Сарамжалдуулук менен үнөмдүүлүк өнүгүүнүн негизи болобу

Сарамжалдуулук менен үнөмдүүлүк өнүгүүнүн негизи болобу

Сарамжалдуулук менен үнөмдүүлүк өнүгүүнүн негизи болобу же Сары-Кол эли неге жакыр жашашат ?

 

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигиндеги (СНГ) мамлекеттердин ичинен Тажикстан Республикасы биринчи болуп «Үpn, адат, каада-салттарды жана салтанаттарды жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзам кабыл алганына сегиз жыл болду.

 

Бул мыйзамдын кабыл алынышын жалпы өлкө эли колдол, чындыгында эле экономиканын өнүгүүсүнө өтө олуттуу пайда алып келгендиги белгиленүүдө.

 

 

Тажикстандын бул тажрыйбасын КМШ өлкөлөрү да жактырып аны үйрөнүүгө ынтызар болушууда. Алсак кошуна Кыргызстандын парламентинин 11 депутаттан турган өкүлдөрү 2011-жылы Дүйшөмбү шаарына келишип он күндөн ашуун жүрүшүп, бул тажрыйбаны үйрөнүп кетишкенин айтсак эле жетиштүү болор.

 

Эми биз, ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин, Тажикстандын эң алыскы тоолуу Мургаб районунда бул мыйзамдын ишке ашырылышы тууралуу азыноолак болсо даты көп кылалы дел чечтик.

 

Бул мыйзам кабыл алынары менен райондук өкмөттүн чечими менен райондук өкметтүн алдында, ошондой эле жамаатарда, уюм мекемелерде дагы туруктуу комиссиялар түзүлүп иштей баштады. Ошол эле мезгилде райондук өкмөттө, бардык жамаатарда ушул багытта иш алып баруучу атайын адистердин штаттары берилип, акы төлөнүп мамлекеттик кызматчылар иштей башташты. Андан соң бул боюнча атайын Жоболор иштелип чыгып, бул Мыйзам кыргыз тилине которулуп райондук газетага жарыяланып, андан тышкары райондук өкмөт алдында атайын топ уюштурулуп жер-жерлерге барып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Аталган Мыйзамдын аткарылышы боюнча маселелер райондук Мажлистин сессияларында, төраганын отурумдарында дагы каралып келүүдө. Жыйындарда бул Мыйзамдын негизинде той, аштарга кеткен чыгымдар азайып, элибиз көптөгөн мал, мүлк, акча каражаттарын ысыраптабай үнөмдөп, сарамжалдуулук менен пайдаланууга үйрөнүп, бакубат, бай жашоого багыт алып жаткандыктары тууралуу байма-бай айтылып келүүдө. Мындай нерселер албетте бардыгы кубанарлык көрүнүштөр эмеспи.

 

Бирок, ошол эле учурда, дагы да болсо, Сары-Кол эли сарамжалдуулукка, үнөмчүлдүккө толук жетише албай келе жаткандыгы да айтылып жаткандыгы өкүндүрөт. Бул эмне? Биздин менталитетибизби, салтты бекем кармагандыкпы, же атаандашуубу, же көнгөн адаттардан чыга албай жаткандыгыбызбы?

 

Сары-Колчу элди жакырчылыкка түрткөн, баарыбыз көрүп жүргөн кесепеттердин айрымдарын ортого салууну эп көрдүк. Байкал көрүңүздөрчү!

 

Сары-Кол элинде ысырапкерчилик бала төрөлгөндө эле башталат. Оорууканада төрөлсө, көз жарган наристенин атасы жана башкалары врачтарга сүйүнчүдөн, анан дагы «ташкили» уюштургандан башталат. Мына ушуга эле жок дегенде 100 сомониден ашуун каражат сарпталат. Анан азыр «бешиктой» берем деп кептеген чыгым кетирип жаткандар канча. Аталган Мыйзамдын 9- статьясында бул жөрөлгө үй-бүлөлүк чекте гана өткөрүлсүн деп бадырайта жазылып турса дагы ошого карабастан чоң койду союп, дасторкон жасап, базардан карызга жаздырып конфет, печенье жана башкаларды алып жатып, 50ден ашык адамды чакырып, куда, кудагыйлар бири-бирине белек тартуулап келе жаткандыгын моюнга алуу керек. Анан эртеси «бешиктой берип базарга карыз болуп калдым эле»-деп ар кайсы жерге барып, пенсия китепчесине акча издеп жүргөндөрдү көп эле көрүп жүрөбүз.

 

Анан бала 1-калссты бүткөндө эжекесин сыйламай, 9-калассты, 11-классты бүткөндө сөзсүз аткара турган «жөрөлгөлөр» бөйрөктөн чыккан шыйрак сыяктуу пайда болуп алган. Быйылкы акыркы коңгуроонун өткөрүлүшү 45 гана мүнөттө болгонунан нараазы болгондор да бар. 11-классты бүтүрүп жаткандар канча жылдар бою, чогулуп алып Ылы-Суу мазарына барып жүрүштү. Эми ал жакта жол жок болсо, 90 км алыстыктагы тээ Чеш-Дөбөдөгү Ысык-Сууга барып 2-3 кун ойноп, видеокамерага тартылып келгендер бар, алардын ата-энелери карыз сурап болсо да колдоруна акча берип жатпайбы...андай өздөрү тапкан болсо үйүнө жок дегенде 5 кг макарон алып келсе болбойбу? Же тапкан акча каражатын 10 сомони да болсо да жыйып ошол 11-классты эми бүткөн уулун же кызын жогорку окуу жайына окутууга жумшаса жакшы болбойбу?

 

Сары-Колчунун уулу үйлөнүп кызы турмушка чыкканда анын кубанычынан баш ооруткан түйшүгү көп экенин көрүп жүрөбүз. Айрыкча акыркы учурларда бул жөрөлгө башкачараак, болуп бара жаткандай. Уулу кыз качырып келген үй-бүлө калды кара балээге. Жаңы келиндин никеси анын бардык туугандары келмейинче канча күн болсо дагы кыйылбайт. Уул жак кыздын ата-энесин, анан дагы тиягы 60, биягы 100 км. жердеги эжесин, агасын, тагасын жана башкасын алып келүүсү керек. Башкасын коюп ошол кыздын туугандарын алып келүү үчүн сарпталган бензин менен транспорттун эле чыгымын эсептеп көрүңүзчү. Кокус кыздын туугандары жакын жерде болуп калса уул тараптын «бешенеси жарк эткени».

 

Эки тарап келишкенден кийин «келин көрүү», «ЗАГСын өткөрүү», сыяктуу иш чаралар башталып калат. Жаңы келинди көрүүгө топ-тобу менен кошуна-колоң, топ-тобу менен достор, классташтар, туугандар биринин артынан бири келе баштайт. Аларды да жөн кетирмей жок, тамак аш даярдоо керек, ал үчүн күн сайын канча азык түлүк сарптапат. Анан «бата той», «стол той» берүү өзүнчө, буга топ-тобу менен достор, классташтар, жакындар келип, аларга дасторкон жасамай башталат, буларга канча каражат жөн эле кетет.

 

Булардын бары бүткөндөн кийин үйлөнгөн эки жашка эч нерсе калбайт, анан апар өз тиричиликтерин карызга жаздыруудан, жамаатка барып «бизди да гумпомощко жазып койгула» дегенден жаш үй-бүлөнүн жашоо турмушу башталат да ошо бойдон уланып кете берет. Кыскача айтканда жаңыдан пайда болгон үй-бүлө жакырчылыктын, жетестиктин азабын тарта баштайт. Мына ушундай шартка өзүбүздү өзүбүз түртүп жаткан жокпузбу?

 

Албетте бул ааламдан өткөндөрдү узатуу, алардын арбактарын сыйлап аш берүү элибиздин жакшы салттарынын бири. Бул маселе туурасында да райондук жыйындарда, кеңешмелерде, башка жыйындарда көптөгөн кептер айтылып келет. Алсак «кара аш» берүү же коюу маселеси бир жылдан ашык талкууланды окшойт, а түгүл райондук өкмөттүн деңгээпинде да бир нече жолу көтөрүлдү. Бирок алиге чейин бир калыпка түшпөй келет. Кээ бир жерлерде «кара аш» берилип, эт тартылса, кээ бирлеринде ал үч күндөн кийин берилип келе жатат. Мындан «кара аш» берилсин дегендер, ошол күнү эт жегиси келип турса, берилбесин дегендер үч күндөн кийин шашпай жейт окшойт деген ой кетет. Кандай болгон күндө дагы өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып бир кой сойдурмайынча болбойт экенда ...

 

Деги эле бул «жөрөлгө» шариятта жок деп бир молдо айтса, экинчиси бар деп какшап келет. Кайсынысына ишенерин билбей карапайым момундардын башы маң.

 

Анан дагы «жылдык», «кырктык» деген жөрөлгөлөр дагы эле улантылууда. Райондун төрагасы бир отурумда жылдык өткөрүүнүн тойго айланып бара жаткандыгы тууралуу сөз кылган эле. Бул туура. Көп эле аксакалдарыбыз, дин өкүлдөрү «жылдык», «кырктык» өткөрүү декен көп чыгым кетип жатканын көрүп билип туруп, аларга катышып олчойгон кешиктерди көтөрүп кетип жаткандары жашыруун эмес. Ал эми «чай ичирүү» тууралуу айтпай эле койолу. Эптеп эле каражат таап, тамак аш менен, же коюн сойуп барып, алдына акча коюу керек. Бул жөнүндө «Үpn, адат, каада салттарды жана салтанаттарды жөнгө салуу жөнүндөгү» Тажикстан Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясында так жана даана жазылып турганына карабастан бул жөрөлгөлөр дагы эле улантылууда. Буга көзөмөлдүк кылган дин жана үрп адат, каада салттарды жөнгө салуу секторлорунун кызматчылары, түзүлгөн коомдук комиссиялар кайда?

 

Эми бардыгы эле бай болуп, бакубат жашап ушундай агыл төгул болуп жаткан экен десең, бир гумжардам келип калса «баарыбыз эле жетеспиз, биз да алышыбыз керек» деген талаптар менен өкмөттүн, жамааттардын эшиктерин жыртып жүргөндөрдү кандай түшүнсө болот?

 

Эл арасында ушулар жөнүндө айтып, акча каражат, малды туш келди чачып ысырап кылып аш, той берүүнүн, туулган күндөрдү, маанисиз кечелерди өткөрүүнүн пайдасынан зыяны көп экенин түшүндүрсөң бары эле макул болуп, ынанып «аттиң ошондойлор жоюлса кана» деп айтканы менен, иш жүзүнө келгенде «эми бул салт экен, элден чыга албайт экенсиү»-деп колдорун жайышат. Анан ушинтип кете берсек, аш, тойлорду, башка жөрөлгөлөрдү ашыкча чыгымдар менен өткөрө берсек биз жакыр болбой ким жакыр болот, жашообуз кантип жакшырат, карыздардан баш кантип чыгат.

 

Сарамжалдуулук, үнөмдүүлүк -дүйнөдөгү өнүгүүнү камсыз кыларын өнүккөн, бакубат жашаган өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан көрүүгө болот. Биздин өлкө дагы ошол тажрыбаларды ар тараптуу үйрөнүп, изилдеп чыгып анан сөз болуп жаткан Мыйзамды кабыл алган.

 

Эми биз дагы жок дегенде ушул Мыйзамдын алкагында өздүк үрп, адат, каада салттарыбызды жөнгө салып, келечек муундарыбыздын бакубат, бай жашоосуна шарт түзүп, айтып деп түшүндүрсөк жаппы жашообуздун оңолоруна кенениреек жол ачылар беле деген ниетте эле айтып жаткандарыбыз.

 

Ойлонуп көрөлүчү, айланайын Сары-Кол эли!

 

Султан ПАРМАНОВ

Үрп, адат, каада-салттардыжана

салтанаттарды жөнгө салуубоюнча 

райондук комиссиянын мүчөсү

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены