктикте жайгашкан, климаты каттал аймак экен. Биз батышка карай дагы да өйдөлөп бараттык.

– Жылдыздардын түбүнө барат экенбиз да – дедим мен, тамашалап.

 

Жердин бийиктигинен тоолору да ушаланып кеткендей сезилди мага. Анткени мындай бийик аймактарда абанын басымы аз, күндүн радиациясы күчтүү болот эмеспи. Биз ушаланган бөксө тоолодун ортосундагы бозоргон ойдуң талаа менен дагы жүз чакырымдай жүрүп Күн-Тийбеске жете келдик. Жол катар жайылып оттоп жүргөн топоздорду, болор-болбос өскөн жапыз чөптөрдү чалгы менен чаап жыйнап жүргөн малчыларды кезиктирдик.

 

– Күн-Тийбес деген менен күнгө бет жер экен. Бул жер эмнеге Күн-Тийбес деп аталат? -деп сурадым.

– Онау өйүздө, тоолордун арасында күн тийбеген жерлери бар деди, -Нажимидин ава.

 

Күн-Тийбестеги бири-бирине учкашкан жалпак тамдарды көрүп мен тээ ойноок бала кезимдеги турмушка сүңгүп кеттим. Мындан 30-40-жыл мурун Алайда ушундай жашоо эле. Пайдубалына таш төшөлүп бышкан ылайдан курулган жалпак боз тамдар бири-бирине учкаштыра салынчу. Үйлөрдүн үстүнө курут кургатышчуу же кемпир – чалдар күнгө кактанып жатышчу. Бул жашоо менин жүрөгүмө канчалык жакын экенин ошондо сездим. Адам өткөн өмүрүн, балалыгын эстеп сагынат. Арта калган балалыктын аруу сезимдерин, ойноок кездерин издей берет… издей берет… Бир ойчулдун: “бүт өмүрүмдү балалыктын бир күнүнө алмашпас элем” деп айтканы бар…

 

Күн-Тийбестен өтүп дагы жыйырма чакырымдай жүрүп биз Моожуга жете келдик. Моожуда мени чоң атам Садыкбай менен чогуу качып келип ушул жерде калып кеткен бир тууганы Кайтакы мергендин небереси Абдугапыр аба “кош келдиңиз” деп тосуп алды. Абдугапыр аба жапыз бойлуу, жашы жетимишке карай бараткан кара тору, жумшак мүнөз киши экен. Менин келгениме чын жүрөгүнөн кубанганы билинип турду.

 

Жашоого жараксыз жерде жашаган кыргыздар

Таштак жол менен узак жол жүрүп келгенгеби, же жердин өтө бийиктигиненби, айтор башым маң болуп кайда келип калганымды түшүнө албагандай далдырап калдым. Тээ алда кайдан көрүнгөн ак баш тоолорго, бири-бирине учкашкан жапыз жер үйлөргө карап бир азга турдум да анан “Биссимилла” деп үйгө кирдик. Жакшылап амандашып, ал-жайды сураштырып алгандан кийин үйдүн ичине көз чаптырдым.

 

Мен көнөө турмушту, эски сөздөрдү издеп жүргөн жазмакермин. Андыктан алыстан атайын ат арытып келип отурган соң бул жакта жашаган кыргыздардын турмушу, жашоо-шартын, каада–салты тууралуу бир нерселерди чиймелеп жазсам деп жүргөн соң мага адамдардын ар-бир кыймыл – аракети маанилүү эле. Конок үйдүн ички дубалдарына баштан-аяк улуттук кеште тигилген кездемелер ороло тартылып, жерге колдо согулган килем, таар, кийиз салыныптыр. Ортого бизче айтканда “буржуйка” печке коюлган. Сыртта күн жылуу болсо да мешке от күйүп, үстүдө тамак бышып жатат. Аңгыча дасторкон жайылды. Кооздоп чекилип бышырылган жука нан, топоздун сары майы, топоздун айраны, анан туз салынган сүт чай келди. Чоң чыныга сүт чай куйулуп сунулду. Бала кезде биз мындай сүт чайды ичип чоңойгонбуз, бирок булардын сүт чайды даярдоо ыкмасы башкачараак экен. Чыныга куйулган сүт чайды кантип ичүү керектигин билип алыш үчүн Абдугапур абамды карадым. Абдугапур аба өзүнө сунулган чайды алды да шорпого нан туурагандай нан туурады. Мен да сыр билгизбей нандан сындырып алдымдагы сүт чайга азыраак туурадым..

 

– Нандан сал, курсагыңды жакшылап тойгозбосоң түтөк болосуң, жер бийик-деди Абдугапур аба.

– Көнүп алганча азыраак жейин –дедим.

 

Ошентип дасторкон үстүндө баарлашып отурдук. Мен тууган издеп келген максатымды, анан Ысманалы аттуу Алайдан чыккан атактуу ырчынын ырларын издеп жүргөнүмдү айттым. Сөз кезеги келгенде :

– Бу жерге салган килемиңиз Алайдын килеми го” – дедим.

– Аа.., билип койдуңбу.., туура баамдагансың, Алайда согулган килем. Атам менен бир тууган Байит авам алып келген эле- деди Абдугапыр ава.

 

Кайтакы мергендин 1956-жылы Алайга көчүп кеткен Абдибайит, Абибилла деген уулдары, Сати деген кыздары бар. Абдибаит аба Чоң–Алайда Жайылма деген айылда жашап, 2013-жылы көзү өттү. Абибилла аба менен Сати эжебиздин көздөрү тирүү. Алар туугандарын издеп Моожуга эки ирет келип кетишиптир. Бейиш болгур Абибила абабыздын көзү өтүп кетти.

 

– Ава бул нан тоонун наны эмес го.., – дедим нандын даамына таңдана… Мен Алайда апамдын тандырга жаап, кызарта бышырган даамдуу нанын жеп чоңойгом, а бул нандын өңү кубарып шаардын нанына окшоп турат…

– Нанды Кашкардан алабыз -деди, Абдугапыр аба жылмая.

– Кашкардан дейсизби.., Кашкар 300 чакырым алыста го…

– Уйгурлар Кашкардан алып чыгып келишет, 4 моодон (юан) сатып алабыз. Алар бизден курут, кой-козу сатып алышат… Чынын айтсам өтө таң калдым. Ичимден “ушинтип кантип болсун” деп кейип да алдым.

– 4 моо биздин кыргыз сомуна 45 сом болот экен. Анын үстүнө өтө эле жука экен, өзүңүздөр эле жаап жебейсиздерби –дедим, жаным кейип. – Нанды ким жабат, бул жерде отун жок -деди Абдугапур аба.

Эмне дешимди билбей калдым. “Бул бизге үйрөткөнүн койсо экен” деп жаман көрүп калабы деп ичимден тынып калдым.

— Өтө эле бийик өрөөн экен, бираз ылдыйлап түшүп жашасаңыздар болбойбу – дедим сөздү улай тапаңданып…

– Ханзулар (кытайлар) келип “жашаганга жараксыз жер экен” – деп кетишти.

Эми биз үйрөнүп алганбыз да, бул жер жыргал да – дейт Абдугапур абам.

 

Ханзулар туура айтат, кайсы жерде болбосун мындай бийик, климаты оор шартта топоз, кой, анан кыргыз гана чыдап жашайт. Ал аз келгенсип кыйналып тапкан каражатына Кашкардан нан сатып жейт… Кагылайын тоо кыргыз… тоң кыргыз… Ошентип бир саатай сүйлөшүп отуруп анан сыртка чыксак күн кечтеп бараткан экен.

Абдугапыр аба: – Органга барып сенин келгениңди билдирип, каттатып койбосок бале болот- деди.

 

Биз Можудагы ички иштер бөлүмүнө жөнөдүк. Бул жердеги элдин үйлөрүн кара, да ички иштер бөлүмүнүн заңкайган эки кабат имаратын кара.. Органдын эки кызматкери камераны коюп алып мени төрт саатка чукул суракка алды. Кайдан келдиң, эмне максат менен келдиң, кайсы жерлерге токтодуң, ким менен сүйлөштүң, Кыргызстанда турган дарегиң, тууган – уругуң.. Кыскасы суралбаган эч нерсе калбады окшойт…

– Чек ара түйүнү болгондуктан бизде талап ушундай, буга капа болбо – деди авам, менин көңүлүмдү жайгарып.

 

Сыртка чыксак эбак эле түн кириптир. Асман чайыттай ачык болгондуктан жылдыдар жымырайт. Мага бул өрөөндө жылдыздар жерге өтө жакындай, тоолорго куйулуп бараткандай сезилди… Кечки нанүштөгө отурдук. Дасторкон үстүндө “ырдайым деп келген соң ырдаш керек”- дегендей сөздөн ишке өтөйүн деп Абдугапур авама:

– Ысманалы ырчынын ырларын таба аламбы. Анын ырларын билген жан барбы?- дедим.

– Таба албайсың, качаааңгы ыр экен… Аны билген адам калбады, баары өлүп жок болду. Анын үстүнө билсе да сага эч ким айтып бербейт. Бул жерде “дубалдын да кулагы бар” дегендей сенин келген – кеткениңдин баары көзөмөлдө. Көрдүң го булардын сураганын. Тууган издеп келдим деп тынч эле кетип калганың оң. Биз да тынч болобуз, – деди.

 

Эми не дейим, бул туугандарымдын айткандары да жөндүү. Чек ара түйүнү болсо… Мен го кетип калам, а булар бул жерде жашаган эл болгон соң зыяным тийип калбаса экен… Кандай болсо да акырын жоолгоп сураштырып көрөйүн, мынча чыгынып келген соң бар-жогуну биле кетейин дедим, ичимден тына. Эртеси Абдугапыр аба койун сойуп, кошуна – колоңун, туугандарын чакырып конок кылды. Мен чай үстүндө ошол каар заманда чоң аталарыбыз Алайдан качып ушул жерге келгени, мурдатан ушул жерде жашап келген журтту эл жолдо азап-тозокту тартып келген элди кучак жая тосуп алган адамкерчиликтери тууралуу Ысманали ырчы:

Азамат-эрдин баласы

Мамажусуп мартабы

Мартабалуу эр экен.

Кыякбашы, Моожулар

Касиетүү жер экен.

Жерге курган эл экен.

Төрт чарчылуу, жакшылар

Ысмайыл бегим шер экен – деп ырдаган жерлерин аягына чейин окуп берсем:

– Овоо-оо, жакшы ыр экен, ырда айтилган адамдардын бардыгынын неберелери бар. Бирок олор бул сиз издеген Ысманали ырчы тууралуу эч нерсе билишпейт,-дешти.


Мен акындын бул жерликтер тууралуу айткандарын улай окудум:

Жекенди кыпчак тагам деп,

Жете барып жоктогон.

Хан кыпчактын жээни,

Кадыры ашкан Каарбай,

Уругу кыпчак жээни,

Урматы ашкан Калыкбек.

Булбулдай аба Асанбек,

Мурунтан көргөн нускасы.

Карчыгадай Асанбек,

Кадимтен көргөн нусканы.

Талабы найман ичинде,

Тагдыр келген бабасы.

Кымызын кыстап ичирген,

Табгар болгон тагасы.

– Аа-аа жүда жакшы, жүда жакшы. Каарбай да, Калыкбек да, Асанбек да, Жантайбек да ушул өрөөндө жашап өткөн адамдар. Алардын небере – чеберелери бар. Эми мыйман бала азыркылар түгеле эч нерсе билбейт. Илгерки адамдар сөзмөр болгон да – дешип алакан жайып отура беришти. Ысманали ырчынын жоголгон китеби тууралуу бул жактан эч маалымат таба албайт экемин да деп ичимден кейип койдум.


Моожу кыштагы Кытай Сары-Колундагы эл эң жыш жайгашкан айыл экен. Деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан бул айылда үч миңге чукул түтүн бар дешти. Бирок бир дагы даараткана жок экен.. Караңгыда кытайдын панаригин жандырып алып талааламай. Айыл жайгашкан жер түздүк. Жакын арада жашынарга кокту – колот да жок. Бул жакка электр чубалгысы да жетпеген. Күн батереяларын пайданалышат. Күндөн энергия алган батереялар кечиндеси үлбүлдөп жарык кылганга жарайт. Айылдын чыгыш-батыш тарабындагы чокуларын кар баскан тоолор алда кайда алыс көрүнөт. Түндүк тарабындагы өтө бийик эмес адыр тоолор жакыныраак.

– Оонаву кырдын нар жагында дагы бир кыр бар, шону ашсаң Совет- деди, Нажимидин аба .


Совет дегени “Советтер Союзу” дегени экен. Совет мамлекети эчак кыйрап калса да бул жактагылар бизди “Советтен келишти” деп илгерки көнүп алган тилдери менен айтышат. Нажимидин аба топоздору жоголгону тууралуу бир кызыктуу окуяны айтып берди. Бул өрөөн Тажикстандын Мургап району менен чектешет экен. Чек ара тоо тилкелери болгондуктан эч нере менен тосулбаптыр. Бул жерлик кыргыздар акыркы жыйырма жылда беш миңдей топоздорун уурдатыптыр. Ким уурдаганы, кайда кеткени билинбей жүрө берет. Бир күн Нажимидин ава, дагы беш–алты адам тоонун сыртына чыгып ууруларды аңдып жатышат. Түн бир оокумда кайдан-жайдан уурулар пайда болуп бир топ топозду Тажикстандын чек арасын көздөй айдап жөнөшөт. Ошондо ууруларды аңдыган топ алардын артынан кууп жөнөшөт.


– Таң атып калган эле, ууруларды кууп отуруп Тажикстандын чек арасына кирип кеткенибизди билбей калыпбыз. Бизди солдаттар кармап алышты. “Не келдиңер” дегенин “ууруларды кууп келдик, бул биздин топоздорубуз” десек нары барып өздөрүнчө сүйлөштү да анан бизге келип ,”топозуңарды айдап тез жоголгула” деп, анан орусчалап дагы бир сөздөрдү айтып кыйкырды. Биз кутулганыбызга, топоздорубузду кайтарып алганыбызга кубанып кайтып келдик. Моожуга келип болгон окуяны айтып өкматка кайрылдык. Кытай бийлиги кийлигишип ошол Мургаптагы ушундай уурулукка катышкан бир топ адам кармалып, түрмөгө камалыптыр – деп уктук.


Ошондон кийин топоздорубузду уурдатпай калдык. Чек араны кайтаруу да күчөтүлдү- дейт Нажимидин ава. Нажимидин абанын айтканы жөндүү. Ошол 1990–2010-жылдыр аралыгында Мургап районунан Кыргызстандын Алай районунун аймагыгдагы Сары-Могол айылына топоздор тынымсыз алынып келип, базарда арзан баада сатылып турган. Көрсө ошол топоздор Кытайлык кыргыздардын уурдалган топоздору экен. Бул тууралуу эл ичинде көп сөз болчу.


Моожуга келгениме үч күн болду. Кайтайын десем Кашкарга түшүп кеткен таксилерден кабар жок. Мектептерде, окуу жайларда окуу башталып айылдан кеткен адам көп, кайткан адам жок. Сыртка чыгып ары-бери басам. Топоз саап жаткан эженин жанына барып аны-муну сурайм… Анан арыраак бассам бир эже түтүндүн арасынан бир нерсе издегенсип жатат. Кызыгып жанына бардым. Үйүнүн короосуна койдун кыгын (көңүн) өрттөп арасына көмөч бышырып жатыптыр. Көпкө чейин карап турдум. Чала күйгөн кык түтөй берди. Шамал урган сайын түтүн туштарапка айланып, эже көмөч казанын күйгөн кыктардын арасына түртүп, түтүн жутуп кыйналып жатты. Анан бир–эки көмөчү бышты. Менин конок экенимди билип, “кел, нан же” деди.


– Эже минтип кыйналбай тандыр салыпдырып албайсызбы?- дедим.

– Ону ким кылат… Тандырга отун жок. Тандыр салган адам да жок. Мурун тандыр болуптур…

– Тандырга кык менен эле нан бышырса болот да… десем

– Түтөйт, капкара кылып нанды ыштап салат –дейт.

– Мындай да…тандырга кыктан көбүрөөк салып от койосуз. Биринчи тандыр карарат, анан от күйүп бүтөөрдө аппак болуп агарат, чокту үйүп анан нан жабасыз- десем эже мени карап жылмайып, анан:

– Мыйман бала эми биз антип нан жаап көрбөгөнбүз да, мурун апаларыбыз тандырга нан жапчу”- деди.

– Анда кыш печка салдырып алыңыз. Мындай… төрт бурчтуу кылып, ичине сетка коюп – десем,

– Аны ким салат-дейт.

– Мен эле салып берейин, тез эле бүтөт, – десем эже негедир көңүлдөнбөдү.

Кыйналып кысталып жатып түшкө чейин ондон ашуун көмөч нан бышырды.


Ошондо мен бул Кичи Сарколдук кыргыздардын не үчүн 300 чакырым алыстагы Кашкардан нан сатып жешкенин түшүндүм. Оор мээнет менен тапкан кызылдай акчаларын соодагерлерге кармата бергенине кейидим. Балким кыргыз элинин турмушу ушундайдыр… Мынчалык байоолук кыргыз элине эле таандык сапаттыр…


Моожудан ары Кыяк–Башыга барып Ысманали ырчынын китебин алып калган Ибрагимбектин чоо-жайын издеп таап, неберелер - чеберелери болсо сураштырып көрөйүн десем

Абдыгапыр аба: – Ол жак өтө эле бийик, анын үстүнө мен билгенден Кыяк-Башыда Ибрагимбек деген адам жашабаган, андай атанын балдары жок. Ожакта саналуу эле үй-бүлөө бар. Биз жакшы билебиз го-деди.

– Анда Күн-Тийбеске кайтайын. Машине табылбаса жөө эле кете беребиз. Жыйырма чакырым жол да кеппи, тоодо кой кайтарып эле чоңойбодукпу десем, Абдыгапыр абанын балдары короодо турган эски машинени чукулап киришти. Эски, номуру да жок машинени эптеп жүргүзүштү да, “алыска бара албайт, Күн-Тийбеске жетип барар” дешип Нажимидин аба экөбүздү алып жөнөдү. “Боору бүтүн эл болбойт” деген чын белем, Абдыгапыр абам мени мени узатып жатып көзүнөн жаш кылгырып:

– Аллага аманат, тууган-урукка салам айт, жаш экенсиң, Алла насип этсе дагы келерсиң… -деди.


Уландысы бар

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены