21-кылым экенине карабай памирлик кыргыздар азыркы күндө да жайы-кышын боз үйдө жашап келет. Алар байырлаган тоолордо жада калса, кереге-уук жасалчу тал-терек өспөйт, баарын сатып алат. Катаал шартта жашап кыйналган кыргыздар Кыргызстанга кетүүнү эңсейт. Чоң Памирдин жашоочусу Абдилбаши Маматдемин: “Алып кеткиле бизди, силер менен жашайбыз. Тажик тажигин, өзбек өзбегин алып кетет экен, силер бизди алып кеткиле. 2 аял алдым төрөттөн кетти, бир аялым, бир балам бар, жашым 48де.”
Кичи жана Чоң Памирди байырлаган кыргыздар бай жана кембагал болуп илгеркидей экиге бөлүнгөн. Аял алуу - бул жерде чоң маселе, кембагалдары калың төлөй албай, айрымдары өмүр бою бойдок жашагандары да учурайт. “Кыргыз кызын малга сатат, көзү кызарган чалга сатат”- бул памирликтердин макалы. Мал-жаны арбындары 2-3 аял алат. Шарттын жоктугунан өзгөчө аялзаты өлүмгө кабылат. Кичи Памирдин жашоочусу Асадулла Акынай уулу: “Мал аздыктан үйлөнө албай жатабыз, малы барлар үйлөнөт. Аялзаты бизде маселе, үйлөнгөндө дагы аялзаты төрөй албай өлүп калат. Ошол себептен көп үй-бүлө бузулуп, кыйынчылык жаралууда.” Оогандык кыргыздар сабатсыз, айрымдары канчага чыкканын деле билбейт . Кыздарды балагатка жете элек кезинде эле жашың келип калды деп күйөөгө берет. Тукум улантуу аракети менен жакын туугандар деле баш кошкондор бар. Кыздар 13-14 жашынан турмушка чыгып, айрымдары 30 чыкканда 10 баланын энесине айланат. Атүгүл 10 жашка чыга элек кезинде төрөгөн кыздар да кездеше калат.
Жогорку Кеңештин аппаратынын социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова: “2008-жылы келгенде жылгадагы айылдан Айшакан деген кызды көрүп, сүрөткө тартып алгам. Андан бери 5 жыл өттү. Айшакан азыр 11 жашта, аны 9 жашында күйөөгө бериптир, азыр ооруп жатат.” Азыркы күндө Айшакан төрөт учурунда ичи жарылып, боз үйдө жатат. Ал жакта дары-дармек колдонуу, медицина деген түшүнүк жок. “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун жетекчиси Гулзат Болотова: “Угуп атасыңар, 9 жаштагы кызды күйөөгө бериптир, алар жыл сайын төрөгөндүктөн аялдар жана балдар арасында өлүм-житим көп, доктур жок, аларды караган".
Эки Памирге гуманитардык жардам көрсөтүп барган экспедициялык топ, алыстагы боордош кыргыздардын ал-акыбалы менен таанышып, маселесин угуп Кыргызстанга жеткирүүгө убада кылды.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены