Кызыл Суу кыргыз областы өзүнчө префектура (область болуп ) 1954 жылы июль айында түзүлгөн. Буга чейин Файзабат аймагына каралчу. Бугунку күндө Кызыл Суу кыргыз областында 540 000 адам жашайт. Алардын 28%ин кыргыздар түзөт, болжолу 150-155 000 кыргыздар ар кайсы оодандарда жана борбору Артушта жашашат, калган 72 % калктын составында негизинен уйгур жана хансу улуттары бар. Кызыл Суу кыргыз областынын территориясынын жалпы аянты 72,500 чарчы км. Чыгыштан батышка 500 км, түндүктөн түштүккө 140 км аянтты ээлейт. Областтын административдик бөлүнүшү - Артуш шаарынан жана шаардын составына кирген Каражуль, Тегирмети чоң айыл өкмөттөрүнөн турат. Андан тышкары өз алдынча Ак Тоо, Ак-Чий жана Улуу Чат оодандарынан (райондорунан) түзүлөт. Тоодо жашаган кыргыздар 90% ке жакын.
1. Артуш шаарынын калкы 60 000 ге жакын болсо, анын 8000-10 000 ге жакынын кыргыздар түзөт, калганын уйгурлар жана хансу ээлейт. Областын борборунда областтык жетекчилер кыргыздардан жана хансулардан куралат. Шаар башчысы уйгур улутунан. Жалпы Артуш шаарынын жана тегерегиндеги жайгашкан Артуш шаарынын карамагына кирген элдин саны 240 000 адам, анын 70 % ин уйгурлар түзөт. Жети чоң айыл өкмөтү Артуш ооданына карайт, анын ичинде 2 чоң айыл кыргыздарга тиешелүү - Тегирмети жана Каражуль. Ар бирине бир канчалаган майда айылдар ( кенттер жана дадүйлөр) карайт.
2. Ак Тоо ооданында 200 000 жакын калк жашайт. Анын ичинен кыргыздардын жалпы саны 40 000 адамды түзөт. Негизинен ичкиликтер: кыпчак, тейит,найман, кесек деген уруулар тарыхый шартта отурукташып калышкан. Кыргыздардын көпчүлүгү Алайлык жана Памирлик элдердин диалектисинде сүйлөшөт. Оодандын 94 % жерин Памир тоолору ээлейт. Кыргыздар тоолордо малчылык менен алп урушат.. Көпчүлүк кыргыздар уйгурлашып кеткени билинип турат, айрыкча Кашгар шаарынын тегеретесинде жашагандарга уйгурлардын таасири чоң. Ооданда 13 айыл өкмөтү болсо анын 6сын кыргыз айылдары ээлейт, оодандын территориясында 1 тажик айлы жана калганы уйгур айылдары жайгашкан. Кыргыздар жашаган айылдар: Кызыл Тоо, Булуң Көл, Можу (Кара Көл),Ужмо (тыт), Ой Тоо жана Чарлын деген айылдар кыргыз айылдары болуп эсептелет.
3. Улуу Чат ооданында жалпысынан 42 000 калк жашайт - деп айтылат, бирок бүгүнкү күндө оодандын борбору тез өнүгүп бара жаткандыгы байкалып турат. Көптөгөн заводдор жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармактары салынып жатат. Турак жай курулуштары тез аралыкта салынып жатканы жергиликтүү кыргыздардын ишке орунтукташкандарына шарт түзүп жатат дешет жергиликтүү жетекчилер. Оодандын территориясы Кыргызстандын Алай жана Кара Кулжа райондору менен чектешет. Иргеш там чек ара пункту да ушул ооданда жайгашкан. Келечекте Оодандын аймагы кошуна өлкөлөр менен соода жана экономикалык өнүгүүнүн чордону болуп каларына шек жок. Оодандын калкынын саны 60 000 болсо, анын 40 000 кыргыздар түзөт, калган 20 000 хансу менен уйгурлар отурукташкан. Улуу Чат деп аталган борборунда 10 000 ашык адам жашаса, анын 6000 чейинкисин кыргыздар түзөт. Ооданда жашаган кыргыздардын негизги бөлүгүн Чоң багыш уруусу түзөт (60% ), калганын ичкиликтер жана адигине уруусуна киргендер түзөт, арасында жору, жоош, бөрү, чериктен тору уруулары отурукташкан. Улуу Чат ооданында 10 айыл бар: Кызыл ой, Ок Салыр (Кожожаштын айылы), Бөрү токой, Кооно Улуу чат, Жыгын, Эркеш там, Бостон терек,Тоюн, Байгурт, Терек.
4. Ак Чий ооданында 40 000 калк жашайт, анын 90%ын кыргыздар түзөт. Оодандын территориясы Кыргызстандын Ат Башы жана Тоң райондору менен чектешет.Ооданда 6 чоң айыл өкмөтү (шан) бар: Уч, Кулансарык, Сапарбай, Сом Таш-Кушчулар айылы, Кара Чий, Кара Булак (Манас айылы). Оодандын территориясы мурунтан жабык зона болуп келген. Азыр андай статусу жоюлуп чет жерден келгендер ээн эркин каттап калышты. Оодандын элинин негизин черик уруусу түзөт, бир аз кутчу (кушчу) жана мундуз уруусунан бар. Ак Чийликтер илгертен эле кыргыздын улуттук салт санаасын жана тилин туруктуу сактап келе жаткан эл деп айтылат. Айрыкча манас айтуучулук, куш салдыруу деген улуттук доолоттор катуу сакталган. Ак Чийден белгилүү манасчылар жана жазуучулар чыккан, алар жалпы эле кыргыз элинин маданиятына жана адабиятына чоң салым кошуп келе жатышат. Артуштан Ак Чийге чейин 300 км аралыкта болсо да, кийинки салынган асфальт жол жолоочуну эриктирбейжана кыйнабай бир нече сааттын ичинде каалаган багытына жеткизет. Жүнгө (кытай ) мамлекетинде жашаган кыргыздардын жалпы саны 180 000ден ашып 200 000ге чейин жете турган болсо, анын 155 000ге жакыны ушул Кызыл-Суу кыргыз автономдук областында жашайт.
Андан тышкары:
1.Иле-Казах автономдуу областынын территориясында 20 000ге жакын кыргыздар жашайт. Анын ичинде Тарбагатайда 2500 кыргыз, Текесте -10 000 жакын адам бир айылда отурукташкан;
2. Ак-Суу аймагында 12 000 кыргыз ар кайсы айылдарда жашашат;
3. Кашгар аймагында 7 000 кыргыз ар кайсы айылдарда жашашат;
4. Үрүмчү шаарында 2000 чукул кыргыз жашайт;
5. Хотен аймагында ( Кең Кыр айылдык окмоту) 1100 жакын адам жашайт;
6. Фуйу жергесинде (ичкерки кытайда) Хэйлюнзиан провинциясында 1500 жакын кытайлашып кеткен кыргыздар бар.
КСКАО жунго мамлекетинин озгочо аймак катары эсептелген стратегиялык мааниси бар жерде жайгашкан.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены