Ооганстандын аймагында жашаган памирлик кыргыздар дарыгердин жоктугунан каза болуп, саны азайып жатат. Этникалык кыргыздар идишти кум менен тазалап, колду жуубай тамактанат. Мунун баары жугуштуу ооруларды козголушуна түрткү берет. Кыйынчылыкта жашаган кыргыздардын турмушуна Уланбек Дыйканбаев күбө болгон.
Чоң Памирдин жашоочусу Төлбай ажы: “Ичим ооруйт, буту-колум сыздап күйүп жатат. Дары жок, эч нерсе кыла албайбыз, кудайдан аман калалы деп, тиленип жатабыз.” Оогандык кыргыздар сыркоологондо көрүнөйүн десе оорукана, ичейин десе дары-дармек жок.
Көбү дары эмне экенин биле бербейт, илдетке чалдыкса Төлбай ажыдай болуп төшөтө жатып калбоо аракетин кылат. Жатып калгандары кайра бутуна тура албай, каза болгон учурлар көп болгон. Эки Памирдеги кыргыздар бийик тоо койнунда жашайт, климаты катаал, жаан-чачын, кар көп жаагандыктан өзгөчө аялдар менен жаш балдар арасында өлүм-житим көп.
Кичи Памирдин жашоочусу Султан Абдылганы: “Аялдар, жаш балдар сууктан өлүп калып жатат. Оорукана жок, бара албайбыз эч кайда.” Жаратылыштын оор сыноосуна кабылган этникалык кыргыздар ооган бийлигинен жардам сурап, өлкө башчы Хамид Карзайдын өзүнө чейин бир нече ирет барган. Жол, оорукана, мектеп куруу, жана башка шарттарды түзүп берүү убадалары берилгени менен бири да аткарыла элек. Кичи Памир кыргыздарынын ханы Рушан ажы: “Ооган бийлиги бизди карай алган жок, биз Хамид Карзайга көп бардык, ооба деп убада кылат да, эч нерсе кылбайт.”
Кароосуз калган тоо башындагы кыргыздардын катуу ооруганы Тажикстандын Мургаб районуна 4-5 күндөп жол жүрүп келип дарыланат. Бирок баары келе албайт, мындай мүмкүнчүлүк колунда барларында гана бар. Ат арытып, оорудан жаны кыйналган кыргыздар чек арадан өтө албай кайра артка кайткан учурлар болгон. Анткени алардын паспорту же башка документи жок. Тажик күч түзүмдөрү коё бербейт. Тоскоолдуктарга карабай акыркы жылдары ооруканага жеткендер аз эмес. Тажикстандын Мургаб райондук ооруканасынын башкы дарыгери Хуросони Хуросониев: “Памирлик кыргыздар көбүнчө бруцеллез жана башка жугуштуу ооруларга көп чалдыгат, ички органдары жабыркаган, өзгөчө гинекологиялык оорулар менен жабыркашат экен. Буга чейин мынча көп кайрылган учур болгон эмес, быйыл массалык түрдө жардам сурагандар көп болуп жатат. Баарынан тактап кетчү нерсе, өнөкөт дарт менен ооругандар аныкталды.” 2003-жылы памирлик кыргыздардан Кыргызстанга кат келип, алардын көчүрүп алуу демилгеси көтөрүлүп, Чоң Алайдан 200 гектардай жер да бөлүнгөн. Бирок президенттик тактыга жаңы ээ болгон ооган президенти Хамид Карзай макулдугун берген эмес.
Жогорку Кеңештин аппаратынын социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова: “Чыны менен Улуу жана Кичи Памир маанилүү жер. Бирок башка адам тура албайт, кыргыздар кийик өңдүү чек ара кайтарып жашайт. Алар жыл сайын азайып баратат.” Памирдеги кыргыздардын айрымдары гана 60-70 жашка чыкпаса, көпчүлүгү эрте кетет. Аялдар 44, эркектер 46 жашка чейин жашайт. Буга тамак-аш менен жер-жемиштин аздыгы себеп. Бул жердегилердин болгон тамагы - топоз менен койдун эти, сүт жана нан. Анан да, бул жердегилер колду жуубай тамактанууга көнүп калган. Булу да болсо адамдардын ооруп калышына себеп болууда.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены