Кийинки күндөрү коомчулукта Памир кыргыздарына жардам берүү, аларды көчүрүп келүү тууралуу кептер тынбай айтылып, ал ММКлар аркылуу да байма-бай жарыяланып келүүдө. Ооган кыргыздарына жардам берүү максатында түзүлгөн уюм жана өкмөт алдындагы Кайрылмандар менен иштешүү бөлүмүнүн сунушу менен 5 үй-бүлөнү Чоң-Алай районунан 20 га жер алып, аларды көчүрүп келип жайгаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Анан да жакында эле Социал-демократия партиясынын жаштар канаты да Түп районунун акимине кайрылып, ал жерге 5 үй-бүлөнү көчүрүп келүү боюнча макул болгондугун интернет булактары жазышууда. Бул маселе тынбай айтылып, көпчүлүгү көчүрүп келүү боюнча сунушту колдоп жатышат.
«Чынында акыркы чара бул көчүрүп келүү аркылуу гана сактап калуубу? Анда эмне үчүн кылымдап кырылбай жашап келишип, эми гана мындай абалга туш болушту? Аларды тарыхый жерине, мамлекетке көчүрүп келүү туурабы же жаңылыштыкпы?» – деген суроолорго жооп издеп… төмөнкү макаланы сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Памир тууралуу
Памир тоолору дүйнөнүн эң бийик тоо системаларынын бири, анын жалпы аянты 70 миң чарчы чакырымды түзүп, бир канча өлкөнүн курамына кирет. Түндүгүнөн Кыргызстандын Алай, Чоң-Алай кырка тоолору, түштүгүнөн Пакистандын түндүк, Ооганстандын түндүк-чыгыш бөлүктөрү, ал эми Чыгышынан Кытайдын Уйгур-Цинзиян автономдуу районунун түштүк-батыш бөлүгү, жана батыш-борбордук бөлүгү Тажикстан аймагынын жарымын ээлеп жаткан жер «Памир тоолору» деген аныктама менен дүйнөлүк география терминине кирип калган. ХIХ-кылымдын аягында, ХХ кылымдын башында дүйнөдөгү чоң держава мамлекеттердин геосаясий кызыкчылыгынан улам, аталган аймак 3 бөлүккө бөлүнүп кеткен. Түндүк-батыш тарабы Орусия империясына, Чыгыш тарабы Цин империясына жана түштүк тарабы Англиянын протектораты болгон Ооганстанга карап калат.
Ошол мезгилдеги Орусиянын Англиянын колониясы Индияга болгон көз артуусу, Англиянын тескерисинче Орусия падышалыгынын колониясы Түркстанга (Орто Азия) болгон көз артуусу, эки мамлекеттин Памир тоолорунун түштүк бөлүгүнө бейтараптуу коридор түзүшүнө алып келди жана ал «Вахан коридору» деп аталган. Бүгүнкү күндө биз айтып жаткан «Памир» десе Ооганстанда жашап жаткан кыргыздарды түшүнгөн жер дал ушул бир кездеги Вахан коридору, азыркы Памирдин түштүк бөлүгү болуп эсептелет, бир гана кыргыздар жашаган жерин Чоң Памир жана Кичи Памир деп аташат.
Ошондуктан, Памир кыргыздары деп жалпы атоо туура эмес. Анда жалпы Памир аймагын түшүнүп алып, Тажикстанга караштуу Мургаб районуна жашап жаткан кыргыз бир туугандарыбызды да көчүрүү керекпи деген кандайдыр бир түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Негизинен көп кылымдардан бери бул аймакта түрк элдери, анын ичинде 80-90% кыргыздар жашап келгендиктен, жергиликтүү кыргыздар ушул күнгө чейин аталган аймакты «Памир» эмес, «Сары-Кол өрөөнү» деп атап келишет. Жергиликтүү кыргыздардын айтымында Кытай мамлекетине карап калган Памирдин бир бөлүгү да чыгыш Сары-Кол деп аталат.
Памирдеги кыргыздардын тарыхы
Тарыхый булактарда Памир кыргыздары XVI кылымда эле аталган аймакта жашагандыгы эскерилет. Бирок тарых илими тактыкты, так булакты (маалымат) талап кылгандыктан, Памир аймагында кыргыздар X кылымга чейин эле аталган жерди байырлап келгени айрым изилдөөлөрдө айтылып, жазылып келет. Бирок эске салып кете турган бир маселе бар – эч качан улут келе калып эле же болбосо жарала калып эскерилбейт, ал көп жылдар бою көчүп-конуу поцесстерин баштан өткөрүп, эл катары калыптангандан кийин гана эскерилет. Ошондуктан, кыргыздар Памир аймагына андан да Х кылымдарда эле, ал жердин жергиликтүү элине айлангандан кийин, эскерилген деген илимий гипотезаны (божомол) айта кетмекчибиз.
ХVIII кылымда Памир аймагында кыргыздардын 200 миңге чейин жеткендиги айтылат жана XVII-XVIII кылымдарда бүткүл Теңир-Тоо, Чыгыш Түркстан, Фергана өрөөнүнө чейин өзүнө баш ийдирген Жуңгар хандыгы Памир аймагындагы кыргыздарды баш ийдире алган эмес. Андан кийинки Жуңгарларды талкалап, өзүнүн курамына Чыгыш Түркстанды кошуп алган Цин империясы да Памир аймагын карата алган эмес. Албетте ал убактарда Памирде бир гана кыргыздар мекендеп тургандыгын тарыхый булактар тастыктап турат. XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында ар кайсы чоң державалардын геосаясий кызыкчылыктарынан, басып алуучулук саясатынын натыйжасында Памир аймагы бөлүнүп, чачыранды абалда калган. Бирок өз ара бөлүп алышканы менен Памир кыргыздары колониялык запкыны көргөн эмес, тескерисинче колонизаторлорго каршы согушкан Фергана, Теңир-Тоо кыргыздарынын коргонуу пункту да болуп турган. Мисалы, Алымбек датканын баласы Абдылдабек да орустардан качып, күч топтоп кайра орустарга сокку уруш үчүн өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен Памирге аттанып кеткен.
Памирге карай кыргыздардын чоң толкундарынын бири Совет бийлигинин Фергана өрөнүнө өз бийлигин орнотуу, басмачылык кыймылдын жылдары болгон. Совет бийлиги менен узакка согушкан басмачылык кыймылдын катышуучулары, коргонуу үчүн Памирге кетип, күч топтоп кайра сокку уруп турушкан. Кезегинде Алай аймагынан совет бийлигин тааныбай Ооган Памирине барып, жергиликтүү кыргыздарга өзүнүн бийлигин жүргүзүп, өзүн хан деп атаган Рахманкул көп жылдар бою Ооган бийлиги менен тең ата сүйлөшүп, 30 миңдей кыргызды башкарып турган. 1978-жылкы Ооганстанга коммунисттердин кириши менен Рахманкулга да куугунтуктоолор башталып, аргасыз Пакистанга качып өтүп, андан ары Түркияга кетишкен.
Демек, бул тарыхый далилдер бүткүл Памир аймагы, анын ичинде Ооган кыргыздары жашап жаткан жер да кыргыздын тарыхый жери экендигин далилдеп турат. Азыр ал жерде бир дагы башка улут, ал гана турсун бир дагы афган жашабайт, тарыхта да жашаган эмес. Демек тарыхый жерди таштап кетүүгө болбойт. Мындай маселе көтөрүлсө Кытайда калган кыргыздар, Өзбекстанда, Тажикстанда калган кыргыздарды да тарыхый мекенине көчүрүп келүү, же ошол мамлекеттер тарабынан тарыхый мекениңерге кеткиле деген саясат чыгып, ал жактагы кыргыздарга ар кандай кысымдар болушу мүмкүн. Ошондуктан «тарыхый жерине, мекенине» деген терминди колдонуудан сак болсок.
Көчүрүп келүүнүн кесепеттери
Кыргыздар жакынкы 150 жылдыкта ар кайсы кызыкчылыктар менен азыркы Кыргызстандын аймагына тете жерди жоготуп алдык. Эгер биз тарыхый далилдерге, документтерге таяна турган болсок азыркы Тажикстанга караган Мургаб жана Жерге-Тал райондору 49 жылга Тажикстанга ижарага берилип кеткен экен. Бирок 49 жыл эмес, андан бери 89 жыл өтүү, кайрып ала алган жокпуз. Өздөрүн Сары-Кол деп атаган Тажикстандын Памир аймагына караган Мургаб жана Жерге-Тал кыргыздарынын бир тобу Тажикстандагы 5 жылдан ашуун созулган жарандык согуштун кесепетинен көчүүгө аргасыз болушкан. Жарандык согуш кыргыздар жашаган аймакка анчалык таасирин тийгизбесе да, ар кандай коркунучтардын алдын алуу үчүн бир тобу кыргыз тарапка кат жазышып, ошол мезгилдеги кыргыз бийликтери аларды көчүрүп келген да, таалаага таштап койгон. 20 жылдан бери аларга турак-жай, үлүш жер, үй салганга жер тилкеси, жумуш орду дегендерди мындай кой, жарандык алуу маселеси да азыркыга чейин толук чечилбей турат.
Кандаштардын дээрлик 95 пайызы Чүй, Ош, Алай аймактарында ижарага жер алып, же бөтөндөргө мандикерлик (жалданып иштөө) менен тиричилигин өткөрүшүүдө. Алар жергиликтүү элдин жек көрүндүсүнө айланып, келгиндер, кумурскалар деп бөлүп-жарып, басынткан учурлар көп кездешип жатканына көпчүлүк эл күбө. Эң өкүнүчтүүсү, жалган чакырык менен Тажикстандын эки районун толугу менен ээлеп жаткан кыргыздардын санын азайттык. Бошогон жерлерге тажик жарандары келип бекер жерге отрукташып алышты. Бийликтери ал жерлерге ар кандай аскердик гарнизон, имараттарды салышып, жерин мамлекетке толук өткөрүп алышып, Кыргызстандан күтүшкөндөй турмуш таба алышпай, өз жерине кайра көчүп баргандар кайра үй ала алышпай, кыйын күнгө кабылып отурушат.
Ал тараптагы кыргыздарды көбөйтүп, кыргыз жерин сактап калуунун аракетин көрүүнүн ордуна, аларды ички саясаттан алсыраттык да, алардын социалдык маселелердин чечилишине жана автономдук укуктарынын сакталышына доо кетип, алдырып жиберген тарыхый жерибизди кайра алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадык. Кыргызстандын кайсы гана район, өрөөндөрүн карабайлы уруу-уруу болуп, мындайча айтканда компакттуу түрдө бүгүнкү күнгө чейин жашап келет. Дал ошондой түрдө жашаган Тажикстандагы кыргыздарды талаага таштап салдык, алар чачырап, уруулук түзүлүштү жоготуп бара жатышат.
Ооган кыргыздарын да көчүрүп келүү ушундай эле жыйынтыкты берет. Биринчиден, себеби мамлекет аларды турак-жай, үлүш жер, мал-жандык менен камсыздап бере албайт. Аларга жер менен камсыздап берген күндө да Мургаб, Жерге-Тал кыргыздарына окшоп басынтууга кабылышат. Экинчиден, алар малчылыкка гана көнүшкөндүктөн дыйканчылык менен алектене алышпайт. Кээ бирөөлөр «Ак-сай, Алай жайлоолоруна көчүрүп келүү керек» дешет. Азыр Ооганстанда жашап жаткан жерлер Ак-Сай, Алайдан айырмасы жок, бирден-бир гана мал чарбачылыгы менен алектенүүгө болот. Аларды да көчүрүп келип чачыратып жиберсек, мына ошондо алар чыныгы жок болуу коркунучунда калат.
Ооган Памирине шарт түзүү керек
Кыргызды эч качан киндик каны тамган жеринен ажыратпаш керек. Аларды көчүрүп келүүгө кеткен каражатты кайра ошол жактын шарттарын жакшыртууга жумшаш зарыл. Мисалы алар ушул тапта илгеркидей боз үйлөрдө жашашкандыктан, биринчи турак жай салып, өздөрүнө ыңгайлуу үйлөрдү куруп, же болбосо темир вагондорду жеткирип бериши керек (Нура айылындагыдай). Алгач өздөрүнүн турак-жай маселесин чечип алса, андан кийин малдарына сарайларды куруп берүү жагын ойлонуштурса болот.
Экинчиден, медицина тармагын жолго коюп берсе өлүм-житим, төрөттөн каза тапкандардын саны азайып, узак жашоого көнүшүп, көбөйүүгө жол ачылмак, чынында ооган кыргыздары күндөн-күнгө азайып бара жатат. Үчүнчүдөн, билим берүү тармагын жолго коюп, аларга биз окуп жаткан сабактардын баарын окутуп, кыргыз тарыхын, кыргыз тилин жана башка коомдук, техникалык билимдерди окутуп, бой жеткендерге Кыргызстандын орто жана жогорку окуу жайларынан бекер билим алууга мүмкүнчүлүк түзүшүлүшү керек. Аларга башында үйрөтүп койсо алар өздөрү жөнгө салып кетишмек. Төртүнчүдөн, алар короо-короо койлорун, топоздорун Пакистанга же Ооганстандын шаарларына түшүп, унга жана ар кандай күнүмдүк арзыбаган буюмдар үчүн арзан баада алмашып жатышат. Бул жагын эске алып ар ай сайын Кыргызстандан бир машине менен азык-түлүк жеткирилип турушу шарт.
Кантип ишке ашырабыз?
Чынында буларды ишке ашырса болот, кээ бир түшүнбөгөндөр «бийик жерде андай шарттарды куруп берүүгө болбойт, шарт туура келбейт» дегендер да жок эмес. Бул ойлор таптакыр негизсиз, анткени ошондой эле бийиктикте, ошондой эле климатта билим берүү, медицина, азык-түлүк, турак-жай маселелери чечилген Мургаб районундагы 10 миңден ашуун кыргыз жакшы эле өмүр улап келе жатышат. Памирдин Кытай тарабында Көк-Жар деген айылда жашаган кыргыздар да ошондой эле шартта мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жашап келишүүдө. Демек Ооган кыргыздарына да шарттар түзүлүп берилбей жаткандыгы алардын азайып бара жаткандыгынын негизги себептеринен болуп эсептелет. Эң негизги белгилеп кетүүчү нерсе Ооган кыргыздары Совет мезгилинен тарта ал аймактагы чек араны коргоочу макамын алышып, кесилишкен 4 мамлекеттин чек арасын коргоп келишет.
1995, 1996, 2005-жылдарда Кыргызстан менен Пакистан мамлекеттеринин ортосунда, кийинчерек Ооганстан менен да электр энергиясын экспорттоо боюнча атайын мамлекеттик келишимдер түзүлгөн. Бирок азыркы мезгилде өзүбүздүн мамлекетте тартыш болуп жатып аларга кайсы электр энергиябызды экспорттойбуз деген ойлор жаралбай койбойт. Орусия тарабынан ишке ашпай калган ГЭСтер, азыр өкмөт тарабынан инвесторлорду издөө иштери жүрүп жатат. Эгер инвесторлор табылып калса, Кыргызстандан өндүрүлгөн электр энергияны Пакистанга жана Ооганстанга экспорт үчүн эң кыска жана ыңгайлуу жол азыркы Ооган Памиринде жашап жаткан кыргыздардын аймагы аркылуу өтмөк. Бул биринчиден мамлекеттин кирешеси үчүн пайдалуу болсо, экинчиден Ооган кыргыздарынын жашоо шарты жакшырып, энергия менен камсыз болушмак да чакан ишканаларды куруп, алардын мал чарбачылыгынан өндүргөн азык-түлүктөрдү (жүн, сүт, тери, эт) да кайра иштетип Пакистанга сатууга жол ачылмак. Себеби азыр Пакистан менен Ооганстанда жылдан жылга калктын табыгый өсүшү күчөп, алар энергияга, азык-түлүккө болгон керектөөсү көбөйүп бара жатат, сөзсүз түрдө алышмак. Анан да ал жер аркылуу өткөн электр чубалгыларынын коопсуздугун кыргыздар ар кайсы тероррдук күчтөрдөн коргоп, коопсуздукту камсыз кылып беришмек.
Көп түкүрсө көл болот демекчи жамы журт биригип, бийлик колдоо көрсөтүп турса, Ооган кыргыздарынын санын кайра көбөйтүп, алар менен аралашып жашап калат элек. Күнүбүздө күбө болуп жаткан дүйнөдөгү өзгөрүүлөр сыяктуу, бир кездерде тарыхый мекенибизди балким эл аралык укуктарга туура келген мыйзамдар менен кайра кайтарып аларбыз…
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены