“Ат-Чабыш” майрамы ушул жылдын 12-13 августа Чыгыш Памирдин кооз бурчуна жайгашкан Мургаб районуда өткөрүлдү.
Памир тоолорунда өткөн бул майрам мурунку ата-бабаларыбыздын убагыда болуп жүргөн оюн-зоокторду көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Эки миң жыл мурун биздин заманга чейин ата-бабаларыбыз Борбор Азияда жана Сибирде кудуреттүү чабандестер катары белгилүү болушкан.
Майрам тартибиндеги “Күрөш”, “Көк бөөрү” “Кыз куумай”, “Тыйын эңмей”, “Жаа атуу” оюн-зооктору абдан кызыктуу өтүштү. Ошондой эле маданий майрам тартибинде кол өнөрчүлүгү, чеберчилиги менен айырмаланган көчмөн калкынын өмүрү-баяны көрсөтүлдү.
Майрамды уюштуруучулары этномаданий өкмөттүк эмес уюм "Кыргыз Аты" жана Айыл чарба министрлиги, суу ресурстары, экология жана Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы болуштулар.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены