Үркүн кытайлык кыргыздын баяндоосунда

Үркүн кытайлык кыргыздын баяндоосунда

Быйыл каргашалуу Үркүн окуясына 100 жыл толду. Ошол учурда качып барып Кытайда жашап калган Элебес карыянын небереси Суран Абдылда улуулардан уккан маалыматтарын бизге айтып бермекчи.

 

«ҮЧ ЖАКТАН КАЧЫП КЕЛИШКЕН»

 

– Аты-жөнүм Суран Абдылда, 28 жаштамын. Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу округунун Ак-Чий айылынан болом. Учурда Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын биринде журналистика бөлүмүндө окуп жатам.

 

Биз Кытайда жашагандыктан Үркүндү көп сөз кыла албайбыз. Бул боюнча илимий иштер да аз жазылат. Кытайлык кыргыздарда Үркүндү Чоң качкын жана Кичи качкын деп шарттуу түрдө экиге бөлөт. Үркүн жөнүндө кеп чыкса эле карыялар "Чоң качкындабы же Кичи качкындабы?" деп окуянын жылын такташат. Чоң качкын дегени 1916-жылдагы кандуу окуяны билдирсе, Кичи качкын дегени 1924-1927-жылдардагы Совет бийлигинин бай-манаптарды кысымга алып, Кытайга качып келгендеги окуяны билдирет.

 

1916-жылдагы Үркүндө Кытайга эл үч жактан качып келген экен. Биринчиси – көбү айтылуу Беделдин белин ашып, Какшаалдын Кулансарак айылына түшүп, андан чыгышка ооп, Ак-Суу, Үч-Турпан, Күчар, Лопнурга чейин барган. Экинчиси – Көк-Арт ашуусу аркылуу Нарын тараптан келишкен. Дагы бири – Торугарт тараптан Тоюн, Терек айылдарына келишкен.

 

Кытайлык кыргыздарда Үркүн атайын иликтенбегени менен, дээрлик бардыгы ал тууралуу билишет. Үркүндө барып жашап калган 10 миңдей адам учурда уйгурлар жашаган аймактарда, Ак-Суу өрөөнүндө жана Кыргызстан менен чектеш жерлердеги Боз-Дөң, Шагыл, Ак-Жар деген аймактарда жашайт.

 

«КАЧАСЫҢ, КАЧПАЙТ ЭКЕНСИҢ АТЫП САЛАМ...»

 

– Үркүн боюнча даректүү макаланы кытайлык журналист Нурмамбет Осмон уулу жазган. Үркүнгө барган элдин арасында өз көзү менен күбө болгон Нурмамбет аганын чоң энеси Калыйпа Түгөл кызынын башынан өткөргөн окуясы мындай болгон экен.

 

1916-жылы 8-айда (август) Калыйпа Түгөл кызы 11 жашта болот. Бир туугандарына кошуп жаткырып, ата-энеси качканга камылга көрө баштаптыр. Ал атасынын апасына «Мурдагы күнү түндө орус аскерлерди кой союп чакырып, мылтыгын керегеге астырып коюп, «көңүл ачабыз» деп аларды мас кылышыптыр. Аскерлер этти жеп болгуча кокустан бир аскерди экиден жигит басып, думуктуруп өлтүрүшүп, түнү бою аскерлердин өлүгүн кумдуу жарга сүйрөп алып барып көмүп, изин суутушкан экен. Муну угуп Түптөн орус козголуптур. Ээ, Кудай, аман кыла көр, эми кандай күн болот?» дегенин угат.

 

Арадан 2-3 күн өтпөй «орус Ырасийден (Орусиядан) чыгыптыр дейт» деп болуш-манаптар жай жаткан элди качууга мажбурлаган. «Жок, мен Кытайга качпайм, башка салганын көрөм» дегендер да болуп, аларды мылтык такап, «качасың, качпайт экенсиң атып салам» деп коркутушкан. «Mына, орус жетиптир» деген кабар угулганда бешикте уктап калган балдарды алууга жетишпей, нан-аш ошол бойдон кала берген экен.

 

«БАЛДАРДЫ ТАШТАП КАЧЫШЫПТЫР»

 

– Токтобүбү деген келин туугандары менен Жумгалдан качып, Ысык-Көлгө келет. Ээн талаада жалгыз турган чоң үйгө кирсе, ичинде кичине-чоңу аралаш 100дөн ашуун бала бар экен. Көрсө, эл балдарын алып качууга үлгүрбөй үйдүн ортосуна отту жагып, бир баштыкка отун, бир баштыкка боорсок коюп таштап кача беришиптир. Жөрмөлөгөн эси жок балдар ортодо алоолоп турган отту көздөй умтулуп, бири ыйласа, бири күлүп, үйдүн ичи балдардын ызы-чуусуна толуп кеткен экен.

 

Ошондо Tоктобүбү ушунчалык татынакай, эми жөрмөлөгөн сүйкүмдүү балага көзү түшүп, "ушуну бала кылып алам" десе, атасы «Oо, куу тумшук. Ата-энеси баласын сенден да жакшы көрөт, айласыздан таштап качпаса таштачу беле, алдагы балаң жетишет, ташта!», - деп алдырбай коёт. Ошондо кайран эл балдарды көрүшүп улуу-кичүү дебей көзүнөн нөшөрдөй жаш кетип ыйлашыптыр. Алар да балдардын улуурагына кичинелерин отко түшүрбөй жакшы кароону эскертип, качып жөнөй берген экен.

 

Калыйпа Tүгөл кызы менен бирге качкан болуш-манаптар кырмандагы буудай оруска калбасын деп өрттөп салыптыр. Өрттөлгөн кызыл кырман түтөп көпкө чейин сасып, айлананы каптаган экен. Ошондо Tүгөл карыя сакалы ылдый жаш кетип ыйлап: «Ээ, Кудай, ай! Кызылды өрттөбөй кетсе эмне болот? Ачкадан өлөт экенбиз да эми», - деп наалыган дейт. Жолдо бара жатып айры сайып өлтүрүлгөн адамдарды көп көрүшүптүр. Орустар качкындарга ок кетирбестен сайып өлтүрүшкөн экен. Калыйпа Түгөл кызы Беделди ашып өткөндө эчак эле качкындардын 200-300 үйү тигилип бүтүптүр. Эл көп качып келе баштаганда ошондогу Үч-Tурпандын бийлиги аскер жиберип, Беделдин белинен аткылашыптыр.

 

«ЧОҢ АТАМ ЖЕТИМДЕР МЕКТЕБИНДЕ МУГАЛИМ БОЛГОН»

 

– Чоң атам Элебестин атасынын аты Казакбай болгон. Ал Ысык-Көлдүн Барскоон деген айылынан. Үркүндө 30дай үй-бүлө качып баратып калың карга туш болушат. Асканын этегине токтоп, жүзгө жакын аял-бала, карыларды калтырып, 50 чакты эркек басканга чыйыр салганы кетишет. Кайтып келишсе аскадан көчкү түшүп, ошол жерде калгандардын баарын кар басып калыптыр. Тирүү калган эркектер Кытайга ооп, Үч-Турпанга отурукташып калышкан экен. Элебес чоң атам жетимдер мектебинде мугалим болуп жүрүп, 1940-жылы, атам 3 жашка толгондо каза болуптур. Андан кийин атам энеси Батма менен Какшаалга кеткен экен.

 

«МИҢДЕГЕН КЫЗДАР УЙГУР МЕНЕН ДУНГАНГА САТЫЛГАН»

 

– Кыргызстан жашоого ыңгайлуу, ал эми Какшаалда кургак, жаан-чачын аз болгондуктан аба ырайына жана суусуна көнө алышпай, чечектен да көп киши каза болгон экен. Көпчүлүк качып барган адамдар Ата Журтуна кайтарда жаш кыздарын жолдо ачкадан же сууктан өлүп калбасын деп бир табак талкан же бир мүшөк арпага да алмаштырып кетишкен. Кытайга барган эл келин-кыздарын аргасыз уйгур менен дунгандарга бергенге мажбур болушкан. Ошол жердеги жергиликтүү эл миңдеген кыргыз кыздарын токолдукка, аялдыкка алуу менен кан жаңылап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 1990-жылдары Курман деген аяш энем Үч-Турпанга барып, базар аралап жүрсө бир дунган аял балдарын ээрчитип жанына келип: «Ии, кызым, кыргыз турбайсыңбы. Алдыгы чыптамаңды карачы, кыз кезимде менин да сеникине окшош чыптамам бар эле», - дептир. Аяш энем «Кыргызчаны каяктан билесиз?» - десе, байбиченин көзүнөн жаш кетип, «айланайын, мен дунган эмес, кыргыз элемин, секелек кезимде Көлдөн качып келген ата-энем дунганга таштап кеткен», - дептир.

 

КУЙРУЧУК МЕНЕН САГЫМБАЙ ДА КЫТАЙГА БАРЫП КЕЛИШКЕН

 

– 1916-жылы Үркүндө эл менен бирге көптөгөн кыргыздын чыгаан адамдары да Кытайга качып барып келишкен. Алардын ичинде манасчылар Тыныбек, Сагымбай Орозбаков, Куйручук куудул да болгон. Азыр да кыргыздар жашап жаткан Кара-Чий айылында Көлдөн барган Сагымбай Орозбаков менен какшаалдык манасчы Сүжүбакун Апай экөө 3 күн манас айтышкан экен. Үркүндө качып барган элдин арасында билимдүү адамдар көп болуп, кийин Какшаал жана Үч-Турпанда мектеп ачышып, балдарды окутуп, элдин сабатын ачкан эмгегин белгилеп кетүү керек.

 

Сагымбай Орозбаков менен Сүжүбакун Апай манас айтышкан айыл
Urkun Kitai kg 2

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены