Памирдеги боордошторго жардам керек

Памирдеги боордошторго жардам керек

Кыргызстандын өкмөтү Ооганстандагы оор шартта жашап жаткан кыргыздарга жардам берүү үчүн быйыл биринчи жолу мамлекеттик бюджетте каражат караштырган жатат.

 

Жаңы жылдын бюджетинде азыр буга каралган каражат жок, бирок парламент сунуштап бекитип берсе өкмөт бюджеттен каражат үлөштүргөнгө макул. Бул жөнүндө бүгүн “Республика” фракциясынын жыйынында Каржы министрлигинин өкүлү маалымат берди. Аталган фракциянын мүчөсү Мирлан Бакировдун айтымында, мамлекеттик жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн адегенде өкмөттүк комиссиянын алдында Ооганстанга барып кыргыздардын турмушун көрүп иликтеп чыгуу милдети турат.

 

 

“Биринчи аларды паспорт менен камсыз кылуу керек. Экинчи, кандай жол менен алып келебиз деген маселе бар. Үчүнчү- биричи кезекте мүмкүн балдарын алып келип, интернатта тарбиялап, дарыгер, мугалим кылып окутуп кайра жиберебиз”,-дейт Мирлан Бакиров.

 

Оор шартта күн кечирген памирликтер

Ооганстандагы кыргыздар деңиз деңгээлинен төрт беш миң метр бийиктеги Памир тоолорунда жашашат. Алардын турмушу оор, тамак-ашы начар, медициналык тейлөө жок, ошол себептүү өлүм-житим көбөйүп, саны азайып кетип баратат. Эгерде 2008-жылы алардын саны эки миң дин айланасында болсо, азыркы учурда 700-800 болуп калганы айтылууда. Бул жөнүндө “Манас-Ата” этникалык кыргыздарды колдоо фондусу, “Кыргыз бутагы” уюму жана башкалар парламентке жана өкмөткө маселе коюп келатышат. "Манас-ата" фондусунун төрагасы Атабаев Акылбек Памирдеги кыргыздардын жашоо деңгээли эки кылым артта калган деп сүрөттөйт.

 

“Ооганстандагы Улуу Памир, Кичүү Памир тоолорундагы кыргыздардын жашоосу 17-18 кылымда эле калып калган. Эч кандай техникалык прогресс жүргөн эмес. Негизги унаалары өгүз менен эле төө. Ат деле көп жок. Автомобиль жолдору курулган эмес. Кирпичтен же таштан салынган үйлөр жок. Көпчүлүгү боз үйдө жашайт. Колунда бары меш жагат, колунда жогу коломто менен отурат”, -дейт Атабаев Акылбек.

 

Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келүүдөн мурун кыргыз өкмөтү көп камылга көрүшү керек

Үй-жай, мал багып жан баккыдай ылайыктуу жерге көчүрүү зарыл болот. Бирок Акыл Атабаевдин пикиринде аларды көчүрүп келүүнүн ордуна ошол жашаган жериндеги турмуш шартын жакшыртуу акылдуу чечим болмок.

 

“Ооганстандагы кыргыздардын турган жеринин бизге геосаясий мааниси бар. Бул жерде кыргыздар кылымдардан бери жашап келген. Андан көрө биз буларга муктаждыгын чечимп жардам бере турган болсок, Кытай жагы менен чек араны ачууга жардам берсек, Кашкарга базарга барып турмак, жашоо жеңилдемек. Буларга ошол жеринде жардам берген өтө пайдалуу болмок”,-дейт Акыл Атабаев.

 

Парламент депутаттары сыртта жашаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү жөнундө программа иштеп чыгуу жөнүндө өкмөткө маселе коюшууда. “Республика” фракциясынын лидери Канат Исаевдин айтымында Кытайда, Түркияда жашаган кыргыздардын арасында Кыргызстанга көчүп келүүнү каалагандар бар.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены