“Памирлик кыргыздардын маселесин Мургаб аркылуу чечсе болоруна көзүм жетти”

“Памирлик кыргыздардын маселесин Мургаб аркылуу чечсе болоруна көзүм жетти”

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты


—Мирлан мырза, сөздү Ооган жерине болгон сапардан баштасак...

 

—Ооган Памиринде жашаган кыргыздарга былтыркы жылы чоң делегациялык топ түзүлүп, медик, мугалимдер бармай болгон эле. Бирок, Бадахшанда кырдаал курчуп кеткендиктен, жетпей калдык. Жаңы жылдан кийин бул маселени кайра-кайра көтөрүп жатып, убакыт сааты чыккан экен, 1-ноябрда жолго чыгып, боордошторубузга барып келдик. «Дүйнөнүн чокусуна» деген аталыштагы экспедицияны мен жетектеп, күнүмдүк керектелүүчү азыктарды ун, туз, чай, күрүч ж.б. алып бардык, «Замандаш» ассоциациясы кийим-кече жеткирди.

 

—Мурдагы делегация тоскоолдукка учураганын айткан эле, бул жолу андай нерсеге тушук- кан жоксуздарбы?

 

—Ачык айтып, чоң ыраазычылык билдирип коюшубуз керек, тажик бийлиги жакшы жардам көрсөттү. Анын катарында мургабдык кыргыздар, акими Мурзабай Жоошбаевге өтө чоң ыраазычылык билдиребиз. Бизди чек арадан тосуп алып, Ооган кыргыздарына барып кайтканга чейин сый-урматтын үстүндө алып жүрүштү. Бизди сүйүндүргөнү мургабдык кыргыздар кыргыздын каада-салты менен тосуп алып, урмат көрсөткөндүгүндө болду. Мургабдыктар нукура кыргыз тилинде сүйлөп, таза каада-салт менен жашаганы мени өзгөчө таң калтырды. Манас, Токтогул атындагы мектептери бар экен. Аларга кирип, көйгөйлөрүн уктум. Биз мургабдык кыргыздарга тез арада көңүл бөлүп, чечип бере турган маселелери бар экен. Биз үчүн арзыбаган проблемаларын зарыктырбай чечип беришибиз керек. Эң негизгиси, «Медициналык квоталарды бергиле» деп суранышты. Аны мен Жогорку Кеңештен айттым, жазуу жүзүндө дагы кайрылам.

 

—Ооган Памирине кантип жеттиңиздер?

 

—Биз адегенде кыргыздардын Токтомуш, Шаймак айылдары менен барып, Гүнжүбай аркылуу Кичи Памирге, эртеси Аличор, Харгуш аркылуу Чоң Памирге жардамды жеткирдик. Бизди эки тарапта тең жоон топ кыргыздар боз үйлөрүн тигип күтүп жаткан экен, алар менен бир топко баарлаштык. Катаал шартта, оор турмушта жашап жатканын ар бири менен кол алышып учурашканда эле байкадык. Бир аманаты, «Бизди алып кеткиле» дегени болду. Муну депутаттарга жеткирдим. Албетте, муну дароо чечүү кыйын экенин түшүндүрдүм. А дегенде документтештирүү керектигин айттым.

 

—Маселе кандай чечилиши ыктымал?

 

—Маселени  Мургаб аркылуу чечсе болот экен. Анткени, мургабдык кыргыздар жана жергиликтүү жетекчилери «Ооган кыргыздарына алып келип мектептерге окутканга, медициналык жардам көрсөткөнгө даярбыз» деди. Бизди күтпөй эле, мургабдык кыргыздар, Тажик бийлиги Памир кыргыздарына жардам берип жатыптыр. Быйылкы жылы беш бештен алып келип, 25 кыргызды дарылап кетиришиптир. Биз Тажик өкмөтү менен сүйлөшүп, билим жана медициналык жардамды чечсек болчудай. Ага көп деле каражат кеткидей эмес. Мургабка акча которсок, алар дарыгерлерди, мугалимдерди жибергенге даяр экен. Биз болгону эки мамлекет менен сүйлөшүп, барыш-келиш маселелерин чечишибиз керек. Менин буга көзүм жетти, Мургаб менен карым-катышты күчөтүп, иш алып барышыбыз зарыл экен.

 

—Саны боюнча так маалымат ала алдыңыздарбы?

 

—Буга чейин ар түрдүү сандар айтылып келген эле, 1200гө жакын же 1000ге чукул дегендей. Кокту-колоттун раистери менен сүйлөштүк, алар Улуу Памирде 1200дөн ашуун, ал эми Кичи Памирде 1500дөй дешти. Орточо эсеп менен 3000дей кыргыз бар экен. Бүгүн алар өспөй, азаюнун үстүндө экени айдан-ачык көрүндү. Жашоо турмушу өтө кыйын экенин байкадык. Аң-сезими артта калган. 9 жаштагы кыздарды күйөөгө берет экен, буга абдан кейидик. Айтор, ишке мамлекеттик деңгээлде киришип, жардам бербесек, ата-бабанын алдында адамдык милдетибизди өтөгөн болбой калабыз.

 

Булак: “Учур”

07/01/2014

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены