Метеостанция “Кара погон”

Метеостанция  “Кара погон”

Мен азыр шаарды тиктеп терезеден сыртка көз салып тургам. Ой кыялым каалгып, учуп тээ алыска учуп жүрөт. Алыскы Сарыколдун (Чыгыш Памирдин) тоо таштарын аралап кетет ой санаам. Аксуу дарыясын бойлоп учу кыйыры керилип жаткан Тасманын талаасынын орто ченинде. Түз талаада турган аппак тамдар, ооба бул жер Метеостанция. Ээн калган үйлөр, жымжырттык, тунжуроо, баары унутуп кетишкен сыяктуу.

 

Султан агамдын айтымында бул жерде, Метеостанция, Аэростанция, Гидростанция,болгон экен. Бири чоң чоң үйдөй шарларды асманга учурушуп. Бири суунун агымын, деңгээлин ченеп. Дагы бирөөсү шамалдын багытын, абаны нымдуулугун ченеп борборго сводка берип турушкан дейт. Султан агам баарын айтып жатты. Бир мезгилде бул жерлерде,турмуш кайнап турган экен бака шака күр шар болуп. Баары,баары көз алдымдан кино сыяктуу өтүп жатты. Ар кайсы кесиптеги адамдар, Аэрологдор, Гидрологдор, Метеорологдор. Бир эки чакырым аралыкта аскердик бөлүк жайгашкан экен. Абага каршы коргонуу аскер бөлүкчөсү. Узун шинел кийген кара пагон тагынган аскерлер. Кудум майрамдагы парад сыяктуу баары каз катар тизилип көз алдымдан,чубуруп өтүп жатты. Жолдон өткөн жолоочулар, кара погон тагынган сары жүздүү көзү көк солдаттарды көп кезиктиргендиктен ушул жерди “Кара погон” атап алышкан.

 

Азыр да арадан отуз жыл өтсө да “Кара погон” деп аташат жергиликтүү малчылар ушул жерди. Аскердик бөлүктөн калган эски уранды дубалдар, бузулган имараттар. Эки чакырым алыстыкта Метеостанция жана жалгыз кароолчу Жалил аке кырк беш жыл өмүрүн өткөзүптур ушул жерде. Баары унутуп таштап кетишкендей күн батыштан соккон шамал кээде катуулап кээде жайлана түшөт. Зым карагайлар ышкырып алда кайдан бирөөнү чакыргансып улуп уншуйт. Ал ансайын ээн үйлөрдүн эшик терезелерин шамал жулкулдатып албуутанат.

 

Кимдер келди кимдер кетти бул станциядан, күндө кеч ыр күү коштогон кечелер, туулган күндөр, айтор баары өткөн учур чакка айланган. Баары мезгил менен коштошкон сыяктуу. Эх мезгил убакыт, чыйрыгып турдум ... Бирок канча күндөр өтсө да, ушул жерлер менен байланышкан ар бир өмүр, ар бир көз ирмемдер бактылуудай өзгөчөдөй сезилип кетти мага.

 

Айтайын дегеним ар бир Сарыколдо иштеп кеткен адам, өткөнүн жылмаю менен эскеришет, сагынышат, сыймыктанышат. Балдарына, неберелерине, жоро жолдошторуна сыймыктуу мактанышат “Мен Улуу Памир тоолор арасында жүргөм” – деп.

 

Ар бир инсандын жүрөгүн ушул жерлердин айтып түшүндүрүп бере алгыс сырлары, табияттагы өзгөчө көрүнүштөрү арбап, жүрөктөрдөн терең уялагандай ойлор, кыялдар, түгөнбөйт. Эх күндөр өткөн өмүрлөр, ээнсиреген Метеостанция. Тээ жолдон машина ары бери өткөнү болбосо баары унутулгандай.өткөн чак, убакыт, мезгил. Балким бирок Метеостанция бирөөлөрдүн кызыктуу күндөрүнүн күбөсү, бирөөлөрдүн кызыктуу эскерүүсү, бирөөлөрдүн сезиминде калып кеткен жаштыгыдыр. Ээн талаа эски Метеостанция.

 

Өскөнбай Бердибаев

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены