Кыргыз жана aфган элдери бийик тоолуу жерлерде жашаган, орто кылымдардан бери мусулман динин тутунган, байыркы тарыхы бар калктар. Афганстан миң жылдардан бери Орто Азия, анын ичинде кыргыз эли менен маданий жана соода байланыштарыболгон. Улуу Жибек жолунда төө кербендери Индиядан Орто Азияга жана Кытайга чөлдөр аркылуу катташуусундаАфганстандын мааниси зор.
Тарыхта афган жана кыргыз элдери элдик дипломатиянын негизинде өз ара мамилелерде болуп, кызматташып, саясий мамиледе болуп келген диндеш элдер. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Бокмурун атасы Көкөтөй өлгөн учурда жанында болбой, Ооганстанда жүргөн болот. Муну Бокмурун Манаска салган кеңешинде айтат
Үч айлык жолго мен барып,
Ооганга кетип мен калып,
Айлыма келген кезимде,
Оо дүйнө атам кеткенде...
Ошондой эле Манас уулду болуп той бергенде жана ажыга баруу үчүн хандарды чакырып кеңеш курганда чакырылган коноктордун арасында Афган ханы Акундун да келгени, эки өлкө калктарынын тарыхый байланыштарынын болгондугун кабарлап турат.
Манастын Афганстанга барышы жана саясий-маданий мамилелери канчалык деңгээлде болгону бул саптардан билинет
Ооганга Манас барышы...,
Ооганга чектеш катышкан,
Ушул болот Манастын,
Ооганды барып чапканы.
Манас эпосунда афган жана кыргыз элдеринин бири-бири менен болгон мамилелери кеңири жазылып турат. “Манас” эпосу тууралуу өзгөчө токтоло кетсек. Кыргыз элинин “Манас” эпосу – чексиз кайраттуулукту, жоокерлик ар-намысты, Ата Журтту терең сүйүүнү даңктаган чыгарма. “Манас” эпосу – кыргыз элинин тарыхын гана эмес, анын турмушун, жашоо-тиричилигинин түрдүү жагын: этностук курамын, чарбасын, күндөлүк тиричилигин, салт-санаасын, адеп-ахлагын, эстетикалык табиятын, жүрүм-турумунун жол-жобосун, адамдык оң-терс сапаттар жөнүндөгү бааларын, айлана-чөйрөгө, жаратылышка карата мамилесин, көз карашын, диндик түшүнүгүн, астрономиялык, географиялык ж.б. билимдерин, элдик поэтикасын жана тилин кеңири арымда чагылдырган нукура эпикалык чыгарма. “Манас” эпосунда баяндалган окуялар эң биринчи иретте кыргыз элинин тарыхынын байыркы доорун сүрөттөйт. “Манас” – муундан муунга, кылымдан кылымга стадиялуу өнүккөн эпос .“Манас” эпосу – кыргыз элинин кеңири белгилүү өзгөчө зор көлөмдүү баатырдык эпосу.
Кыргыз элинин жазуу-сызуусу көп кылымдар бою үзгүлтүккө учурагандыктан улам, “Манас” эпосунда кыргыз жана афган элдеринин өз ара мамилелери, кызматташуулары тууралуу учкай маалыматтар гана сакталып калган
Кар кетпеген Кебез тоо,
Ооганча айтат Памир тоо.
Ошондо кыпчак элибиз,
Батыш жакын ээлеген.
Ооган деген эл экен,
Оогандын элин башкарган.
Ооганга Манас барышы,
Мына мындай табылган.
Оогандыктын балбаны,
Так ушундай найзасын.
Миң төөсү деп угуп,
Кербендин башы Көкчөкөз,
Эки сапар ал мага,
Келип кеткен көзмө-көз”
“Манас” эпосунда “Ооган” (Афган) деген сөз – топоним, эпосто кыргыздарга жакын жайгашкан мамлекет, өлкө жана андагы жашаган эл катары кеңири учурайт. Оогандар деп азыркы Афганстандын өлкөсү менен анын эли аталат. Эпостун көп окуяларында кеңири баяндалат. Эпостун мазмуну кыргыздардын Памирдеги турмушунун бардык тарабын турмуш-тиричилигиндеги майда-бараттан тартып тарыхый тагдырындагы маанилүү окуяларга чейин камтыйт. Дал ушул үчүн изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү аны “эл турмушунун энциклопедиясы” деп аташат.
Ошондой эле көптөгөн кыргыз жазуучулары Афганстандын Памир тоолоруна өз поэзияларын арнап келишет. Мариям Буларкиеванын поэзияларында:
Кандай жыргал талаачылык, саякат!
Көңүл сергек, жыргал менен таң атат.
Кандай кооз кең Памирдин тоолору,
Кандай кооз өзөндөрү, коолору!
Кандай сыйчыл кең Памирлик кыргыздар,
Кандай ачык кимге болсо колдору!
Кандай кенен кең Памирдин талаасы,
Кандай жакшы келин-кызы, баласы.
Кандай тунук кең Памирдин суулары,
Кандай сонун жылгалардын арасы!
Кыргыз жана афган мамилелери жөнүндө темага ылайык кыргыз акындарынын поэзиялык саптарынан да мисалга алсак:
Памир менен Тянь-Шань
Түбөлүккө коңшулаш.
Тарыхта Орто Азия менен Афганстан арасындагы өз ара мамилелер ойчулдар, илимпоздор, саясий элита деңээлинде дагы өз маанисине ээ болуп келет. Мисалы, Бабурдун (1483-1530) “Бабур-Наама” китеби Орто Азия, Афганстан, Түндук Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган. Анын курган мамлекети Афганстан борбору Кабулдан Бенгалияга чейин кеңири аймакты ээлеген. Бабур-Наамада Кыргызстандын саясий тарыхына жана саясий географиясына байлыныштуу маанилүү маалыматтар арбын кездешет. Анда Ош шаарынын коомдук-саясий турмушу жөнүндө кеңири маалымат берилген. Муну менен бирге, маданиятка, тарыхка, инсандыкка чакырганын баса белгилеп, эки өлкөнүн алдынкы ойчулдардын атын атап өтсөк. Жами Нуриддин Абдурахман (1414-1492) – Хорасандагы (азыркы Афганстан) элдердин адабиятынын ири өкүлү болгон. Абдурахман өз доорунун улуу акыны эле болбостон, грамматика, логика, грек жана чыгыш философиясы, табият таануу, математика, астрономия жана башка илим тармактарын да мыкты билген. Жаминин чыгырмачылыгы бардык көркөм жанрларды иштеп чыккандыгы менен өзгөчө мааниге ээ, анын эмгектери Орто Азия менен Афганстан адабиятын андан ары өрчүтүү үчүн баалуу өбөлгө болгон. Кыргыздын алдынкы ойчулдары да (Молдо Кылыч Шамыркан уулу, Ниязалы Молдо Эсенгул уулу ж.б.)ушул аты аталган улуу инсандардын китептеринен таалим алып, өз көз караштарын калыптандырып, өз чыгармаларын жаратышкан.
Биз атап өткөн Орто Азиянын маданият очокторунун ойчулдары өз доорунда маданияттын алдынкы ишмерлери катары бай-мартабалуу кишилер болгондугу үчүн гана эмес, улуу ачылыштарды жасаганы, баа жеткис илимий эмгектери, көркөм чыгармаларды жаратканы, өлбөс образдарды түзүп, жакшылыкка жана адилеттүүлүккө, чынчылдыкка үндөгөнү, идеалдуу коом жөнүндө ой жүгүртүп, жалпы адамзатка таандык гуманисттик идеалдарды үгүттөшкөнү менен тарыхта унутулгус ардактуу орун ээледи .
Афган калкы миң жылдар бою коңшу мамлекеттер жана элдер менен өз ара мамиле кылып, дүйнөлүк илим-билим жана маданиятка өзүнүн баалуу салымын кошкон. Афганстандын тарыхый маданиятында баш көтөрүп, дүйнө жүзүнө жарык берген илимпоздор: Ибн Сина Балхи, Абу-Рейхан Аль-Бируни, Мевлана Джалал-ад-Дин Балхи, Закария Рази, Ходжа Абдулла Ансари, Насер Хосроу Балхи, Сайед Джамал-ад-Дин Афгани, Али Шер Новаи, ж.б. көптөгөн аалымдар Афган жергесинде жарык дүйнөгө келишип, өздөрүнүн таланттарын көргөзүп келишкен.
Афганстан Орто Азия мамлекеттери менен миңдеген жылдар бою Улуу Жибек жолунда мамиле түзүп келгендиги, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы “Тарых музейинде” көргөзмөлөргө коюлган материалдарда чагылдырылган, бирок СССРдин саясатындаАфганстан эскичил саясат жүргүзгөн мамлекет катары караган. Башка тараптан карап көрсөк, кыргыз элиАфганстан деген ысымды укканда эле кейиштүү окуяларды эскерет, бул да мурдагы терс таасирдүү саясаттан улам болууда, анткени Афганстан менен Орто Азия өлкөлөрү XX кылымдын башынан эле бөлүнүп жашап калган, бирок тарыхта кыргыз жана афган элдеринин тагдыры бир болгон.
Бишкектеги Улуттук тарых музейиндеги көргөзмөлөрдөн улам афган эли менен Орто Азиянын, өзгөчө кыргыз элинин тарыхынын окшоштуктары канчалык басымдуу экендиги даана байкалып турат. Бул эки эл бири-биринин тарыхын, маданиятын жакындан таанып-билиши, албетте келечекте эки тараптуу кызматташууларына жарык берет. Себеби биздин келечекке болгон көз карашыбыз бирдей жана ошол келечекке карай жакшы ураандар менен баруубуз керек.
Эл аралык мамилелер адамдардын ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө деӊгээли катары айырмаланышы этностордун бир мезгилдердеги өзүн-өзү аңдоосу менен тең катар калыптанган. Адам коомунун өнүгүшү менен элдер ортосундагы байланыштар татаалдашат. Негизинен кыргыз жана афган элдеринин байыртадан эле карым-катнаштары бар экендиги белгилүү. Эки элдин байыртадан бери алака-мамилесин баяндаган маалыматтарды Бишкек шаарынын китепканаларынан жана архивдеринен тапса болот. Эки элдин тарыхый мамилелери, албетте бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде өз ара кызматташууларынын бекемделишине жагымдуу таасирин тийгизет.
Памирлик кыргыздардын социалдык-саясий абалы.
Байыркы памир тилдеринде “па-имихр”(күндүн этеги) – Орто Азиянын түштүгүндөгү бийик тоо системасы. Негизинен Тажикстандагы тоолуу Бадакшан автономия облусунун аймагында, чыгыш жана түштүк бөлүктөрү Кытай менен Афганстандын Бадакшаны, түндүгү Кыргызстанга уланат. Памир Орто Азиянын ири тоо системаларынын (Гиндукуш, Кара-Корум, Кунлунь жана Теӊир-Тоо) арасынан орун алып, түндүгүнөн Чоң Алай, чыгышынан Сары-Кол кырка тоолору, түштүгүнөн Зор-Көл көлү, Памир дарыясы, Панж дарыясынын жогорку агымы, батышынан Панж өрөөнүнүн меридиан багытында жаткан бөлүгү, түндүк-батышынан Пётр Биринчи жана Дарваз кырка тоолорунун бир бөлүгү менен чектелет .Бийиктиги 4000 метрден 7000 метрге чейин жеткен бул улуу тоолордун арасында байыртадан кыргыздардан башка эл жашап келгени белгисиз? Манас эпосу боюнча бул аймактын баары эзелтен кыргыздын жери болгон.
Белгилүү тарых илимдеринин доктору Бектемир Жумабаев, Памир тууралуу изилдөөсү боюнча: “XIX кылымдын башынан баштап Орто Азия үчүн улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөшү башталган. Бул геосаясий күрөш XIX кылымдын аяк ченинде Орто Азияда Орус империясы менен Британия империясынын колониялык чек арасы жана Кытай империясы бири-бирине жакын келгенде ушул Памир маселеси келип чыккан. Бул үч империянын күрөшү Памирге келип такалат. Памир үчилтиги деген сөз мына ушундан келип чыккан.
1891-жылы жаш Англия изилдөөчүсү Франсис Яунасбан (Francis Younghusband) Памир тоосунун чокусунан душманы болгон орус аскери, полковник Ионов менен жолугуп калат. Экөө тең бул стратегиялык жактан өтө маанилүү болгон жерде изилдөө жүргүзүп жаткан эле. Орус аскери Ионовдун Памир тоосунда бир чоң максаты бар экендигин сезген Франсис Яунасбан: “Орустар ооздорун чоң ачкандыгы” жөнүндө айтканда, Ионовдун жообу ушундай болгон: “Бул башы эле, керек болсо Орто Азияны да басып алабыз”, - деп билдирген.Англия жана Орусиянын “Чоң оюну” Памир тоолорунда дагы болгон.Ал учурда орус бийлиги кыргыз элин мурда Кокон хандыгынын карамагына киргенин эске салып, аларга өздөрүнүн бийлигин орнотууну талап кылып, Памирге, кыргыздарды баш ийдирүү үчүн отряды менен полковник Ионовду баш кылып жиберет. Көп өтпөй эле, ал Мургаб чебин алууга (Памир посту) жана өз бийлигин Памирдин көп бөлүгүнө орнотууга үлгүрөт.
1896-жылы Улуу Британия, Кытай жана Орусия империясы Сары-Кол, Памир территориясын үчкө бөлүп алышкан. Зор-Көл көлүнөн, Ак-Суу суусунун башына чейин Афганстанга, Ак-Суу, Токтомуш Маркан-Судан Эркештамга чейин Кытай империясына, ал эми Памир азыркы Мургаб району Орусия империясына бөлүнгөн. Ошентип кыргыз эли аргасыз үчкө бөлүнүп калган.
Кыргыздар көптөгөн кылымдар бою Памирдеги Сары-Кол тоо кыркаларын аркалап, Памирдин чыгыш бөлүгүндө илгерки замандардан бери жашап келишкендиги жөнүндө ар кандай тарыхый булактар аныктап келүүдө. Кээ бир тарыхый материалдарда кыргыздар XII кылымдардан тартып эле Памир тоолорунда көчүп-конуп жүрүшкөндүгү, XVI-XVII кылымдарда өз алдынча туруктуу жашай баштагандыгы айтылып, бул жөнүндөгү маалыматтар 1575-жылдагы кабарларда учурайт.
Париждеги түркологиялык изилдөөлөр институтунун директору, филология жана этнография илимдеринин доктору, франциялык көрүнүктүү окумуштуу Реми Дор афгандык кыргыздардын тилин жана оозеки чыгармачылыгын ар тараптан изилдөөгө алган илимдүү адам өз китебинде мындай дейт:“Енисейдеги кыргыздар XVII кылымга чейин монголдордун, орустардын жана калмактардын баскынчылыгынын алдында болушуп, алардын ошол кездеги тарыхый маалыматтарын азын-оолак сакталып калган”.Бирок 1703-жылы кыргыздардын улам-улам кол сала беришинен чыдамы кеткен калмактар орус бийлиги менен макулдашып, кыргыздарды Жети-Сууну көздөй сүрүп көчүргөн.
Байыркы окумуштуу Рашид ад-дин XVII кылымда Моголстандагы улам жалбыраттап чыгып турган көтөрүлүштөрдүн баарынын тең башында так ошол жергиликтүү кыргыздар тургандыгын баса белгилеген. Көчмөн элдердин жер которуп, ар дайым көчүп-конуп жүрүүсүнөн улам, так ушул Памирде отурукташып калган деп айтууга болобу?
Афган Памириндеги кыргыздардын жайгашуусун XIX кылымдагы саякатчылардын кабарларынан жана Реми Дордун чогулткан маалыматтарынан пайдаланып төмөнкүндөй жыйынтык чыгарган. Афган Памириндеги негизги элдин бөлүгү тейит жана кесектен турган эки уруу тыгыз байланышта болуп, камыр-жумур, эриш аркак жашап келишкен. Бул уруулардын Памирде болгон жазгы жана күзгү көчүп-конуулары, кийин XVIII кылымда биротоло адатка айланган.Афгандык кыргыздардын көпчүлүгү ичкилик тобуна кирет жана тейит, кесек, катаган, найман, окчул ууруларынан жана кочкор, бука, шайым, алапа, кызылбаш, уруктарынан турат . Бул уруулардын ичинен алардын баарына хан тукуму катары сары тейит уруусу бийлик кылат.
XIX кылымдын башында тейит топтору андан ары чыгышты карай жылып, Сангу аймагынан орун алышат. Кесек уруусу Памирге бир топ кечирээк көчүп барышкан. 1834-жылы Кокон ханы Мухаммед Али Каратегинди басып алгандан кийин бийликке баш ийүүдөн обочолонуп, өз эркиндигин сактап калыш үчүн кесек эли көчүп кетүүгө мажбур болгон. XIX кылымдын ичинде Памирди Кокон хандыгы менен Кашгар беги жана Вахан эмири өз ара бөлүп алышат. Вахандыктар Кабул эмирине баш ийгенден кийин, бийлик чыгышта Чоң жана Кичи-Памирге чийин жетип турган. XIX кылымдын биринчи жарымынан тартып кээ бир жергиликтүү кыргыздардын Памирде ушул жерге биротоло отурукташып калгандыгы тууралуу маалыматтар бар.
Чындыгында, Памир илгертеден кыргыздардын жери болгондугу “Манас” эпосунда төмөнкүндөй айтылат:
Балык менен Бадахшан
Башынан кыргыз жеридир.
Кыргыздар илгертеден бери Бадахшан областынын Памир тоолорунда жашап келишкендиктерин “Манас” эпосунда айтылат. “Манаста” Бадахшан сөзү – топоним болуп эсептелет. Географиялык адабияттарда азыркы Тажикстандын жана Афганстандын тоолуу аймагы деп түшүндүрүлөт.
XIII-XVI кылымдарда Афган Памириндеги кыргыздарды бийлеген Бозой хан аттуу хан болгон. Памирде мурун кыргыздардан башка да эл жашаганы тууралуу маалымат жок. Ушул күнгө чейин жер-суу аттарынын баары кыргызча, кийинки мезгилдерге тажикче жана дариче аталыштар таандык. Кичи-Памирдин Занкун деген жеринде атчан адамдардын жаа менен топоздорго ууга чыкканы тартылган. Ал сүрөт таштын бетине түшүрүлгөн. Сыягы, бул сүрөт топоздор колго үйрөтүлө элек мезгилде тартылганын айгинелеп турат. Сүрөттөгү адамдардын кийимдерине караганда – кыргыздар экени ачык эле көрүнүп турган. Афганстанда Памирлик калк дегенде «кыргыздар» эске түшөт. Афган Памири бүгүн афган кыргыздарынын жашаган негизги журту болуп саналат. Афганстандын улуттук гимнинде “памирликтер” деп эскерилип жана Афганстан Ислам Республикасынын баш мыйзамында “кыргыздар” деп аталат.
1892-жылы орустардын Кыргызстанга келиши кыргыздардын Афганстандагы Памир тоосунда жашап турган кыргыздарга көчүп барып кошулушуна себеп болгон. Орус императорунун 1916-жылдагы Орто Азиядагы элдерден аскерге алуу боюнча жарлыгы, калкка баш аламандыкты орноткон. 1917-жылы кыргыздардын мурдагыдан да көп бөлүгү башка кошуна өлкөлөрдүн элдери менен бирге Афганстанга көчүүгө мажбур болушкан. 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү жана Орусиянын ырайымсыз түрдө басып кириши жөнүндө кабар памирлик кыргыздарга да жетет, натыйжада аргасыздан Кытайга качууга туура келген. Көпчүлүк эл Тагарма, Сары-Көл өрөөнү жана Кашгар аймагына үрккөн. Кийинчерээк алардын кээ бирлери СССРге кайрылып келишкен.
1916-жылдагы Үркүндө Кытай бийлиги ысык-көлдүк кыргыздарды тез аранын ичинде Кытайдын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылгандыктан, кыргыз качкындары аргасыздан Афганстандын ак кар, көк муздуу тоо кыркаларына бет алган. Ошентип бир кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирип, өз жеринен сүрүлгөн качкын кыргыздар эзели адам жашабаган Афган тоолорун пааналаганга мажбур болуп, бир жылдык же он жылдык эмес, дээрлик кылым деген жылдарга созулган көчмөн турмушка, оор тагдырга туш келген.
1918-жылы февралда орустар Коконду алып, Кокон автономиясынын ордуна Кеңеш өкмөтүнүн бийлиги орноду деп жарыялаганда, Рахманкул болгону беш жашта болгон. Ал Орто Азияда, өзгөчө Фергана өрөөнүндө болгон окуяларды өз көзү менен көрүп, кулагы менен угуп чоңойгон. Германиялык “Дас Весте” журналы ошол кезди мыңдайча сурөттөп жазган: “Шаардагы бардык мусулмандар эркек-аял, бала-бакыра, кемпир-чал дебей кылычтын мизине, мылтыктын огуна алынды. Он миңдей адам кызылдардын колунан кырылды. Андан соң үч миң адам жашаган Маргалаӊды кызыл жаян кылып, Памир тоолорунунан түндүгүрөөк жайгашкан мөмө-жемиштүү, берекелүү Фергананы кыйратып, бир да тирүү жан койбой, а түгүл үрүп чыгар ит калтырбай жок кылышкан”.
1979-жылы Советтер Союзунун куралдуу күчтөрү Афганстанга басып кирип, Кабулда жаңы коммунисттик режим бийликке келген. Совет бийлигинен чочулаган памирлик кыргыздар дагы качууга аргасыз болуп, бул жолу түштүктү көздөй, б.а., Пакистанга жол тарткан.Ошентип мал-жанын Пакистанда сатып бүтүрүп, баягыдай жөө же болбосо топоз минбестен, “Боинг” учактарына отурган алайлык кыргыздар 1982-жылы Адана шаарына келип түшүп, андан соң Ван көлүнүн тегерегине биротоло отурукташкан.Эми ушул азапка туулган кыргыздардын башында ким болгон, аларды артынан дээрлик алтымыш жыл ээрчитип, эки мамлекетти артта калтырып, акыры Түркияга алып келген ким эле деген суроо пайда болот. Бул суроонун жообу мындай. Алгач Памирден жер которуп, Кытайга, Кытайдан соң Афган Памирине баштап келген Жапаркул миӊ башы, Сартпай хан, Токтосун апа жана башкалар болгон. Андан соң дээрлик 40 жыл кыргыздарга башболуп, Афганстандын жетекчилери менен жакшы тил таап, Кабулдагы бийлик менен абдан жакшы байланыш түзгөн, Афганстандан жер которуп, калкты Пакистанга, андан соң Түркияга баштап келген Рахманкул хан болгон.
Саркол кыргыздары
Афган кыргыздары өздөрүн “сарколдук” же “Саркол кыргыздары” деп аташып, Сары-Кол кыргыз жери экенин баса көрсөтүп келишет. Алар тууралуу маалыматтар ар кандай. Бирок, алардын арасында “кыргыз кайдан келгени” же “качан пайда болуп, кимден тараганы” тууралуу маалыматтар бүдөмүк.
Ал эми чындыгында, бир эле Сары-Кол эле эмес, азыр Памир атын алып турган Улуу Тоонун айлана-тегереги илгертен эле кыргыз жери болгону “Манас” эпосунда мындайча айтылат :
Бадахшан менен Балыкты
Башынан күтүп башкардым
Бадахшан тууралуу памирлик кыргыз акындарынын ырларынан үзүндү келтирели:
Бадахшан байлык мекеним,
Билемин кымбат экенин.
Дүйнөгө даңкың таралып,
Дүркүрөп турган кезегиң.
Чыккан чөп менен аккан суудан башкага залалы жок, бирөөгө кылайып кара санабаган, момун, ишенчээк кыргыз элинин бир ууч бөлүгү “сары колдуктар” деген ат менен Памир тоосунун Афганстан тарабында жашап келишет.
1930-жылга чейин памирлик кыргыздар азыркы учурда Афганстан, Тажикстан жана Кытай мамлекеттерине бөлүнүп калган территорияларда ээн-эркин журт которуп, көчүп-конуп жашап жүрүшкөн. 1930-жылдан кийин большевик орустар чек араны тосуп, ар кандай шылтоолор менен кыргыздын аттуу-баштуу адамдарын куугунтуктап, атып өлтүрүп башташты. Ушул кезге чейин ээн-эркин жашашкан кыргыздар, көк тиреген тоолорду аралап, бир Кытайга, бир Афганстанга өтө качып, анан кайра азыркы Тажикстанга карап калган Нургап өрөөнүнө айланып келип, жаңы системанын жана орус империясынын башка элдерге жүргүзгөн шовинисттик саясатынын курмандыгы болуп, Совет бийлигинин бир топ азабын тартышты. Көп адам күнөөсүз өлтүрүлүп басмачы атын алган. 1931-жылдын 30-мартындаАфганстан өкмөтүнүн макулдугу менен Аму-Дарыядан 5000 адамды түзгөн миӊдеген үй-бүлөлөр Орто Азиянын чек арасынан Афганстанга өтүшкөн .
1950-жылы Кытай дагы өзүнө бөлүнгөн чек араны бекемдеп, кыргыздардын жолу дагы буулду. Асман алдындагы кыргыздын жери эми үч мамлекетке (СССР, Кытай, Афганстан) бөлүнгөн. Афганстанга караган памирлик кыргыздар 1917-жылдагы орус революциясынан кийин Ала-Тоодо жашаган кыргыз элинен бөлүнүп, Афганстан тарапта калып калды. Бирок чыгаан уулдары бар кыргыздардын турмушу токтоп калган жок, андан ары жашоо дагы улана берди.
Ош, Алай, Баткен, Жалал-Абад, Анжиян, Фергана, Кытай жана ал турсун ушул Памирдин бир коӊулу болгон Нургаптан качкан кыргыздар да ушул Афган Памирине барып корголошту.Ошентип, ар кайсы жактан качкан кыргыздар көк тиреген Памирдин чокусуна чогулуп, өз айылдарын куруп киришти. Кыргызстанда ушундай топторду жетектеген, өз урууларынын башында тургандар “колбашчылар” аталып, кармалгандары жазаланды, кармалбагандары туугандарын алып, Кытайга, Афганстанга, Пакистанга, Түркияга, Арабияга кирип кетишти. Ошондой топтордун башында тургандардын эң ириси, тубаса дипломат болгон Жапаркул уулу Рахманкул хан эле.
Алайчылар.
Кыргыздардын бир бөлүгү Памирде илгертен эле жашап келишкен. Памир – кыргыздардын түпкүлүктүү жери экенин бул аймакка байланыштуу баяндаган уламыштарда кездешери жогоруда айтылды.Кийинки жыйналып алынган маалыматтар да негизинен мурункулардан көп деле айырмаланбайт. Кийинки кыргыздар Сары-Колго Алай жергесинен көчүп барышкан. Тагыраак айтканда, 1925-жылы Алай тараптан 12 үй-бүлө Памирге көчүп барган. Алардын балдары азыр да жашап жатышат. Ошондуктан, илгертен бул жерде жашап келе жатышкан памирлик кыргыздар аларды “алайчылар” деп коюшат.
Нургап (Афган тилинде Мургаб)
Мургабдын кыргызча айтылышы “Нургап”. Бул жердин Афган (Дари) тилиндеги аталышынын “Мургоб” мааниси – “куш суу” (“мург” – “өрдөк” же “куш”, “об” – “суу”). Ал эми кыргыз тилиндеги жер атынын (Нургап) мааниси – “нурлуу тоо” же “күн тийген тоо” (“нур” – “нур” же “күн”, “каф” – “тоо”) дегенди билдирет.Ал эми Манас эпосунда дагы“Мургап” (ир. Мург – куш, ап – суу: куш суу деген мааниде) маани берип,кыргыздардын жашаган жерлери деп аталган. Манас баатыр өзү катылган Шоорук канды жеңип, анын кызы Акылайды тартууга алганда: “Мургапты көздөй бет алып, Каны Шоорук салыптыр” деп айтылат. Мургап географиялык реалия катары Памир тоосундагы жердин аты.
Афгандык кыргыздар жалпысынан “чоӊ-памирлик” жана “кичи-памирлик”болуп экиге бөлүнүшөт. Экөөндө тең эле байыркы кыргыз урууларынын тейит, кесек, кыпчак, найман ж.б. ошондой эле чоң уруулардын ичинен тараган: кочкор, бука, шайым, алапа, кызылбашдеп аталган уруктардын өкүлдөрү бар.Булар эки хандыкка бөлүнүшүп, Кичи-Памирде 1912-жылы туулган, чоң алайлык кыргыз, кочкор уруусунан чыккан Жапаркул уулу Рахманкул,Чоӊ-Памирде жергиликтүү Акжол хандын уулу Жолой хан башында турган хандар башкарып турушкан. Кыргыз тарыхы энциклопедиясынын авторлору да: “Кичи-Памирди – Рахманкул хан, Чоӊ-Памирди Акжол хан уулу Жолой башкарган деп жазышкан. Ал эми Реми Дордун маалыматы боюнча бүткүл афгандык кыргыздарды бир гана Ажы Сахиб Рахманкул хан бийлеген. Белгилүү публицист К.Сыдыкова да өзүнүн “Чачылган кыргыздар” деген китебинде афгандык кыргыздардын жашаган жери тууралу минтип тактайт: Афгандык кыргыздар Памирде жашашкан кыргыздардын бир бөлүгү – алар азыр Афганстандын түндүк тарабындагы Кичи жана Чоӊ-Памир деп аталган, Кыргызстан менен чектеш аймакта жашашат.
Рахманкул хандын жашоосу жана элчилик иш-аракеттери. Рахманкул хан өз элинин тагдырын аман-эсен сактап калуу максатында, бир нече өлкөнүнбийлик өкүлдөрү менен бийик деӊгээлде мамиле кылып, өз элинин кызыкчылыгын коргоп келген, Памирдин кыргыздарынын сыймыгы болгон тубаса дипломат. Кыргыз эли саясий көз карандысыздыкка жетишкенге бир жыл калганда дүйнөдөн кайткан кыргыздын акыркы ханы.
Рахманкул хан (1912, Ош облусу, Чоң-Алай жергеси, 1990), Кичи-Памирдеги Афгандык кыргыздардын ханы (1949-78). Ал төрт жашка келген кезде атасы Жапаркул ажы Памирге көчүп келип, жашап калат. Башка бир маалымат боюнча Рахманкул хан Жапаркул хандын тун баласы. Сыягы, бул Рахманкулдун чоңойгон, Жапаркулдун Памирге көчүп баргандан кийин жашаган жери. 1917-жылдагы коогалаңдан кийин Кеӊеш өкмөтү менен келише албаган кыргыздарды арачалап Афганстанга, кийин Түркияга өтө качкан, тубаса дипломат Рахманкул хан барган жериндеги өлкө башчыларына жол таап кирип, өз элин ар кандай кыйынчылыктардан коргоп калууга жетишкен. Анын узак жылдар кылган эмгеги, аны менен бирге күн кечирген уруулаштарынын эсинде.
1925-жылы Рахманкул 13 жашка караган кези эле. Тыңчылар аркылуу Жапаркул ажынын кайсы жерде экенин билген орус аскери түндө тымызын келип, аны капысынан басып калышат. Ага чейин көп жолу ар кандай аракет кылып, аны колго түшүрө албай жүрүшкөн.
Ошондо уулу Рахманкул атасынын жанында болгон. Орустар башка-көзгө тепкилеп: «Сени эмне кылып өлтүрөлү, атып өлтүрөлүбү же дары ичесиӊби?», – деп сурашат. Алардын максаты аны өлтүрүү болгон. Ошондо Жапаркул ажы эмне деп айтышын билбей, ойлонуп калат. Жанында турган баласы атасынын кулагына акырын: «Aта, дары ичем», – деп айт дейт. Атасы баласынын айтканын угуп: “Дары ичем”, – дейт. Тигил орус каракчылар ата-бала экөөнүн тең ооздоруна толтура дары салып, ичиришет. Ошол маалда айылдан кимдир-бирөө сезип калып, эл дүрбөлөң түшүп калганда, каракчылар аттарын минип качып жөнөшөт. Эстен танып бараткан ата-бала тигил каракчылар үйдөн качып чыгары менен жанагы ичкен дарыларды кусуп салышат. Ошондон улам кийин Жапаркулдун оозундагы 32 тиши күбүлүп түшөт. Рахманкул эптеп үйдүн ичиндеги сүзмөгө колу жетип, атасынын оозуна салат. Аңгыча эл кирип келип, экөөнө айран, сүт ичирип атып, аман алып калышат.
Атасы Жапаркулдун көзү өткөндөн кийин орустар эми Рахманкулдун артынан сая түшүштү. Кезек-кезеги менен капысынан келип, айылды басып, бирок таба албай кайра кетип жүрүштү. Аңгыча аскер кийим кийген, 10дон ашык атчан орустар айылга кирип келип, Рахманкулду сурашат. Тинтип таппай калышат да, үйүндөгү көзгө жакшы көрүнгөн кымбат баалуу буюмдарын алып, кайра кетишет. Акыры Памирдеги ар кандай чыр-чатактардан тажаган Рахманкул хан 1948-жылы айласыздан эли менен экинчи жолу Чыгыш Түркстанга ооп барып, ал жерде эки жыл жашайт.Бул тууралуу Дюпренин 1972-жылы Пакистан университетинде басылып чыккан “Ооганстан” аттуу китебинде дурус баяндалат. Ошондогу болгон кагылушуудан Совет тарабынан 9 адам жана оогандык кыргыздардан 3 киши каза болгон. Ошол кезде Рахманкул Кытайга качып, Кара-Чукур өрөөнүндө 2 жыл (1948-1950-ж.) тургандыгы бир кыргыздын эсинде бар экен. Бул окуяны 1950-жылы америкалык жубайлар ошол мезгилде Кичи-Памирде жана андан кийин Пакистанда жүрүшкөндө элден угуп, басма сөзгө жарыялашат.
Ошентип, эки жыл өткөндөн кийин Рахманкул кайра Памир жерине көчүп келүүнү ойлоно баштайт. Ал оюн акырын ишенимдүү адамдарына айтып, жолго тамак-аш камдоого киришет. Рахманкул хан 1950-жылы Афган эмири Захир шах менен таанышкан жана зор ишенимге эгедер болуп, 1964-жылдан Афганстандын Лоя Жиргасына (Улуу Кеӊеш) депутат катары кирип жана ага кариядар (аймактын башкаруучусу) деген титул берилген. Алар чындыгында кенен автономияга ээ болуп, бир топ жеңилдиктерден пайдаланышкан, салык төлөшкөн эмес, аскер кызматынан бошотулган, бирок аларга чек араны бекем кайтаруу маселеси жүктөлгөн же бул аймактын ички шарттарын бир калыпта болушунанбы, же жетекчинин иш билги,көрөгөч саясатынан уламбы, айтор эмнеси болсо да, кыргыздар Кытайга көз каранды болгон мезгилде эгедер болгон укукка толугу менен төп келген укукту алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен, ошону менен бирге толук эркиндиги менен бирге элдик үрп-адаттарын, каада-салтын эркин сактап кала алган.
Буга чейин Рахманкул чек арада турган кытай офицери менен таанышып, аны менен өтө жакын болуп калган болчу. Курман айт майрамы күнү аны аскерлери менен конокко чакырат. Кытай офицери чек арага саналуу кароолчуну калтырып, калган аскерлери менен айыл аралап майрамдап жөнөштү. Рахманкул хан өз доорунда калкын коргоп жол табыш үчүн, Афганстан же Пакистан, же Түркия сыяктуу барган жериндеги өлкө башчыларына жол таап кирип, өз элин ар кандай кыйынчылыктардан коргоп калууга жетишкен. Көп изилдөөчүлөр, Рахманкул ханды аймактык элдер ортосундагы байланышка себепкер болгондугу жөнүндө жана анын мыкты дипломат болгондугун жазышкан.
Афганстандагы көтөрүлүш, амирликтин кулашы, демократиялык өлкөнүн түзүлүшү, советтик аскерлердин өлкөгө кирүүсү жана көп жылдык жарандык согуштун башталышы Рахманкул хандын жана анын элинин башына оор тагдырды алып келди. Афган өкмөтүнүн бийлиги берген жерлерди жаңы бийлик кайрадан тартып алып, Афганстандагы кыргыздар жыл бою жайлоодо 4000ден ашуун бийиктикте калып калышкан. Ошондон улам Рахманкул хан 1978-жылы 280 түтүн эли (1300 адам) менен Пакистанга көчүүгө аргасыз болгон. Көчүп барган кыргыздар жаңы жердин аба-ырайынын ысыктыгынан улам өлүм-житимге көп дуушар болгон. Пакистанда калган кыргыздардын бир бөлүгү 1982-жылы Рахманкул хандын жетекчилигинде Түркия Республикасына көчүп, экинчи бөлүгү кайрадан Афганстанда калган кыргыздардын арасына көчүп келген.
Реми Дордун жазганы боюнча “Рахманкул жети атасынан бери эл бийлеп келген бектердин тукумунан. Анын жети атасынан бери санасак: Жапаркул ажы, Кожожар, Касымбек, мүмкүн – Казыбек, Атамбек, Аналбектерди учуратабыз. Алардын арасынан Рахманкулдун чоң атасы Кожожар гана миң башы болгон эмес дешет. Бирок кандай болгон күндө да Рахманкулхандык бийликти өзүнүн жеке сапаты, инсандык касиети көрөгөчтүгү жана билермандыгы менен алган. 1982-жылдан 2010-жылдын май айына чейин Кичи-Памирдеги кыргыздарды Абдрашид хан башкарып келген. Ал эми Рахманкул хандын Кабулга барган учурда берген өзүнүн маалыматы боюнча бул чөлкөмдө жашаган адамдын саны 3000ден ашуун экен.
Рахманкул ханды айтканда, Памирди, Памирди эстегенде сарыколдуккыргыздарды айтканга туура келет. Азыр Афган Памириндеги кыргыздар саны анча көп эмес, бирок акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандар демилгеси менен алака түзүү башталган. Мына ушундай көз караштан караганда, Совет бийлигинин учурундагы идеология Рахманкулду “басмачы”, “баш кесер”катары каралап жазгандары жалган жана эки жүздүүлүк болуп чыгат. Чындыкты бурмалаганы дароо көзгө урунат. Эгер заман өзгөрбөгөндө, өз көзү менен көргөнүн жазган жубайлардын: “Кыргыздардын ханы абдан акылдуу, шартты дароо түшүнүп, туура чечим чыгарган, өз боюна тыкан, жарашыктуу кийинген адам экен” деп жазганын окумак да эмеспиз, окусак да ишенбей калат элек.
Совет убагында Рахманкул хан тууралуу карама-каршы пикирлер көп жазылган. Анын эң башкы себеби мамлекеттик идеологияга байланыштуу болгон. Чындыгында, ал кезде аны эч ким жакшы адам деп жаза алган эмес. Ал эми чет өлкөлүктөрдүн кээ бири негизинен ар кимден, ар кандай адамдардан уккандарын жазышкан. Аны билген адамдар аз болгон. Изилдөөчү Л. Строиловдун пикири боюнча: “...анын саясий шылуундугу, ашкере даңк кууган ишмердиги афган парламентине (Лоя-Жирга) кирүүгө” мүмкүнчүлүк берген.
Ал Курманжан датканын балдары баш болгон алай кыргыздарынын көтөрүлүшүн жакшы билчү. Анан карапайым элге орус баскынчыларына каршы күрөшкө көтөрүлүп чыккан кыргыздар менен кыпчактар “басмачылар” эмес, орустар өздөрү “басмачы эл” экенин айткан. “Рахманкул хан аналитикалык ой жүгүртүүсү мыкты адам болгон. Ошондуктан ал өзүн ээрчиген элди баштап, Памирге алып чыгып кеткен. Таза, аман-эсен сактап калуу үчүн бир алакан элине бүт өмүрүн арнаган. Эгер орус тийбесе, алар өз тирилигин өздөрү тынч өткөрүп жашай беришмек.
Чындыгында, кыргыздар басмачы болушкан эмес, тескерисинче, орустар басмачы болушкан жана Орто Азияны басып алышты. Басмачы деген сөз – элди же мамлекетти басып алуу дегенди билдирет. Орто Азия эли эч качан Москваны басып алышкан эмес эле. Тескерисинче, орустар Орто Азияны басып алып, бул жерлердин ээлерин басмачы деп аташкан.
2014-жылдын 26-октябрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарына Жапаркул уулу Рахманкул хандын 100 жылдык мааракесине Кыргызстандын атынан «Республика» фракциясынын жетекчиси Максат Сабиров, Кыргыз Социал Демократиялык Партиясы фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мурдагы ректору, илимпоз Сулайман Кайыпов жана башкалар катышкан. Салтанаттуу иш-чарада Жапаркул уулу Рахманкулдун дипломатиялык мамилелерге кошкон салымы даӊазаланып, улуу инсандын жашоосу тууралуу чакан көркөм тасма көрсөтүлгөн. Эске салсак, Рахманкул хан – саясий ишмер жана аскер адамы, Памирдеги андан кийин Пакистандагы жана акырында Түркиядагы кыргыздардын акыркы ханы болгон.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештинин депутаты Абдыманап Кутушев мындай деген: “Биз бул жерде кыргыздын чыгаан уулу, Кичи-Памирдин карыясы, Памирдин коргоочусу, жалпы Памирдеги кыргыз түрктөрүнүн ханы, кыргыздын акыркы ханы – Рахманкул хандын урматына топтолуп отурабыз. Советтик пропаганда убагында бизге маалыматты чектеп, коммунисттик бийликтин идеологиясына ылайыктап берчү. Ошондуктан, биз көп нерсени өз убагында аңдабай калдык. Андыктан, мен өзүм Алайда туулуп-өссөм дагы Рахманкул хан жөнүндө бала кезимде үзүл-кесил гана маалымат укчумун. Кийин гана Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан кийин ал инсан тууралуу көбүрөөк биле баштадым. Рахманкул Хандын атасы Жапаркул миӊ башы баласына сенин ата-тегиӊ Алайдан болот дечү экен. Демек, улутубуз да, динибиз да, дилибиз да, жерибиз да бир экен. Ушул киши элди сактап калуу үчүн акылын, күчүн үрөп, жанын да, байлыгын да аябай, кыйынчылыктарга чыдап, керек болсо душмандары менен катуу тирешип жүрүптүр. Афганстандын, Кытайдын, Пакистандын, Американын жана Түркиянын бийлик өкүлдөрү менен бийик деӊгээлде мамиле кылып, сүйлөшүүлөрдө өз элинин кызыкчылыгын коргоп келиптир.Бул да болсо Кудайдын берген жазмышы го, көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин пайда болушуна бир жыл калганда келгис сапарга кетти. Бир кезде Жапаркул миӊ башыны, башка кыргыз төбөлдөрүн ээрчиген миңдеген памирлик кыргыздар акырындап өз мекенине, Кыргызстанга кайта баштады. Башкача айтканда,көч дале болсо уланууда. Ушул тапта жүздөгөн памирлик кыргыздар, ошол эле Рахманкулдун балдары, неберелери азыр Кыргызстандан, ата конушу Алайдан, айрымдары Бишкектен орун-очок алып, эл кандай жашоо кечирсе, ошондой турмушта жашап жатканын белгилей кетели.
Рахманкул хандын жашоосу жана саясий абалынан кыскача:
– Рахманкул Хан 1913-жылы саратанда (август айында) азыркы Тажикстандын Памириндеги Мургап районунун Тамчы-Жар кыштоосунда туулган.
– 1942-жылы августта Рахманкул менен атасы Жапаркул миң башыга Советтик чек арачылар Памирде уу ичиришкен.
– 1943-жылы саратанда (августта) атасы ошол уудан жапа чегип өлгөн.
– 1948-жылы саратанда (августта) Советтик чек арачылардын, чекисттердин кысымынан Кытайга качкан.
– 1950-жылы саратандын (августтун) аягында Афганстандын Падышасы Закир Шахтын чакыруусу менен Кичи-Памирге кайткан жана элдин өтүнүчү менен кайрадан кариядар (эл башчы) болуп дайындалган.
– 1960-жылы августтун аягында Памирде кыргыздар аймактагы дагы көптөгөн башка улуттардын башчылары жана өкүлдөрү катышкан чоң жыйында Рахманкулду ак кийизге отургузуп, хандыктын жол-жобосу боюнча хан көтөрүшкөн.
– Рахманкул хан 1990-жылдын 6-августунда Түркиянын Эрзурум шаарынын ооруканасында түнкү саат экиде көз жумган. Ал 8-августта түш чендерде Түркиянын Ван областындагы Эржиш районунун Улуу-Памир айылына коюлган. Тажиясы (кара ашы) 5 күнгө созулган.
– Рахманкул хан 4 аял алган. 1-аялы Мургабдын Шаймак айылынан болгон. Балалуу боло электе ажырашып кетишкен. 2-аялы төрт балалуу болгондон кийин Кичи-Памирде ооруп көз жумган. 3-жана 4-аялдары азыр Түркияда жашап жатышат. Кийинки үч аялынан 9 уул 2 кыздуу болгон (11 бала).
Бир тууган иниси Субанкул менен бир тууган карындашы Мария Түркияда каза болушуп, Рахманкул хандын жанына коюлган. Ошондой эле тун уулу Абдивакил жана үчүнчү уулу Малик да ооруп каза болушуп атасынын жанына коюлган.
Элдердин саясий маданияты жөнүндө сөз кылганда ысымдардын жана сиңирген ишин тарых жүздөгөн жылдардан бери сактап келе жаткан ойчулдар менен окумуштуулардын ысымын атабай коюуга болбойт [49, 307]. Мына ушундай учурда эл ичинен чыккан улуу инсандардын бир канчасы: Жапаркул, Сатарбек, Арыпбай, Рахманкул, Мариям сыяктуу мыкты эр азаматтар жана айымдар элди багуу, жерди сактоо түйшүктөрүн моюндарына алышкан жана Памирге барып Афган өкмөтү менен саясий мамиле жүргүзүп келген.
Памирлик кыргыздардын социалдык абалы.
Афганстандагы кыргыздар азыркы мезгилге чейин жайкысын бозүйлөрдө, кышкысын таш үйлөрдө жашап, мал чарбачылык менен күнкечиришет. Асыраган жаныбарлары топоз, кой, эчки, жылкы, эшек жана төөлөр болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын жараны, изилдөөчү Эдуард Кубатовдун 2004 жылы Памирге барып-келгенде берген маалыматы боюнчаКичи-Памирде 1100 адам, Чоӊ-Памирде 700 адам жашайт. Ал эми памирлик кыргыздар Памирде жалпы 2000ге жакын кыргыз барбыз деп эсептешет. 2011-жылдагы “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун статистикалык изилдөөсүнүн негизинде Кичи-Памирде 720 адам, 142 түтүн эл бар. Чоӊ-Памирде 500гө жетпеген адам жашаганы маалым болгон.
Жазуучу Акылбек Атабаев 2010-жылы, Афганстандын Чоң жана Кичи-Памиринде 3500 эл бар деп жазган. Республика фракциясынын депутаты Мирлан Баиров Памирге барып-келип,“Учур” газетасына: “Буга чейин ар түрдүү сандар айтылып келген эле. Памир раистери менен сүйлөштүк. Алар Чоӊ-Памирде 1200дөн ашуун, ал эми Кичи-Памирде 1500дөй дешти. Орточо эсеп менен 3000дей кыргыз бар экен” , – деп жазган. Памирлик кыргыздардын уулдары үйлөнөрдө кызга берилүүчү орточо калың баасы –1 жамбы, мындайча айтканда, 1 жамбы – 10 кой, 10 жамбы – 100 кой. Кыздарды 13-14 жаштан баштап турмушка беришет.Турмушка чыккан келиндер ак жоолук, кыздары кызыл жолук салынышат. Памирлик кыргыздар башка улуттан кыз алып беришпейт.
Тойлордо улак тартыш оюнун ойношот. Күндөн-күнгө ордо оюну унутулууда. Кыргыз болуп, кымыз ичкен эмес. Бирин-экин эркектер комуз чертишет.Кээ бир кыз келиндер ооз комуз кагышат. Жамактап ырдагандар сейрек учурайт. Мурунку учурда эркектер 3-4 аял алса, бүгүнкү күндө аялзаттын аздыгынан 50-55 жаштагы эркектер жалгыз бой өтүүдө. Кээ бир үй-бүлөлөрдө аталаш туугандары менен үйлөнгөндөр да бар.
Келин алуу, баланы отургузуу, тушоо кесүү тойлору, өлгөн кишиге аш берүү, үрп-адаттары баарын сактап келүүдө. Бирок бир жаман жери он эки-он үч жаштагы кыздарды жаштыгына карабай, чыркыратып күйөөгө берип коюшканы алардын кайтыш болуусуна себеп болуп келүүдө. СССРдин убагында Кыргызстан менен Афганстандын ортосунда байланыштын болбогону, памирлик кыргыздардын Кыргызстандагы кыргыздар менен байланышы болбой, азыркы күндө “Манас” айткан адамдардын болбогондугуна себеп болгон. Үч жылдан бери 5-класска чейинки 3 бөлмөлүү мектеп-интернат ачылган. Бул мектеп Советтер Союзунун базасы турган Бозой-Күмбөздө жайгашкан. Улууну урматтоо, бири-бирин сыйлоо адатка айланган. Баланча акем айтты, аткарыш керек деп турушат.
“Кыргыз бутагы” коомдук фондунун ишмерлеринин Памир сапарындагы билдирүүсүндө: “Азыр Афган мамлекети тарабынан дагы бир мектеп Мунарада салынууда, бирок жыгач таштын жетишсиздигинен үч жылдан бери токтоп турат. Ошондуктан, башка айылдын балдары, үйлөрдүн жанында тигилген чатырларда окуп жатышат. Кечинде чатырды топоз тебелеп айрып салат, аны кайрадан тигип, элибиз көп убара болушууда. 2013-жылы ата-энелер балдарын Бозой-Күмбөздөгү мектепке жиберишкен эмес. Себеби 2012-жылы мектептеги балдар кароосуз калып, көпчүлүгү ооруган. Мектеп аба ырайына байланыштуу 1-2 айга гана иштейт. Кыш айларында мектеп токтойт. Бозой-Күмбөздөгү мектепте 1-класстан 7-класска чейин 21 бала билим алышса, бүгүнкү күндө 50 гана бала сабактарга катышып жатышат. Окутулуп жаткан сабактары:дари, пушту, англис тилдеои, таалим-тарбия, эсеп, жер таануу, тарых жана Курани Карим.Биринчиден жол узак, кээ бир балдар ат менен 2 күндүк жол жүрүшөт. Экинчиден, башка элдин тилин окусак, тилибизди жоготобуз. Тилибизди жоготсок, элибизди жоготобуздеген коркунучу бар. Кыргыз тилинен сабак берүүчү мугалимдер болсо дешет.
Памирдин климаты катаал, кескин континенттик (өзгөчө Чыгыш Памирде). Ал субтропик алкакта жатат, бирок кышында мээлүүн, жайында тропиктин аба массалары басымдуу. Чыгыш Памирде январдын орточо температурасы абсолюттук минимум -50°С. Жайы кыска жана суук, жайкы температура 20°Сден ашпайт. Июлдун орточо температурасы 14°С. Мургаб, Ак-Суу өрөөндөрүндө, туюк чуӊкурларда көп жылдык тоң тектер кезигет. Памирде жалпы аянты 7500 км ге жеткен 3000ге жакын мөңгү бар. Өсүмдүктөрү өтө суйдаң; ландшафтында жылаңач аскалар жана шагыл, кой таштуу кумдуу чополор менен капталган жерлер басымдуу.
Батыш Памир, чыгышына караганда өсүмдүктөргө бай; өрөөндөрүнүн этектеринде шыбак-сөксөөлдүү чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Андан жогору төө таман, тикендүү астра (2600-3200 м) жана ак кылкандуу талаа (3200-3800 м), доңуз сырттуу альп шалбаасы (3500-4000 метр бийиктикте) [85, 9], сейрек субниваль өсүмдүктөрү (4500 метрден жогору) менен алмашат. Батыш Памирдеги дарыялардын жээктеринде тал, чычырканак, терек, кайыӊ, ит мурун өсөт [120]. “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун ишмерлеринин 2011-жылы Памир сапарындагы статистикалык изилдөөсүдө: Кичи-Памирде 8-9 жылдын аралыгында 6 эркек, 43 аял, 455 бала каза болгон. 2012-жылы апрель айында Кичи-Памирдеги кыргыздардын өкүлү Абдурашид уулу Абдувалинин маалыматына таянсак, 8 айдын ичинде (2011-жылдын августунан –2012-жылдын апрели) 11 бала, 2 эркек, 1 аял кайтыш болгон. Жалпы алганда, Памирдеги аялдардын орточо жашы 40-45, эркектердики 50-55 жашка чейин.
Памирлик кыргыз Абдубаиддин айтымында: «Мен байдын биримин, колумда топозум, акчам бар, бирок балам ооруп жаны кыйналып турганда, топозум жана акчам эчтекеге жарабады. Алып бара калайын десем, догдур жок. Жол алыс, бир Кудайга дартымды айтып отуруп калдым», – дейт.
Памирлик кыргыз Рай: «Бул Памирде кесел болсоң, анда өлүмдүн сага келгени деп биле бер», – дейт.
Аялдар: “Бул Памирде бала төрөсөң да, чоңойбой жатып өлүп калат. Бей ажал кетип жаткан балдарыбыздын убалы кимге?” – деп ыйлашат.
Уркия эже: “Памирде биз, топоздун артынан топоз, топурактын артынан топурак болдук”,– дейт.
Афгандык 20 жаштагы Батырхан деген жигиттин айтуусунда, кышында Чоӊ-Памир менен Кичи-Памирде жол жабылып каттоо токтойт экен. Аштыкка Чоӊ-Памирден Файзабат, Кабулга барышса, Кичи-Памирдин эли Пакистандан соода-сатык жасашат дейт. Мал чарбасында кой, ат, төө, топоз багышат [86]. Элдин негизги тамагы эт, сүт, эжигей, курут. Тоолуу өлкө болгондуктан, эгин чыкпайт. Эгинди кеч күздө суулар тоӊуп, жол ачылганда гана көп машакат, кыйынчылык менен төмөн түшүп барып, Сарат, Ханзут деген жерлердеги отурукташкан жергиликтүү дыйкандардан май, курут, жүн, ала кийиз, шырдак ж.б. алмашып келишет. Афгандык кыргыздар куулук-шумдук дегенди билишпейт. Алар соодалашпайт, бергенин алмашып ала беришет. “Буйруганы ушул экен”, – деп, азга шүгүр кылышат. Кышкысын жашоо-тиричилик бир топ кыйындайт. Айран, сүт жок болгондуктан, жалаң эт менен курутка гана карап калышат. Чанда гана колунда бар байлар нан жебесе, көбүнчө буурчак же жүгөрүнү жаргылчакка тартышып, сорпого жарма жасап ичишет.Абдрашид хан өз элин көп ирет Кыргызстанга көчүрүп келгенге аракет кылган. Көптөгөн себептердин натыйжасында бул аракети ишке ашкан эмес. Абдрашид хан менен жолугуушуда анын айткан керээзи: – “Бизди унутпагыла”, – деген сөзү болгон.
Кыргыз Республикасы тарабынан бөлүнгөн гуманитардык жардам жай айында Кыргыз миграция жана жумушменен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова жетектеген экспедиция Афгандын Кичи-Памиринде болуп, ошол жердин жергиликтүү ханы Абдурашит-хан менен жолугушуп кайтышкан. Кийинки экспедицияны Чоӊ-Памирге Кыргыз Республикасынын Миграциялык фондунун директору Салтанат Бараканова жетектеген топ барып, Ишкашим району Вахан жолу аркылуу кыргыздардын Кошулуш айыл кыштоосунда Кудайбергендин (Кудус бай) үйүндө болуп, гуманитардык жардам жеткирип келишкен.
«Кыргыз бутагы» коомдук фонду 2009-жылдан тарта жыл сайын памирлик кыргыздардан кабар алып жана ар тараптуу жардам берип келет. Алардын айтымында Памирге, Бишкек – Ош – Алай –Тажикстан– Мургаб – Хорог –Афганстан – Ишкашим – Саргаз – Сархад(6 күн машина менен), Сархад – Шовур – Лангар – Кичи-Памир (2,5күндө ат, эшек менен) [4] маршруту менен жөө жеттишкен.
Акырында айта кетчү нерсе, 2001-жылдан баштап Афганстандын Конституциясында, өз карамагында жашаган бүткүл улуттарга өкмөт жана парламентте өз ордун ээлөгө укук берилген. Экс-президент Хамид Карзай памирлик кыргыздардан өкүл катары Молдо Турдукулду парламенттин сенатору кылып дайындаган. Памирлик кыргыздар Баш мыйзамда “Афганстан калкы: пушту, тажик, хазарий, өзбек, түркмөн, белудж, пашаий, нурустани, аймак, араб, кыргыз, кызылбаш, гужар, барахи жана башка калктардан түзүлгөн” , – деп белгиленет. Памирлик кыргыздардын Афганстан парламентиндеги экс-сенатору болгон Молдо Турдукул Кыргыз Республикасына келип-кеткен. Анын Жогорку Кеӊеште чыгып сүйлөп, парламенттин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын премьер-министри жана президенти менен жолугушуусу, Афганстан жана Кыргызстандын ортосундагы расмий мамилелеринде жаӊы барактарды ачты.
Памир кыргыздары көптөгөн кыйынчылыкта жашап жатышканын айтсак, ал эми экинчи жагынан болсо, Памир калкы өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу, ар бир афган сезген согуш деген ачуу сөздүн даамын сезген жок. Афганстанда канчалык согуш болсо да, афган калкы аларга зыянын тийгизген жок. Памир кыргыздары эч бир «талибандын» өӊүн көргөн эмес жана Памир тоосун эч бир америкалык солдаттын буту баскан жок. Жергиликтүү калкка, бул жерде согушту эмес,тескерисинче, жаратылышты, жолборс сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоону жана сактоону үйрөтөт. Памирге саякатка чыккандардын дээрлик баары кыргыздардын ак ниет адамгерчилигине гана көз артышат десек жаңылышпайбыз. Кыргыздар эркиндикти сүйгөн эл экендигин ушундан билүүгө болот – памирлик кыргыздар канчалык катаал турмуш болсо да, XIX кылымдан бери ак кар, көк муздуу тоолордо алыс жашап, өз тилин, каада-салтын жоготпой келатышат.
Жыйынтыктып айтканда, кыргыз жана афган элдеринин байыркы убактардан бери келаткан жакын санаалаштыгын, Чыгыштын баалуулуктарын бирдей тааныган жана баш ийген кулк-мүнөзүн, дүйнөгө болгон көз карашынын жалпылыгын эске алуу менен азыркы ааламдашуу шаттарында Батыштын баалуулуктарын кабыл алган, ошону менен катар Чыгыш менен Батыштын баалуулуктарын синтездеген бул эки элдин ар тараптуу карым-катышын позитивдүү багытта өнүктүрүү кыргыз жана афган элдеринин учурдагы ааламдашуу мезгилиндеги бекем достугунун пайдубалы жана күбөсү болуп саналат.
Мухаммад Исмаил КАЙЫМОГЛУ
КЫРГЫЗ ЖАНА АФГАН РЕСПУБЛИКАЛАРЫНЫН САЯСИЙ МАМИЛЕЛЕРИ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ (үзүндү)
– Саясий институттар, процесстер жана технологиялар Саясат таануу илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертация
Илимий жетекчи: философия илимдеринин доктору, социология профессору, Кусеин ИСАЕВ
Бишкек – 2016
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены