Ооган Памириндеги кыргыздар: «Кедейлер дагы битир-садага бериши керек»

Ооган Памириндеги кыргыздар: «Кедейлер дагы битир-садага бериши керек»

Кыргызстанга мындан 7 ай мурун Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен келген этникалык кыргыздар Нарын шаарынын жашоосуна көнүп, балдарын мектептерде окутушууда. Алар дагы Улуу Рамазан айында нарындыктар менен бирге орозо кармашты.


Адбулваид Жээнбек уулунун айтымында, Памирде 14 жаштан жогору адамдардын баары орозо тутушат.


«Орозону биз жакта дээрлик баардыгы кармайт. Балакатка жеткен уул-кыздарыбыздан тарта кары адамдарга чейин кармашат. Катуу оорусуна байланыштуу орозо кармабай калган адамдар бар. Бирок алардын саны өтө эле аз. Негизинен 95% адам орозону калтырбай жыл сайын кармайбыз.


6-7 жашыбыздан куран окуганды, намазды, кыска аяттарды үйрөнүп баштайбыз», - деди ал.


Абдулваид Жээнбек уулу Памирде Рамазан айында ар бир үй-бүлө ооз ачырууну салтка айландырып алышкандыгын кошумчалады.


«Бизде ар бир үй-бүлө орозо кармагандарды үйүнө чакырып, ооз ачырышат. Ар бир үйдө мал союлат. Мисалы, биринчи элге шекер кошулган таттуу суу же курма, андан соң жайган аш тамагы (койдун этинен майда тууралып жасалган суюк тамак) берилет. Шам намазы окулуп келгенден кийин каттама, боорсок жайылган дасторкондо 1 сааттай кенен чай ичип отурабыз дагы таравих намазын окуйбуз. Ага чейин эт дагы бышып, даяр болуп калат. Ошентип беш бармак жасап, эт жеп, андан кийин таркайбыз», - деди ал.


Памирде зекет малдын санына жараша берилет.


«Бизде зекет берүү маселеси да бар. Алланын ыраазычылыгы үчүн мал байлыгынан эсептеп беришет. Эгер койдун саны кырктан жүзгө чейин болсо, анда бир койду зекет катары берет. Жүз бирден эки жүзгө чейин болсо 2 кой берет, эки жүз бирден үч жүзгө чейин болсо 3 кой, ушинтип көбөйүп отуруп, 1 миң баш койлуу адамдар 10 койду зекет катары беришет.


Ал эми отуздан алтымышка чейин топоз болсо, анда 1 жашар топоз, алтымыштан көп болсо 2 жашар, же болбосо 1 жашар топоздон экөө берилет.


Орозо учурунда бизде дагы битир-садага берилет. Киши башына 2 килограмм күрүч же ошол күрүчтүн баасында ун, чай, туз, мал берилет. Буларды жарды жашаган үй-бүлөлөргө алып барып беребиз. Жардылар дагы битир-садаганы бериши керек болот. Алар бири-бирине беришет.

 

oogan-pamirindegi-kyrgyzdar-kedeiler-dagy-bitir-sadaga 2

 

Орозо аяктаганда айт майрамы өзгөчө белгиленет. Колунда бар ар бир үй-бүлө кой союп, жакыр үй-бүлөлөргө таратып беришет. Айтты үч күн бою майрамдайбыз. Майрам учурунда үч күн бою дасторкондор жыйналбай жайылып турат. Эркектер кедей болобу, бай болобу ар бир үйдү кыдырып, айттап чыгышат. Колунда жоктордун үйүн дагы калтырбай барабыз. Алар дагы үйүндө эмне болсо ошонусун дасторконго коет. Эң башкысы биз ар бир үйгө куран окуп чыгышыбыз керек. Ал эми аялдар туугандардыкына эле айттап барышат», - деди каарманыбыз.


Анын айтымында, кадыр түндү Памирде тосуп көрүшкөн эмес. Алгачкы жолу кадыр түндү Нарындан тосорун айтты.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены