Ош облусунда этникалык кыргыздардын саны алты жүздөн ашты

Ош облусунда этникалык кыргыздардын саны алты жүздөн ашты

Расмий маалыматка таянсак, Ош облусун байырлаган кайрылмандардын саны алты жүздөн ашты. Алардын катары мезгил өткөн сайын калыңдоодо. Айтмакчы, түпкү Ата Журтуна көчкөндөрдүн басымдуулугу Өзбекстандан, жарымынан азыраагы Тажикстандан кайткандар. Айрыкча тажикстандык кайрылмандар үчүн паспорт алуу жана жумушка орношуу ушул тапта абдан орчундуу көйгөйгө айланып олтурат.

 

- Турмуш-шартыбыз азырынча кудайга шүгүр эле. Ошентсе да, көйгөйлөрдөн куру эмеспиз, - деп кепке аралашты Тажикстандын Мургаб районунан журт которгон Ташкенбай Бердибаев. - Жер маселеси, айрыкча жумушка орношуу азапка айланды. Жергиликтүү бийликтер Өкмөттөн “Кайрылман” программасын анчалык аткарбай жатышат. Сыягы, жогорку тараптын көрсөтмөсүн күтүп жатышат өңдөнөт.

 

Ошол эле Тажикстандан ооп келген дагы бир кайрылман Атыргүл Гожоева аттуу айым минтип көзүн жаштады: - Өз элим-журтум деп түпкү Ата Мекенибизге кайтып атабыз. Албетте, билген адамга мунун тарыхый мааниси абдан чоң. Биз Мекендин кадырын алыс жакта жашап жүрүп терең түшүндүк. Тилибизди, каада-салтиыбызды балдарыбыз унутуп калбасын деген аруу тилекте Кыргызстанга кайтып атабыз. Арийне, “Кайрылман” программасы боюнча майда-чүйдө проблемабыз жок. Бала-чакабызды бакчага, мектептерге баш тартпай алып жатышат, Медициналык жардам дурус эле, акысыз көрсөтүлүүдө. Бирок, өкмөт тарабынан чоңойгон уул-кыздарыбыздын Кыргыстандын жогорку окуу жайларында окушуна жеткилең шарт түзүлбөй аткандыгы өкүндүрөт.

 

Тажикстандын Жергетал районунун Ош шаарындагы жана облусундагы расмий өкүлү Салохидин Юлдашевдин баамында, түпкү Ата Журтуна кайтып жаткан кыргыздар мамлекеттин өзгөчө камкордугуна муктаж.

 

- Биринчиден, үй куруу үчүн чек ажыратлыса абдан жакшы болмок. Себеби, турак жай салыш керек да. Көбү Тажикстандагы үйлөрүн сатып келип жатышат.

 

-Экинчиден, кайрылмандардын паспорту же Кыргызстандын жэараны экендигин тастыктаган башка документи болбосо, жумушка албай жатышат. Менимче, жогорку бийлик жанагыл

 

“Кайрылман” деген документтин жарамдуулугун толук мыйзамдаштырса чоң соопко калат эле, — дейт Салохидин Юлдашев. – Быйыл дагы жыйырма чакты үй-бүлө документтерин белендеп, Кыргызстанга кайтууну ниет кылып жатышат. Алардын негизгм тилеги улутташтары менен чогуу жашап, кыргыз тилинде билим алсак дешет. Ошондуктан, бул жакта жогорку окуу жайларда кайрылмандардын балдарынын окуусуна жеткилеё шарт жаратылышын каалайбыз.

 

Анткени менен Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин търагасы Данияр Толонов чет өлкөлөрдөн түпкү Ата Мекенине кайтып жатышкан кыргыздардын саны мезгил өткөн сайын көбөйүп бараткандыгын жашырган жок.

 

- Ош облусунда этникалык кыргыздардын саны алты жүздөн ашты.

Алар негизинен Карасуу районунда жашап жатышат. Жарымынан көбү Өзбекстандан, азыраагы Тажикстандан ооп келгендер. Туркиядан дагы анча-мынчасы бар, - дейт Данияр Толонов. – Буларда орчундуу кыйынчылык улутунда болуп жатат. Документтеринде кыргыз деп жазылбай калгандарына паспорт берүүдөн баш тартып жатабыз. Экинчиси, Тажикстандан оогондор кайрылман макамын албай туруп эле Кыргыз жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени, эки мамлекеттин ортосундагы келишимге ылайык жарандыкты алуу абдан жеёилдетилген.

 

Айтмакчы, Данияр Толонов ырасташынча, «Түпкү Ата Мекенине кайтып келишкен кайрылмандарга мамлекеттик кепилдик жөнүндө» мыйзамга ылайык кайрылмандарга камкордук мурдагыга салыштырмалуу кыйла күчөтүлдү. Алар жергиликтүү бийлик иш таап берип жатышат. Ага улай айрымдарынын кесибин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Кайрылмандарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу дагы жолго коюлду. Данияр Толонов эгерде паспорт маселеси эле чечилсе, калган көйгөйлөр, маселен, жумуш, турак жай жана каржы маселеси секин жайгарылаарын билдирди.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены