Ооган кыргыздарынын турмушу

Ооган кыргыздарынын турмушу

Ооганстандагы Памир жана Вахан аймактары 1895-жылдары Россия падышачылыгына каршы күрөштө жаралган. Бул тоолуу аймак үч бөлүмдөн турат. Вахан аймагында этникалык тажиктер жашайт. Калган бөлүгү болсо Чоң Памир жана Кичине Памир деп аталып, ал жакта 1 миң 300 түтүндөй жарым көчмөн Ооган кыргыздары жашайт. Жергиликтүү калк аны Зор Памыл, Кичик Памыл деп аташат. Алар кой, эчки, жылкы, топоз багышат. Сталин бийликке келгенге чейин алар башка жерлерге да көчүп жашачу, кийин Чоң жана Кичине Памирге гана отурукташып калган. Бул кыргыздар акча пайдаланышпайт, алардын акчасы - мал. Пакистандын базарына курут, май, мал алып түшүп, турмуш-тиричиликке керектүү тамак-аш, буюм-теримдерге айырбаштап кетишет. Деңиз деңгээлинен 4800 метр бийик жайгашкандыктан кыш абдан катуу болот. Ошон үчүн кышында боз үйдө эмес, тамдарда жашашат. Үшүбөш үчүн төрт-беш үйбүлө биригип топоз союп жешет.

 


Кийимдери

Кыргыз колоритин сактап кийинишет. Эркектердин топусу формасы өзбек топусуна окшош болгону менен кыргыздын оймо-чиймелери менен кооздолгон. Кадимки калпакты да кийишет. Пакистанга, же Ооганстан базарларына барганда, дал ошол баш кийимдеринен алардын кыргыз экенин айырмалашат. Аялдар болсо элечек саяктуу баш кийим менен кызыл көйнөк кийишет. Кыз турмушка чыккан же чыга электигин алардын баш кийиминен айырмалоого болот. Турмушка чыга электе баш кийимдин кызылын, турмушка чыккандан кийин ак түстөгүсүн кийишет.

 

Дин ишеними

Оогандык кыргыздар ислам динин тутунушат. Баары күнүнө беш маал намаз окуйт. Молдолор балдарга араб тамгаларын үйрөтүп, куранды окутушат. Ал жакта намаз окуй турган мечит бар. Бул Афганистан аймагындагы эң бийик жайгашкан мечит болуп саналат.

 

Сөөк коюу

Өлөөр алдында ислам динине ылайык адам келме келтирет. Киши каза болгондо тууган-уругу ошол үйгө чогулушат. Сөөктү адегенде үйдүн капшытына коюп коюшат. Эл чогулуп мүрзөдөн жай казышат. Сөөктү бир күн да кармабай, дароо жерге жашырышат. Үч күнгө чейин сөөк чыккан үйдө мал союлбайт. Мурда айылдын белгилүү адамдары каза болгондо сөөктү күмбөзгө жашырышкан, азыр ал нерсени таштап жөн гана тосуп коюшат. Бир нече жыл мурда киши каза болгондо ыйлашчу экен, акыркы жылдары ыйлаганга тыюу салышкан. "Анткени, ислам эрежелери боюнча ыйлаган күнөө деп айтылат" дешет.

 

Үйлөнүү той

Кызыгы, ооган кыргыздары башка улуттардан кыз да албайт, бербейт да. Анткени, түрк, өзбек же тажиктен куда күтсөк, тилибизди жоготуп алабыз деп коркушат. Кичи Памир менен Чоң Памир бири-бирине кыз беришет, бул эки жердин аралыгы ат менен жүргөндө үч күндүк жол. Кыз-жигит бирин-бири жактырып калып үйлөндү деген болбойт. Алар үчүн ата-энелери "сүйүп" берет. Кимде бойго жеткен кызы бар болсо, ошол үйгө жуучу түшүп барышат. Эгер кыз тарап макул болсо, той күнүн чогуу белгилешет. Үйлөнүү тойдо кыздын башына кызыл көшөгө жаап, көшөгөнүн ичинде кызыл түстөгү баш кийимин ак түскө алмаштырат. Мырзалар тойдо улак тартыш ойнойт. Кыздар 13 жаштан баштап турмушка чыгышат. "Бир жылдары аялдар көп каза болуп кетип, алардын саны аябай аз болуп кеткен. Анан бойго жеткен кыздардын саны да азайып, бойго жете элек кыздарды да турмушка берүүгө мажбур болгонбуз", - дейт Ооган кыргыздары.

 

Тед КАЛЛАХАН, изилдөөчү:

"Ооган кыргыздарында наристелердин, төрөттөн каза болгондордун саны көп" Борбордук Азиядагы Америка университетинин социалдык изилдөө борборунун изилдөөчүсү Тед Каллахан Ооган кыргыздарынын үрп-адатын, каада-салтын изилдеп, Памирде бир жыл жашап келди. Анын айтымында, Ооган кыргыздары жердеген калаада жол да, мектеп да, ал тургай оорукана да жок. Бул себептен наристелер өлүмү менен төрөттөн каза болгондордун саны көп. Аялдар толгоосу башталганда боз үйдө баканды кармап, өздөрү эле төрөп алат. "Апийим чегүү да оогандык кыргыздардын орчундуу проблемаларынын бири", - дейт изилдөөчү. Памирди жердеген ооган кыргыздарынын өкүлдөрү Абдувалы, Осмон ажы, Турдакун ажы, Абдулхак Абубакир уулу, Махмуд Рахимдер изилдөөчү Тед Каллахан менен чогуу Бишкекке келишкен. Алар өздөрүнүн жашоо-турмуштары, салттары тууралуу буларды айтып беришти. -

 

Аялдарга мамилеңиздер кандай? Жана өлүмдүн санынын көп болушунун себеби эмнеде?

 

Махмуд РАХИМ: - Аялдар менен мамилебиз жакшы(Күлдү). Сиздер Ооган кыргыздары аялдарына паранжы жаптырып алып үйгө камап урат экен деп ойлойт экенсиздер. Биз жөнү жок эле сабай бербейбиз… Туура, бизде өлүмдүн саны көп. Көбүнчө наристелер өлүү төрөлөт, же бир жашка чыкпай чарчап калат. Аялдар да төрөттөн көп каза болот. Бул витаминдердин жетишсиздигинен болсо керек. Сары май, сүттөн алына турган витаминдер болгон менен мөмө-жемиштердин витамини бизде жок да. Азыр "Ага-Хан" уюму жардам кылып атайын вакциналарды алып барып жатышат. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары өлүмдүн саны бир аз азайып калды.

 

- Туугандардын арасында бири-бирине үйлөнгөндөр барбы?

 

- Туугандар арасында үйлөнгөндөр да кездешет.

 

- Ошондон улам да наристелер чарчап калат да?

 

Абдулхак АБУБАКИР уулу: - Жок, бул эми сейрек гана учурда да. Биз баарыбыз бири-бирибизге тууган эмеспиз. Ар кандай уруулар бар: кыпчак, найман, тейит, кесек жана башкалар. Башка улуттардан куда күтөбүз.

 

- Паспортуңуздарга улутуңуздар жазылабы?

 

Осмон ажы: - Биздин паспорт-Афганистандын паспорту. Бирок улуту кыргыз деп жазылат. Андан сырткары, дин ишенимибиз да жазылат.

 

- Кыргызстанга келип эмнеге аябай таң калдыңыздар?

 

Турдакун ажы: - Кыргыз эли 70-80 жыл орустун курамында туруп кыргыз тилин сактап калганына таң калып, сүйүнүп отурабыз. Кыргызстандын жери-эли сонун. Сиздердин жериңиздер деп сүйлөбөймүн, анткени, бул менин да жерим. Менин, мисалы Алайда да жерим бар, кааласам келип алам…

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены