Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздарынын жолун чукул арада ачабыз

Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздарынын жолун чукул арада ачабыз

Токон Мамытов, вице-премьер-министр: “Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздарынын жолун чукул арада ачабыз”

 

-Токон Болотбекович, сөздү жабылган чек арадан баштасак, Баткендеги чыр-чатактын азабын Мургаб менен Жерге-Талдагы этникалык кыргыздар тартып жатканын угуп жатсаңыз керек, кантип жардам беребиз?

 

-Биздин Тажикстан менен чектеш аймактарда беш КПП бар. Алардын бири Карамык бекети, ал жабылган эмес. Себеби, ал жерден Ооганстанга карай НАТОнун жүгү, жана Түркмөнстан менен Кытайдын ортосундагы газ куурлары үчүн ташылган жүктөр эл аралык келишимдердин негизинде өткөрүлүп жатат. Ал эми Бор-Дөбө бекети боюнча депутаттар, жергиликтүү бийлик ж.б. кайрылды, сенин макалаларың да ММКлардан чыгып жатат. Бор-Дөбөдөн негизинен Мургабдык кыргыздар өткөндүктөн, аларда тамак-аштан, азык-түлүктөн кыйынчылыктар жаралыптыр, ооруп-сыркагандар, Бишкек-Ошто доктурлардын көзөмөлүндө тургандар, же операция үчүн кезекке жазылгандар, ошондой эле Ош, Бишкек, Жалал-Абад ж.б. шаарларда жүздөгөн студент балдардын келип-кетиши түйшүк жаратыптыр, аларды туура түшүнүп, өткөргөнгө жардам берип жатабыз. Ооба, Тажикстанда 40-50 миңдей кыргыз жашайт, булар өзгөчө кыйналып жатат. Биз аларга тез арада көмөк көрсөтүшүбүз керек. А калган үч чек ара бекети Кызыл-Бел, Кайрагач, Кулунду иштебей турат. Анткени, Баткендеги Ак-Сай, Самаркандек, Таш-Тумшук, Көк-Таш айылдарынын тургундары ачылышына каршы туруп, чечилбей жатат.

 

-Айрымдары ачылбасын дешкени менен бир тобу кыйынчылык тартып жатат да...

 

-Албетте, тартып жатат. Баткенде айрым шахталарды кредит алып иштетип, коңшу өлкөгө сатабыз деген келишимдерди түзүшкөн экен, чек ара жабылгандан кийин бул иштер токтоп кредиттери төлөнбөй калыптыр, бул боюнча кайрылышты. Мындан сырткары Лейлек районунда жер семирткичтер жана курулуш материалдары боюнча тажиктер келишим түзүшкөн экен, алар да иши токтоп калганын айтып жатышат. Ошондой эле коңшу мамлекеттин жарандары да кайрылып, “Уча албай калдык, темир жол менен Кытай жана Россиядан келген жүктөрүбүз калып кетти, штраф төлөп жатабыз” дешүүдө. Айтор, чек аранын жабылышынан карапайым калк жапа чеккен терс көрүнүштөр болуп жатат. Муну чечкенге аракеттер болуп жатат. Айта кетейин, биз башында эле чек арада абал турукташтырылып, элдин коопсуздугуна коркунуч жаралбай калган маалда ачабыз дегенбиз. Кудай буйруса жагдай жөңгөрүлүп калды, Өкмөт муну карайт.

 

-Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыгып, жемишин берчүдөйбү?

 

-Негизи биздеги чек ара маселесинин чечилиши өтө оор. Муну кечээки президенттер эле эмес, Ленин баш болгон орус жетекчилери чече албай кеткен. 1922-жылдан кийин 1925-1929-жылдарга чейин союздук мамлекеттердин чек ара маселелери каралган, бирок толук чечилбей калган. Буга 1934-36-жылдары кайра киришип, Орто-Азия өлкөлөрүндөгү чек арасы согуштун айынан токтоптур. Маселе 1949-жылдан баштап кайра курчуп, 1958-1959-жылдары Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы чекара белгиленип, аны биздин өлкө мыйзамдаштырып, тиешелүү Указ менен 1961-жылы бекитиптир. Бирок, Тажикстан муну мыйзамдаштырган эмес, ошол себептен юридикалык күчү жок болуп жатат. 1974-1975-жылдары дагы чатак чыгып, комиссия түзүлгөн, аягына чыкпай калган. 1989-жылы Ак-Сайдан чыр чыгып, Москвадан келген комиссия иштеп, ал дагы аягына чыккан эмес. Кыскасы, Ленинден баштап бүгүнкү күнгө чейин 90 жылдын ичинде эч кимиси чече алган эмес. Маселен, Сталин күчтөп чечсе болмок. Бирок, алар саясый жагын караганбы, же улут аралык чыр чыгышынан коркконбу, айтор чечкиндүү киришкен эмес. Бир нерсе айта кетейин, Союздук республикалардын чекарасы аныктаган бир дагы мыйзам жок экен. Горбачевдун маалында гана бир мыйзам кабыл алыныптыр, ал СССРдин сырткы чегин гана аныктаган мыйзам экен.

 

 

-Ак-Сайдагы чыр макулдашылбаган, такталбаган жерден чыкты деген сөздөрдүн чындыгы барбы?

 

-2008-жылы биздеги Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунда бир нече чатактар чыккан. Ошондо мен Коопсуздук кеңешинин катчысы элем, бизге күч түзүмдөрү, жергиликтүү эл ж.б. тараптардан каттар келип түштү, чек ара аябай татаалданып кеткени боюнча маалыматтарды айтышты. Барсак, Исфаранын акими Якубова деген айым трактор, крандарды айдатып келип, биздеги Тамдык деген жерге түтүктөрдү түшүрүп, канал кылып, таза суу тарттырып кеткени жатыптыр. Ошондо Баткен районун эли тикесинен тик туруп, “Такталбаган жерге эмне үчүн иш баштайт” дешкен. Экинчиси, Самаркандектен ылдый Ууч деген жер бар, ал жерге да тажикстандыктар түтүктөрдү улап, Шурапка суу тартабыз деп киришип калыптыр. Үчүнчүсү, Орто-Боз менен Көк-Таш айылдарынын ортосунда 275 метр жер бар, ошол дагы эки тараптын ортосундагы талашында жүргөн. Буга Тажикстандык аким үй салгыла деген уруксат берген экен, биздин жарандар ага каршы чыгып, такталбаган жерге үй салып жатканын айтып чыгышкан. Ушуларга окшогон дагы 7-8 жерде чырлуу кырдаал түзүлгөн. Мен ошондо барып, Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин жетекчиси менен жолугуп, талаш-тартыш жүрүп, такталбаган жерлерге чарбачылык же курулуш иштерин жүргүзбөйлү деген чечимге келип, протоколго кол койгонбуз.

 

-Демек, азыр айрым саясатчылар келишимге өзү кол коюп, анан өзү бузду деген сөздөрдүн чындыгы бар экен да?

 

-Баары ошондой ойлошу мүмкүн, бирок окуя такыр башкача. Ошол келишим бир жыл ашык аткарылды, 2009-жылдын баштап ал келишимди Тажикстан бузду. Жанагы 275 метр бош жерге үйлөрүн салып алды. Президенттик шайлоонун коопсуздугу деген шылтоо менен Тамдык деген чек арага постунун үстүнө чек арачыларын коюп, бүгүнкү күнгө чейин кетпей отурушат. Кызыл-Жар деген айылдагы ортодо бөлүп турган жолдун үстүнө өтүшүп, мечит куруп салышты. Кулунду-Максат деген жердеги биз жол сала турган аймактагы 70 гектар жерди булар басып алып, сарай салып, өздөштүрүп алды. Мага алар дагы айтты, “Сен ошол келишимди буздуң” деп. Анан ким бузганын фактысы менен айтып бердим. Эми айылыбыздын ичине мечит салдыңар, курбайбыз деген жерлерге каналдарды куруп, өздөштүрүп алдыңар деп. Анан протоколго мен кол койгом, бирок силер жанагы иштерди аткарбадыңар, биз келишимди тааныбайбыз дедим. Жанагы биздин айрым саясатчылар, 1-2 депутаттар кыйкырып, курулай патриот болуп жатат, ушуну терең билсе дурус болмок. Эгер бөөдө кан төгүлүп, чыр чыгып кетсе, алар биринчи болуп качып кетет. Мен аны Ош окуясынан көргөм. Ошондуктан, бир нерсени айтаарда, аны терең билиш керек.

 

-Убакыт созулуп кетти го, маселе чечилгенге чейин чек аралар жабык бойдон тура береби?

 

-Ооба, коомчулук күтүп, качан бүтөсүңөр деп жатат. Бирок, муну чечүү кыйын экен. ШОС болгондо Алмаз Шаршеновичтин демилгеси менен чек ара маселесин кароо ишин баштаган элек, Тажикстан менен болгону 4-5 ирет кезиктик. Өзбекстан менен бир эле сүйлөшүү болду. Ачык айтайын, биздин жолугушуулар дароо эле чатактан башталат. Өкмөттөгүлөр, айрым саясатчылар “5 ирет жолуктуң, эмнеге чечпейсиң” деп жатат. Маселен, тажиктер “1927-жылдагы карта менен иштейбиз, бөлөк варианттарды тааныбайбыз” дейт. Алар аткарылбай турган талаптарды коюп жатса, мен кантип макул болом. Мен алардын айтканына көнсөм, Кыргызстандын бир топ жеринен ажырап калабыз. Биз 1958-1959-жылдардагы келишимди карманып, эки тарапка тең ыңгайлуу десек, алар кашайып көнбөй жатат. Макул, кыргыздар өздөштүргөн жерди кыргыз тарап, тажиктер өздөштүргөн жерди тажик тарап алсын десек, ага да көнбөй жатышат. Айлам кетип, Союз курулганда силер Өзбекстандын ичинде, биз Россияда болчубуз, Москва менен Ташкент чечип берсин деп, тамаша-чындыкка аралаштырып, маселе чечүүнү сунуштадым. Анан биздеги бир депутат айтып жаткан Союз таркагандагы 1991-жылы Алма-Ата декларациясы, 1994-жылдагы Москва декларациялары боюнча сунуштасак, бизди шылдыңдагансып, “Эй, кыргыздар ага 11 мамлекет кол койгон, ал чек ара чечүү принциби эмес, болгон чек ара боюнча деп жазылган, анда чек ара аныкталган эмес” дешүүдө. Аягында, минтип отурсак чечилбейт дегенге муюп, кырдаалдан чыгыш үчүн эки тарап биргелешкен комиссия түзөлү, жаңыдан чек араны чийсин дедик. Эгер буга да макул болбосо, анда бөлөк жолдорду издейбиз. Тажикстан менен болгон чек арада бүгүнкү күндө такталбаган, кандайдыр бир жаңжал чыгып кетчү 47 участоктор бар. Алардын өлчөмү 10 метрден 20 километрди түзөт. Бүгүнкү күндө Ак-Сайдын, Ворухтун тегерегиндеги чатак чыккан бир участоктун тагдырын 2 айдан бери эки тарап чече албай келе жатат. Жогоруда айтып кеткендей 90 жылдан бери чечилбеген маселени 9 ай ичинде чечүү болбойт экен.

 

-Сиздин айтымыңызга карасак, маселе бир топко созулат окшойт. Баткендеги чыр-чатак чечилгенге чейин ал тараптагы чек ара бекеттерди жаап, ал эми географиялык аймак боюнча башка тарапта турган Карамык менен Бор-Дөбөнү ачып, Жерге-Тал менен Мургаб кыргыздарынын катташына шарт түзүп берсек болобу?

 

-Болот. Бүгүн эртең чечим кабыл алабыз. Этникалык кыргыздардын катташына жолду ачабыз, буйруса маселе чукул арада чечилет. Негизи жогоруда айткандай зарыл иштери барларын өткөрүп жатабыз. Эми толук ачабыз.

 

-Зарыл иштери барлардын каты сизге жеткенге чейин бир топ кыйынчылыктар жаралып жатыптыр. Бир нечеси өтө албай эки, үч иреттен артка кайтып жаткандары бар экен го...

 

-Сен айтып тур. Сага биринчи чалышат, ошондой иш болсо мага билдиргин.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены