“ОРДО” оюну боюнча райондук мелдеш

“ОРДО” оюну боюнча райондук мелдеш

Үстүбүздөгү жылдын 15-18-февраль күндөрү районубуздун спорт күйөрмандары кыргыз элинин улуттук “Ордо” оюну боюнча райондук мелдешинин он биринчи чемпионаттыгынын күбөсү болушуп, бир кумардан чыгышты.

 

Бул мелдеш быйылкы “Жаштар жылына” жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгына арналды. Чемпионаттын сал- танаттуу ачылышы Муграб райондук жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын чоң залында болуп, иш чарага райондун бардык жамааттарынан келишкен оюнчулардын командалары жана алардын машыктыргычтары, жамааттын төрагалары, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышышты.

 

Райондук он биринчи чемпионатты ачып жатып Мургаб районунун Өкүмөтүнүн аппарат жетекчиси А. Ж. Мурзаматов буларга токтолду:


“Ордо”улуттук оюнубузбир нече кылымды өз ичине камтып, бул оюнду ата–бабаларыбыз дайыма ойноп келишкен. Бул оюн кыргыздын ар бир кубанычтуу күндөрүндөойнолуп, элдин көңүлүн ачкан оюндардан болуп келген. Бул оюнуңарга райондук Өкүмөттүн жана райондун төрагасынын атынан “Ордо” оюну боюнча райондук чемпионаттын ийгиликтүү өтүүсүнө ак жол каалаймын! Ошону менен катар бул оюнду өткөрүүгө демөөрчү болушуп, 3976 сомони беришкен аңчылык боюнча фирмаларга, анын жетекчилерине: Бекмуродов Атобекке, ж.б.ларга ыраазычылык билдиремин,”-деп баса белгиледи.

 

Ordo oiun Murgab 2

 

Райондук бул чемпионатты өткөрүү боюнча райондо атайын чечим кабыл алынып, уюштуруу комиссиясы түзүлдү жана калыстар курамы бекитилди. Уюштуруу комитетинин жетекчиси Ниязбеков Гожомберди, жардамчысы Камчыбеков Жанболот, калыстар курамынын башкыкалысы Акжолбеков А. жардамчысы К.Жанботоевдор бекитилди. Андан кийин райондук жаштар жана спорт уюмунун жетекчиси Ж.Камчыбеков, калыстар тобунан К.Жанботоевдер сүйлөшүп, мелдештин урунтуу маселелерине кеңири токтолуп өтүштү. Акырында оюндун уюштуруу тобунун жетекчиси Г. Ниязбеков сөз сүйлөп, бул оюндун өзгөчөлүгүн, райондогу эгемендүүлүк жылдарындагы бул улуттук оюндун өнүгүп өркүндөөсүндөгү жергиликтүү мамлекеттик бийлигинин жана аксакал муундардын унутулгус эмгектери жана быйылкы жылы Улут ажосу, тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү Эмомали Рахмон тарабынан белгиленген “Жаштар жылындагы” келечек ээлери болгон жаштарды жигердүүлүккө үндөп, “Ордо” оюнунун катышуучуларына спорттук жеңиштерди, эли-жери- бизге жакшылыктарды каалады.

 

Ordo oiun Murgab 3Ордо боюнча Мургаб райондук чемпионатына 12 команда катышты. Алардын катарында Мургаб жамаатынын 3 команда, Алчор жамаатынан 2 команда Ыраң көл жамаатынан 2 коман- да, Кызыл рабат жамаатынан 2 команда, Г.Бердибаев атындагы жамааттан 2 команда, Кара көл жамаатынан 1 команда катышты. Оюндар командалар арасында чүчүкулак аркылуу жана түзүлгөн график боюнча Мургаб жана Бердибаев жамаатарынында даярдалган ордолордо өткөрүлдү. Командалардын арасындагы оюндар өз ара катуу таймашуулар менен башталды. Чемпионаттын биринчи эле күндөрүндө өткөн оюндардан ар бир катышуучу командажана оюнчулар бул мелдештерге жакшы даярданып келишкендигинен кабар берип турду. Анткени биринчи эле беттешүүдө ар бир командалардын оюнчулары ашык атуунун, чертүүнүн жогорку чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Командалар арасындагы мелдештер дээрлик 4 күнгө созулду. Айрыкча бул мелдештерде айыгышкан таймашуулар Мургаб-2 жана Мургаб-3 командаларынын, Мургаб-1- Көөнө коргон командаларынын, Шаймак жана Мур- габ-2 командаларынын, Мургаб-1- Ыраң көл командаларын арасында оюнчулар жогорку чеберчиликтерин көрсөтүшүп, күйөрмандардын черин жазышты.

Оюндун акыркы таймашуусун-да легендардуу “Мургаб-1” командасы алга озуп, мелдештин чемпиондук титулун кайрадан сактап, райондун “Ордо” оюну боюнча сегиз жолку чемпиону болуп калды. Белгилей кетүүчү нерсе, бул айтылуу “Мургаб-1” командасы 2016-жылында Кыр- гызстанда өткөн Көчмөндөрдүн 2-дүйнөлүк оюндарында “Ордо” оюну боюнча экинчи орунду жеңип алып, күмүш медалды багындырып, 500 миң кыргыз сомундагы сыйлыкты алып кел- гендиги баарына маалым.

 

“Ордо” оюну боюнча райондук мелдешинин он биринчи чемпионаттыгын жыйынтыктоо салтанаттуу аземинде райондун төрагасы М. А. Жоошбаев оюндун ийгиликтүү аяктап, элибизге таң-тамаша куруп беришкен ордо оюнчуларына өзүнүн жана жергиликтүү бийликтин атынан ыраазычылыгын билдирип, спорттук жеңиштери менен куттуктоо менен бул улуттук оюнубузду мындан ары дагы өнүктүрүү керек экендигин баса белгиледи. Жылдан-жылга бул оюндун оюнчуларынын чеберчилиги артып, жаңы муундардын жогорку чеберчиликтерин артып баратканына токтолуп, так айтып өттү. Оюндун жаштарыбыз үчүн сергек жашоого үндөөдөгү ролун белгилеп, келерки жылы өткөрүлө турган “Ордо” оюну боюнча райондук мелдешинин он экинчи чемпионаттыгына ой-сунуштарды сунуштады жана өз кезегинде оюнчулардан дагы сунуштарды күтөрүн билдирди. Келерки жылдын мелдешинин демөөрчүсүн айкындап, райондук айыл чарба секторунун жетекчиси Умар Куттугалиевке бул ишти колго алып, ушул күндүн баштап даярдык иштерин көрүү керектигин тапшырды. Райондун төрагасы Улут ажосунун жаштар саясатынын жолго коюлуусун жана “Жаштардын жылында” жаштардын милдетин айкындады. Бул улуттук “Ордо” оюну боюнча райондук мелдешин өт- көрүүдө жана уюштурууда жамаат жетекчилерине, уюштуруу тобуна, калыстар тобуна жана быйылкы демөөрчүлөргө дагы бир жолу алкышын айтуу менен жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды. Сыйлыктарды тапшырууда ар бир жеңүүчү команданын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, келечекте дагыдагы спорттук бийиктиктерди жеңүүлөрүнө тилектештигин билдирип жатты.

 

Өзгөчө, “Мургаб-1” командасынын 8-жолку райондун чемпиону болуусун жана 2016-жылында Кыргызстанда өткөн Көчмөндөрдүн 2-дүйнөлүк оюндарын- да “Ордо” оюну боюнча экин- чи орунду жеңип алып, күмүш медаль, элибизге сыймык алып келген бул команданын аброюн, жеңиштерин өтө жогорку көрсөткүч экендигин баалап, райондун тарыхы үчүн бул легендардуу команда боюнча, анын оюнчулары жөнүндө атайын китепче даярдоону жана чыгарууну сунуштап, бул ишти колго алууну “Сары кол” гезитинин редакторуна буйруду. Андан соң райондун төрагасы төмөнкү жеңүүчүлөрдүн сыйлыктарын өз колу менен сыйлык ээлерине тапшырды: Белгилүү болгондой, мелдештин жыйынтыгында:

Биринчи орунга Мургаб жамаатынын “Мургаб-1” командасы;

Экинчи орунга Бердибаев жамаатынын “Көөнө коргон” командасы;

Үчүнчү орунга Мургаб жамаатынын“- Мургаб-2” командасы ээ болушкан эле.

 

Ордо боюнча райондук мелдештин чемпиону болгон Мургаб жамаатынын “Мургаб-1” командасына кубок, медаль, грамота жана 1100 сомони, экинчи орунга ээ болушкан Бердибаев жамаатынын “Көөнө коргон” командасына медаль, грамота жана 700 сомони, үчүнчү орунга жетишкен Мургаб жамаатынын“Мургаб-2” командасына медаль, грамота жана 400 сомони акчалай сыйлыктары ыйгарылды. Ошондой эле чемпионаттын калыстар тобунун чечими менен чемпионаттын айырмаланган оюнчулары үчүн “Мыкты аткычыл”, ”Жаш аткычыл”, ”Хан сойор”, “Мыкты чертмекчи”, “Чемпионаттын эң мыкты күйөр- маны”, ”Мыкты машыктыруучу” номинациялары белгиленген эле.

 

Жыйынтык боюнча:

“Мыкты аткычыл” наамына 4 оюнчу: “Мургаб-1” командасынын оюнчусу Садирбаев М. Жаркынбай уулу Абдулзахар (Көөнө коргон), Эгембердиев М. (Шаймак), Тажибаев Зарылбек (Мургаб-1) -грамота жана 50 сомониден акчалай;

”Жаш аткычыл” наамына 4 оюнчу: Шералиев Ж. (Башгүм- бөз),Жолдошов А.(Алчор), Маматжумаев Н.(Ыраң көл), Ормонбаев К.(Шаймак) -грамота жана 30 сомониден акчалай; “Мыкты чертмекчи” наамына 3 оюнчу: Садыков Б. “Мургаб-1” командасынын оюнчусу, Үсөнов А. (Көөнө коргон”), Арзымамбетов З. (“Мургаб-2”)оюнчулары ээ ниден акчалай;

“Хан соёр” номинациясына З. Питазов ээ болуп, грамота жана 30 сомони;

“Чемпионаттын эң мыкты күйөрманы” номинациясына 2 адам: Олжочиев А. (30 сомони) жана Рузодоров Азатшо (30 сомони);

“Мыкты машыктыруучу” номинациясына 3 адам: Ооганбеков Ө. (Шаймак) 30 сомони, Жоошбаев М. (Ыраң көл) 30 сомони, Кенжебаев Т. (Баш гүмбөз) 30 сомони;

“Мыкты калыстар”: Жанботоев К. 40 сомони, Тайманкулов Д. 40 сомони, Үсөнов Б. 40 сомони акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Аксакалдар командалары үчүн 300 сомони берилди.

 

Бул “Ордо” оюнунун өтүүсүн жалпы райондун эли да кызыгуу менен колдоп, бул демилгенин улана беришине тилектештигин билдиришүүдө. Оюндун жүрүшүндө оюнчуларга Мургаб жамаатынын жана Бердибаев жамаатынын тургундары тамак-ашын кош колдоп сунушуп, сый-урмат менен адамгерчиликтин эң жогорку сапатын тартуулашты. Аталган жамааттын жашоочу-тургундарына, аны уюштурган райондун төрагасы М. А. Жоошбаевке, жаштар уюмуна, демөөрчүлөргө, жаматтардын жетекчилигине, кызматчыларына, дегеле, бул оюндун уюштуруучуларына “Ордо” оюнунун катышуучулары чын ыкыластан алкыштарын айтып, ыраазы болуп кайтышты. Ылайым, ордобуз толуп, оюнубуз оюнга, тойлорубуз тойлорго улансын!

 

“САРЫКОЛ” гезитинин редактору Ниязбеков Г. С.

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены