Илим салаасы азырга чейин Памир – Алай кылкасын байыркы Сактар мекендеп турушкан деген тыянакты кабыл алышууда. Б.И. Байнберг менен Б . Я. Шитавский жазган «Орто Азиянын илгерки замандагы тарыхы менен маданияты» аттуу китебинде чыгыш Памирден байкалган биздин заманга чейин 4 – 6 - кылымдарга таандык болгон коргон менен курчалган бейиттер Сак урууларына тиешелүү деген ойду айтышат1. Ал 18- кылымдан тарта Памир өңүрүн түрө кыдырган илим адамдары Памирдин негизги тургундары кыргыздар экендигин эскеришет.
Памирде кыргыз, тажик, вахан … сыяктуу элдер айрым жерлерде аралаш, айрым жерлерде салыштырмалуу түрдө өз алдынча олтурукташкан. Ошол элдердин бүгүнкү олтурукташуу абалы белгилүү ченемде өз ара таасир көрсөтүүнүн, турмуштук жана маданий байланыштын мүнөзүн белгилеп турганын алдын эле айтууга болот. Бүгүнкү Памир чөлкөмүндө жашап жаткан кыргыздар элибиздин Улуучат, Актоо, Ташкоргон, Кыргызстандын түштүгүнө;Тажикстандын Мургап, Жерге тал райондоруна жана Афганистандын Кичи памир, Чоң памир деп аталган тоо кылкаларына жайгашкан. Ошолордун бир бөлүгү кийин Күнлун тоо кылкасындагы Гума, Каргалык оодандарына көчүп барышкан. Афганистандагы кыргыздардын тагдыры кийинки эл аралык оюндардын чырынан улам ансайын татаалдашкан2. .
Азыр Ош, Жалалабад, Баткен деп үч областка бөлүнгөн бул аймакта кыргыздардын ичкилик уруусуна таандык болгон ават, бостон, жоокесек, кесек, нойгут, тейит, канды (каңли), дөөлөс, найман, кыпчак, оргу уруулары негиз болгон уруктар жашашат. Ал эми Тажикстандын Жерге тал, Тоолуу бадахшан автоном областына караштуу Мургап, Шаартуз, Исфара райондорунда жана Ленинавад областынын көптөгөн райондорундагы айыл – кыштактарда 70 миңден ашуун кыргыздар жашап турушкан. 20-кылымдын 90-жыл- дарынан баштап Тажикстанда болгон ички чатактан жабыркаган кыргыздардан 20 миңге жакын адам Кыргызстандын түштүк аймактарына көчүп келишкен. Тажикстан кыргыздарынын эл ооз адабияты жана салт – санаасы боюнча Жээнбай Мукамбаевдин «Эл ичи – өнөр кенчи» аттуу китебинде абдан манилүү даректер болгонуна карабай, алардын уруулук бөлүнүштөрү жөнүндө Кыргызстандын башка изилдөөчүлөрү жазган маалыматтар менен биз көп таныш эмес.
Реми Дордун маалыматы боюнча, Ооган Памир кыргыздарынын уруулары тейит, кесек, найман, кыпчак болуп, анын ичинде тейит: сары тейит, кара тейит, кочкор, шахым, текрең, навруз, алапа, кутан, чегитир; кесек: жыгдым, кызыл аяк, кыдырша, куралай, мамачар, кесек, бостончок, мөшкө, пур баш, кош кулак; найман: мурза, жору, көн, жоон пут, куралай, көк эчки, куран;кыпчак: чела, колчок, мудурук, сарт деген уруктарга бөлүнгөн. Алардын ичинде калмактар менен вахандар бар. Калмактар мурдагы кулдар, азыр болсо кулчулуктан бошотулуп, Кыргыздардын арасына сиңип кеткен, кийинкилери болсо бай Кыргыздарга кызмат кылуучулар. Тейит уруусунун ичиндеги сары тейит кандын тукуму деп каралган3.
Реми Дор Ооган кыргыздарынын эл санын жерлик кан Рахманкул айткан 3000 ден ашуун деген айтымды туура деп караган. Алардын төрттөн үч бөлүгү Кичи памир жана ага жанаша жайгашкан өрөөндөрдө жашайт, Чоң памирде калгандары олтурукташкан. Франциялык Саякатчы Гиом Капю (1887- 1880-жылдар аралыгында Памирди эки жолу кыдырган)мындай жазат:«Ивановдун айтканына караганда, Памир кыргыздары тейит, кыдырша, найман, кыпчак урууларынан турат. Жайкысын алардын саны бир нече миңге жетет, ал эми кышкысын бир-биринен оолак, тоонун далда беттерин ыктаган 250–200 дөй түтүн гана калат. Алардын экиден 20 га чейин боз үйдөн турган жатактары Раңкөлгө жакын ашууларда, шатпут, кошагыл, мургап, аксуу, ыстык, акташ, Кичи памир, кызыл корум, мукал, андаман жана алычур өрөөндөрүндө кездешет... кыргыз уруулары ал тургай Тагарманын түпкүрүндө да жолугат»4.
Италиялык Саякатчы(1898-жыл) Феликс Рокка Алай – Памир кыргыздарынын мунгуш, адигине жана ичкилик деп үч урууга бөлүнүп, алдынкы эки уруу Ош жана Анжиан тарапта олтурукташканын, Ичкилик уруусу Маргалаң менен Кичи Алай тоолурунда жайгашып, жалпы 75 миңге жакын калкы барлыгын, Чоң Алайда найман уруусу жашап, 500 түтүн, эки жарым миңге жакын эли бар экендигин, алар чыгыш жагы Кызыл эшим, батыш тарабы Кызылсуудан дараут коргонго чейин созулган аймакта жайгашканын жазган. Ошо менен бирге автор Жуңго менен чектешкен жана элибизге баш ийген Памир кыргыздары жөнүндө анык маалымат калтырган:«Можу дарыя өрөөнүнүн беги Алайчы бек Раңкөлдүн чыгыш жагын башкарса, анын колунда 50 гө жакын боз үй болгон. Курумчу бектин кол алдында 150 боз үй болуп, Мургап, Алычур, Пишарт өрөөндөрүн ээлеген. Аксуу жана Ыстык дарыяларынын боюнда 100 боз үй менен Маткасым бек жайгашкан, анан Сахып назарга баш ийген 40 боз үй Кудар, Көкжар, Көкбелсуу өрөөндөрүнүн ар кайсы жерлеринде чачкын жайгашкан. бардыгы болуп 1700 түтүн эл болгон»5.
Изилдөөчү Сабир Аттокуровдун маалыматы боюнча кыпчактар: тору айгыр, кожошүкүр, кармыш, омонок, сакоо кыпчак, аткачы, жаманак, жартыбай, кызыл аяк, шерден, таз кыпчак, алике (алтике) деген уруктарга; наймандар: каранайман, чапкылдак, туума тукум, шырго, кургак найман, үркүнчү, бозторгой, мырза найман, көкө найман, кожо найман, бөө найман, кийик найман, көк найман деген уруктарга бөлүнгөн. Орус изилдөөчүсү Н. Ситняковский Кесектердин кесек, бай кесек, каракесек, кыдырша, каңлы, чоң кыргыз, бөрүбаш, авай, ахтачы, карасадык, чучук, алашан, жоо кесек, бостон деген 14 атын жазып алган. Сабыр Аттокуровдун тизмеси болсо бир кыйла башкача, анда Султаншаадан кесек менен жоокесек тарап, кесектен: сибери, алатоо, карамолдо, байкесек, алтынчы, сары усун, мала, чуулдак, кызыл аяк, кара усун, бөлөк сары, кара кесек, эшкара деген уруктарды таратат; тейит экиге бөлүнүп, тейит жана бай тейит деп аталган. Тейитке кирген уруктар арык тейит, кара тейит, токум тейит, сары тейит, уйгур тейит, чапан тейит, кыңырша, сүрүнчек, кашка, куталы, авай, каратай, караказы деп аталган6.
Чет элдик Саякатчылардын элибиздин Актоо жергесиндеги, Каргалыктын Санжу, Хотендин Кеңкыр, андан башка Ойтоо , Опол, Бөрүтокой, Бостонтерек багытындагы кыргыздардын уруулук курамы жана жайгашкан жерлери жөнүндө анык жаза албагандыгын туура түшүнсөк болот. Актоо ооданы Памир чөлкөмүнө таандык негизги оодандардын бири болуп, 2000-жылкы эсеп боюнча кыргыздардын жан саны 43 миң 370 адам. Оодан эки базар, 11 айыл, 105 кыштакка бөлүнгөн. Актоо ооданынын түндүгү Улуучат, Көөнө шаар оодандары менен, чыгыш түндүгү Йопурга, Жаңышаар менен, чыгышы Жаңысар, Жеркен менен, түштүгү Ташкоргон менен, батышы жана батыш түштүгү Кыргызстан жана Тажикстан менен чектешип, жалпы аянты 239 миң чарчы метр. Чет мамлекет менен болгон чегара сызыгы 300 километр болуп, анын ичинде али такталбаган чекара сызыгы 170 километр. Актоо ооданынын 2000- жылкы эсеп боюнча ар кайсы улуттар жана алардын жан санын төмөнкү кештеден көрүүгө болот:
«Кызылсуу Кыргыз автоном областынын санжырасы» 1-том, Шинжаң эл басмасы, 2004-жыл, 107—114-беттер ) Ушул тизмеге Улуучат ооданынын Бөрүтокой, Бостонтерек айылдарындагы жан санын да кошуп эсептөөгө болот. Аталган эки айылдын ичинде Бөрүтокой айылында 1072 түтүн, 5637 адам, Бостонтеректе 553 түтүн, 2336 адам болуп, негизинен кыргыздар.
Тескей тоо Кыргыздарын түзгөн негизги уруулар:
Элибиздеги тил таануучулардын көндүм атоосу боюнча «тескей тоо» деп аталган кыргыздардын уруулук жактан бөлүнүү абалын азырга чейин жалпы жонунан гана атап өтүү менен чектелип келебиз. Атактуу санжырачы Үсөйүнажы Асаналы өзүнүн «Кыргыз санжырасы» аттуу китебинде тескей тоо кыргыздары ичкиликтерге таандык болуп, Кызыл дарыясынын оң жагындагылар оң кыпчактар, сол жагындагылар сол кыпчактар деп аталатургандыгын жазган 7. Сабыр Аттокуров «Йуан тарыхы» нан алган маалыматты атап көрсөтөт:«Анжиан тоолору кыпчактардын жери болуп, Кыпчак деген эл башы Алайдан келген»8. Чиң дооруна таандык тарыхый материал «Шинжаң чоң иштер эстелигинин толуктамасы» аттуу китепте Кашкар багытындагы кыргыздардын жалпы 2376 түтүн экендиги жазылып, кыпчак, найман, сарт, тор айгыр, тейит, каратегин, моңолдор сыяктуу уруулардын жайгашкан жери чакырым саны менен көрсөтүлгөн. Бул жөнүндө биз алдынкы темаларда айтып өткөн элек.
Жогорку мааламаттарга кошумча катары өзүбүздүн 2004-жылы Памирге жасаган текшерүүбүздө чогултулган маалыматарды – ар кимдин эсинде калган, бир системага келтирилип жыйнакталбаган уруу аттарын- тизип көрсөтсөк да бир кыйла маанилүү болот деп ойлойбуз. Анткени, бүгүнкү элдин өзүн эмне деп түшүнөрү да ушул тема үчүн абдан керек. Ташкоргон Тажик автоном ооданына караштуу Көкжар кыргыз улуттук айылынын тургундары кыпчакка тейит, кесек деген эки урууну кошот да, Көкжардагы уруулар машкө, отунчу, бостон, карасаадак, кызыл аяк, кочкор уруктары; Пейик деген жерде сейтмат, бөрү, найман, кара тейит, кыдыршаа уруктары бар, ырчылардын көбү бостон уругунан чыгат. Бостондор жаңы бостон, молой бостон, сарбашыл бостон деп үчкө бөлүнөт деп айтышты9. Актоо ооданы Можу айылындагы элдик өнөрпоз Калбай Жетимиштин айтуусунда, Можудагылар Мурза наймандар болуп, алар жалпы жонунан найман деп аталып, 6 урукка бөлүнгөн:кайыскак, кызыл тайча, тору, күрдү, жээрде, ки найман.
Мунун ичинде, кайыскактар жайыл, кайыскак деген уруктарга; торулар тору, туру, тору айгыр, шаймак деген уруктарга бөлүнгөн. Элдердин айтымында кийин Памирге келип калган уруктар бооз уругу менен чоң чарык уругу болгон. Калбай Жетимиш Чоң найманды 7 ге бөлүп, анын алтоонун атын айтып берди. Алар: мурза найман, ки найман, көн найман, бөө найман, бугу найман, жоон бут найман. Аталган өнөрпоз кыпчактарды таз кыпчак, сарт кыпчак, кан кыпчак дегендей жетиге бөлүнөөрүн эскерди10. Бүгүнкү Памир кыргыздарынын эс сактамында уруулардын санжыра боюнча сүрүлүү түшүнүгү солгундап кеткендиги анык эле байкалат. Ошого, ар ким өз уруусунун атын билишкен да, жаштар бул маселеге анчейин байкас салбаган. Дагы бир жагынан Жуңго кыргыздарынын этнографиясын изилдөөнүн бечелдигинен улам, азырга чейин Памир кыргыздарынын санжыралык баяны толук чогултуп алынбаган, же илим салаасына толук тааныштырылбай келген.
______
1. Б.И. Байнберг, Б.Я.Шитавский:«Орто Азиянын илгерки замандагы тарыхы менен маданияты», Кыргызстан, «Илим» басмасы, 1996-жыл, 89-бет.
2. 1978-жыл 27-апрель болгон Ооганстан көңтөрүшүнөн улам Оогандагы кыргыздардын бир бөлүгү Пакистандын Гилгит районуна жер которгон. Ал жерде төрт жылдай каржалган элди Америка өкүмөтү түндүк уюлдагы Аляскага көчүрмөк болот. Кантерин билбей турган элге Түркия мамлекети кол учун берет. Б М У нун жапа чеккендерге көмөк көрсөтүү башкы мекемеси жалдаган үч учак 1138 Оогандык кыргызды Түркияга жеткирет. Алардын арасынан 776 киши Ван шаарына жакын жайгашкан Ван көлүнүн боюндагы Каракундузга, 362 киши Ван шаарынан 500 чакырым алыстыктагы Малатыя шаарына жайгаштырылат. Кийин эки жерге бөлүнгөн эл кайрадан Ван көлүнүн түндүгүндө- гү Алтын дереге кыргыздар үчүн атайын салынган жаңы кыштак- тан конуш алат. Мамлекетибиз жакынкы жылдары жолго койгон малчыларды олтурукташтыруу саясатынын аркасында Памир кыргыздарынан өтө аз сандагы адам элибизде Акчий ооданына көчкөн болсо, Тажикстандагы Памир кыргыздарынан канча миң адам Кыргызстанга көчүп келишкен.
3. Реми Дор:«Ооган Памириндеги кыргыздар», Бишкек, 1993-жыл, 14-бет.
4. Гиом Капю:«Памир кыргыздары», «Алатоо» журналы, 1992-жыл, 6-7-сан,148-бет.
5. Филикс Рокка:«Памир жана алай кыргыздары», «Кыргыздар» 1-том, Бишкек, 1991-жыл, 355-бет.
6. С. Аттокуров:«Кыргыз санжырасы», «Кыргызстан» басмасы, Бишкек, 1995-жыл, 185-193-беттер.
7. Ү.Аажи:«Кыргыз санжырасы», Кызылсуу кыргыз басмасы,Артыш, 1989-жыл,109-бет.
8. С. Аттокуров:«Кыргыз санжырасы», «Кыргызстан» басмасы, Бишкек, 1995-жыл, 182-бет.
9. үн алгыга жазып алынган материял № 25
10. Үн алгыга жазып алынган материял, №31
«Кыргыз эл ооз адабиятынын памир мектеби» Үрүмчү-2008.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены