"Ордо": Ордо оюнунун эрежелери жана жоболору

"Ордо": Ордо оюнунун эрежелери жана жоболору

Кыргыздын тили, боз үйү, калпагы, комузу - кыргызды айырмалаган, өзгөчөлөгөн белгиси катары турса, ордо оюну да ошондой катарда турат. “Кытайда Кыргыздын тегерек чийин ойногон оюну жоголо элекпи?” - деп азыркы күнгө чейин сурайт деген кеп жөндөн-жөн эмес. Бул оюн нак согуштан алынганы да анык. Чыдамкайлыкты, этияттыкты, тыкандыкты, шамдагайлыкты, амалкөйлүктү, кашкөйлүктү талап кылган оюн.

 

 

 

Сары-Кол кыргыздарында ушул кунге чейин сакталып келе жаткан эн негизги оюн болуп “Ордо оюну” саналат. Бул улуттук оюндун байыртадан бери кыргыз элинде гана бар экендиги ар кандай тарыхый булактарда белгиленип, элдик оозеки чыгармаларда айтылып келе жатат. Ордо оюнунда биринчиден стратегиялык коргонуу, чабуул коюуу, согушуу сыяктуу аракеттер толук камтылган, экинчиден бул оюн чыдамкайлыкка, чеберчиликке, таамайлыкка, кенулду бир жерге топтоого, психологиялык туруктуулукка уйретет.

 

Ордо оюнунун эрежелери жана жоболору

 

Ордо оюнуну экиден жыйырмага чейин адам ойной алат. Ордо ойноо үчүн атайын жер түздөлүп даярдалат. Ордонун диаметри 14 метр болууга тийиш. Ордонун борборунда атайын бир аз оюлган чуңкурчага, ашык - чүкөлөр салынат. Алардын ортосуна “хан” деп аталган атайын белгиленген чүкө да салынат. Ар бир оюнчуга экиден же үчтөн чүкө салынат. Андан соң “ат” өкчөлүп, кайсы команданын аты консо ошол команда оюнду баштайт. Ордо топоздун томпою менен атылат. Ал томпой атайын бышырылып, даярдалат. Мындай даярдалган томпойлор бышык болот.

 

Ордо атуунун төмөнкүдөй түрлөрү бар:

 

Уруп атуу, топ бузуу. Мында ар бир оюнчу салынган чүкөнүн санына карата экиден же үчтөн оюн атышат.

Кьңкай атуу. Ордонун борборунан алыс жаткан чүкөлөрдү ордонун борборуна тууралабай эле атып чыгарса аны кыңкай атуу деп койот.

Кадамак кадоо. Эгерде ордо чачылгандан кийин, чүкөлөр ордонун сызыгына жакын жатып калса, оюнчулар андай чүкөлөрдү кадап чыгарат. Кадамак кадаганда оюнчу төмөнкү эрежелерди так сактоосу керек.

а.) Кадамакчы ордонун сызыгын буттун тең ортосуна, б. а. үзөнгүлөй басып бутун көтөрбөстөн кадоосу керек.

б.) Кадамак кадап жатканда, экинчи бутунун тизесин жерге тийгизүүгө жарабайт.

Тоорумай. Чүкө чыгарып атып жатканда томпой ордонун ичинен чыкпай калган ашыкты бутун көтөрүп сол колун артына алып, бир бутун көтөрүп чийинге өтө жакын жаткан чүкөнү чертет. Томпой ордонун ичинде калса оюн улантыла берет, ал эми томпой ордодон чыгып кетсе оюн улантылбай калат.

Чертүү. Оюнчу атып жаткан мезгилде томпой чүкөлөргө бир таман, анан дагы томпойдун ордунчалык аралыкка жакын жатып калса оюнчу ордонун ичинде туруп, сыңар тизелеп чүкөнү чертет. Бутунун башы ордонун көзүнө канча туш болбосун, “хан” ачасына тушташ келип калса жыдыйт (күйөт). Оюнчу ошол эле калыбында бир нече чүкөнү чертип чыгарса болот. Чүкө чийинден чыккан мезгилде оюнчунун жолдоштору чийиндин сыртында болуп, чүкөлөрдү аттабоосу керек. Эгер байкабай бир чүкөнү аттап кетсе жыдыйт. Үч чүкө чертилгенден кийин “хан”ды чертүүгө уруксат берилет, бирок аралык бир кадам болуусу шарт. (К.Жаникуловдун материалы)

 

Тээ илгертен бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн элге жагымдуулугун жоготбой келе жатат. Ордо аттуу оюнунун эрежелеринен аскердик стратегиясын байкоого болот. Сары-Колдо ордо оюнуна сака кылып томпой менен гана ойношот. Абалак менен атууну, анын эрежелерин Кыргызстандан келген эл агартуучулардан үйрөнүшкөн. 1950-жылдардан 1970-жылдаргача ойнолуп, азыркы күнде абалак менен такыр ойнобойт.

 

Ордо оюнун эки топко бөлүнүп ойнойт. Чоң мелдештерде ар бир топто ондон оюнчу болот, үчтөн ашык (чүкө) салынат - ар бир оюнчуга. Ордонун көзүнөн (борборунан) 18 таман эсептеп, тегерек чийин чийилет. Илгери чоң мелдештерде жалаң гана чүкө салып, топоздун гана томпою менен атып ойногон. Азыркы учурда эңке (Кулжа, Текенин ашыгы) салып (тигип) да ойношот. Ар бир оюнчуга экиден ашык болобу, үчтөн ашык болобу ханды кошо салып - бир оюнга жүрөт. Ханды атайын топоздун же кулжа текенин мүйүзүнөн чыпалактын тырмагыдай кылып жасашат. Ашык ордонун көзүнө эсептелип салынгандан кийин “ат чабылат”. Сол ашык “ат” болот, оң ашык атка кошулбайт, эңке да эсептелбейт. Калыс эки “атты” - чик, пөк, таба же алчы окшош кылып колуна алып көкөлөтүп бийикке чабат. Экөө тең конуп калса “тайлаш” деп кайрадан чабылат.

 

Кайсы топтун аты биринчи консо, ошол тарап баштап атат. Эгер оюнчу ашыкты чийинден чыгара атса, оюну жүрөт, биринчи тарап ордого салган ашык боюнча оюнун толук атып болгон соң, экинчи тарап баштайт. Ордодо ашык калбагандан кийин жаңылап ордо салынат. Кыйган (ашык көп алган) тарап, кыйылган тараптын алган ашыгына карата салат. Ошентип, бир тараптын бир да ашыгы калбаганча оюн улана берет. Бир да ашыгы калбаган тарап “бор жеп” (утулуп), уткан тарап бор берди болуп оюн аяктайт.

 

Оюндун эрежелери

 

Ордонун борборундагы топ ашык жайылгандан кийин хан көрсөтүлөт, борбордо калган топ ашыкка ханды кошуп далдалап (жашырып) бир жерден топтун башчысы чийип койот. Калгандары көрсөткөн жерден гана атат. Улам томпой тийип жылса, улам жаңылап көрсөтүп турат. Хан ордонун борборунан чыгып кетсе, ордо “дашта” (ээн талаада) калды деп борбордогу топ ашыкты каалаган жерден ата берсе болот. Бирок хандын өзүнү көрсөткөн (чийип койгон) гана жерден атат.

 

Оюнчуну жыдыта (күйдүрө) турган шарттар

 

Оюнчу ашык чыгарып жатканда чыккан ашык оюнчунун шериктеринин бирөөнө тийип, чийимдин ичине түшсө.

Ашык чыгып жатканда оюнчунун шериктери чийинди тебелеп алса же чийинден ичкери кирип кетсе.

Чыккан ашыктын сыныгы чийиндин ичине түшсө.

Чийиндин ичинде томпой калып, аны жерге сүйрөп алса.

Томпой чийиндин ичинде ашыкка тийип турса, аны алганда ашык кыймылдаса.

Кийиминен бир нерсе, чийиндин ичинде сүйрөлүп калса (бут кийимдин боосу), этеги, куру жана башкалар же бир нерсе чөнтөгүнөн түшүп калса.

Эки ашыктын ортосунан өтүп кетсе же бир ашыкты аттап кетсе.

Оюнда ашык чыгарып жатканда, шериктеринин бирөө атып жиберсе.

Оюнчунун оюну жүрүп жатканда, шериктери чийин чийсе, же бир нерсени чийиндин ичине ыргытса, тепсе.

Оюну жүрүп жатканда оюнчу кадамакка туруп чийинди буту менен таптаса, же бутун жылдырып койсо.

Ичкеде (ичке) отурганда казык бутунун башы жылып кетсе, кыймылдаса.

Казык бутунун башы (учу) ашыка, ханга, ордонун көзүнө туш болуп калса.

Сьңар тизелеп отурган бутунун тизеси ордонун көзүнө, ханга туш болуп калса.

Ичкеде (ичке) отурганда томпойду эки колдоп оңгорсо.

Ичке отурганда томпой ашыка тийип турса, томпойду ашык менен кошуп алса болот жана бир колу менен эптеп башка ашыкты атып чертип чыгарса томпойго кошуп алган ашыкты да кошуп алат.

Ичке - черткенде колу жерге тийсе.

Кийимди чийиндин ичинде какса.

Ашык чыгып жатканда томпою ордонун көзүнө түшүп калса - “ордо бор” деп оюнчунун жүрүп жаткан оюну токтолот.

Ичке отурганда бир түз сызыкта жаткан эки ашыктан сыңар тизелеп отурган бутунун башы өтүп кетсе.

Атар башы ичте (ичкери), сыртта. Ашыкты кармап атар жагы аталат. Ошол жагы чийиндин ичкер жагын карап жатса, ашык чыкпаган болот, чийиндин сыртына карап жатса чыкканга эсеп болот.

Ичте чертип жатканда бирди, үчтү же жети ашык черткенден кийин ханды чертсе болот.

Ордонун борборундагы топ ашык хан менен чогуу турса да, ушундай эсептен кийин чертилет.

Ордонун көзүнөн сыртта башка ашык болсо аны да чертип, алмайынча, топту ханга кошуп атканга болбойт.

Ичке түшкөндө - эгер ар бир адамга үчтөн ашык салынса эки таман, экиден ашык салса бир жарым таман менен томпой менен ашыктын аралыгы, ордонун көзүнө ченелет.

Азыркы убакта ушундай чен менен, атайын сымдан калыс жасалат.

Эки тарткын болуп, ашыкка (ичкеге) жетет, жетпейт болуп, талаш чыкса, аны аныкташ үчүн калыс менен ченелет.

Эгер, калысты ашыктан томпойго карата ченесе жетпесе даты жетип калат, ошол үчүн сөзсүз томпойдон ашыкка каратып ченөө керек.

Үч жолу катары менен ханды бир эле топ алып баш атса үчүнчү алганда, оюн башталардын алдында “ат чабылат”.

Аты конуп, мындан кийин дагы эки жолу баш болсо - ханды алып кайрадан “ат чабылат”.   (Ыран-Келдуктердуи материалы)


Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району


"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

С.Таджидинов, Ж.Ибраимова

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены