Биз сөз кылып жаткан Сары-Кол өрөөнүндө, тагырак айтсак Тажикстанга караштуу Мургаб районунун Шаймак айылында "Бахбур-Ата” деген касиеттүү, мазарлуу жер бар. Аны кыргыздар айтмакчы, "көргөн да, көрбөгөн да” арманда кала турчу жер. Дегеним, "Бахбур-Атада” үч казан кайнап турат. Бири топурактын үстүндө, экинчиси таштын башында, үчүнчүсү шиберде. Алар тептегерек казандар. Топурактын үстүндө турган сүрөттөгү казанга мурун эт бышчы экен. Азыр анчейин кайнабай калыптыр, бирок ысык. Таң калыштуусу, бул казандан суу агып чыкпайт. Бирок, бууланып кетип, суусу соолубайт. Жараткандын амири менен, кылымдардан бери ушул калыпта, бирдей турат. Ичи дагы казандай, бирок челек менен тонналаган сууну сузуп алсаң бөксөрбөйт. Ага бут салып, жуунгунга болбойт. Экинчи, таштын башында оргуп, кайнап турат. Таң калыштуусу, ошончо кенен жерден чыкпай, тегерек болгон таштын башында кайнап турат. Ал казанга да жуунганга болбойт. (Жергиликтүү кыргыздарды укпай сууга түшкөн эки орус бу дүйнө менен кош айтышкан экен). Үчүнчүсү, шибердин боюнда кайнап турат, ага түшсө болот. Анын жанында нарзан суу (газ вода) кайнап турат. Бирок, жергиликтүү эл айтылган үч казанда эмес, ылдый тарапта, дарыянын боюндагы чоң казанда жуунуп-чайынат. Ал булактын суусу өтө кайнак эмес, денеге жагымдуу темпаратурада. Башка жердеги ысык булактардан бул жердин өзгөчөлүгү, оргуп жаткан булактын өзүндө сүзүп, көкүрөгүңдү тазалайсың.
Кыскасын айтканда, "Бахбур-Ата” деген мына ушундай таң калыштуу, өзгөчө керемети бар жер. Кызыгы, эмне себептен "Бахбур-Ата” делгендиги. Айрым бирөөлөр 16-кылымда Индияга чейин барып, мечит курдурган Бабырга байланыштырат. Анын "Бабур наме” деген китебинин далилдерди издеп, табалбай убара болуп жүрүшөт. Мен муну Манастын атасыныкы деп, коркпой айта алам.
Анткени, Айкөл Манастын ата-бабасы так ошол Сары-Колду мекендегени С.Орозбаковдун жана С.Каралаевдин вариянтарында айтылып турат. Мындан сырткары, С.Орозбаковдун вариянтында Манастын бешинчи атасы Бабыр кан экени айтылат:
Жакып шондо кеп айтат:
"Жайым ушу – деп айтат,
Башкы атам Байгур болгон – дейт,
Башына дөөлөт конгон – дейт.
Экинчи атам Бабыр кан,
Эгемдин ишин ойлонсом
Эсим ооп, болом таң!
үчүнчү атам Түбөйдү,
Түмөндөп эли көбөйдү.
Төртүнчү атам Көгөйдү,
Көгөйдөн тууган Ногой – деп,
Ногойдун уулу мен элем,
Он жетимде жашымда
Ата-энемден айрылып,
Айдоого кеткен кем элем – дейт. (СО. 90-бет).
Айкөл Манастын ата-бабасы жердеп, Ногой хан ордо кылган Опол-Тоодон анчалык алыс эмес жерде "Бахбур-Атанын” жайгашышы, Бабыр хандын ысымынан коюлгандыгын тандырбайт. Анткени, 16-кылымдагы Бабур Опол-Тоону мындай койолу, Сары-Кол аймагынан жүздөгөн чакырым алыс жаткан. Бирде Ферганада же тээ Индияда жүргөн. Жыйынтыктап айтсак, бул казандар кыргыздын касиетүү эл экенин, Манас атабыз тарыхта жашаганын билдирип турат. Эскерте кетсек, гезиттин кийинки санында Опол-Тоонун касиетин, жогоруда белгилеген 6 миллион адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан көлдүн тарыхын, ошондой эле эч кимге белгисиз болгон, бүгүнкү технология жасай албаган Манастын философиясы камтылган ташын назарыңыздарга салабыз. Ошол ташты көргөндө, Манастын тарыхта жашап өткөнүнө тан бересиздер!
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены