Бейшенов: Памир кыргыздарынын көйгөйлөрүн Афган өкмөтү менен сүйлөшүп чечмей болдук
Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Бейшеновго кечээ өткөн Коомдук кеңештин Памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча отуруму, Кыргызстан ичиндеги этникалык кыргыздардын маселеси боюнча суроо салдык.
-Афганистандагы Памирлик кыргыздарга үзгүлтүксүз жардам берип туруу боюнча Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Коомдук Кеңешинин кечээки отурумунан кийин эмне иш-чараларды өткөрмөй болдуңуздар?
-Бул маселени биз Эмгек, жаштар жана миграция министрлигин алдындагы Коомдук Кеңештин 6 отурумунда жакында эле талкууладык. Учурда аларга жыл сайын үзгүлтүксүз жардам берип туруу маселеси каралууда. Андан сырткары Кыргызстандын өкмөттүк тобу (экспедиция) Улуу жана Кичи Памирге барганда алар билим алуунун, медициналык тейлөөнүн жетишсиздигине арызданышкан. Андан сырткары памирлик туугандар экспедиция мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда "бизди толугу менен көчүрүп кеткиле" деген өтүнүчүн билдиришкен. Бирок, алардын ичинен кетпейбиз дегендер да чыкты. Эл менен тереңирээк сүйлөшө келгенде эки түрдүү пикирлерди эшиттик. "Кетпейбиз, ушул эле жерде калабыз" дегендер ошол Улуу жана Кичи Памирде жашоо-тиричиликке зарыл делген, тактап айтканда дарыланганга жана балдарды окутканга шарт түзүп берүүнү суранышты. Мындай сунуштардан кийин КРдин Эмгек, жаштар жана миграция жана Тышкы иштер министрлиги Афганистан Ислам Республикасынын өкмөтү менен Макулдашуунун долбоорун иштеп чыктык. Анда Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүп туруу жана аларга жагымдуу жашоо-шарт түзүп берүү маселелери киргизилген. Даярдалып, иштелип чыккан Келишимди учурда Афганистанга жөнөткөнбүз, азыр алардын өкмөтү бул долбоорду карап жатат.
Учурда аларды саны Кичи Памирде – 800-900, Улуу Памирде – 1100 адамдын тегерегинде, жалпы алганда 2000ге чукул этникалык кыргыздар жашашат. Биз алардын тагдырына кайдыгер карай албайбыз.
Экспедиция этникалык кыргыздар менен мамлекеттик чек арадан (Афганистан-Тажикстан чек ара аймагынан) аймагынан эле кездешет. Алар тоодон түшүп келишет да, чек арага келишет да, ал жерге түшүрүлгөн жүктү, жардамды алып кетишет. Өткөн жолу да, быйыл ноябрда барганда да ушундай жол менен жолуктук. Макулдашууга кол коюлуп калса, кызматташуу жана жардам көрсөтүү деңгээли активдешет эле.
-Эми Кыргызстандын ичиндеги этникалык кыргыздар маселесин өтсөк?
-Кайрылмандардын саны биздин статистика боюнча 50 миң адамдын тегерегинде. Ал эми башка эксперттер республика ичиндеги этникалык кыргыздардын бейрасмий саны 90 миңге чейин деп жатышат. Алардын ичинен 42 миңден ашууну кыргыз жарандыгын алышкан. Ал эми 5-6 миң адам кайрылман статусуна ээ болуп, жарандыкты күтүп жатышат.
-Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү туурасында маселе көп көтөрүлүп келет, өкмөт, анын ичинде министрлик бул жаатта эмне иш алып барып жатат?
-Учурда этникалык кыргыздар боюнча алар турак-жай менен камсыз кылуу, тактап айтканда, жер тилкелерин берүү, балдарды мектепке жана бала бакчага орноштуруу, медициналык тейлөөгө алуу, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоо боюнча көйгөйлөр турат. Этникалык кыргыздар негизинен Тажикстан менен Өзбекстандан келишкен жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында жайгаштырылган.
Көйгөйгө эле кабылбастан, толук кандуу отурукташып, ал тургай мамлекеттик кызматта иштеп жаткандары да бар. Мисалы, Сокулуктун паспорт берүү столунда ишке орношкон этникалык кыргыз байке менен да биз тыгыз иш алып барабыз.
Министрликтин алдына этникалык кыргыздардын маселелери боюнча иш алып бара турган коомдук кеңеш ачылган, анын мүчөлөрү биз айтып жаткан этникалык кыргыздардын лидерлери. Биз ошол кеңеш менен иштеп, эмне маселе болуп жаткандыгын, анын чечүү жолдорун, этап-этап менен жасала турган иштерди алар менен сүйлөшүп, талкуулап турабыз. Мындайча айтканда, этникалык кыргыздардын маселелерин чечүүдө бул кооом бизге жакшы жардамчы болуп келишет.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены