Кылым карыткан Сары-Кол кыргыздары, тээ биздин доордун II-кылымына чейин эле, азыркы Памир жеринде жашап келгендиги таш бетине түшкөн петроглифтерден маалым болгон. Кыргыздын энциклопедиясы болгон, кудайдын кыргызга берген кереметтеринин бир “МАНАС” эпосунда дагы азыркы Памир, түпкү аталышы Сары-Кол деген жер кыргызга таандык экени кеңири берилет. “Сарыкол”-топоним. (Памир)
Азыркы Ооганстандын түндүк чыгышы, Индия, Пакистандын түндүк жагы, Кытай Эл Республикасынын түндүк батыш жагында жайгашкан Памир тоолору ээлеп жаткан жер.
1892-95-жылдары Сарыкол Памир кыргыздарынын жерин үчкө бөлүп, бир бөлүгү ошол кездеги Улуу Британиянын калониясы болгон Индия-Пакистан менен Ооганстандын карамагына бөлүнүп, экинчи бөлүгү азыркы көркөм-Памир Кытай Империясына, үчүнчү бөлүгү Орус Падышачылыгынын курамына өтүп, азыркы Мургаб району 1924-жылга чейин Ош уездинин курамында турса, 1925-29-жылдары азыркы Таджикистандын карамагына кирип, Тоолуу Бадахшан Автономия Облусунун 96% жерини түзүп калган.
Бир кезде кыргыздардын ордосу болуп турган, Манастын ата теги жердеген жерлер, бүгүнкү күндө үчкө бөлүнүп өгөй баладай болуп Таджик, Ооган, Кытай дешип болүнүп турат. Арийне, Сарыкол санжырасында кыргыздар жашаган жери төрт аймакта болгон.
Сарыкол: (Кытайдагы көркөм Памир, Ооганстан Памири, Индия, Пакистандын түндүк жагы, Таджикстандагы Мургаб району Памир.)
Каракол: (Тянь-шань, Жети-Суу,Хан-Теңри, Ысык-Көл)
Кең-Кол: (Соң-Көл,Жумгал, Чуй, Талас, Олуя ата Уралга чейин) Андижан кыргыздары (Ташкентке чейин) деп.
Сарыкол Манас эпосундагы топоним. Манастын чоң атасы Ногой, атасы Жакып, Акбалта жайлаган жер деп берилет. (Сагымбай Орозбаков)[ 3.53.бет.]
Кыргыздар Манасты хан көтөрүп, Алтайдан Таласка көчкөндө, Акбалта:
Ардактуу Сары-Кол жерим бар,
Абийирдүү нойгут элим бар,
Биздин нойгут эл-журтта,
Кара эгинден күрүч көп,
Калайынан күмүш көп.
Боз коёндон түлкү көп,
Босого жайган мүлкү көп-деп өз эл жерине кетүүнү суранат. (Саякбай Каралаев) [1.170.174.бет.]
“Манас” эпосунда Каныкей, Манас өлгөндөн кийинТаластагы Ак ордонун тонолгонун көргөндө, Семетейди алып төркүнү Букарга кетээрде,
-Кызырлуу Кең-Кол, кең Талас,
Кайран жерим эсен бол!
Ак калпакчан, көк чепкен,
Коштошо албай баратам, Кайран элим эсен бол!-деп Кең-Колдогу эл жери менен коштошкону айтылыт. [1.541бет.](Теңири Манас) Опол-Тоо- топоним.
Ооганстан, Индия, Пакистан, Кытай жана Алай тоолоруна чектешкен Памир тоолорунда жайгашкан азыркы аталыша “Музтаг-Ата” тоосу. Бийиктиги 7546 м. 1895-жылы Кытай империясынын карамагына өткөн. Манас эпосунда адегенде Манастын бабасы Ногойдун ордосу турган, кийин Ороздунун он уулу мекендеген жер катары сүрөттөлөт.
Чоң атаң аты Ногой деп,
Картып турду Кашкарды.
Кара шаарга жеткенче,
Кан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Аны самаган душман сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Даң-Дүң тоонун оюна,
Далай журтун которду. (Сагымбай Орозбаков) [ 1.50.бет]
Манастын түпкү жери Сары-Кол Памир экени “Манас” эпосуда так көрүнүп турат. Демек, бүгүн Алай же Теңир-Тоодон Россияга барган кыргыздардын балдары ал жакта туулуп өссө дагы түпкү тегибиз Алай же Нарындан деп айтышат. Ошол себептен Манастын атасы бай Жакып, Сары-Колдон Алтайга барып Манас туулса дагы түпкү теги, ата журту Сары-Кол Памир деп эсептелет.
Кытайлык профессор, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай агайга, эмне себептен Кытайдагы Манас атабызга тургузулган айкел эстелик, Улуу манасчы Жусуп Мамай атабыздын айылы Ак-Чий ооданына тургузулбай, көркөм Памир Сары-Кол жерине тургузулду деп суроо бердим.
- Акылбек, Манастын түпкү жери Сары-Кол Памир, атасы бай Жакып, Акбалта жердеген өрөөн, анан болсо Жусуп Мамай атабыздын, өзүнүн айтуусу боюнча, Манастын эстелиги ошол жерге тургузулду деп жооп берди.
Көрдүнөрбү, олуядай улуу инсандардын сөзүндө жаткан кереметтерди? Олуя демекчи, мен бул инсандар менен бир канча жолу жолугушуп, кеңири баарлашканмын, олуялык касиеттери бар экенине шегим жок.
Памир деген сөздүн келип чыгышына көз салсак:
Илимий жазма булактарда Иран тилинде Помило, Күн Кудайы ж.б деп ар кандай божомолдор берилген. Бирок бир дагы так маалымат жок деп атайын жазма булактарда айтылып жүрөт. Кыргызды кыргыз изилдегенде гана так маалыматтар берилмек, тилекке каршы орус, немис, кытай, араб ж.б улут өкүлдөрү Памирди иликтегенине байланыштуу ушундай божомолдор берилген.
Мен бир канча жолу Кытай, Ооган жеринде жашаган Памир кыргызарында изилдөөдө болдум. Алар нукра кыргыз тилинде сүйлөгөнүнө байланыштуу орус тилинен алынган сөздөрдү көп түшүнүшбөйт. Ошол себептен алар Памир деген сөздү, Памыл деп эле так нукра тилде айтышыт экен. Ооба, Памыл деген сөз кыргыз тилинде жок деп мага сөз талашып айтышкысы келгендерге, Сары-Кол Памир кыргыздарынын өздүк диалектикалак сөздөрү бар, алар ичкилик кыргыздарынын курамына кирет. Ошол себептен көөнө диалектикалык сөздөр сакталап калган. Ооганстандагы жер суулардын аталышында дагы Чоң Памыл, кичине Памыл (Улуу Памир, кичүү Памир) деп эл ичинде бүгүнкү күнгө чейин айтылып, жазылып келет.
2004-жылы Кытайдын Кашкар шаарында бир мечитте отурсам, эшиктен күнгө күйүп кап-кара болгон тоолук кыргыздар кирип келишти. Жанымдагы жергиликтүү кыргыз менен, бир уйгур улутундагы киши: ПАМЫЛ кыргыздары келишти деп калышты. Мен акырын сөзгө буруп, “Булар кайдан келген кыргыздыр, не себептен ПАМЫЛ кыргыздыры деп айтасынар?” деп кепке салдым.
Ой, өңүнөн эле көрүнүп турбайбы, Памыл кыргыздары “Карагер аттын кашкасы, боз жорго аттын тамгасындай” өзгөчөлөнүп турбайбы? Тээ бийик чокуларда жашаган жапайы кара кыргыздар деп мени таң кала карашты. Аны го түшүндүм, бирок,
ПАМЫЛ дегениңер эмне?- деп кайра сөз узаттым.
Памыл-деген кара, күйүк дегенди түшүндүрөт деп, кайра сөзүнү улантты. Көк чай табигый өскөн чай, ПАМЫЛ чай, куурулуп карартылган, күйгүзүлгөн чай, ошого кара чай эмес, памыл чай деп айтылат-деп жооп берди. Демек, сен дагы ал жакка барып бийик тоолордун арсындажашасаң, күндүн заары менен шамалдын күчү менен күйүп, капкара ПАМЫЛ киши болосун деп сөзүнү аяктады.
Мына, эл ичиндеги оозэки булактардын күчү, миңдеген илимпоздор издеген сөзгө жөнөкөй эле бир киши жооп берди... Азыркы кезде деле, Кыргызстандын түштүк жагында жашаган эл памылчай деп айтып жүрүшөт. Ооганстан, Пакистан, Кытай жана азыркы Туркиядагы 1979-жылы Ооганстандан, 1982-жылы Пакистандан көчүп кетип “Улуу Памир” айылында жашаган кыргыздардын баарысы Сарыкол кыргыздары ПАМЫЛдан болобуз деп эле айтышканына өз көзүм менен барган мезгилде күбө болдум.
Азыркы Мургаб районунда жашоочу Орус падышасынын курамына кирген кыргыздар гана ПАМИР кыргыздары деп орус тилинде айтып калышыптыр. Демек, ПАМЫЛ деген карартылган, күнгө күйгөн деген эле түшүнүк экен. Күндүн нуру жакын болгонуна байланыштуу, жергиликтүү эл жана жер шарты дагы катаал болуп кара түскө айланары бышык.
Памир деген сөздү биринчи жолу Италиялык соодагер, саякатчы Марка Пола 1276-жылы Памир аркылуу Кашкарга келгенден баштап “Книга о разнообразии мира” деген китебинде жазып чыккан. Жергиликтүү эл билбеген жер суунун аттарыны Европадан келген саякатчы билмек беле? Марко Пола, Памир дегендин түшүндүрмөсүнү териштирбей туруп эле жазып кете бергенин, жок дегенде кылымдардан бери кыргыздарда айтылып келе жаткан кайберендерди Аркар, Кулжа деп айтбастан“горный баран” деп жазганынан эле байкасак болот.
Жазганга сөз көп дечи, бирок сөздү кыскартайын. Олуясы жоомарт, кут дарыган, Манастын ата теги жердеген Сарыкол жеринде, бүгүнкү күндө, бөтөн элге сиңип кетбей, кыргыз тилини унутбай, башынан калпак, колунан комузун жоготбой жүргөн Ооганстан, Кытай жана Таджикстандын курамында жашап турган кыргыздарга тизе бүгүп, таазим этиш керек.
Тескерисинче, “бешиктен бели чыга элек балдар”, видеодон “фамилиям жакшы” деп шылдыңдап видео тартып элге жайганы окүнүчтүү болду. Элтрдин журналистери тарабынан туура эмес суроо берилип, Элтрдин редактору көзөмөлгө ала албай эл арсына тарап кеткенине Элтрдин журналистери такшалбаган, кандай суроо, эмне багытта сөз болушуна даярдыгы жок экенини көргөздү.
Негизинен фамилия-деген латын тилинен (лат. familia “семейство”) башкача айтканда сага жакын ата тегиң дегенди түшүндүрөт. Демек орусча суроо берген кыргыз ТВсына кыраакы бала туура жооп берген.
Бүгүн вотсап аркылуу тараган “Памирден келдим” деп шылдыңдап келесоо көрүнгөн видео тасма, мен үчүн жалпы Сары-Кол Памир кыргыздарыны шылдыңдагандай таасир калтырды. Балким, мен жаштардын юморуну түшүнбөстүрмүн, бирок, “Ойной албаган бала, энесинин көткө сайат” деген кыргыздын таамай айтылган сөзү, мага ушул Ооган кыргыздарыны шылдыңдаган видео тасманы көргөнүмдө эске түштү.
Улуу сөздө уят жок сыңары, одоно жазсам улуу, кичүүлөрдөн кечирим сураймын.
aalamkg@mail.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены