Баатыр Манас бабабыз жалпы кыргыз улутунун улуу сыймыгына айланганын эч кимибиз тана албайбыз. Ар бир кыргыз айкєлдїн арбайына сыйынып, пир тутуп келгени да муну тандыра койбос. Дїйнє эли да кыргыз дегенде Манасты, Манас дегенде кыргызды таанып келет. Дегеним, кайсы бир доордо чачылган кыргызды жыйып, їзїлгєндї улаган Манас болгонун эч кимибиз жашыра албайбыз. Ушундан улам Улуу бабабыздын эл їчїн жасаган эрдиги муундан-мунга баян болуп айтылып, бїгїнкї кїнгє чейин жетти. Мындан ары дагы кыргыздын жїрєгїндє Манас жашай берет, эч качан унутулбайт.
Манас бабабыздын баяны (эпос) эле эмне деген керемет. Куюлушкан ыр саптары менен айтылган мындай кєлємдїї эпос дїйнєнїн эч бир элинде жок. Баянда – кыргыз элинин їрп-адаты, каада-салты, этнографиясы сыяктуу жалпы жашоо-турмуш образы жана элдин жоокердиги ж.б. баары камтылган. Бир сєз менен айтканда, кыргыз тууралуу эмне издесеў, Манас баянынан баарын табасыў.
Бирок, Манас бабабызды эпос же жомок катары кєрсєтє бербей, тарых барактарын казып, жер аттарын иликтеп, турмушта жашап єткєнїн далилдеп чыгуу, эгемен єлкєгє ээ болгон кыргыздын милдети деп билем. Миўдеген жылдар мурун кыргызды сактап калган Манасты, тарыхтан тактап чыкпасак, айкєл бабабыздын арбайы бизди кечирбеси анык. Муну акылыбыз менен туюп, бул ишке эртерээк киришкенибиз туура болор. Манасты тарыхтан табууда жер аттары негиз тїзїп берээрин окумуштуулар баса белгилеп келишїїдє. Ошондуктан, Манас баянында айтылган жер аталыштарын кылдат изилдеп чыгуу турмуш зарылдыгы. Негизинен Манас баянындагы жер аттары иликтенип бїтїп, Манас энциклопедиясына камтылган.
Бирок, бир топ жерлер так айтылбай бїдємїк бойдон калып келїїдє. Дегеним, Манас баянынан улам кыргыздардын дээрлик баары, ал тургай тарыхчылар да "биз Алтайдан” келгенбиз деген тыянакты чыгарып келишїїдє. Ооба, улуу эпосто Манастын атасы Жакып Алтайга куулуп, анан кайра Ала-Тоого келгени айтылат. Бирок, Алтайга кайдан качканыбыз Манас эпосунда так жазылып турса да, аны толук ачып бералбай бїгїнкї кїнгє чейин табышмактатып келгенибиз туура болбос. Мына ушул учукту тапсак, кайсы бир кылымда кыргыздар тїзгєн же Манастын атасы Каракан (С.Каралаев) мїмкїн Ногой хан (С.Орозбаков) кураган хандык табылып жїрбєсїн. Экинчиден, кыргыздар орустун колониялдык саясаты менен тїзгєн тарыхы же Манас эпосундагы Алтайдан бери карай гана жазылган тарых чїргємєсїн кайра карай турган кїн келди го дээр элем. Анткени, Манас эпосунда Кыргыздар єз хандыгын орноткону, анан кытай баскынчыларынан жеўилїїгє учурап, туш тарапка куугунтукталганы кыргыздын эки манасчысында теў баяндалган. Анан да, Манастын ата-бабасы жердеп, алгач куугунтукталган жердин аты "Сары-Кол” деп жазылып турат. Муну тагыраак тїшїндїрїп берїї чїчн кепти ушул аталыш боюнча баштайын.
Схематикалык картада болжол менен 70 миў чарчы чакырымга жакын аянтты ээлеп, чыгышы Кытай, тїштїгї Индия, Пакистан, Ооганстан, Батышы Тажикстан, тїндїгї Кыргызстан менен тогошкон тоо кыркасы Сары-Кол деп аталат. Сары-Кол жалпы ат. Анда дїйнєдєгї эў бийик чокулардын катарына кирген мурунку Опол тоо, азыркы Музтаг-Ата (Муз тоо), Ленин жана Коммунизм (Самони) чокулары жайгашкан чоў єрєєн. Сары-Кол єрєєнїн кылымдар бою кыргыздар мекендеп келишїїдє. Анда жашаган кыргыздар бїгїнкї кїнгє чейин сарыколчу кыргыздар делет. 19-кылымдагы Англия, СССР, Кытай империяларынын баскынчы аскерлери Сары-Колдо тогошуп, їч єлкє їчкє бєлїп салышкан. Їч улуу мамлекеттин курмандыгына айланган Сары-Кол аймыгандагы кыргыздар учурда їч мамлекетте турмуш кечирїїдє. Бир бєлїгї Кытайда Ак-Тоолук (Опол, Музтаг-Ата) кыргыздар. Экинчиси, Тажикстанда Мургабтык кыргыздар (кээде Бадахшандык кыргыздар), їчїнчїсї Ооганстанда Памирлик кыргыздар болуп бєлїндї. Їч мамлекетте жашаган кыргыздардын кимисине барып сураба баары "мен сарыколчумун” деп жооп берет. Мургаб районундагы жергиликтїї гезиттин аталышы да "Сары-Кол”. Географиялык карталарда дагы Сары-Кол деп белгиленет. Азыр да їч єлкєгє караган (Тажикстанда, Ооганстанда же Кытайда болобу) Сары-Кол аймагындагы кїн кечирип жаткан элдин 90 – 100 пайызы кыргыздар. Ошол єрєєндєгї жер-суунун аттары дагы кыргызча айтылат. Мындай кєрїнїш тарыхта Сары-Кол аймагы кыргыздын жери болгондугун так айгенелеп турат. Муну эч кимибиз тана албайбыз. Тарых дагы тандырбайт. Эми жер туурасында сєздї узартпай, кеп тизгинин кыргыздын улуу манасчылары С.Каралаев менен С.Орозбаковдун айтуусу менен Союз учурунда кыскартылып тїзїлгєн Манас эпосундагы окуяларга сереп салып кєрєлї.
Эки манасчынын айтуусундагы окуялардын алгачкы жїрїшї же кайдан куугун жеп чыккандыгы жєнїндє сєз болгондо дал Сары-Кол єрєєнїндєгї жер-суу аттары атала баштаганын кєрєбїз. Аны далилдїї айтып берїї їчїн алгач Саякбай Каралаевдин вариянтындагы окуялардан баштайлы. Саякбай Каралаевдин вариянты боюнча "Манастын туула элегиндеги бабалары” деген темада баатырдын ата-бабасы дал Сары-Кол аймагында жїргєндїгї айтылат. Кытайдын Алооке ханы кокусунан кол салып, Кыргыздар кыргынга учураганы баяндалат. Кыргыздардын бир уруусу Нойгутту чапканда, Акбалта Каракандын балдарына келип баш калкалап, баскынчыларга каршы кїрєшїїгє аракет кєрєт. Каракандын балдары намыстанышып, жерибизди талатып-тонотуп тирїї жїргєндєн кєрє єлєлї дешип, кытайга каршы каршы аттанып чыгышат.
Баштаган Жакып, Акбалта
Алтымыш балбан аттанып,
Кеў Кашкар ылдый жакалап,
Сай буудандын баарысын
Кайра баштан такалап... - (СК. 1.32) деп, окуя Кашкардын тегерегинде болуп жатканыдан кабар берет. Аттанган кол элден тоногон алтын, кїмїш, баалуу буюмдарды Бээжинге алып жєнєгєн кытайдын сексен балбанына кезигип, баарын кырышат. Сексен балбандын ичинен Алоокенин Жєє желдет аттуу балбаны качып кутулуп, ханына айтып барат да, Алооке кыргыздарды кыруу їчїн аскерлерин баштап келет. Ал жерде Акбалтанын чечендиги, айлакерлигине салып, элди єлїмдєн сактап калат. Ошондо Алооке кыргыздарды туш тарапка тозутканга буйрук берет.
Мунун бирєєнї айда Иренге,
Мунун тїшїрїп жибер тереўге,
Бирєєнї айда Каўгайга –
Бирєєнї айда кара калмак Алтайга - деген соў, кытайдын Молтоканы кыргызды тозутат.
Кайран Балта Жакыпты
Кырк їйлїї кыргыз баш кылып,
Алтай кєздєй айдады.
Бирєє айдалды Иренге
Бирєє тїшїп кетти тереўге – (СК. 1.35) деп, сїрєттєлєт.
Ушул саптарды Сары-Кол аймагынан алып караганда элди тєрт жакка чачыратканы даана кєрїнєт. Иренге дегени Иран, тереўге дегени Анжиян, Нарын тарабы болуш керек. (Кошой дагы Жолойдон качып Ат-Башыны жердеп калган). Алтайга Жакып менен Акбалта, Каўгайга дегени Жакыптын туугандары. (Їсєн деген тууганы Кытайдын ичкери жагына кеткени Сагынбай Орозбаковдун вариянтында айтылат). Кошойдун Сары-Кол аймагында жашаганы куру сєз болбошу їчїн жїйєєлїї негиздерге таяналы. Биринчиден, Кошой Жакыптын атасы Караканды кытайлар чаап, элин тоноп, жерин бєлїп жатканда аларга каршы аттанган. Муну Кошой Манаска жолукканда айтып берет.
Каракандын калыў журт
Кара кытай, манжулар
Камчыга ченеп бєлгєндє
Жанымда бар кырк жигит,
Жетик белим курчандым,
Жер жайнаган манжуга,
Жеке кирип кол салдым – дейт да, Кырк жигиттен айрылып, єзї жалгыз араў качып кутулганын айтат.
Кыйырымдан чалдырдым,
Кыйындардын баарысын
Кытайга белек алдырдым...
...Элкин ээн жерди издеп,
Караан болоор элди издеп.
Кєктєн булут тутулуп,
Чамбыл белдин нары жагы Чоў тоого чыгып кутулуп – (СК. 1. 114) деп, качып кутулганын айтып, ашууларды ашып отуруп, Ат-Башынын Чеч-Дєбєсїнє токтоп, ошол жерди жер кылып, тентигенди жыйнап эл кылганын айтат.
Кары абаў Кошой кайгырып,
Кайран элден айрылып,
Ашып-шашып жакалап,
Кас буудандын баарысын
Кайра баштан такалап.
Будурдан тиктеп белди издеп,
Шер табалбай айла жок,
Чеч-Тєбє кїтїп жер кылдым,
Мен тентиген жыйып эл кылдым! (СК. 1. 115) – дейт.
Экинчиден, Ат-Башынын Чеч-Дєбєсї менен Сары-Колдун аралыгы бир топ алыс болгонуна карабай, Алтайга куулган Каракандын уулу Жакып менен Акбалта Кошойду таанып жатат. Анан Манас эр болуп эрезеге жеткенде Акбалта башкага эмес, Ат-Башыда турган Кошойго жєнєтєт. Манас Ат-Башыга келгенде Кошой єз окуясын айтып отуруп:
Кубандым бїгїн десемби!
Курдашым Жакып, Акбалта
Кургурларым эсенби – (СК. 1. 115) деп, Кошой Жакып менен Акбалта курдашы экендигин ачыкка чыгарат. Їчїнчїдєн, эў негизгиси, ошол окуянын баянында, Кошой єзї туулган жердин атын атайт.
Менин жайым сурасаў
Медияндын чєлїндє
Олуя єткєн жеринде
Баабедин деген мазардын
Так ошондо туулдум – (СК. 1.114) дейт. Бул жерде Медиян деген жердин аты айтылып жатат. (Манас эпосундагы бардык жер-суу аттары камтылган "Манас энциклопедиясында Медиян деген жердин аты берилген эмес). Ал эми Сары-Колдун Мургаб жаккы єрєєнїндє Мадиян деген жер бар. (Мадиян биринчи (а) тамгасы тїштїк диалектисинде айтылат. Тїндїктє ал (е) болуп Медиян деп айтылган. Мисалы, Барака деген береке, шарманда деген шерменде сыяктуу). Демек, Кошой Мургабтын Мадиянында туулуп, Сары-Колдо жїргєндїгїнїн дагы бир далили ушул жердин аты десек болот. Мындан сырткары, Опол тоону ордо кылган Манастын бабасы Караканды кытайлар талкалап, кыргызга кыргын салган кезде Мадиянда жаткан Кошой кырк жигити менен кол салганы да чындыкты тастыктай алат. Анткени, Опол тоо Мадияндын оозунан кєрїнїп турат. Сюжетти улай карасак, Кошойдун кеўеши менен Манас Алтайдан Таласка кєчїп келгенден кийин, окуянын башынан тарта Жакып менен чогуу жїргєн Акбалта Манастан так эле Сары-Колго кетїїнї суранат. Акбалта Жакып менен Алтайга бир жерден кеткенин билебиз да. Демек, бул жерден да Манастын атасы Сары-Колдон кеткенин бышыктап жатат.
Балам Манас єзїўдєн
Бир буюм сурап турамын.
Сагынып Сары-Кол жеримди,
Кєп эстейм нойгут элимди – деп, єз жерин сагынганын билдирип:
Каралуу калган Сары-Колдо,
Малым арбын балам жок – (СК. 1.170) деп, баласы жок экендигинен дагы кабар берилет. Акбалта Сары-Колго кетиши менен "Чубактын туулуп єсїшї” деген темада Акбалта элине кан болуп, Алайга чейин ээлеп, 60 катын алса да балалуу болбой, Мекеге тентип кетем деп кайгырып жїргєн учурда салбырынга чыгат да, бала таап алганы айтылат.
Мунарык болуп бурчтанган,
Булуўгур болуп учтанган.
Чоў талаанын бетинен,
Медияндын чєлїнєн,
Акбалтанын алдынан
Ойсул-Ата куу каймал,
Акбалтанын тєл малы
Каршы чыга калганы.
Каршы инген келгенде,
Єркєчїнїн єзїнєн
Бар-бар-бар ыйлап,
Баркырап бала кєп ыйлап,
Кулак мурун жеп ыйлап...
...Кайыптан бала табылып,
Капа болгон Балтанын Абийири мынтип жабылып – (СК. 1. 221) делет.
Бул жерде дагы Кошой туулдум деген Медияндын чєлїнєн Чубак табылып жатат. Акбалта Сары-Колго кетїїнї суранып, анан Медиян деген жердин аталышы дал Мургабтагы Мадиян жєнїндє сєз болуп жаткандыгын тастыктап турат. Чубак чоўойгон соў ат карап, жылкы таппаганда атасына таарынып кетет да, Сары талааны басып бир мазардын кайнар булагына барып тїнєйт. Мазарда уктап жатканда, Олуя ата ойготуп, ага атайы даярдалган Кєгала тулпарды берет. (Эскерте кетчї нерсе Мургабта ат тїтєккєн жер. Бир гана, Мадиян деген жерде жылкы єсєт, тєлдєйт. Ал жерде мазар жана кайнар булак бар). Ошондон тартып Чубак єзїн кармана албай Алайдан кол курап, Букардагы Караканды камайм деп Каныкейден качып барып Манаска кошулат. Сюжетте Акбалта Сары-Колго суранып кеткенден кийин Манас Таласта жалпы кыргызга хан болот. Ошондо Манас элин тапканы менен, туугандары чачылып, ар кайда жїргєнїнє ичи ачышып, тууганы жок дедиртпейин деп, єз туугандарын издеп жєнєшї да, ата-бабасы жердеген жер, єз туугандары башка жакта экендигин туюнжуруп турат.
Алтайда жїрїп туулдум,
Эрешен тартып эр болуп.
Эр уулу менен теў болдум
Эстесем ичим чок болот
Туугандан чогуу кем болдум.
Чоўдугум тоонун теўиндей,
Туугансыз калды Манас деп,
Туулбай туна чєксїн дедирбей
Барбардигер жараткан,
Чийген экен маўдайга
Баарыбызды тараткан,
Айдалган тууган ал їчїн
Акка моюн бурбасам,
Азып кеткен журтумду
Бирин койбой жыйбасам (СК. 1.184)
Кынсыз кылыч байланып,
Тууганын издеп кайран эр
Кайра жаар булуттай
Каары бетине айланып,
Тєгєрєктїн тєрт бурчун
Тєрт айлана кароого
Тєрє Манас токтобой
Тууганын таап алууга
Жоргонун белин ашты эми. (СК. 1.185)
Ошол жїрїшї менен Манас тууганы Бакай менен Ажыбайды табат. Анда Бакай Жергент жакта таятасы Желпиништин колунда єскєнї айтылат. Бул да Манастын туугандары Сары-Кол єрєєнїндє калганын тастыктап турат. Дегеним, Жеркен Кашкар жакта.
Ал эми Сагынбай Орозбаковдун вариянты боюнча дагы кыргыздар Алтайга качканга чейинки окуяларда Кашкар, Опол-Тоонун аттары аталып, башаты Сары-Кол єрєєнїндє болгону жана Сары-Колдогу кыргыздар ар тарапка чачылып, тозуганы ачык эле билинет.
Орозду хандын он уулу
Опол тоо калган жерине,
Ойрон болгон бай Жакып,
Ногойдун келбей элине.
Байдын эки баласы
Басканы Кашкар талаасы,
Бай акем Жакып кантти деп,
Басылбай жїрдї санаасы.
Кєз каман аты Їсєндїн,
Ал Кытайга кетип тїзєлдї.
Башка єсмєк болду балаасы,
Баскан жїргєн жерлери
Манжурия талаасы
Тибеттин арка тушунда,
Тырп чыкпай калган ошондо. (СО. 1.50)
Сюжет боюнча "Манастын бала чагы” деген темада Жакып Манасты Ошпур койчусуна алпарып, ал чыдабаган соў кайра алып келе жатканда Кортук калмактын башын жара чабат. Ошондо кун берээрин эстеп зээни кейиген Жакып, жаны ачып отуруп Манаска ата-бабасы, єз жери, туугандары туурасында баяндайт.
Чоў атаў аты Ногой деп,
Каратып турду Кашкарды,
Кара-Шаарга жеткенче
Хан атаў Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Ага самаган душман сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Даў-Дуў тоонун оюна
Далай журтун которду (СО. 1.117) - деп Кашкарды каратып, Ополду ордо кылган кыргыздын Ногой хан атасы болгонун, жери Сары-Колду самаган душмандардын кєбєйгєнїн, Эсенкандын буйругу менен жїз элїї миўдей аскер капилеттен кол салып, кыргыздарды кыргынга учуратып, туш тарапка тозутканы туурасында айтат. Жакыптын сєзїн улайлы:
Кыргынды кытай салганы,
Кыйла жан єлїп калганы.
Кытайдан кыйла жан
Балам, Багдатты кєздєй барганы,
Баштатан мынтип чачылып
Бабаўдын ичте арманы
Букарабыз, бу кїндє,
Башты кытай кармады.
Бай деген бир агаў бар,
Ополду жердеп калганы.
Орозду деген агаў бар,
Жайлайт деп угам Алайды.
Жакып деген єз атаў,
Жардылыктан, жоктуктан
Мен да кєрдїм далайды.
Їсєн аттуу агаўды,
Їмїтїм андан їзїлдї – (СО. 1.118) деп, кыргыздын бир тобу Багдатка, С.Каралаевдин варинтында айтылган Ирен (Иранга) кеткенин Сагынбай манасчынын вариянты да тастыктап жатат. Кээде Ооганга кетти деп да айтылат. Жакыптын сєзїн улайлы:
Ногой деген бабаўдын
Иниси бар – эр Шыгай.
Шыгайдын уулу Жапакты,
Сары-Кол менен Їч-Артта
Жатат деп угам жан багып,
Жаркен жагы кїн батыш
Жамыра тоодо мал багып.
Балам чачылган сенин тууганыў,
Менин чамам кетип турганым. (СО. 1.119)
- деп Жакып Манаска тозуган туугандары туурасында ушул жерден билдирет. Жакыптын сєзїндє Сары-Колдун єзї жана єрєєндїн тегерегиндеги жер аттары так, даана айтылып жатат. Дагы бир белгилей кете турган нерсе, Манас эпосунда кезиккен уруулардын аталышы азыр Сары-Колдо жашаган кыргыз урууларына дал келет. Ал жакта азыр да аргын, жедигер, коўурат, кыпчак, найман, ногой, нойгут, каўгы, дєєлєс, кызылбаш, тейит, тагылык ж.б. уруулар бар. Сюжетте "Жакыптын агасы Байдын баяны” деген темага кєз жїгїртсєк, Ногойдун балдары ар тарапка сїрїлгєндє Орозду менен Бай Кашкар жакка айдалганы баяндалат. Ороздунун он уулу ыркы жоктугунан кїндє чатакташып, чырдан баштары чыкпаганы аз келгенсип, Байдын эки баласын да тынч коюшпайт. Ага чыдабаган Бай балдары Бакай менен Тайлакты ээрчитип кєчїп кеткенге аргасыз болот.
Ээ болбой малына,
Эми келди Байыўыз
Кашкар менен Жеркендин
Как ортосу шаарына – деп, Бай Кашкар, Жеркенге жакындаганы айтылат да:
Атакеси Бай туруп
Бир кїнї муну ойлонду.
Жеркен какыр жер экен,
Кашкарыўа карасак
Суусу булак, жери таш,
Баары душман эли кас.
Мал багуучу жери аз,
Балам Бакай ойлонуп,
Башыўды алып мындан кач...
...Сары-Колдо калды тууганыў,
Зардабына чыдабай
Зарыгып келип турганым – (СО. 1.173, 174) деп, зарлаган Бакайдын атасы Байдын баянын угуп, окуянын кайда болуп жатканын даана билебиз. Сары-Колдун єзї жана жака-белиндеги Кашкар, Жеркен жєнїндє сєз болуп жатат. Ошондой эле Сары-Кол єрєєнїндє болгондугун Бай тууганы Жакыпка жолуккан кездеги сїйлєшкєн сєзїндє да билсек болот. Анда "Ат тїтєгїп жыгылат, Аркан бою желгенде” деген сап кездешет. Сары-Колдо ат тїтєгєт. Менин билишимче Сары-Колдон башка жерде ат тїтєкпєйт. Ал жер дїйнєнїн чокусу аталып, деўиз дэўгээлинен бир топ жогору болгондуктан, алысты мисал кылбайын, жанында турган Алайдан барган аттарды бир жыл карап, жерлентмейин тїтєктїрїп єлтїрїп аласыў.
Манасчылардын экєєсїнїн теў айтымында Манастын ата-бабалары, тууган-туушкандары жєнїндє сєз болгондо Сары-Кол єрєєнї айтылганын кєрдїк. Буга кєз жїгїртїп, Манас кайдан келгендигин, баатырдын ата-бабасы кайсы жерди жердегендиги туурасындагы жыйынтыкты єзїўїз чыгарыўыз? Илимде тактык, факты гана негизги ролду ойноору белгилїї. Асмандан алып жазган жокпуз. Баарын географиялык аталыштар менен кынадык. Бул жер аттары мурдатан толук билинбей жатышынын бир себебин изилдєєчїлєр Сары-Колго барбаганыдан, ал жакты билбегенидигинен улам деген бїтїм чыгарсак болот. Анткени, Манас энциклопедиясына кээ бир жер аттарын киргизилген эмес. Мисалы, Медиан, Шыйкуу дегендерди таба албадык. Бул жогоруда айткандай, Сары-Кол єрєєнї изилденбей жаткандыгын айтып турат. Бул изилдєєнїн жыйынтыгында миўдеген жылдар мурун Манас, Бакай, Чубак менен кошо келген Сары-Кол кыргыздары Таласта жашап калганбы деген ой келип чыгышы мїмкїн. Ооба, ошондой болгон деген ойду мен же Таластын бир жєнєкєй жашоочусу айтыа баарын ишендире албаарыбыз бышык.
Ошондуктан, кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанылган адамдын сєзїн мисалга тартсак жетиштїї болоор. Эки жыл мурун Ооганстанда жашаган Памирлик кыргыздарга жардам берїї иретинде министр Айгїл Рыскулованын жетекчилиги менен окумуштуулар чєйрєсїн курамына камтыган делегация Сары-Кол єрєєнїндє болуп кайткан. Алардын катарында Мамлекеттик тил комиссиясынын мурунку тєрагасы, таластык агайыбыз Ташбоо Жумагулов да бар болчу. Беш кїндїн ичинде, аралыгы алыс турган талас менен мургабтыктардын сїйлєгєнї окшош экендигине таў берген Ташбоо агай, 2008-жылдын 18-сентябрында "Жаўырык Апта” гезитине тємєндєгїдєй маек курган. "Мургабтын жети айыл єкмєтїндє 14 орто мектеп бар экен. Баары кыргыз мектептери. Эли таптаза кыргызча сїйлєшєт.
Мен Талас говору менен Мургаб кыргыздарынын сїйлєгєнї дал келгенин кєрїп таў калып келдим. Ушунчалык окшош экен. Ал турсун тамактын аталыштары да таластыктар менен Памирлик кыргыздардын атоосу дал келгенине айран калдым. Бир эле мисал келтирейин: Таласта "чабаты” дейт, Мургабта дагы "чабаты” дейт экен. А Кыргызстандын башка аймактарында "жупка” дейт. Ошондой эле Кыргызстандын бардык аймагында аксакал адам єзїнїн устаканын бирєєгє берсе "рахмат” бир гана Таласта "кулдук” дейт. Мургабта дагы "кулдук” дейт экен. Аз гана убакытта ушуга окшогон он бир сєздї таптым. Демек, бул ортодо жїздєгєн же миўдеген жылдар мурун бир байланыш болгон да анан їзїлгєн. Бирок, сєз аталыштары ошол боюнча сакталып калган”. Бул сєз бїгїнкї кїндїн далили. Муну мен эмес, Таластын аттуу-баштуу адамы Ташбоо Жумагулов агайыбыз айтып отурат. Дегеним, бул чакан изилдєє далай чоў окуялардын башын ачып, кыргыздын кайдан келгендигин аныктап берээринде шегим жок.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аспиранты Зулпукаар Сапанов
Манас энциклопедиясындагы жер аталыштары
Медиян (Мадиян) – деген жердин аты энцияклопедияда белгиленген эмес. Андай жер аталышын таба алышкан эмес окшойт. (автор – ЗС)
Мургаб (ир. мург – куш, ап – суу деген мааниде) – топоним. Кыргыздар жашаган жерлердин бири. Манас баатыр єзї катылган Шоорук канды жеўип, анын кызы Акылайды тартууга алганда: "Мургапты кєздєй бет алып, Каны Шоорук салыптыр” (СО. 2.215) – деп айтылат. Географиялык реалия катары Мургаб Тажикстандын Памир тоосундагы жердин аты. Тактоо: Мургаб Тажикстандагы кыргыздар жашаган райондун борбору. Мургап деген Нуркаб деген кыргыз сєзїнїн айтылышы. Памирди (крыша мира) дїйнєнїн чамгарагы дейт. Деўиз деўгээлинен єтє бийик болгондуктан кїн катуу тиет. Ошондуктан Нурдун кабы Нуркап. Аны Мургаптын жака белиндеги жер-суунун кыргызча аталышы дагы далилдей алат. (автор – ЗС)
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены